№601 09-май-15-май, 2014-ж
«Кайдасың, азыр кайдасың?» деп ырдап жүрүп өмүрлүк жолдошун тапкан ырчы айым Азиза экинчи жолу энелик бакыттын даамын татып отурат. Дегенибиз, ырчы 5-май күнү көз жарып, кыздуу болду. Бул тууралуу ал: «Учурда кызым экөөбүздүн абалыбыз жакшы. Мен шашып эле төрөтканага эрте келип алыпмын, кызыбыз көпкө күттүрүп жатып жарыкка келди. Кызым 3 килограмм 500 грамм салмакта төрөлдү. Атын атасы Селима деп койду. Апамды «менин кыйналганымды көрбөсүн» деп киргиздирбей койгон болчумун, жакындарымдын баары эшикте күтүп турушту. Биринчилерден болуп куттуктап курбум Роза Шакирова кирди. Улуу кызым да сүйүнүп жатат «ля-ля келди» деп. Баарыбыз жаңы төрөлгөн кызымды тегеренип эле отурабыз»,- деп сүйүнүчүн биз менен бөлүштү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
1 |
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |