Мамажан Токтосунов, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери:«ӨЛҮКТӨРДҮН АРАСЫНДА КӨПКӨ ЧЕЙИН ЖАТКАМ»

№601 09-май-15-май, 2014-ж

9-Май – Улуу Жеңиш күнү. Майрамды жыл бою күтүп келген Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлеринин катары азайгандан азайып барат. Апрель айына карата өлкөбүздө 1350 гана ардагер калган. Баатыр аталарыбызды өз учурунда урматтап гезитибиз аркылуу баяндап, сиздин жүрөгүңүздүн архивинде сакталып калуусун максат кылдык. Азыр жомок сезилген Улуу Ата Мекендик согуштун кандуу талаалары ардагердин көзү менен.

«АЗЫР КӨРГӨН ДОСУҢ БИР АЗДАН КИЙИН ТААНЫЛБАЙ КАЛАТ ЭЛЕ»
Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери, 91 жаштагы МАМАЖАН атага жолугуу үчүн Кара-Суу районунун Маданият айылына бардым. Баскан-турганы тың, уга, баарлаша билген, эс тутуму мыкты, чакан бойлуу, ак калпак кийген маектешимден карылыктын карааны да көрүнбөдү. Мамажан ата согуш талаасындагы окуяларын ай, күнүнөн бери так айтып берип, бирде күлдүрүп, бирде кайгыртып отурду:
– 1942-жылы сентябрда 18 жашымда аскерге чакырылып, бир жыл аскердик окуу жайдан даярдоодон өттүм. 1943-жылы взводго командир болуп согуш талаасына кирдим.

«Мы готовы к бою,
За родину, за Сталина!
Если завтра война,
мы готовы к бою,
За родину, за Сталина!
Вперёд, ура-ура-а!»

Бул ыр такыр унутулгус болуп калды. Андан бери көп жыл өтсө да кулагымда жаңырат. Тамак болсо да, тамактанууга убакыт болбой согушкан учурлар көп болду. «Передовой» согуштун эң жаман жери эле. Ал жерде душман да ата берет, биз да ата беребиз. Ким кимди атып, ким өлүп жатат эч ким билбейт.
Белгород шаарында немистер камалып калган экен, артынан барып, алар менен курал такашып туруп калып, биз аларды туткундап кеткенбиз. Согуш Орёлдо катуу жүрүп жаткан. Бизди ошол тарапка бөлдү. Согушуп Орёл, Курск, Белгородду басып өтүп келе жатабыз. Харьковго келдик, согуш жүрүп жатат. Жардыруу, атышуу... Өлгөн андан көп, жарадар болуп, бир мүчөсү жок жаткандар мындан көп. Бул жерден мени менен чогуу кеткен Жоробай деген бар эле, таппай калдым. Аны издеп жатсам Зотов аттуу орус келатат, ок тийиптир, бир жак жамбашы жок, бир колу сүйрөлүп калган. Базаров деген өзбек шеригибизди немистер күрөк менен башына чапкан экен, анын абалы аябай начар, бир көзү салаңдап агып калган. Зотов аны экинчи колу менен жөлөп келатат. «Зотов, Эргешбаева видел?» десем «Да, утром он был живой. А сейчас нет. Видишь, половина задницы нету у меня...» дейт. Азыр көргөн досуң бир аздан кийин таанылгыс болуп калат эле же ошол бойдон таппай каласың.

«1942-жылы Ташкентте аскер училищесинде окуп жүргөн кезим. Күлгүн куракты ушул сүрөт эстетип турат.»

«СТРЕЛЯТЬ БУДУ» ДЕП МЫЛТЫК ТАКАДЫ»
– Ошентип Харьковдо согушуп жүрүп, 1943-жылы 17-августта ок тийип, бутум менен колумдан катуу жарадар болдум. Бутумдун эти ачылып, сөөгү көрүнүп калган. Жан керек экен, согушуп, качып жүрөм. Алым кетип калганда «сен жашырынып тур» деп жанымдагылар мени бир чуңкурга жашырышты да кетип калышты. Ары-бери сойлоп жүрөм, бир учурда бир нерсеге урундум, жакшылап карасам өлүктөр жатат. Кеч киргенде санитарлар ат араба менен тирүүлөрдү топтоп кетчү. Издеп келип калды, кур менен желкеден кармап туруп жаның ооруп жатканына карабай арабага ыргытат. Сага окшоп жарадар болуп онтолоп жаткан дагы бирөөнүн үстүнө түшөсүң.
Ошентип 3 жарадар чогулдук, бизди батальондун дарыгерине алып бара жаткан. Бир убакта атыбызга ок тийип өлүп калды. Бизди алып бара жаткандар «Кимиңер сойлой аласыңар?» деди эле, жан ширин экен, «жакын калдыбы же алыспы?» десем «100 метрдей бар» дейт. «Кантип табам?» десем байланыштыруучу телефонду колума карматты. Аны кармап алып көрсөткөн тарабына сойлоп бара жатам. Тилим кургап калды. Жетип калган экенмин, кыйкырышса жарылып жаткан үндөрдөн улам укпаптырмын. Жерге тырмышып сойлоп баратсам бирөө «стрелять буду» деп бешенеме мылтык такады. «Свои, свои» десем. «Кто ты, откуда?» дейт. «Командир первого взвода Токтосунов» дедим. «Ох, ты мой милый товарищ командир» деп көтөрүп киришти. Капитан аял киши болчу, мени көрүп эле «Ай, молодой командир, ты ранен?» деп колумду таңып, бутумду жарымына чейин ороп калганда, дагы жарылуу башталды. Аял болсо да үйрөнгөн да, кур менен желкемден кармап туруп ары жактагы чуңкурга ыргыта салды. Жумшак эле нерсенин үстүнө түшүп калдым. Жаным ооруганынан кыргызчалап сөгүп жиберсем астымдан бирөө «Вай, ортак, мусулманмисиз, бир аягым жок, ары жакка жатың» дейт. Өзбек туугандын үзүлүп калган бутунун үстүнө жатып калыптырмын. Снаряд атуу токтогондон кийин капитан аял шериктери менен келип көтөрүп чыгышып, бутумду таңышты.
Кийин Англия менен Америкадан машина, тамак-аш, кийим-кече келип калды. Мага окшогон жарадарларды машинанын жоктугунан кетире албай жатышкан, Америкадан келген машинага жүктөп алып жөнөп кетти. Түнү менен жүрүп, бир кыштакка келдик. Ачкабыз, ал кыштакта да нан жок экен. Бири сүт, бири помидор кылып тапкандарын алып чыгып бизге беришет, аны жеп алып күч топтоп турдук. Бир убакта 3 учак келип кыштакты тегерене баштады. Ал учактар айылды бомбалаарын билдик. Машина бизди алып качып жөнөп кетти. Тээ алысыраак барганда жанагы учактар биринен өтүп бири бомба таштап айылды талкалап салышты. Эптеп Каспий деңизинин жээгине алып барышты. Ал жерде 9 күн жаттык. «Оор жарадарларды Ташкентке алып кетет экен» деп калышты. Волга дарыясы менен 500 адамды 7 сутка дегенде Ульяновск шаарына алып барып, госпиталга жаткызышты. 1944-жылы апрель айында комиссия карап чыгып, көбүбүздү согушка жараксыз «Негодный, инвалид Отечественный войны» деп өз мекенибизге айдады. Эки балдакты таянып алып келип калдым.

«УЧУРДА 130дан АШУУН НЕБЕРЕ, ЧӨБӨРӨМ БАР»
– Келсем үйдө апам, оорукчан агам, эжем бир баласы менен, инилерим ачка отурушуптур. Согуш жүрүп жатат, айылда абал аябай начар. Мен согушка кетип жатканда совхоздо катчы болуп иштеп жаткам. Ал жумушка мени 7-класста окуп жатканымда эле алып келип отургузуп коюшкан. Согуштан келгениме 3-4 күн болгондо ошол жумушума кайрадан «иште» деп калышты. Эптеп ат минип, иштеп калдым. 3 жылча балдак менен жүрүп, бутум айыкты.
Ажал жетпеген экен, Кудайга шүгүр, 91 жаштын кырындамын, 10 балалуу болдук. Учурда 130дан ашуун небере, чөбөрөлөрүм бар.
Каалаарым, дүйнөдө тынчтык болсун! Биз көргөн согуш апааты эч бир адам баласынын башына түшпөсүн!

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(32)
12.05.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Бар болунуз ай Мамажан ата,сиздин ангеменизди окуп алып,озум да согушта жургондой сезип кеттим.Ылайым алла таалам ден соолук берсип,оорубай коп жашаныз,ылайым 132 жашка чыгыныз.
12.05.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз элимдин бактысына сизге окшогон карыларыбыз аман болушса экен.
12.05.2014. 11:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
аттин ай коптогон аталар,агалар оз мекенине кайтпай,ботон жердин топурагын жамынып жатышат
12.05.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа бар болунуз аксакал.
12.05.2014. 13:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Менин атамдын аталаш бир туганы 1941-жылы кеткен бойдон же кат жок, же олду деген кара кагаз жок дайынсыз жок болуптур. Бечара ажал экен согушуп журуп жок болду да. Жайы жаннатта болсун. СССРди, негизинен Россия, Украина, Белорусту коргоп калабыз деп канчалаган кыргыз шейит кеткен. Азыр орус эли ошону билет бекен, же унутуп калыштыбы
12.05.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Savai80, sen birin4i taryhty bilip al4y. Egerde owondo soguwpasak orus belarus ukrainderdi jenip alywsa anda bizdi jon gana kyryp koiuwmak. Uwundai ХХХ ne kylsa bolot


Al emi ardagerge baktyluu karylyk kaalaim. Den soolukta uwintip jaw boidon juro bersin. Sizge tuboluk DANK!!!TAAZIM
Модератор admin_portal түзөттү 12.05.2014 15:18
12.05.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
volk.kg - эскертүү!
Кимдир-бирөөнү кемсинтип, мазактоодон алыс болуңуз.
12.05.2014. 15:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
volk.kg, Сиздики туура эле. Сиз мени башкача тушунуп алдыныз. Мен азыркы кырдаалды айтып жатам
12.05.2014. 14:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу карылык каалайм. Ден соолук берсин. аз ардагерлер калса да мамлекет жакшы конул боло албайт.
12.05.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kozdon jash tynbai agatko okup alyp. Ata omurluu bolunuz bizdin arabyzda bolunuz, sizge taazim ata.
12.05.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ыйлагым келип окуп чыктым. Дагы коп жашан.
12.05.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз ден-соолугунуз чын болуп небере чоборолорунуздун убайын корунуз. Ангемениз аябай жакшы экен кээде ыйласан кээде кулосун кайсыл жериге баягы кур менен ыргытканда Жаным ооруганынан кыргызчалап сөгүп жиберсем астымдан бирөө «Вай, ортак, мусулманмисиз, бир аягым жок, ары жакка жатың» дейт. Өзбек деген жери. 130га чыгын аман болун.Сизге таазим этебиз!!!
12.05.2014. 18:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
сиздерге таазим
12.05.2014. 18:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mamajan ata sizge taazim. Ar daiym Jaratkan ALLAHym sizge den-so'k bersin. Asan-Uson, Janysh-Baiysh, Urnisa jana bashka nebere uul-kyzdarynyzdyn baktyna bar bolun. Aitmakchy Mamajan ata aiash atabyz bolot.
12.05.2014. 18:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге терен ыраазыбыз,тарыхтын барактарынын эн башында эсте сакталып калабересиздер биз сиздей эр журок ата энелерибиз менен туболук сыймыктанабыз.
12.05.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мына чыныгы геройлор аллахым сизге дагы да узун өмүр берсин
12.05.2014. 22:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
9-май куну Ноокенде майрам болду. Согуштун ветерандарын чакырган. Район боюнча 30дай ардагер калыптыр. Жылда келишип урмат сыйды коруп кетишсе. Ардагерлердин келгенин караап арасынан акмалап издейм. Бирок мен издеген инсан быйыл булардын катарында жок. Ал адам согуштун ардагери, менин таятам Сабирбаев Абдрахман эле. Турмуш экен мынтип биз учун жанын урогон инсандар тилекке каршы саны азаюда. Андыктан козу барда баркын билели. Сиздерге таазим урматтуу АРДАГЕРЛЕР!
12.05.2014. 23:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата кудай ыразы болсун сиздерден
13.05.2014. 02:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Для вас♥♥♥
13.05.2014. 04:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сизге окшогон карылар кобойо берсин ак калпагынызды тушурбой журо бериниз биз манастын урпактарыбыз экени далил
13.05.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мамажан ата экобуз бир айылдан болобуз неберелери менин классташтарым менин чон атам да согуштун ардагери бирок козу отуп кеткен айылдагы жалгыз ардагерибиз коп жашаныз
13.05.2014. 14:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
100гө жетиңиз
13.05.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу карылык каалайм!
13.05.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окуп аябай ыйлап жатам,согуштан кудай сактасын,эн коркконум согуш.Сизге дагы ден соолук,узаак дагы жашаныз
14.05.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп жашаныз, сиз биз сыяктуу муундар учун курошконсуз , сизге ден соолук каалайм. А ушул согушта менин чон атамдын да бир тууган акеси кайтпай калган экен, эххх бул каргашаал канчалаган адамдын омурун кыйган
14.05.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кайсы Маданиятан экен Мамажан ава?
15.05.2014. 11:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
kop jawaniz. jengenin go jeniptir atalaribiz birok berlinge kirip bargandan kiyin basip aluu kerek ele kayra kelip kalbay.
15.05.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таазим этебиз мамажан ата ден соолукта болунуз,неберелериниздин убай урматын,кызматын горунуз!
16.05.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жениш майрамыныз менен куттуктайбыз Ата,неберениз Гулу жана чоборолорунуз Эрзат,Аяна,Айдар небере куйоо-баланыз Руслан,бактыбызга кооп жашаныз.
17.05.2014. 17:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы солдат, дагы деле коп жашан.
18.05.2014. 12:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омурлуу болунуз. Оорубаныз. Сизге жана баардык аталарыбызга ЧООН рахмат. Сиздерге ТААЗИМ!
18.05.2014. 17:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сизге таазим, дагы коп жашаныз, кыргыз элим сиздерди эч качан унутпайт!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо