Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«КУРОРТТОГУ РОМАН» ЖЕ СҮЙБӨГӨНГӨ СҮЙКӨНБӨ...

№601 09-май-15-май, 2014-ж

Жаштардын табитине ылайык тартылган «Курорттогу роман» тасмасы жарыкка чыкты. Аты айтып тургандай эле тасмада эс алуу учурундагы бактылуу көз ирмемдер, кызыктуу окуялар чагылдырылган. Жарык көргөн жаңы тасманын продюсери Ариза Рыскулбекова бизге кызыктуу маек куруп берди.

– Алгач, тасманын таржымалына токтолсоңуз?
– Аталган тасма кыргыз, орус тилинде көрсөтүлөт. Менимче, жакшы тасма болду. Тасмада эс алуу жайындагы жаштардын жана жашы 40ка келип калган курорттун директорунун жаш кыздар менен болгон сүйүү романы сүрөттөлөт. Бул комедиялык фильм болгондуктан, көрүүчүлөр туура кабыл алат деген ойдомун. Фильмдин негизги максаты – 1 саат 30 мүнөт болсо да, жаштарга эң жакшы маанай тартуулоо. «Курорттогу романдын» идеясы Жаныш агайга таандык болсо, режиссёрлук жүктү Жаныш Кулманбетов аркалады.

– Актёрлорду тандоодо эмнелерге көңүл бурдуңуздар?
– Тасмага Нестан Телеушева, Руслан Маматкулов, Гүлмира Ташматова, Илияс Бараталиев, Айсалкын Кыйыкбаева, Адеми, Аземи Кулманбетова, Бекболот Аскарбеков, Нурсулуу Барманкулова, Салтанат Мамбетмусаева, Ариет Аданбаев, Чынасыл Урманбеков сыяктуу талантуу актёрлор тартылды. Тандоо учурунда биз алардын актёрдук чеберчилигине, тажрыйбасына өзгөчө басым жасадык. Руслан менен Нестан биринчи жолу башкы каармандын образын жаратышса да, татыктуу аткарышты.

– «Курорттогу роман» канчанчы эмгегиңиз?
– Бул тасма менин үчүнчү эмгегим. Биринчи «Кыз-Жигит» кинотасмасында Жаныш Кулманбетов менен бирге иштешкен элем. Бул фильмде өзүм да роль жараткам. Ал эми «Чечилбес чечим» – экинчи эмгегим. «Курорттогу роман» тасмасы 8-майдан тарта көрүүчүлөргө сунушталды. Бардыгына эл тараза, эл сынчы.

– Тасманын түйшүгүн түшүнүп калсаңыз керек?
– Туура айтасыз. Буга чейин тасма талаасын оңой-олтоң ойлочу элем. Көрсө, кино тартуу эң татаал нерсе экен. 4-5 жыл мурун өзүм тасмаларга тартылып баштаганда, түйшүгүн сезе баштагам. Ал эми азыр продюсерлик милдетти моюнга алып, мурункудан да оор экенин түшүндүм. Баштаган ишимди аягына чыгармайынча жаным тынбайт. Тынч уктай албайм. Эң негизгиси, атаандаштарга уят болбосом дейм.

– Бул тасма коммерциялык тасмалардын катарына кирип калабы?
– Фильм 2013-жылы Ысык-Көлдө тартылып, ага жалпы жонунан 30 миң доллар сарпталды. Бирок бул так эсеп эмес. Анткени азыркыга чейин эле тасмага тиешелүү майда-чүйдө иштерге бир топ каражаттар кетүүдө. Ачыгын айтканда, тасма максатты да көздөйт. Сапаты талапка жооп берет деген ойдомун. Азыр бизге ата мекендик тасмалар абдан зарыл. Канчалык кинолор көп тартылса, ортодо атаандаштык пайда болуп, биздин кинематографиянын өсүшү ылдамдайт. Ошондой эле тасма жаратуучулар элдин тандоосуна жетиш үчүн сапатка да басым жасай башташат.

– Алдыдагы план­дарыңыз менен бөлүшө кет­сеңиз?
– Мен «КомузТВ» телеканалында иштегендиктен, ал жактын бардык иштери менин мойнумда. Ошондуктан күзүндө «Вручение наград КомузТВ» долбоорун уюштуруу планымда бар. Ошондой эле «Элита KG» коомдук фондун ачтык. Жаштарга жол көрсөтүү максатында иш алып баруудабыз. Буюрса, жаштар фонддун жардамы менен актёрдук чеберчилик боюнча билим алышууда.

Ибрагим Жусуев


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(22)
12.05.2014. 16:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз жигит деген кинону кино деп айтууга ооз барбайт. Надеюсь бул кинонор жакшы тартылган.
13.05.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ulan.zhoroev - эскертүү!
Ар бир колдонуучу порталдын эрежелеринин негизинде өз ой-пикирин жазганга укуктуу.
13.05.2014. 19:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tina-janka, Менин кенешим: Барбай эле кой
12.05.2014. 23:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чечилбес чечим деген кино кайрадан кинотеатрларга коюлабы? Че та бир жумадай туруп эле алынып калды, коргонго успеть этпей калдыкго))))
13.05.2014. 08:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыргыз кинолорунун баары эле комедия жанрында тартыла баштадыго. Же бир кулкулуу болсочу!
13.05.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meerim8793, Улам улам тартылып отуруп сонунда, мыктылар тандалынып калат. Салам Бишкек сизге жакпайбы?
16.05.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merez_jurok, салам бишкек же башка кинолор мага жакпайт деген жокмун. Баарын эле айтып жатам,башка жанр да деле тартышса болмок деп. Карап көрсөнүз комедия жанрга басым жасап жатышат.
13.05.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшылего комедия мурдараак крминал эле кинолор тартылып кеттилего
14.05.2014. 01:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ботом ий ушунча да калп айтабы? 30мин доллар дейт тим эле...кордум "романынарды."
14.05.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
merez_jurok - сизге да эскертүү!
1. Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
2. Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жаза алат, бирок порталдын эрежелеринин негизинде гана: http://www.super.kg/erejeler
14.05.2014. 11:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kinonu jagwy chygargandyr 30000$sarptalsa korgondo bilinet emi kamediyaby je bashkachaby.
14.05.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taptakyr jakpady.Tajap kettim 20 min.kiyin ele.Bere turgan tak siujeti jok.
14.05.2014. 13:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кино деп салам нью йоркту айтса болот эн мыкты кино а мурун деген ала качуудан баш чыкбайт эле
15.05.2014. 10:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
assss, туура айтасыз.салам нью йорк,пентхаус аманат сонун кинолор
14.05.2014. 20:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
интернетке жуктоп койгудачыыыыыыыыыы
15.05.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aika-77, Саламатсызбы!
"Кинозал" бөлүмүнө жүктөгөнгө аракет кылабыз: http://www.super.kg/tasma/
14.05.2014. 22:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы эле семейный коро албай турган кино болсо керек, кинонун атына караганда
15.05.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akterlordun 4eber4iligin arttyryw kerek, birok jakwy tasmalar jok emes. Algaaaaaaaaa kino4ular
15.05.2014. 19:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кино деп Салам Нью-Йоркту айтса болот. Чынында мага озгочо жакты, эн мыкты кино деп мен ошону айта аламын.
16.05.2014. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам Нью-Йоркту кемтиксиз кино деп айта албайм. Сюжети жакшы бирок актерлор образга кире беришкен эмес.Атасынын ролундагы киши жа Бектемир аздап жакшы аткарган. Анан режиссерлор, ун жагын коштоо б-ча кобуроок эмгектенгилечи.М:эмоциялуу жерлерди уй моорогондой кылып эле коесунар.Кээ бир кинонун кемчилигин ун коштоо жагы жакшы болсо жаап кетет деп ойлойм.
02.06.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
best-life, чындыгында эле Салам Нью-Йорктогу баш каармандын айылдагы карындашы, апасы коруучу учун эч кандай эмоция жаратпайт.
"уй моорогондой" - туптуура. Кыргызчага которулган кинолорду корсон да кыжырын же кулкун келет (озвучкасынын сапатынан).
02.06.2014. 18:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bir korgongo bolo turgan kino eken,tubolukttuu emes
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо