ТОМАС КЕЛИП, ЭЖЕКЕЛЕР ЭТ-БЕТИНЕН КЕТТИ

№601 09-май-15-май, 2014-ж

Концерттин датасы – 3-май
Өткөн орду – «Ала-Тоо» борборунун амфитеатры
Башталышы – 20:00
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Алып баруучу – Бакыт Байсариев
Мыкты номер – «You’re My Heart, You’re My Soul» (Сен менин жүрөгүм, сен менин жаным)
Билет баасы – 1000 сомдон 1500 АКШ долларына (6 адамга ылайыкталган VIP-орундуктар тамак-ашы менен) чейин.

«Modern Talking» тобунун солисти Томас Андерс Бишкекке келет экен» деген кепти укканда алгач уккан кулагыма ишенген жокмун. Мунумдун биринчи себеби, концерттин уюштуруучусу Ислам Сатаров буга чейин «Танхам» ырынын аткаруучусу – Рамин Монтазери деп» ирандык Расул Хейр Абади аттуу Бишкекте окуган студент жигитти элге тааныштырган жайы бар. Ошондуктан дүйнөнү дүңгүрөткөн ырчы Бишкекке чын эле келеби же анын атын жамынган башка бирөөбү деген шек жаралды. Акыры «эмнеси болсо да бир барып көрөйүн» деп концертке бардым. Эл жык-жыйма, тургандары андан көп. Көпчүлүгү эле улуу муундагы адамдар. Канча айтса да немис эмеспи, концерт айтылган убактысында башталып, сахнага Томас байкебиз жаркылдап чыга келди. Мурда жаш кыздардын чаңырганын угуп калчу элем, бул ирет небере күтүп, элүүгө таяп калган эжекелер эт-бетинен кетишти. «Кыргыздар ырчыларды колдобойт» деген куру сөз экен. Ышкырык-сүрөөндөн кулагым тунду. «Сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп Томасты «чын эле ошолбу же окшош бирөөнү жетелеп келе бериштиби» деп бир оң капталынан, бир сол капталынан, кайра бет маңдайынан карайм десең. Үнү деле, жүзү деле биз билген Томаска окшош. Ошондо барып топтошуп алып бийлеп жатышкан байке-эжелериме кошулуп, тээ 80-жылдарды бир эстеп, жер тепкилеп бийлеп алдым. «Бөрү карыса да бир койлук алы бар» демекчи, жандуу үн менен ырдаган ал англисче бирдемелерди элге айтып, көрүүчүлөрдү тамашалаганга аракет кылып жатты, байкуш. «Аттиң, бир котормочу болсо жакшы болмок экен» деп койдум ичимден. Акыры маңдайдан тер чыга, концертке ыраазы боло үйгө кайттык.

Толик сынчы


Томас Андерс Бишкекте концерт берди

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(43)
SUPER.KG видео
06.05.2014. 11:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kubanboss, баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
Билдирүүңүз өчүрүлдү.
SUPER.KG видео
06.05.2014. 12:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ислам сатаровго рахмат кыргыз элине дуйного таанымал жылдызды чакырып концерт уюштуруп бергенине. келген эл да аябай ыраазы алыста журуп бизделе баргандай болуп калдык супер инфо силерге да рахмат жана ийгиликтерди каалаймын
SUPER.KG видео
06.05.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ушул концерттен кийин менин биздин ырчыларга болгон оюм орду-тубу менен озгорду. Талант, талант деп эле какшайбыз. Талант деген эмне экенин ушул Томастан байкасанар болот. Анын аткарган ар бир чыгармасы улуу муундун эле эмес, жаштардын дагы журогунон орун алганынан ынандым. Ырчы менен кошулуп ырдап, бийлеп энергия топтогон инсандарды коруп озун кубанасын!
SUPER.KG видео
06.05.2014. 20:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы концерт болуптур ушундай атактуулар келип турушса биздин элибиз да маанайлары шанга болонуп 1саатка эс алып алышат экен рахмат уюштуруучуларга
SUPER.KG видео
06.05.2014. 22:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Томас Андерс келди кетти ошол акчага мектеп же бала-бакча курулса абдан жакшы болмок бул жашоодо ырахат эмес сооп издеш керек
SUPER.KG видео
06.05.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
80-жылдын муундарына жакшы маанай тартуулаптыр))Кобунчо аянтчада ушул музыкада черин жазган эски муундангы эже агайлар корунуп турат))))Азаматтар!!!
SUPER.KG видео
07.05.2014. 00:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
En sonun menin jakshy korgon yrchym.Super Info-Maksat molodec!
SUPER.KG видео
07.05.2014. 01:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун болуптур эх Бишкекте болгондо барат элем
SUPER.KG видео
07.05.2014. 02:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эн жогорку денгээлде болуптур. Менин эн суйуп уккан группам эле. Качанкы Модерин Токкин уну бир аз озгоруптур. Музыка десен музыка,ыр десен ыр. Эх концертке катышып келгендей маанайда болдум. Супер инфо жамааты сиздерге рахмат,ишиниздерге ийгилик!
SUPER.KG видео
07.05.2014. 11:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок бул ырчынын ырларына.Олбос-очпос ырлар.Концерт соонун болуптур.
SUPER.KG видео
07.05.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сахна эмне болуп калган? Норма эле жасап коюшпайбы көп эле атактуу ырчыларды чакырып жатышат. Кошуна казактардын сахналары Европадан калышпайт...
SUPER.KG видео
07.05.2014. 14:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт эн сонун болуптур, биздин ырчылар качан ушинтип живой голос менен концерт берет
SUPER.KG видео
08.05.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Dieter Bohlen jok "Modern Talkingdin" Tomas Anderstin jalgyz yrdagany okwowpoi kalat eken. A tak molodtsy KGga uwundai jyldyzdardy alyp kelip jatkandary.
12.05.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындай жылдыздын,мекенибизге коноко келуусу,кубандырды.
12.05.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
толик айым озу азамат да.Немистер чын эле немис экен да
12.05.2014. 10:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Topcubai, Толик айым эмес, мырза. Бирде он капталынан, бирде сол капталынан, мандайынан караганы жакты ))))))
17.05.2014. 20:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sladkaja_konfetka, Толик сынчы деген ал кыз! ишенбесен супер-инфодон сура!
12.05.2014. 11:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
super!
12.05.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
настоящяя легенда ....Супер инфо молодцы....эн суйуктуу газетам...
12.05.2014. 14:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушу Толик сынчы концерттен эле калбайт экен го.
12.05.2014. 16:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
mixi_94, Толиктин жумушу ошо болсо не кылсын.. жыргааап концерт коруп келип ышкырта сындап биге айтып берет.)
12.05.2014. 19:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tolik synchyga eke jyrgal...konsertten chygyp konsertke baryp...
13.05.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мынчааааа жакшыыы Томас Андерс концерт коюп келгени...
13.05.2014. 12:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул байкушка деле гулдон кобуроок берип койушса болмок.Кандай эле Анжеликанын концерти гулго толот дагы,тээ алыстан, чет мамлекеттен келген буткул дуйнолук атакттуу ырчыга гул жок!!!
13.05.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неужели ушул ырчы Бишкеке келди?Анда мен Тинатин эжемен сөзсүз сурашым керек,алго сөзсүз түрдө барган болсо керек бул концертке.
13.05.2014. 14:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Небере күтүп 50гө барып калган эжелерибиз,телпонуна тарткандары кызык болду го
13.05.2014. 20:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-9
азыр эч ким гул которуп барбай калдыго концертке,Анжелика озу сатып бергендир гулду)))
13.05.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Томастан да интервю алып койбопсунар да, биздин эл жагыптырбы, концерти оюндагыдай эле отуптурбу
14.05.2014. 08:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы айым)) достор!
14.05.2014. 10:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы!Кудай буйруса дагы да атагы чыккан ырчылар келишсин.
14.05.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Толик сынчы концертке билетти озу алабы же редакциябы же кандайдыр бир пропуску барбы мага кызык болуп жатат?
15.05.2014. 14:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо, Толик сынчынын ордуна мени алгылачы, мен да жазып, сындап берип турам))) (Негизгиси концерттерди калтырбай бекер барганга мумкунчулук болот эле) )))
10.07.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
demoo009 emne 50 go kelgen ejelerdin jyrogy, jakturgan sezimi jokpy kuzuksunar ei. 50 go chukkanda ele kempir bolysh kerekpi. Atak konsert jakshu otyptyr.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо