Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

САЛАТ КООЗДООНУ ҮЙРӨНӨБҮЗ!

№601 09-май-15-май, 2014-ж

Жашылча, жемиш, жумуртка, колбасаны деле жөнөкөй кылып кесип, бирок кооздоп салып койсо, дасторкондун көркүн  ачат. Бул өзгөчө коноктор келгенде маанилүү. Балдардын да ичтейи ачылып, кызыгуу менен жешет.

ЖУМУРТКА МЕНЕН ПОМИДОР
Алгач чоң эттүү помидорду алып, түбүнө жеткирбей ичке  тилимдерге кесип ажыратабыз. Эми араларына бышкан жумуртканын тегерете кесилген кесимдерин коюп чыгабыз. Тарелканын үстүн укроптор менен кооздогондон кийин салатты жайгаштырабыз.

ЦИТРУС ЖЕМИШТЕРИНЕН САЛАТ
Алгач апельсиндерди тегерекче кылып кесип, анан ортосунан бөлсөк, жарым тегерекчелер келип чыгат. Кивилер да тегерекче түрүндө кесилет. Эми тарелканын четине жарым тегерекче апельсиндерди кабаттап, тизип чыгабыз. Тизилген апельсиндердин ортосуна кивилер жайгаштырылат. Эми банандарды шакекче кылып кесебиз да, ошол бойдон салаттын үстүнө жайгаштырабыз. Салаттын жанына йогурт куюп коюп койсок, каалоочулар жемишти ага малып жешет.

КУЛПУНАЙ, БАНАН, БЛИНЧИК САЛАТЫ (БАЛДАР ҮЧҮН)
Кулпунай, банан жана алдын ала бышырылган блинчиктер тегерек кесилет. Эми тарелкага аларды кооздоп жайгаштырууга кезек келет. Бир банан, бир кулпунай кылып тизип баратып, арт жагына жетейин дегенде блинчикти кошуп кетебиз. Эми жыландын башын кулпунайдын бир жагын кесип жасайбыз. Көздөрү банандын кесимдерин тиш чукугуч менен бекитүү аркылуу жасалат. Куйругунун ролун банандын узун кесими аткарат.

ЖАШЫЛЧА САЛАТ
Сабиз, бадыраң, капуста, сельдерей, помидор жана таттуу болгар калемпирин майда кубик түрүндө туурап, үстүнө майонез куюп аралаштырабыз. Муну төрт бурчтуу же тегерек формадагы чуңкур идишке салып, үстүнөн ныктап, андан соң жайпак тарелкага көмкөрүп койсоңуз, идиштин формасы сакталат. Эми тарелкадагы салаттын чекесин кооздоого өтөбүз. Бадыраңды жарым тегерек түрүндө туурап, кооздоп тизебиз. Бадыраңдардын араларына шакекче түрүндө кесилген зайтун мөмөлөрүн тизип, салаттын эң үстүн петрушка менен кооздоп коёбуз.

КОЛБАСА САЛАТЫ
Бул салатка катуу, орто ышталган жана кайнатылган жоон колбасанын түрлөрү керек. Баары жука тегерекче түрүндө тууралат. Эми тарелкага буларды гүл түрүндө жайгаштыруу керек. Ышталган колбасалардын кесимдери 3 жакка биринин үстүнө бири кооздоп жайгаштырылат. Ал эми кайнатылган колбаса экиге бүктөлгөн түрдө тизилет. Ортосундагы роза үчүн ышталган колбаса абдан жука кесилет. Роза формасына кол менен келтирилип, түбү тиш чукугуч менен бекитилип, ортого коюлат. Роза пияз сабакчасы жана укроп менен кооздолот.

Айымдар, сизде тиричилик үчүн керек болгон пайдалуу кеңештер, дасторконду жасалгалоо, түрлөп тамак бышыруу баш ооруңуз болсо, мындан ары ал маселеңиз жоголот. Гезитибиздин ар санында «Кожойкенин бурчу» рубрикабыз сиздер үчүн кызмат кылат. Сунуштарыңыз, сурооңуз болсо  (0312) 32-33-28 номерине чалып же kenesh@super.kq дарегине кат жазсаңыз болот.

 


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  17 
Комментарийлер(21)
12.05.2014. 12:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушунчалык кутуп жургом ушул рубриканы Алла ыраазы болсун))
12.05.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тарелкага эмес, вазага кооздоп салууну жазгылачы, фрукты салганга көбүнчө мен ваза колдоном, бирок эч эле кооздой албайм.
12.05.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
en jakwy rahmat kenew u4un
12.05.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакты созсуз жасайм
12.05.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Кожейкенин бурчу"рубриканар жакты. Азаматсынар суперлер!
13.05.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайсы тамакты же салатты кандай кооздош керек же болбосо жон эле фруктулардан корзинка кылууну кааласанар уйротуп коем. ))) Карвинг боюнча да
13.05.2014. 04:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээн жакшы рубрика болуптур калеминиздер курчуй берсин!!
13.05.2014. 14:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
рахмат!!!
13.05.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайым баш багып турам. Сонун!
13.05.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оооой сооонунгооо
13.05.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jakwy boldu maga da jagat.
14.05.2014. 00:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оой сонун кенеш, , аялдарга ушундай нерселерден коп коп жазып турсанар сонун эле
15.05.2014. 01:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
супер инфого рахмат тамактардында турлорун фантазиялуу тамактарды жазсанар жакшы болмок сиздерге рахмат
15.05.2014. 17:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спасибо вам , очень полезные советы))
15.05.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
салаттын турлору жонундо жазгылачы.
16.06.2014. 18:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай пайдалуу кенештер экен супер
23.06.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Блинчикти кантип даярдайт супер инфо айта кетиниздерчи
23.06.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82, жумуртка 2 даана
Сут 200 гр
Ак май 50 гр
Сода 0.5чай кашык
Сахар 100 гр
Туз 0.5 чай кашык
Ун
Камыры коп кою эмес коп суюк эмес кылып аралаштырып (коюлугу биздин айрандай болуш керек) блинный сковородкага куюп бышыра бересин
23.06.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurka_85, рахмат
24.06.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nagi82, Саламатсызбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыз: http://www.super.kg/article/?article=14433
04.09.2015. 23:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эн сонун экен! Ушунунардан жазбагыла суперлер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо