Айкын Төлепбергенов:«ЖУБАЙЫМ БИЗГЕ КӨҢҮЛ БУРБАЙСЫҢ ДЕП КАПА БОЛОТ»

№601 09-май-15-май, 2014-ж

«Пах-пах!», «Как дела?» деген ырлары менен казакстандык Айкын биздин кыргыз журтчулугуна таанымал. Ачык, тамашакөй, эч нерседен тартынбаган жигит ырчылык карьерасы дегенде эт-бетинен кетип, ичкен ашын таштап саларын байкадык. Ушундай сапаты менен өз мекенин гана эмес, коңшу мамлекеттерди да багындырып келе жатканы анык. Дегеним, Анжеликанын концертине конок болуп келген ырчы «Как дела?» деген чыгармасын аткарып жатып, элге микрофон сунганда көрөрмандар хор менен ырдап салышты. Ырчынын биздин гезитке берген эксклюзивдүү маегине көз чаптырыңыз.

– Айкын, мекенибизге кош келипсиң! Кыргызстанга бат-бат келип турасыңбы?
– Былтыр 2 жолу тойго келип кеткем. Тез-тез келбейм, жылына 2-3 жолу келем десем туура болот.

– Жашыруун болбосо тойлорго ставкаң канча?
– Казакстан менен Кыргызстанда окшош эле го дейм баалар. Эгерде той Алматынын өзүндө болсо 400дөн 1000 долларга чейин. Сыртка чыга турган болсом мейманкана, жол кире дегендерден сырткары 5000 долларга чейин барам. Мен фонограммасыз, жандуу ырдайм. Ошондуктан үн режиссёрум дайыма жанымда жүрөт.

– Кайрат Нуртасты атаандаш көрөсүңбү?
– Кайрат Нуртас менен атаандашмын деп айта албайм. Экөөбүз тең эстрада ырчысыбыз, бирок стилибиз таптакыр эки башка. Анын өзүнүн, менин өзүмдүн күйөрмандарым бар. Мисалы, адам кечке эле бир ырчынын ырларын уга берүүдөн тажаса керек. Сиз деле күнүгө беш бармак жей бербейсиз да, туурабы? Бир күнү палоо жегиңиз келет, экинчи күнү манты, үчүнчү күнү шишкебек. Ошонун сыңары, угармандар бир күнү менин ырларымды угушса, эртеси Кайратты, дагы бир күнү «МузАрт» тобун угушат.

– Жеке турмушуңду эмнеге айткың келбейт, күйөрмандарымды жоготуп алам деп коркосуңбу?
– Күйөрмандар үйлөнгөнсүңбү, бойдоксуңбу карабайт. Жеке турмушумду чыгармачылыгыма аралаштыргым келбейт, ал менин жеке жашоом.

– Ошентсе да бизге жубайыңдын кесиби өтө кызык, ал дагы чыгармачыл чөйрөдөнбү?
– Турмушка чыга элек кезинде бийчи болчу, бирок алган билими боюнча инженер. Менин ырларыма өзүнүн ойлорун айтат, мындай кылсаң кандай болот деп кеңешин берет, бирок чыгармачылыгыма кийлигишпейт. Кээ бир ырчылардын келинчектери кайда барса кошо ээрчип, жанынан чыгышпайт го, меники андай эмес. Алматыда концерт бергенимде эле келет.

– Канча жыл сүйлөшүп үйлөндүңөр?
– Жубайым менен он жыл сүйлөштүм. Аны менен таанышканда мен ырчы эмес эле, жөнөкөй студент болчумун. Башыбыздан кубанычтуу, кайгылуу күндөр өттү, ошонун баарына күбө болуп, мага колдоо көрсөтүп жүрдү.

– Күйөрман кыздардан кызганабы?
– Кызганат. Үйгө чейин издеп келип, тынчтык бербеген кыздар жок. Бирок телефонумдун жанын коюшпайт. Социалдык баракчаларыма тынбай кат жазышат. Жубайым токтоо, сабырдуу, ошондуктан үйдө катуу деле уруш-талаш болбойт.

– Балаң барбы?
– Уулум Ансар эки жарым жашта. Мага окшош.

– Молдолордун, көзү ачыктардын жардамы менен сүйдүрүп алгылары келген кыздар болгонбу?
– Дубалатып сүйдүрөт дегенге ишенбейм. Сөз менен арбап алуу болушу мүмкүн, бирок эч ким жүрөктү, сүйүүнү дубалай албайт. Мага карата аракеттер болгонбу, жокпу, айта албайм.

– Күйөрман кыздардын убалына калгансыңбы?
– Убалына калсам да, калбасам да камерага, гезитке айтпайм го(ха-ха). Мен ак көңүлмүн, боорукермин, адамдын көңүлүнө карайм. Күтүлбөгөн иштер болуп кетсе,ошол жерде жайгарууга көнгөм.

– Сени көбүнчө акылың башкарабы же жүрөгүңбү?
– Күндүз акылым, түнкүсүн жүрөгүм иштейт. Бир казак акын айткан экен: «Спортчу дайыма бир калыпта жүрүү үчүн машыгып туруш керек, ал эми чыгармачыл адамдар сүйүп туруш керек» деп. Мен да сүйөм, бирок чеги менен.

– Сен үчүн биринчи орунда эмне турат?
– Карьера турат. Эгер үй-бүлөм биринчи орунда турганда, мен жубайымдын, баламдын кашында отура берет элем. Демек, мен мындай ийгиликке да жетпейт болчумун. Азыр карьераны жасап алуу керек, кийин үй-бүлөм 1-орунга чыгат.

– Үй-бүлөң 1-орунга келгиче кыйналып калбайбы, кыйналуунун артында ажырашуу болушу мүмкүн. «Көңүл бурбай жатасың» деп жубайың таарынбай элеби?
– Ажырашууга жеткирбейм деп ойлойм. Бирок «бизге көңүл бурбай жатасың» деп таарынып калат, башка айла жок, жумушум ушундай экен. Казакстанды айланган буга чейинки 4 айлык турнемде үйгө төрт эле жолу баргам. Ошондо капаланган.

– Эмнеден ырахат аласың?
– Сахнага чыккандан, ырдагандан ырахат алам. 10 жылдан бери сахнада жүргөнүм менен, ар бир чыгышымда өзүмдү коёрго жер таппай, жүрөгүмдүн согушу катуулап, толкунданам. Анан спортчулар сыяктуу секирип-секирип алып чыгып кетем.

– Кыргыз ырчыларынан ким менен жакынсың?
– Мирбек Атабеков менен жакшымын. Дайыма чыгармачылык байланыштабыз. Ал Казакстанга, мен бул жакка келгенде сөзсүз жолугабыз. Азыр Казакстанды айланып турне менен жүрөм. Учурда Жамбыл облусунда жүргөндүктөн Бишкек жакын да, Анжеликаны колдой кетүүнү туура таптым.

– Силерде маалымат каражаттары кандай иштешет?
– Мисалы, Кайрат Тунтеков, Жамиля Серкебаева деген ырчыларыбыз жол кырсыгына учураганда теле, газеталар басып калды. Биринин артынан бири жазып, укмуш шоу кылып жиберишти. Бир нерсеге чалынсаң, тез эле Казакстанга жайылып кетет. Бул жагынан пресса күчтүү. Мен ошондуктан акырын, аяр, түз жүргөнгө аракет кылам.

– Учурда кайсы ырың хит болуп жатат?
– Кайсы ырың хит болуп жатканын көчөдө биле албайсың, концерттен байкасаң болот. Азыр концертимден «Алтыным» деген ырымды аябай жакшы кабыл алышууда. Ырды жаздырып туруп, интернетке жүктөп койгом. Алыскы айылдарга чейин тарап кетиптир.

– Продюсериң барбы?
– Мен жети жыл продюсер менен иштештим. Азыр өнөктөш катары иш алып барабыз. Менин сахнада жүргөнүмө он жыл болду. Продюсер жаңы чыгып келе жаткан ырчыларга абдан керек. Анын тааныштары, акчасы бар. Продюсер деген сага акча жумшайт, андан сырткары форма тиктирүү, ыр тандоо, аны жаздыруу, клип тарттыруу үчүн чуркайт. Жаңыдан ырчылыктын босогосун аттаганымда чөнтөгүмдөн бир теңге чыгарган эмесмин, продюсеримдин эмгеги чоң.

– Ким менен дуэт ырдагың келет?
«Дуэт ырдайлы» деп Казакстандан, Кыргызстандан көп сунуштар түшкөн, акча сунушташкан. Бирок мен үчүн акча эмес, чыгармачылык 1-орунда. Ыр жакшы болсо ырдамакмын. Мирбек экөөбүз ырдасакпы дегенбиз, бирок кайсы бир себептерден улам оюбуз ишке ашпай калды.

«Кээде отуруп бала чагымды сагынам».

«Клиптеримде, сүрөттөрүмдө итти көп колдоном».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Казак ырчысы Айкындан эксклюзивдүү маек

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(51)
12.05.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Айкын мага аябай жакты, жакшынакай, тамашакой, келишимдуу жигит экен. Ар бир суроого орду менен, ачык жооп бериптир.
12.05.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик.
12.05.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Жылдыздуу бала экен. Жасалмалуулук деген жокко эсе, оюнда болгонун суйлойт экен.
13.05.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Биздин жылдыздар эмнени айтып алдым деп ашыкча суйлоп албайын деп кымырынып отурушат бул ээн-эркин отурат экен
15.05.2014. 15:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bantik,булар бизден жок дегенде 10 жыл астыга кеткен да...
SUPER.KG видео
12.05.2014. 12:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сүйүп каааааааалдым ))
12.05.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Берилген суроолор манызсыз, майда болуп калыптыр, менин жеке оюмча.
12.05.2014. 12:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото тан калтырды уй-будосу, баласы бар экени?
SUPER.KG видео
12.05.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ayabay sonun mayek bolubtur pozıtıff eken
SUPER.KG видео
12.05.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын чыгармачылык ийгилик каалайм. Казак тилинде суйлойт экен кээ бирки ырчыларга окшоп орусча кошуп суйлобостон.
SUPER.KG видео
12.05.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Берилген суроолорго, жоопту жакшы бериптир. Маек жакты, дагы коп-коптон келип турсун,Ийгилик!
12.05.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура айтат эркек болгондон кийин иштеш керек аялы менен баласынын кашында олтуруп албастан Аялынын эркектин ишине кийлигишпегени да жакты
15.05.2014. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
gulperi.kg 1-орунда карьерабы уй-булобу деген суроолор адатта кыздарга берилчу эле эркектерге берсе да кызыктуу чыгат экен ээ
12.05.2014. 17:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Казакстанда Айкын атактуу деле эмес. Кайраттын тойдогу "ставкасы" 5000$дан өйдө. Айкындыкы өзү айтмакчы 400$дан өйдө. Салыштырып болбойт. Бирок Айкындын үнү аябай жакшы. Суперстарда суперлердин бири болгон.
13.05.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кеп акчада эле эмес да. Мага озунун уну, жонокойлугу аябай жакты
12.05.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Хм жаккан жок)) Анжеликанын концертинде кыздардын тамагы айрылганча кыйкырганына танмын.. Бирок албетте "о вкусах не спорят"))дейт беле).
13.05.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ay.zi, Анткени кыздарга жагымдуу, кыздар учун келишимдуу шынга бойлуу жигит. Мындай мырзанын журогун багындыруу ар бир кыздын кыялы, ичинер куйсо туз жалагыла
13.05.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага Анжеликанын концертинде гитара менен ырдаган Алтыным деген ыры аябай жакты. 500 сомубуздун акталышына жакшы себепчи болду
13.05.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Азаматсын, Кайраттын ырларына караганда сенин ырларынды эч тажабай суйуп угам. Ийгилик сага баурым, жакшы чыгармаларды жарата бер.
13.05.2014. 12:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Лично мен бул ырчыны ваще тааныбайт экенмин,всё равно Нуртастын ырларына жетпейтко...
13.05.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bantik))Кайдагы бир казак ырчысына ичим куйбойт :ХD. Ар бир форумчу оз оюн жазууга укугу бар.....
13.05.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ay.zi, Улутунда кеп жок го, казакпы, кыргызбы шынга бойлуу келишимдуулор отумдуу да туурабы?
13.05.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу куйоого тийсен сулуу балдар жаралат
SUPER.KG видео
13.05.2014. 17:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Атабековдун келинчеги Мээрим Толепбергендин тууганы болот экен. Окшошуп кетишет экен.
13.05.2014. 21:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныбайт экем.Угуп коруу керек экен.Анан тигинтип салыштырганды эч тушунбойм да .Бирок сулуу жигит экен.
SUPER.KG видео
13.05.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун маек болуптур,аябай шандуу экен улыбкасы сонунго))
SUPER.KG видео
14.05.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эмнеге экенин билбейм казак ырчылары такыр жакпайт, же чек арадан бизди кыйнап койгон учунбу?
Модератор admin_superstan түзөттү 14.05.2014 11:07
14.05.2014. 13:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
козу гылыйбы кантет
15.05.2014. 15:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aziz91, Эмне эле ушинтей бересинер кылыйы жок эле турат
14.05.2014. 15:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Мээрим Толепбергендин агасы эмеспи (тууганы)
15.05.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
april, Мээрим Толепберген деген Мирбек Атабековдун аялы беле?
16.05.2014. 12:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bantik, оа,ошонун тууганы го дейм
16.05.2014. 00:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тааныбайт экенмин,биринчи жолу ырларын уктум.
17.05.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Айкындын ырлары абдан жагат.Ар бир ырын калтырбай укканга аракет кылам .Соц сеттен суротторуно да кызыгам ,баардык жагынан топ келген жигит деп эсептейм
SUPER.KG видео
25.05.2014. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен алматыда жүргөндө клубта көргөн элем, позитивдүү жүрөт.
SUPER.KG видео
25.05.2014. 23:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коздору жагат... Коз карашы керемет! ммм.....
SUPER.KG видео
26.05.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой бул ыры качанкыгы ыр ай жаны ырларынан ырдаса болмок го
02.06.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атабековдун аялына тууган экен деген чынбы
SUPER.KG видео
02.12.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кулгону сонун гоооо
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо