Эмил Эсеналиев:«ТАМАШОУЧУ» БОЛБОСОМ, ЫРЧЫ БОЛМОКМУН»

№601 09-май-15-май, 2014-ж

Акыркы күндөрү «тамашоучуларды» киного тартуу модага айланып бараткандай. Инкубатордон чыккан жөжөлөрдөй кыргыз киносун каптаган «Тамашоунун» балдары айрым таланттуу актёрлордон кем калышпай ойноорунан шегибиз жок. Ошол үчүн да режиссёрлор бул жигиттерди туш тарапка талап кетип жатышса керек. Бүгүн биз алардын бири болгон Эмил Эсеналиев менен маегибизди баштайбыз.

– Кандайсың, Эмил? Акыркы учурда сени «Тамашоунун» оюндарынан эмес, экрандан гана көрүп калдык. Актёрдук кесип менен олуттуу алектенүүгө киришкен окшойсуң?
– Кандайсыздар, колдон келишинче тартылып коюп жатабыз. «До+Фа»,»Мачо» тасмаларына тартылгандан кийин өзүбүз да кино тартуу тууралуу ойлоно баштаганбыз. Бир режиссёр байке менен жаңы жыл алдында жолугуп калып, ал «сага ылайыктуу бир кино бар, ошону тартабыз» деп сунуш киргизген. Эрмек байке менен кеңешип, мен башкы ролду ойногон «Пентхаус» тасмасын тарттык. «Тамашоунун» оюндарынан көп көрүнбөй калганыбыздын себеби да ушунда, киного тартылып убакыт тар болуп жатат. Ал эми той-кечелерде көрүнүп эле жүрөбүз.

– Учурда «Тамашоунун» балдары бүт тармакты каптап, хит болуп жатасыңар, бул эмнеден улам деп ойлойсуң?
– Анткени комедиянын, юмордун доору келди. Байкасаңыздар, бир жылдары ырчылар хит болуп, концерттерине эл батпай калчу эле. Алардын катарында мен да бармын. «Тамашоучу» болбосом, сөзсүз ырчы болмокмун. Атабековду туурап ырдай берчүмүн, анын ырлары менен өл-лө «ооругам». Мирбектин өзүнө айтсам ишенбейт, «тамашалап жатасың» деп. Андан кийин «Тамашоунун» доору келди, биздин бир да концертте бош орун калчу эмес. Азыр мына ошол долбоордон чыккан балдар бүт тармактан өзүн сынап жатышат. Арасында режиссёру, сценаристи, актёру, телеалпаруучусу, жадакалса ырчылар да бар. Чынында, «Тамашоудо» таланты күчтүү жигиттер көп, эгер алардын баарына колдоо болсо, маданиятыбыз тез эле көтөрүлөт. Анан да азыркы Кыргызстандагы жашоо менен кантип криминал же мелодрама көрөсүң, жашоо ансыз деле кыйын. Андан көрө комедияга кирип, жарым саат күлүп чыкканым оң десе керек баары эле.

– Тасмадагы кайсы каарманың өзүңө жакын?
– Бардык эле ролдорум өзүмө жагат. Бирок «Мачо» тасмасын тартуу процесси өзгөчө эсимде калыптыр, сонун күндөр өткөн айылда, табият койнунда тартылган элек. Кызыгы, бардык фильмдерде өз атым Эмил бойдон тартылыптырмын, мисалы, Саматты Доорон дешсе, мен Эмил бойдон калгам да (күлүп). Кээде гана «котормочу» деп калышпаса.

– Маселени чечүүдө кээде атактуулугуң жардамга келеби?
– Ооба, андай көп эле болот. Самат экөөбүз «Дордойго» барсак, кийимди арзан кылып беришет. Жаңы эле жөн келбей силердин гезиттин атагын да пайдаланып келдим. Саматтын машинасы менен келатсак, МАИчи байкелер тосуп, таанып калышты. Самат рулда болчу, ал барса, «тээтигинде котормочу да бар турбайбы, бери кел» деп мени да чакырып жатпайбы. Айттым, «Супер-Инфого» маек бергени бара жаттык эле шашып, жиберип коюңуздарчы» деп. Жиберишти, силерден коркушту окшойт (күлүп).

– Тасма талаасында жактыруу сезимине туш болдуң беле?
– Андайлар болот. Өнөктөштөрүмдүн кээ бир кылыктарына, мүнөздөрүнө элжиреп кетип, «ии, жашоодо да ушундай болсо» деп коём ичимден. «До+Фа-2» тасмасындагы Айкөл Аликжанова башында жакчу эмес, чогуу тартылгандан кийин «мм, жакшы кыз экен» деп кымыңдап койгом. Ал эми «Пентхаустагы» Айсулуу Аширакманова аябай адамгерчиликтүү, түшүнүктүү кыз экен. Кыйналганда жардам берип турду.

– Бир көрүп сүйүп калууга ишенесиңби?
– Менде бир көрүп жактырып калган учурлар күндө болот. Билбейм, азыр окуп жаткандар «бабник» деп ойлошу мүмкүн, бирок менде «ии, бул жакшынакай кыздын жигити кандай болду экен?» деген кызыгуу дароо туулат. Жигити спортчу эмес, Самат сыяктуу арык болсо, балким, алым жетет деп да ойлоп кетем (күлүп).

– Кыздарга болгон табитиң өзгөрдүбү же мурункудай элеби?
– Мурун силерге айткам, стерва кыздар жагат деп. Бирок стервасын да көрдүм, андай эмесин да көрдүм. Мага башкача кыз керек экен. Кандай экенин өзүм да билбейм. Акыркы күндөрү өзүмдүн табитимди түшүнө албай жатам. Менин жашым келди, үйлөнүшүм керек, ошол үчүн азыр эки жакты карап, активдүү изденүүдө жүрөм. Ойлобогула «кантип эле жок болсун?» деп, негизи көп эле, азыр үйлөнгөнгө даярданып кастингден өткөрүп жатам да.

– Качан көрбөйүн Самат экөөңөр ээрчишип жүрөсүңөр. «Саматты сүйлөшкөн кызы менден кызганат» деп айтып калган жайың да бар эле...
– Ха-ха, ооба, Саматтын сүйлөшкөн кызы менин жаралганыма капа, мен анын пайда болгонуна капамын. Бирок бири-бирибизди жакшы эле түшүнөбүз. Мен келсем анын кебетеси бузулат, ал келсе менин кебетем бузулат. Ушундай бир маданияттуу ыркырашабыз да, тамаша аркылуу. Ал дагы дайыма күлүп жүргөн жайдары кыз эмеспи, күлүп эле жайгарып коёт баарын.

«ҮЙ-БҮЛӨДӨ...»
-Үй-бүлөдө 7 бир туугандын төртүнчүсүмүн. Эжем, эки байкем, эки карындашым жана иним бар. Эсеналиевдердин тукумундагы талантты улап кеткен мен эле болдум окшойт. Ошондуктан бир туугандарым мени менен чексиз сыймыктанышат. Карындашым бар Айзада деген, ошол эле «повод» бербейт да, бирок ичинен сыймыктанат эле болуш керек.

«АЛГАЧКЫ ЖОЛУ ТАЙ-ТАЙЛАП БАСКАНЫМ...»
-1,5 жашымда тай-тайлап баскан экенмин, бирок 6 жашка чейин эмчек эмгенимди «точно» билем.

«АЛГАЧКЫ СҮЙҮҮ КАТЫ...»
-1-класста Беназир деген кызга сүйүү катын жазгам. Аны да өзүмдөн улуу агама жаздырткан элем. Бирок ал кыз эжейге айтып коюп, ал мени урушуп, уяткарып, кыскасы, үйгө ыйлап келгем.

«БИРИНЧИ СҮЙҮҮМ...»
-Пеку деген кызды көп жыл жактырып жүрдүм. Чын аты – Камила. Жакында эле социалдык тармак аркылуу экөөбүз бири-бирибизди таап алдык. Абдан сулуу кыз болуп чоңоюптур. Ал эми чоң сүйүү бир жыл мурун келген. Тилекке каршы, ал кыз ата-энесинин чечими менен турмушка чыгып кетти.

«АТА-ЭНЕМ АЛЫП БЕРГЕН БЕЛЕК...»
-4-классымда атам велосипед алып берген. Ал кезде балдар арасында велосипед аябай мода болчу. Атамдын ошол белеги эч эсимден кетпейт. Апам болсо «Puma» деген жазуусу бар футболка белек кылган, ошону көп жыл кийдим. Эсимде, ошол футболканы жаңы сатып келгенде мага «могу Рита деп жазылып турабы, карасаң, эркектердин футболкасына эмнеге кыздардын атын жазып койгон?» деп аябай боорду эзген эле.

«ЖАШООМДО БУРУЛУШ ЖАСАГАН ОКУЯ...»
-Мен өзү көчө таптап жүргөн тентек жигиттерден элем. Мени тааныгандар бул баланы сахнадан көрүп калабыз деп такыр ойлобосо керек эле. Таң калгандары азыркыга чейин байкалат. Менин жашоомдо бурулуш жасаган окуя бул «Тамашоуго» келгеним болду.

«Сахнага жаңы аттанган кез. Кыз тапсам сөзсүз командамдагы жигиттердин сынынан өткөрөм».

«Үй-бүлөм менен, 6 жаштагы кезим. Мүнөзүм атамдыкына, жемперим байкемдикине окшош болчу».

Лунара Бекиева
Адилет Бектуров
star@super.kg


Эмил Эсеналиев: "Мектепте бандит болчумун"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(49)
SUPER.KG видео
11.05.2014. 14:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Самат экоо эгиз козулар!кайда барса экоосу журот экен
SUPER.KG видео
11.05.2014. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Красавчик Эмиль Таланттын оркундой берсин.
SUPER.KG видео
11.05.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырдаганда сонун ырдайт да,образга кирип) ))
SUPER.KG видео
12.05.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bibi87, Anjella89, порталдан башка видеолор көрүнүп жатабы? Көйгөйлөрүңүз тууралуу купуяма кененирээк жазып койсоңуздар.
12.05.2014. 11:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
:-):-):-)жемпири окшогону соонун го.Азамат котормочу болгон ролу абдан жагат.
12.05.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмил Самат ийгилик силерге !силердей жаштар кобойо берсин кыргызда.
12.05.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
энеси жана бир туугандары бири бирине окшош экен сапсары болушуп, Эмил атасы экоо эле башкачараак экен
12.05.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмил талантын ташкындай берсин жакшы майек болуптур
12.05.2014. 13:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик!
12.05.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тообо менин жолдошума аябай окшош экен чынында Бир аз семирип ичи чыкканда копия болуп калса керек,жолжошумду сен сулуу эмессин деп жинине тийе беремда,Эмилге окшоштуруп Эми андай дебейм,кыял жоругуда окшош экен тан калдым. Ийгилик Эмил чоон кинолордон кутобуз сени буйруса.
SUPER.KG видео
12.05.2014. 16:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жигиттин гулу керемет го Керемет! Браводогу ырдаган "Кун Ысыкты" ырдаганычы. Кыргыздын келечеги ушул жаштарда) Малдес! Кыймылдай бер мени уят кылбай...)))
12.05.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жоон турса деле кабагын салып жини келип тургандай корунот.)
12.05.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тамашоу Алга!
12.05.2014. 16:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бир сахнага чыгып алып эле озун звезда сезгендер кобойду
12.05.2014. 18:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маек тамашалуу болуптур. Саматтын девушкасы менин жаралганыма капа, мен анын жаралганына дейтго))). Созду да таап суйлойт экен. Удачи тебе Эмил.
12.05.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саматтын девушкасы менин жаралганыма капа, мен анын жаралганына ....boordu ezet go bul bala....)))
12.05.2014. 22:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек куруп бериптир боорду эзип))))
13.05.2014. 01:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сооонун Азамат жигит
13.05.2014. 02:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
пентхауста сонун аткарган. Дегеле озу таланттуу жигит,
Азаматсын, таланттын ташкындай берсин
13.05.2014. 02:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жемпири окшошу жакты))))
13.05.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын...... мага котормочу болгону абдан жагат, иштерине ийгилик......
13.05.2014. 11:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ачык маек болуптур. Азамат!
13.05.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aty Azamat bolup kalyptyrgo
15.05.2014. 18:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу Эмил, Самат аябай жагатта . ишинерге ийгилик!
15.05.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жемпирим окшош болчу дегени кулкуну келтирди. Вт куну Эмил м.н Кубаны Совет Москва коч.кесилишинде коргом. Кызык Саматтын девушкасы кандай болду экен э аябай кызыгып жатам. Баары жакшы аткарышат, Пентхаус жакшы комедия, башынан аягына чейин кулкулуу.
15.05.2014. 23:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
6 жашка чейин эмгеничи :O
16.05.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул сyроoну жакшы тyшунбой калган окшойт?
– Тасмадагы кайсы каарманың өзүңө
жакын?
–Бардык эле ролдорум өзүмө жагат.
Бирок «Мачо» тасмасын тартуу процесси
өзгөчө эсимде калыптыр, сонун күндөр
өткөн айылда, табият койнунда
тартылган элек.

18.05.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Desmond, туптуура эле тушунуп жооп берген,менимче сиз тушунбой калдыныз.Тасмадагы каарманын?деп суроо берген.Ал озу да.Тасмадагы каармандардан деген эмес
17.05.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ай ай ушул жигит жагатта чиркин Ийгилик
SUPER.KG видео
20.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынар ташкындай берсин жигиттер!
SUPER.KG видео
12.01.2015. 00:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кошуналарым абдан жагат да...Азаматсыз Эмил байке)
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо