АНЖЕЛИКАНЫН КОНЦЕРТИН ЭЛ ЭКИ СААТКА ЧУКУЛ КҮТТҮ

№601 09-май-15-май, 2014-ж

Концерттин датасы – 7-май
Өткөн орду – «Ала-Тоо» борборунун амфитеатры
Башталышы – 20:00 (1 жарым саат кечикти)
Көрүүчүлөр – Залдын 100 пайызы (туруп көргөндөр да болду)
Алып баруучу – Эрмек Нурбаев
Мыкты номерлер – Анжеликанын «Энекебай», «Сени ойлосом», «Жашоо керемет», Мирбек Атабековдун «Күндөр жаңырат» жана Айкын Төлепбергеновдун «Как дела?» аттуу ырлары
Билет баасы – 500 -700 сом

«Өзгөчө концерт берем» деп Анжеликанын катуу даярданганын сахнанын жасалгасынан эле билсе болот. Түркүн түстүү жарыктар, экрандагы слайддар, оттор жана ар бир ырчыны коштогон бийчилер, акробаттар сахнанын көркүн ого бетер ачышты. Элди эки саатка чукул күттүргөн концерт башталганда көрүүчүлөр энеси эгиз төрөгөндөй кубанышып, кол чаап эле жатып калышты. Анжелика демейдегиден көп сүйлөп жатканынан, артымда отурган бир-экөө «бул эмне, ичип алганбы?» деп шектене башташты эле, ырчы айым «аябай толкунданып жатам» дегенде гана бас-бас боло түшүштү. Концертте Арсен, Омар, Мирбек Атабеков, Гүлнур Сатылганова, «Style Mix» триосу жана казакстандык конок Айкын Төлепбергеновдор өз өнөрлөрүн тартуулашты. Айкын ырдаганда кыздар тамактары айрылганча кыйкырып, анча-мынчасы жанындагы жигиттерин унутуп коюшту го, чиркин. «Бали», дедим ичимден. Бирок өкүнүчтүүсү, андан соң казак ырчысынан өң десе өң, талант десе таланты жагынан кем калбаган Омар чыкканда, бардыгы момпосуй жутуп алгансып отуруп беришти. Муну байкай койгон Омар «душман көзүнө кол чаап койгулачы» деп суранып жибергенде бир-экөө түштөрүнөн чочуп ойгонушту. Бир сөздү текке кетирбеген Эрмек «Душман деп кимди айтып жатасың?»деп Айкындын чарбагына таш ыргыта тапанданып, ырчыны «неудобный» кылды. Ал эми Мирбек Атабеков болсо ачык айтканыбы же кече ээсинин көӊүлүн алганыбы, айтор, «Кыргызстанда Анжеликадан башка сулуу ырчы айым жок» деп балп эттирбеспи. Соңунда кеченин күнөөкөрү бардык Анжелика аттуу адаштарына белек тапшырып, кызы Айыманын сахнадагы тушоосун кести. Көнгөн адат калабы, көрүүчүлөр бул жолу да ким биринчи чыкса бекер балмуздак жечүдөн бетер, концерт бүтө электе шашыла тышты көздөй четинен чууруй беришти.

Толик сынчы


Анжеликанын концертинен репортаж

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  11 
Комментарийлер(226)
14.05.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
классно не обычный концерт..... удачи тебе!!!
14.05.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ырлары жакшы эле го, жакшы ыры болбосо эч ким укпай коймок, коро албастыктын да чеги бар, мен жон гана суктанам ийгиликтерине.
14.05.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ушак, коро албастык... Качан токтойт ушундай сапаттар?? Кылаарга иши жоктун иши деп ушуну айт...
14.05.2014. 18:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ичинер куйсо туз жала. Деген макал бар го, Анжелика эже мен сизди сыйлайм ии талантынызды да балайм барынан жолдошунуз Урмат байкеге арнаган ырыныз аябай жакты мага. Ал эми Айчурок эжеге келсек Анжелика эжени озу жамандап баштаган го анын устуно чакырса да боюн которуп келбеген болуш керек.
14.05.2014. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскарчик91 Толик сынчы байке эмес эже.
15.05.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Meerman, хе хе хээээээ
15.05.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
анжелика ким эмне десе да сен супперсин!!!алга,дагы да коптогон жетишкендиктерге жетише бер!
15.05.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгерде кимдир бироого Анжелика жакпаса убактынарды кетирип неге угасынар, неге коросунор аны, жана неге коментарий жазасынар? жакпайбы корбой койгула.
16.05.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Aselya_9105, Эн туура айтасын. Адамды ичинен ириткен коро албастык,бул жорук кудайга да жакпыйт.
17.05.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aselya_9105, Жинин келсе жазасын да. Озун кыйынсынып тим эле бир башкача адам сезип алат.
15.05.2014. 01:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Анжелика, эн сонун концерт болуптур,азаматсын! Жараткандан сага жана уй-булоно бардык жакшылыктарды каалайм. Концерт башынан аягына чейин эн сонун уюштурулуптур.Рахмат.
15.05.2014. 01:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Анжелика эже сиз соз жок супер айымсыз. онорунуз оркундой берсин. Кудайым сизге эки дуйно бакыт берсин, омурунуз узун болсун.
15.05.2014. 03:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай Анжеликанын мактоочулары,ар бир нерсени Анжеликанын козу менен карабай элдин козу менен карасанар;)ошондо дурусураак болот.Эми бул жерде копчулук Анжеликада ун жок дептир,бул туура-уну жок!сулуулук бар дептир ал да туура-сулуу айым!Кеп сулуулук салонунун барында эмес,кеп анын бай куйоону кармаганында да.Шыгы бар адам уйдо да сулуу болсо болот да)))
15.05.2014. 10:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kazaktyn artisine kol 4aap, Omar Allanyn syilygyn algan janynda akkan suunun kadyry jok
15.05.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tolık sınchı degen kım maalımat berıp koysonor baarın ele sındap atat da men bılbeyt ekem surotun da koysonor korup koyelu(bız da sındap koyelu)
15.05.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
anjelıka boyuncha aıtsak al talastın manas ayılının kelını emespı bır kunu kayın sındısı kuyoogo tıyıp ejemder menen choguu kudagıy tarap bolup oturup kalıptır anan baarı ele anjelıkanı korgondo ırdap berınız dep suranıp kalıshıptır. Irdap atıp ele toktop kalat deyt surdonup sozdorun unutup kalgan go dep ulam bız aytıp koyebuz deyt takır unu jok eken dep ejem aga karagnda ayılda toylordo men jakshı ırdayt ekem dep tan kalgan a suluuluguna soz jok al stılıst dızayner boluuga shıktuu...
15.05.2014. 15:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага анжелика жон гана айым катары жагат бирок ырчы катары эмес чындыгында эле сулуу айым (устунку тиштери эле бузат да)
16.05.2014. 02:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ушул Толик сынчы кызыкттуу анан тушунуктуу сындайт да.азамат ишине ийгилик!
Толик сынчы ким болсо да.ушул адамды корсом деген ниетим бар!
Саясатчыларды да бир сындап корсо кызыкттуу болсо керек эле
16.05.2014. 17:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эч кандай озгочо экенин коргон жокмун, буга караганда Гульнур Сатылганованын концерти кичине дайындыгы боюнча жакшыраак болгон, бирок концерт 3+ откон, жаман эмес.
SUPER.KG видео
16.05.2014. 22:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эн сонун жогорку денгээлде болуптур
17.05.2014. 00:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
анжеликанын жолдошуна арнап ырдаган ыры жакты мумкун болсо жуктоп кое аласыздарбы
19.05.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
danko2013,
Саламатсызбы! Сунушуңузду жакынкы күндөрү орундатууга аракет кылабыз! Рахмат!
17.05.2014. 20:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Men sylilaim bul ejekebizdi,ar daiym iwinerde yigilik bolsun.
18.05.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу жылдыздуу айым,бирок ырларын бир эки угасын анан унутуп да каласын .Ун деген жок.Эмнеси болсо да ийгилик каалаймын.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика абдан сулуу жана кыйын кыз. Айчуроктон кетууго мен ойлойм аргасыз болдуго, ал эже деле оной адам эмес. Омур бою анын алдында жургусу келбей, бош болгусу келди да. Ар бир адам бош жана батылуу болууга укугу бар.
Модератор admin_superstan түзөттү 21.05.2014 12:16
SUPER.KG видео
21.05.2014. 12:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суперинфо а силерге тигил же бул адамдан интервью алып бериниз деп кайсы жерге жазып кайрылсак болот?
SUPER.KG видео
22.05.2014. 13:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжелика койчу койчууу айчрок айткандай унун деле жок дардандабай жон журчу кудайдан коркуп кудай бар устудо сен деле айырман деле жок башка кыздардан сенин деле эмне кылып байлык таап жатканынды газетадан окубадыкпы кыялынды ондоп журчу
SUPER.KG видео
22.05.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Супер инфо Омар жандуу ун менен аткарган ырын жуктоп коюнуздарчы)
SUPER.KG видео
27.05.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу суперинфо, Анжеликанын концертинде жанырган , сиздерде жок ырларын жуктоп коюнуздарды коптон- коп отунот элек. Кыргызстан жонундо абдан сонун ыр ырдады, "Каалоо" деген эски ырды Анжеликанын аткаруусунда толугу менен уккубуз келет, андан тышкары жолдошуна арнаган ырды жана "Бийле" деген ырды жуктоп бериниздерчи. Рахмат!
SUPER.KG видео
29.05.2014. 11:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт аябай жакшы болгон коралбагандар бир жерин кысыып отура беришсин.Айчурок чыгарган деп Айчурок эмнесин чыгарыптыр озунун эски ырларын ырдатыппы.уну сопсонун.
16.06.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай туугандар менин мышыгымдын мяулаганы мунун унунон катуурак чыгат.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 16:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Ай туугандар Анжеликанын унунон менин мышыгымдын мяулагыны катуурак чыгат.
SUPER.KG видео
06.07.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец,жакшы болгон,бирок кызы да фанера м-н ырдаптыр,анан дагы Айчурок эжекесин коноко чакырып койсо болмок экен.Ошонун арты менен адам болду го.
Медиа-портал
03.06.2015. 17:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
концерт супер!!!ийгилик Анжелика!
1
2
3
4
5
6
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо