ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№601 09-май-15-май, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Бекзат чындыкты айтмайынча кутулбасына көзү жетти. Бир чети досу таарынып калабы деп чочулайт.
– Айдайга жакында үйлөнгөнү жатам, кандай дейсиң?
– Ха-ха-ха!
Бекзаттын жообун уккан Тариелдин каткырыгы катуу чыкты.
– Койсоңчу, тамашаңды.
– Чын эле.
Бекзаттын бул сөзүнөн кийин Тариелдин күлкүсү басаңдады. «Буга жин тийгенби?» Ал ичинен өзүнчө сөгүнүп алды.
– Демек, менден калган кызды сүйүп калдым дечи?
Тариел атайын кекээрлене Бекзаттын жинине тие сүйлөдү.
– Эсиңде болсун, досум. Сенин келечектеги жубайың менден калган.
Тариел каткыра күрмөсүн алып чыгууга камынды. Экөө ээрчише көчөгө чыгышкан соң Тариел мас экенине карабай машинасына отура кетти.
– Сен жинди болдуңбу? Ушу кебетең менен кантип машина айдаганы жатасың?
Бекзаттын бул сөздөрү Тариелдин кулагынын сыртынан кетти.
– Ээ, досум, МАИчилер тоссо акча, тааныш деген бар. Анын эмнесине ойлоносуң. Андан көрө тойго камын! - деп ал Бекзатты далыга таптап коюп жолуна түштү. Бекзат колун шилтеген боюнча кала берди.
Караңгы... Коюу түндө Тариел айдап бараткан кара машина Бишкектин чоң көчөлөрүнүн биринде зуулдап баратты. Аңгыча айланада «тарс» деген катуу үндү коштой, эки машина кагыша кетти. Тариел жол чырактын кызылы күйгөнүнө карабай, жолдон өтүп кетүүгө аракет кылган эле. Тез эле окуя болгон жерге кишилер үймөлөктөп калышты.
– Мага жардам бергилечи, сураныч!
Жол четине аңтарылып калган машинанын ичинен Тариелдин жалбарган үнү чыгып жатты.

ххх

Бул учурда Самат менен Канышай кызуу уйкуда жатышкан эле. Аңгыча Саматтын кол телефону чырылдап калды.
– Алло, ким бул?
Самат түн ортосунда уйкуну бузуп, тааныш эмес номер менен чалган кишиге ызырына трубканы алды.
– Саламатсызбы, байке! Мен жол көзөмөлдөө кызматынын ага инспекторумун. Уулуңуз жол кырсыгына кабылган экен.
– Ок, оозуңа! Ушинтип да кишини тамашалайбы?
Самат чочуп кетип ордунан атып турду.
– Тамашасы жок, байке. Тезирээк келе калыңыз.
Тиги даректи айтып трубканы коюп салды. Самат уккан кулагына ишене албай шашып-буша кийине баштады.
– Эмне болду?
Канышай да бул учурда ойгонуп калган эле.
– Тезирээк кийин. Тариел жол кырсыгына кабылыптыр.
Экөө тез эле окуя болгон жерге жетип барышты. Ошол жерде жүргөн МАИ кызматкери Саматка окуяны кыскача баяндап өттү.
– Тез жардам келип уулуңузду жана тиги машинанын айдоочусун ооруканага алып кетишти. Сиздин уулуңуз отурган машина жол эрежесин бузгандыктан кырсык болгон. Биз бардыгын иликтедик, анын үстүнө, уулуңуз ичип да алыптыр.
Самат анын сөзүн угар замат оорукананы көздөй айдады. Дарыгерлер Тариелдин үстүнө киргизбей коюшту.
– Байке, кам санабаңыз, баары жакшы болот. Уулуңуздун буту гана сынган экен. Азыр ийне сайдык. Ал эми берки кишинин абалы оор. Азыр жандандыруу бөлүмүндө жатат. Андан көрө ошол адамдын өмүрүн тилегиле. Эгер бир нерсе болсо, уулуңуз күнөөлүү болуп калышы толук мүмкүн.
«Ушундай болмок, «көп баскан аяк бок басат» деп кыргызда бекеринен айтылган эмес . Кудай бул балага акыл бербесе айла жок экен да, минтип менин эл караган бетимди жер каратып бүттү. Эми тигиниси аман болгой эле». Оорукананын коридорунда кабагын түйүп, ары-бери баскан Саматтын санаасы санга бөлүнөт. Канышай жакшылыктан үмүтүн үзбөстөн, күйөөсүнүн жанында турду.

ххх

Айдар ошол күндөн тарта Айдайга күн алыс келчү болду. Кантсе да атасы эмеспи, Айдай да жолугуудан качкан жок. Бир жолу сейил бактагы орундуктардын биринде эс алып отурушканда кызынын жакында турмушка чыгарын угуп, Айдар жетине албай кубанды.
– Жигитиң кандай? Атаңдар менен тааныштырдыңбы?
Айдар айтарын айтып алып, кайра оңтойсуз болуп кетти. Керимдер тууралуу кызынан уккан эле. «Бала баккандыкы эмес, тапкандыкы» деген сөз кошулганы менен Айдар бул жолу кызын кызганып турду.
– Жакында тааныштырам. Азыр бир аздан соң ага жолукмакмын. Сиз менен да тааныштырам, ата.
Айдай акырын жылмайып, Айдардын бетинен өөп койду. «Ата...» Ушул сөздү уккан Айдар өзүн ушунчалык бактылуу сезип кетти. Ооба, биринчи жолу укту бул сөздү. Көрсө, өзү
үчүн татыктуу жашабаса да, ушу кызы үчүн татыктуу жашап, аны уят кылбаш керек экенин эми түшүндү. Артында «ата» дечү адам бар экенине кубанганынан көзүнөн жаш кантип таамп кеткенин байкабай калды.
Бул учурда Айдайга Бекзат телефон чалып калды.
– Алло, Айдай, бүгүн кечирээк жолугушат окшойбуз.
– Неге?
Айдай таарынгандай үн катты.
– Тариел деген бир досум бар, ошол жол кырсыгына кабылып ооруканада экен. Азыр ошол жакка баратам.
– Тариел дейсиңби, кайсы Тариел? Мурда айтчу эмес элең го андай досуңду?
Айдай шектүү суроо узатты. Анын үстүнө өзү да «Тариел» деген ысымды укканда бир башкача боло түшкөн.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков

ЖАКЫНДА
ҮЧ КУРБУ
Үч тагдыр, үч аял, үч курбу... Алар бир кезде тамчы суудай таза, ак ниеттери менен «аялзатында достук болбойт» деген кепти төгүнгө чыгарабыз дешкен. Курбулар бири-биринин жолунан эч качан кайчы өтпөгөнгө убада кылышкан. Бирок жашоо агымы үчөөнү карама-каршы жээкке таштап, алардын тагдырлары бир адамдын колуна байланып калды. Колунда бийлиги, байлыгы бар адам үч курбунун жашоосун аңтар-теңтер кылып, айыгышкан душманга айлантарын алар убагында билген эмес. Эми алар өз бактылары үчүн күрөшүүгө даяр. Болгондо да «же сен, же мен» деген айыгышкан эрөөл... Биринде сейрек кезиге турган сулуулук болсо, экинчисинде акыл, үчүнчүсүндө мээрман жүрөк... 
Бул чыгармада аялдын аянбас айкөлдүгү, арстандай кашкөйлүгү, суудай тазалыгы, түлкүдөй амалкөйлүгү, айтор, аялзаты бардык өңүттө ачылып берилет. Бүтүндөй Кыргызстанды ыйлата турган, кубанта турган, каармандар менен бирге жеңишти көксөтө турган мыкты чыгарма сиздер үчүн! Күтүңүз, жакында...

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(17)
12.05.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакында уч курбу башталса чандагы гул аяктайын деп калган го Айдай бактылуу болот болду бекен?
12.05.2014. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эми кызыгына келгенде,эми Айдай эконун дос экенин билди эмне деп ойлоор экен?
12.05.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эми аны чыгарма аяктаганда билебиз го
12.05.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ииии Тариел эмне болот болду экен ээээ? кызык, кызык жана кутууууууу.
12.05.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутуп калдыыыы
12.05.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болушат
12.05.2014. 10:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тариел камалат Бекзат менен Айдай бактылуу болушат
12.05.2014. 10:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондой болсо керек,менин да оюм боюнча
12.05.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай тергоочу балага тийет болуш керек менин оюмча.а Бекзат менен Тариел экоонун кылганын билгенден
кийин суйлошпой калатго
12.05.2014. 19:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эртеби кечпи кылган куноосунун азабын тартат экенда
13.05.2014. 06:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдай, Бекзаттын жашырып койгоннун кантип кечирет болду экен! Мен кечире албайт болчумун
13.05.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу болсун Айдай
13.05.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айдар да бомжчулукту таштайт го...ошондой эле болсун
13.05.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Уч курбуну" кутобуз. Абдан жакшы жарнамалапсыздар.
13.05.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мынча эрте бутпош керек.
18.05.2014. 00:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми жаны сериалды кутуу керек.....
19.05.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bolain, Ak_gulum, Aimeerimka,
Саламатсыздарбы!
Төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп, окуй аласыздар: http://www.super.kg/article/
Эгер ачылбай жаткан болсо бир аз күтө турсаңыздар. Сайтта бир аз тех. катачылыктар кетип жатат. Тез арада жойгонго аракет кылабыз.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо