ЕВРОПАНЫ БАГЫНТКАН «РЕАЛ» МЕНЕН «АТЛЕТИКО»

№601 09-май-15-май, 2014-ж

Быйылкы футбол сезонунун башкы каармандары болуп Мадрид шаарынын «Реал» жана «Атлетико» командалары саналууда. Бул 2 футболдук клуб УЕФА Чемпиондор Лигасында Европадагы мыкты делген атаандаштарынын тизесин бүгүп, эми финалдык беттеште кимиси чемпион экенин аныкташмакчы. Бир шаардан чыккан элдешкис эки команданын таржымалы тууралуу төмөндө.

«РЕАЛ МАДРИД»
Каймана аты – «Актар» («Los Blancos»), «Галактикос» («Los Galacticos»)
Негизделген жылы – 1902-жыл, 6-март
Стадиону – «Сантьяго Бернабеу», 85 454 орундуу
Президенти – Флорентино Перес
Машыктыруучусу – Карло Анчелотти
Капитаны – Икер Касильяс

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:
Испания чемпиондугу (Ла Лига) – 32
Испан кубогу – 19
Испан Суперкубогу – 9
Чемпиондор Лигасы – 9
УЕФА кубогу – 2
Европа Суперкубогу – 1

«РЕАЛДЫН» ЖАРАЛУУСУ
«Реал» клубунун түпкү теги делип 1896-жылы түзүлгөн «Футбол Скай» клубу айтылып келет. Ал эми расмий түрдө бир тууган Падрос жана Хулиан Паласиостор 1902-жылдын 6-мартында «Мадрид футбол клубун» («Madrid Football Club») ачышкандан тарта эсептелинет. 1920-жылы 29-июнда Испаниянын падышасы Альфонс XIII клубга падышалык наам ыйгаргандан тарта «Real Madrid» (real – испан тилинен алганда «падышалык» деген маанини берет) аталган.

XX КЫЛЫМДЫН МЫКТЫ КЛУБУ
50-жылдын ортолорунан тартып Европада 1-жолу бүткүл континент боюнча футболдук клубдар арасында мелдеш уюштурула баштайт. Жаңыдан өткөрүлүп баштаган кубокту «Реал» 5 жыл катары менен утуп, Европаны дүңгүрөтүп турган эле. Ошондой эле Испаниянын чемпиондугунда да үстөмдүк кылып, 54-69-жылдар аралыгында 12 ирет чемпион аталган. Бул алтын доордо түбү аргентиналык Альфредо ди Стефано, француз Раймон Копа, венгриялык Ференц Пушкаш аттуу футболчулар мыкты оюн көргөзүшкөн.
Ошондон тарта «Реал Мадрид» Европадагы эң ийгиликтүү команда саналып, ФИФА тарабынан «XX кылымдын мыкты клубу» аталган.

МЫКТЫЛАРДЫН МЫКТЫСЫ ГАНА «РЕАЛДА» ОЙНОЙ АЛАТ
«Галактикос» атка конгон бул испан клубунда эң мыкты делген футболчулар ойноп келет. Бул клубдун президенти Флорентино Перестин жүргүзгөн саясаты. Алсак, эң атактуу делген Зинедин Зидан, Дэвид Бекхэм, Роналдо сыяктуу футболчулар ойношкон. Учурда «Галактикосту» Криштиану Роналду жана Гарет Бейлсиз элестетүү мүмкүн эмес.

«АТЛЕТИКО МАДРИД»
Каймана аты – «Матрастуулар», «Индейлер».
Негизделген жылы – 1903-жыл, 26-апрель
Стадиону – «Висенте Кальдерон», 54 853 орундуу
Президенти – Энрике Сересо
Машыктыруучусу – Диего Симеоне
Капитаны – Габи

ЖЕТИШКЕНДИКТЕРИ:
Испания чемпиондугу (Ла Лига) – 9
Испан кубогу – 10
Испан Суперкубогу – 1
Европа Лигасы – 2
Европа Суперкубогу – 2

«АТЛЕТИКОНУН» ЖАРАЛУУСУ
«Атлетико де Мадрид» 1903-жылы 26-апрелде Мадридде окуган басктык үч студент тарабынан түзүлгөн. Башында бул клуб башка клубга көз каранды болгондуктан, мелдештерге да катышчу эмес. 1907-жылы гана өз алдынча болуп, расмий түрдө мелдештерге катышууга укук алган.

МАДРИДДИН «ЭКИНЧИ» КОМАНДАСЫ
«Атлетико» ар дайым атактуу кошуналардын көлөкөсүндө калып келет. Ушул себептерден улам Мадриддин 2-командасы атка конгон. Ошентсе да өзүнүн тарыхында Испания чемпиондугунда 9 ирет чемпион аталууга жетишип, өз күйөрмандарын кубанта алган.
Мадриддик клубдун айырмачылыгы болуп анда эң мыкты чабуулчулар ойноп келет. Мисалга алсак, ар жылдары ойноп келген Фернандо Торрес, Серхио Агуэро, Радамель Фалькао жана башкалар. Ал эми учурда чабуулда дарбазачылардын түшүнө кирген Диего Коста ойнойт.
Быйылкы жылы клуб ийгиликтүү сезон өткөрүп, өздүк тарых бетин жаңылоо алдында турат. 1996-жылдан тарта ута элек Испания чемпиондугун жана 1-жолу Европадагы эң беделдүү турнирди жеңип алууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Алдыдагы каршылаш атактуу коңшулар.

24-МАЙ. УЕФА ЧЕМПИОНДОР ЛИГАСЫ. ФИНАЛ. «РЕАЛ М» – «АТЛЕТИКО М»
Быйылкы жылы Карло Анчелоттинин машыктыруусу астында «Реал» 12 жылдан бери жете элек Чемпиондор Лигасынын финалдык оюнуна чыга алды. Ал эми «Атлетико» Диого Симеонени башкы машыктыруучу кылып дайындагандан бери үстөмдүк кылып келген коңшулар менен теңме-тең ойноп, ал эле эмес, Европада да чуу салып жаткан учуру. Бир шаардан чыккан эки команданын финалга чыгышы футболдун борбору Мадрид экенин тастыктап отурат. Мадриддин кайсы көчөсүндө майрам болору 24-майда Лиссабондо билинмекчи.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(21)
12.05.2014. 09:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баардыгы машыктыруучудан коз каранды
Себеби реалда дуйнонун мыкты оюнчулары ойнойт
Ал еми Моуринену мурда еле кетириш керек болчу
реалдын автаритетин кетирбей
Реал-Мадрид чемпион!!!!!!
16.05.2014. 15:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
beka_95, моуриньо жакшы тренер эле.
12.05.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анчелотти менен Диегону бирин Дордойго бирин Алгага алып келсе ээ Бишкек футболдун борбору болот эле ээ атангору десе.
12.05.2014. 11:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Атлетико чемпион!!!!
12.05.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
реал чемпион болот 100% гарантия берем.
12.05.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Криштиану Роналду мен суйгон футболчу, ага эч ким тен келе албайт! Реал Мадрид командасына жениш каалайм!.
13.05.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мадритке ставка койгула аянбастан ийгилик алдыда достор!!!
13.05.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
fara2503 - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат!
13.05.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал мадрид женилип калса да ыраазымын! Бирок финалда утаарына ишенем. Мыктылар чогулган. Ди Марио жакшы пас берсе Криштиану точно гол урат. Азаматтар. Алдыга!
13.05.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атлетико чемпион!!!!!!!!!!!!!!!
13.05.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
реал утуп журо береби алетикого кезек келди
13.05.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kara-alma, Реал көптөн бери ута элек, Реалга кезек келди.
13.05.2014. 13:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Hala Madrid!

14.05.2014. 02:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реал чемпион буюрса
14.05.2014. 23:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Реалга Ийгилик каалайбызбы Реал Мадриддин куйормандары
15.05.2014. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Реал Мадрид жеңет,
16.05.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
real madrid
18.05.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал чемпиооон юхооооооо hala Madrid реалга 10 минди коюп койсон да болот Реал чемпиоооооОооооооооооооонн
18.05.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал женет алгаааааааааааааа
19.05.2014. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Реал мадрид
19.05.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майрам «Сантьяго Бернабеу», 85 454 орундуу стадиондо болот бирок кун "Атлетико-М" ге тийет.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо