№601 09-май-15-май, 2014-ж
Чачы тик туруп калган адамды «кирпидей болгон кебетең менен» деп калабыз. Бул жапайы жандыктын ийнелери кимдин гана болбосун кызыгуусун жаратат эмеспи. Эгер кирпи жөнүндө билгиңиз келсе, анда төмөнкү макалага көз салыңыз.
КИРПИГЕ КЫСКАЧА МҮНӨЗДӨМӨ
Кирпинин латынча аталышы «еrinaceus», бизче которгондо «тикенектүү тосмо». Булардын байырлаган аймактары Европа, Чыгыш, Орто Азия жана Батыш Сибирь чөлкөмдөрү.
Сырткы келбети:
ЖАШООСУ
Кирпилер көбүнчө токойдун четиндеги талааларда, бадалдардын арасында, суу жээктеринде жалгыздап жашашат. Алардын жашоосунун активдүү бөлүгү түнкүсүн болгондуктан, күндүз уясында же ылайыгы келген коопсуз жайларда баш калкалашат. Уясын бадалдардын арасына, чуңкурларга, чычкандардын ээн калган ийиндерине, бактын коңулдарына салып, астын кургак жалбырак же чөп менен төшөйт. Алар уялаган аймагынан өтө алыс кетишпейт. Кирпилер апрелдин келиши менен уйкудан ойгонушуп, ноябрга чейин тиричилик кылышып, семиришет. Кыш түшөр алдында уясын жылуулап бекитет да, кышы бою организминдеги май менен азыктанып, боюнда бар келиндей уйкунун сазайын беришет. Ийнелүү жандыктын негизги душмандары карышкыр, түлкү, жапайы мышык жана башка жырткычтар.
АЗЫКТАРЫ
Негизги азыктары – курт-кумурскалар, өсүмдүктөрдөн мөмө-жемиштер. Мындан сырткары, жерге уялаган канаттуу куштардын жумурткаларын сүйүп жейт жана чычкан, бакаларга кол салган учурлары кездешет.
КӨБӨЙҮҮСҮ
Кирпилер жылына бир гана ирет төлдөшөт. Жыныстык жактан 10-12 ай жетилишет. Жазында уйкудан ойгонгон кирпилер курсактарын кампайтып жанданып алган соң апрель, май айларында тукум улоого киришишет. Мына ушул учурда ургаачылары талашка түшүп, эркектери күч сынашат. Кармашууда ачуусу келген кирпи катуу бышкырып, каршылашын түртүп, оңтою келсе мурдунан, бутунан тиштейт. Жеңишке жеткени ургаачысын бир нече саат айланчыктап жүрүп анан жупташат. Ургаачы кирпи 49 күн боюна көтөрүп, бир тууганда 3-8 баш тууйт. Жаңы туулган балдары кызыл эт болуп туулат да, денеси ийне менен 15 күндүн ичинде толук капталат. Эне кирпи балдарын алгачкы айда эмизсе, экинчи айда талаадан азыктанууга үйрөтөт. Андан кийин «төрт тарабың кыбыла» деп жолуна салат. Кирпилер уядан бөлүнүп чыккан соң кайра кайрылып келишпейт.
Кызыктар
Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |