Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТОМАС АНДЕРС

№601 09-май-15-май, 2014-ж

80-жылдардын легендасына айланган «Modern Talking» тобунун солисти Томас Андерс 3-май күнү Бишкекке келип, концерт коюп кетти. Ал киши популярдуу топко кандайча келген? Кандайча атактуулукту багындырган? Эмесе, улуу муундун кумири менен кенен тааныштырабыз.

«Modern talking» тобу – 1984-жылы түзүлүп, 1987-жылы тарайт. Экинчи жолу 1998-жылы биригип, 2003-жылы кайра эки тарапка кетишкен.
Жакшы көргөн оюнчугу – Бала чагынан «Барби» куурчагын көп ойночу.
Атактуулук – 1984-жылдан баштап Европаны, дүйнөнү багынтышкан. 1988-жылы дуэттин ырларынын сатыгы 85 миллион нускага жеткен. 1998-жылы Германияда бир жуманын ичинде бир альбому 700 миллион нускада тараган. Ал эми 2003-жылы дүйнө жүзүндө 120 миллионго жакын альбому сатылган.
Мекени - 1963-жылы 1-мартта Германиянын Мюнстермайфельд шаарчасында төрөлгөн.
Альбомдорунун саны: 12 (топ катары), 12 (жеке ырчы катары).
Клиптери: – 19 клип (жеке ырчы катары).
Сыйлыктары: – 300гө жакын сыйлыктын ээси (топ катары).

ПОПУЛЯРДУУЛУККА КАРАЙ ЖОЛ
Томас Андерс (толук аты-жөнү– Бернухарт Кристофер Вайдунг). Атасы Петер Вайдунг финансист, бир кездерде Мюнстермайвельд шаарчасынын мэри болгон. Апасы Хельга Вайдунг болсо кафе иштетчү. Томас бала кезинен ырдап, гитарада, фортепианодо ойногон. 7 жашынан мектеп, чиркөө хорунда ырдап, өспүрүм чакта бир нече фестиваль, сынактарга катышып жүрөт. 1979-жылы «Радио Люксембург» сынагын жеңгенден кийин CBS үн жазуучу студия менен келишим түзүп, иштеше баштаган. Дүйнө эли тааныган Томас Андерс деген псевдонимди да Берндге дал ошол студия койгон. 1983-жылы ал продюсер, композитор Дитер Болен менен иштешип, экөө бир жылдан кийин легендарлуу «Modern Talking» дуэтин түзүшөт. Экөө «Сен менин жүрөгүм, сен менин жаным» («You’re My Heart, You’re My Soul») ырын чыгарып, ал Европада №1-ыр аталып, дуэттин атактуулугу арта баштайт. Бул чыгарма жарым жыл бою европалык популярдуу ырлардын катарында турган. Дуэт популярдуулуктун туу чокусунда турса да, 1987-жылы келишимдин убактысы бүткөнүнө байланыштуу тарап кетет. Андан кийин Томас жеке ырчы катары карьерасын баштаган. Бир жерде отурганды жактырбаган ал «Thomas Anders Music» аттуу жеке музыкалык студия ачат, тасмаларга тартылат, сериалдарга ыр жазат.
Арадан 11 жыл өткөндө Дитер менен кайрадан биригип, мурунку хит ырларын ремикс кылып жаздырышат. Бирок 5 жылдан соң дуэт кайрадан жоюлган. Дуэттин тарашына көпчүлүк Томастын жубайы Нораны күнөөлөшөт.

ЖУБАЙЫНЫН ФАМИЛИЯСЫН АЛГАН
Томас Андерске жаратылыш уккулуктуу үндөн сырткары келбетти да аябай берген. Кой көзү, уяң жылмаюусу, узун сеңселген чачтары
100 миңдеген күйөрман кыздардын кыялы эле. 1981-жылы Томас Нора Баллинг аттуу бийкеч менен таанышып калат. Кыз-жигит болуп жүргөндө Нора дароо эле лидер болуп чыга келип, дуэттин административдик жумуштарын колго алган. Томастын сүйүктүүсү дуэттин иштерине «мурдун тыга бергенин» Дитер такыр жактырчу эмес. 1985-жылы Нора менен Томас баш кошуп, кызыгы, ырчы жубайынын фамилиясын алат. Жубайынын тыңдыгын мындан билиңиз, жолдошунун узун чачтарын кырктырчу эмес. Ырчы мырзанын имиджине өзү карап, ага көбүнчө айымдар дүкөнүнөн кийим сатып берчү. Кала берсе ал Томасты «менин куурчагым» деп атап алган. Томастын көзүн, оозун боёгон да Норанын фантазиясы болгон. Мындай «эмгеги» үчүн ырчыны немис гезиттеринин бири «популярдуу гомосексуалист» деп атап, соттошконго чейин барышкан. 1987-жылы дуэттин тарашына көпчүлүк Нораны күнөөлөп, «Анти-Нора» деген фан-клуб ачылган. Анда жубайынын дарегине карата күнөөлөгөн, шылдыңдаган каттарды жазышкан. Топ жоюлган соң Томас Нора менен биргеликте Орусияга гастролго келет. Ошондо Дитердин жаздырылган үнүнө «Нора фонограмма ырдады» деп аябай эл нааразы болгон.
1994-жылы Нора башка мырзаны таап алгандыгы айтылып, 1999-жылы экөө расмий түрдө ажырашат. Андан соң ырчы Клаудия Хесс аттуу сүйлөшкөн кызын ачыкка чыгарып, сүйүктүүсү менен 2000-жылы баш кошушат. Эки жылдан кийин уулдуу болгон жубайлар азыр бактылуу.

«Modern Talking» тобунун тарашына себепкер болгон жубайы – Нора.

Ырчынын азыркы үй-бүлөсү.

Гүлжамал Бөрүкулова
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(6)
12.05.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
концерти сонун болсо керек эээ! йо ма харт йо ма соул деп
12.05.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бирок Дитер Болендей популярдуу боло алган жок. Ал башын жакшы иштетип азыр Германиянын шоу бизнесинде маанилуу адам. Ел еми Томас унутулуп барат дегендей.
12.05.2014. 14:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аялы менин куурчагым десе деле чыдап журо берген жинди го. Же ошонунартынан да пайда таптыбы
12.05.2014. 19:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алла Пугачёваны алып данкын которуп,атын чыгарып алып Филипда таштадыго ошондой эле корунушда. Ал бай айым болсо акчасын убактылуу иштетуу учун жургондур эле. Кантседа Атагы чыккан топ эле.
13.05.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дитер Болен менен эле ырдай берсе,азырга чейин миңдеген ырларды чыгарып коймок беле?!Экөөнүн дуэттери өлө жагат.
15.05.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаркы турмушу жакшы экен..
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо