КЛИПТЕГИ КЫЗЫГУУ ЖАРАТКАН КААРМАНДАР

№601 09-май-15-май, 2014-ж

Ырчынын багын ыр, ырдын көркүн болсо жакшы клип ачат. Ал эми клиптин кабыл алынышы кандайдыр бир деңгээлде роль жараткан каармандардан көз каранды болот. Биз акыркы кезде клиптерде көп учурап, кызыгууну жараткан жүздөрдү тааныштырууну чечтик.

ТЕМИРУЛАН АЙДАРАЛИЕВ

Туулган жери – Ош облусунун Кара-Кулжа району
Туулган күнү, жылы – 19-октябрь, 1994-жыл
Билими – Орто
Катышкан клиптери – Гүлжигит Сатыбеков – «Сагынам», Асел Кадырбекова – «Жаз», Өктөм Сапар уулу – «Эч кимге теңебейм»
Учурда – Сулуулук салонунда чачтарач

Өзгөчө чач жасалгалуу, кара тору мырза акыркы кезде ырчыларда чоң суроо-талапка ээ болуп жаткандай. Анын аты да өзгөчө – Темирулан. Ысымын апасы темирдей бекем улан болсун деп койгон экен. Темируланды жакындары Тима деп эркелетишет. «Жигитке жетимиш өнөр аздык кылат» демекчи, Тиманын чач жасалгалоого шыгы күч. Мындай талантын өркүндөтүү үчүн атайын окуган деле эмес. Өз алдынча өздөштүрүп, 5 жылдан бери сулуулук салонунда иштеп келет. «Мирбек Атабеков, «Нон-Стоп» дуэтинин ырчысы Максат Садырбеков, Бек Исраилов, Эрнист Сыдыков жана башкалардын чачтарын жасалгалап турам» деген иш билги жигиттин кардарлары көбүнчө жылдыздар.
«Алгач досум Алмаз Шаадаевдин «Татынасың» деген клибине эпизоддук ролго тартылдым. Андан кийин кардарым, клипмейкер Эрнист Сыдыков дагы бир клипте башкы ролду сунуштап калды. Ошентип, Гүлжигит Сатыбековдун «Сагынам» деген ырынын клибинде фотограф жигиттин ролун жараттым. Клип февраль айынын башында Көлдө тартылды. Кыштын чилдесинде жеңил кийим менен тартылуу абдан кыйын экен. 5-10 мүнөт камерага ойноп коюп, чуркап барып жылына калып бүтүргөнбүз» дейт актёр.
Клиптерден жүзү тааныла баштаган Тима киного да тартылууга сунуш түшүп жатканын, өзү болсо кинорежиссёрлукка кызыгып жүргөнүн кошумчалай кетти. Бул кара тору жигиттин жүрөгү бош болду бекен деп кызыгып жүргөн селкилер болсо, айта кетчү нерсе, Темируландын 3 жылдан бери сүйүшүп-күйүшүп жүргөн кызы бар.

Өктөм Сапар уулу – «Эч кимге теңебейм»

НУРИЗА САБЫРЖАНОВА
Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган күнү, жылы – 2-март, 1995-жыл
Билими – КУУнун 2-курсунун студенти
Катышкан клиптери – Аваз Акимов – «Ай-ай-ай», Асел Кадырбекова – «Жаз», Мирлан Баеков – «Туулган жер»
Учурда – Окуусу менен алек

Аваз Акимовдун клибинде эки жигиттин тең жүрөгүн жаралап, аягында үчүнчү жигит менен кетип калган сулуу бийкечтин аты – Нуриза. Ал шоу чөйрөгө «Супер-Инфо» гезитине чыккан «Өгөй тагдыр» фотороманына тартылгандан кийин аралашкан. «Аваз менен жакшы дос болгондуктан, өзү сунуштап, катыштым. Клиптен эсимде калганы, чакага суу көтөргөн жерим болду. Чака бош болсо окшошпой калат деп суу көтөрүп кечке убараланып, ошол кадрды көп жолу тарттык. Клиптен кийин «Участковый», «Мигрант» деген тасмаларда роль жараттым. Кичинекей кезден актриса болуу кыялым болчу. Буюрса, кыялым ишке ашып баратат» дейт Нуриза.
Актриса бош убактысында бий менен алектенип, ар кандай курстарга барат. «Окуу, окуу жана окуу» деген принцип менен жашаган Нуриза учурда окуу менен алек. Дос балдары бар, бирок жүрөгүн ээлеген мырза жок.

Аваз Акимов – «Ай-ай-ай»

РАХАТ БОЖОКОЕВА

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган күнү, жылы – 1-август, 1994-жыл
Билими – КУУнун Экономика жана финансы институтунун 2-курсунун студенти
Катышкан клиптери – Нурел Казакбаев – «Арманым», Сайкал Садыбакасова – «Ыйлатпачы», Гүлнур Сатылганованын жакында жарыкка чыкчу «Сага» деген клиби
Учурда – Киного тартылуу менен алек

Рахат бала кезинен бий менен алектенип, сахнада чоңойгон. Концерттерде бийлеп жүрүп ырчылар менен таанышып, чыгармачылык чөйрөгө аралашып калган. Сайкал Садыбакасованын клибине чейин ал «Сүйөм дечи», «Көк салкын-2» тасмаларына тартылып, бир топ такшалганын айтат. «Сайкал эженин клибинде мүрзөгө барып күйөөсүн эстеп ыйлаган жери бар эмеспи. Ал жайдын өзүнчө сүрү бар экен. Образга кириш кыйыныраак болду» дейт актриса. Клип, тасмалардан жүзү таанылып, жигиттердин кызыгуусун арттырган Рахат «жүрөгүм бош же бош эмес деп айтпай турайын» дейт. «Жеке жашоом азырынча сыр болсун» деген бийкеч учурда режиссёр Эрнест Абдыжапаровдун жаңы тасмасына тартылганга даярдык көрүп жүрөт.

Сайкал Садыбакасова – «Ыйлатпачы»

АМАНБЕК ИБРАЕВ

Туулган жери – Ош облусу, Кара-Суу районунун Фуркат айылы
Туулган күнү, жылы – 26-август, 1981-жыл
Билими – ОшМУнун дүйнөлүк тилдер факультетин жана ОшТУнун финансы-кредит факультетин аяктаган
Тартылган клиптери – Самара Сабирова – «Жалгыз уя», Замир Мырза менен Айжамал Кабылова – «Бир тууганым», Эрнест Бөрүбаев – «Сиз жөнүндө»
Учурда – Үй-бүлөлүү, 3 кыздын атасы, шоумен

Үй-бүлөлүү болсо да бойдок мырзанын ролун катыра аткарган Аман Ибраев тамадалык менен алектенет. «No name» командасынын жигиттери – анын шакирттери. «Эрнест Бөрүбаев өзүмдүн досум. Кызды сүйгөн жигиттин ролун ойноо үй-бүлөлүү кишиге оор болот экен. Роль жаратып жатсам да, үй-бүлөм көз алдыма тартылып туруп алды. Назира Бердигулова азамат кыз экен, экөөнүн сүйүүсүн чагылдырган жерде мени «сүйдүрүп» алды. Толугу менен ролго жетелеп кирип кетти» дейт актёр. Жини келген жерин тартуу да кыйынчылык туудурганын айтат. «Сага эч нерсе кылбаган адамды жаман көрө албайт экенсиң. Ошол учурда Назира намысыма тийчү кептерди айткандыктан, ачуум келген эле. Клипмейкер Эрнист Сыдыков абалдан пайдаланып жакшы кадрларды алганга үлгүрүптүр. Эң оор жери беш кабат имараттын үстүндө бутту салаңдатып отурган болду. Качан түшүп кетет экенмин деп корктум».

Эрнест Бөрүбаев – «Сиз жөнүндө»

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


Клиптеги каармандар

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(33)
SUPER.KG видео
10.05.2014. 02:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
molodsyyy liudi
SUPER.KG видео
10.05.2014. 02:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
rahat bojokoevanyn tabigyi suluulusu jakty.
SUPER.KG видео
10.05.2014. 07:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Рахат красавица.
SUPER.KG видео
10.05.2014. 15:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
рахат божокоева супер!!!
SUPER.KG видео
10.05.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Чынында кыздар сулуу экен. Бирок каштары татуаж же болбосо ото откур боёк менен боёлгон. Эмне демекчибиз ийгилик баарына.
SUPER.KG видео
11.05.2014. 05:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Raxat Bojokoeva suuuper!!!!!!!!!!!
SUPER.KG видео
11.05.2014. 06:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Клиптеги жылдыздар.. ийгилик!
SUPER.KG видео
11.05.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахат божокоеваны Суйом
SUPER.KG видео
11.05.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
окей
12.05.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахат чынында да клиптерге көрк берчү сулуу экен.
12.05.2014. 09:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахат чупчулуу го
12.05.2014. 11:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темирулан кайсы салондо иштейт,менин купуяма жазып ийгилечи сураныч
12.05.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантары бар инсандар экен
SUPER.KG видео
12.05.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Темирулан Айдаралиевди корейцский сериалдагы артистерге окшоштурам.Айрыкча коз караштары.Келечекте мыкты артис болушу мумкун.
12.05.2014. 12:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Колундан кандай иш келсе да, анын майын чыгара жасасан, эмгегин жерде калбайт экен. Бул нерсени мен оз жашоомдон да алдым.
Бул каармандардын баарына ийгилик !!!
SUPER.KG видео
12.05.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Темируландан бир нерсе чыккыдай
12.05.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рахат магада жагат,бирок сон эле кыз деп ойлоп журупмун
12.05.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аааийй баардыгы еле 95-94жылкы жаш балдарго, клиптен кинодон коргондо чоон еле деп элестетчумун
12.05.2014. 17:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуриза клиптеги суроттон коро, озу тушкон суротто сулуу чыгыптыр. Аманбек Ибраев симпотичный го .
12.05.2014. 19:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуриза азаматсын кичинекей мотурайган кыз элэн эми эл керегине жараган жаштардан болупсун. Фучик паркта элэ чупа чучсу балмуздак жеп эжэкенди эрчип журчусун. Окууларына ийгилик алдыга кадам таштап журобер
SUPER.KG видео
13.05.2014. 16:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман байке онорунуз оркундой берсин сиздин алып баруучулук кылган концерт тойлордо болгом. Аябай жакшы суйлойт экенсиз
SUPER.KG видео
13.05.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lusi2013, сиз бул баракчага комментарий жазган эмессиз.
Bayimbet3, сиздин видеоңуз жүктөлбөй калган. "Сиздин ролигиңиз ийгиликтүү жүктөлдү" деген билдирүү чыкканда гана жүктөлгөн болот!
13.05.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Рахатты биринчи Сайкал Садыбакасованын ыйлатпачы деген клиптен көргөндө жактырып калгамын кана эмесе менин жарым болсо эх....
14.05.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен рахатты жашы чоон эле деп журупмун корсо жаш кыз турбайбы
15.05.2014. 08:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kuba.kg, менда 90.88деп ойлопмун
14.05.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нуриз Ийгилик сага)
15.05.2014. 08:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0

Тимурулан октом жигит экен..
17.05.2014. 11:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатыбековдун Агенттеги махабат деген ырынын ,клибиндеги баланы унутуп калыпсынар
18.05.2014. 15:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Агенттеги махабаттагы бала жокко.
18.05.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аман агайыбыз го!
SUPER.KG видео
26.05.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aa tuzuuk
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо