Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бек Борбиев, КРнын Эмгек сиңирген артисти, «Заманыбыздын супер ырчысы»:«ШААРГА КЕЛСЕМ, ЫРЛАРЫМ ХИТ БОЛУП КЕТИПТИР»

№602 16-май-22-май, 2014-ж

Сүйүү, эне, жашоо, өмүр, ыза, мына ушунун баары жуурулушса эмне деген гана тагдырлар чыкпайт. Чиеленишкен ар түрдүү тагдырларды ырларында баяндаган ырчы, обончу Бек Борбиев сахнадагы өмүрү кантип башталганын, ырчылык чыйырга ким алып келгенин айтып берди.

«ЖООКЕРЛЕРДИН КОЛ ЧАБУУСУ МЕНИ ЫРЧЫЛЫККА ТҮРТКӨН»
– Ырчы болушум керек экенин, чынын айтсам, аскерден түшүндүм. 1986-жылы Политехникалык университеттин инженер-куруучу факультетине тапшырып, 2-курсту бүткөндөн кийин аскерге кеттим. Ал жактан рота башчысы болдум. Ошол жердеги Маданият үйүнөн баян, гитара алдырып алгам. Жоокерлерге күнүгө бир саат саясат жөнүндө сабак өтүлөр эле. СССРдеги саясий жаңылыктар менен тааныштырчу агайыбыз мага «жоокерлерди сабак өтүлчү жайга алып бар да, отуруп тургула» деп кетип калчу. Мен жөн отурбай баян, гитара менен ырдап берер элем. «Бүткөндө тынбай кол чабасыңар» деп койчумун. 100гө жакын жоокердин кол чабуусун элестет, укмуш катуу чабышат да, мен колумду көтөргүчө токтошчу эмес, мен болсо жүгүнө берчүмүн. Алар кыргызча ырымды түшүнүшпөйт деле, орус, өзбек, кавказ улутундагылар да. Ошол жерден артист болгон жакшы турбайбы деген ой келди. Аскерден мени күтүп жаткан кыздарга арнап «Жаш сезим» сыяктуу 2-3 ыр жараттым.

«ЫРЛАРЫМДЫН ХИТ БОЛГОНУН КӨРҮП АЯБАЙ ТАҢ КАЛГАМ»
– Аскерден келип окуумду уланттым. Бирок ээн баштык кыла коюп окуудан айдалып калдым. Жатаканадан да чыгарып жиберишти. Кайда барам деп жүргөндө Жаныбек Аттокуров деген жигит менен достошуп калдым. Жаныбек бир топ менен Ош жакка гастролго кетип жатыптыр. «Жүр биз менен» дешкенде сүйүндүм, бара турган жерим жок эле да. Менин жанымда ага чейин Мухтар Атаналиев гитара менен ырдачу, ал окуусунда калды, Политехте. Ошентип, гитара менен жанымда Жаныбек жүрө турган болду.
Ош драма театрында иштеген Шайырбек Стамкулов деген жигит биздин концерттерди уюштурууда жакшы жардамын берди. Гастроль аягына чыкканда мен Токтогулга кетмей болдум. Досторго мактанайын деп ырларымды кассетага жаздырып алганы барсам, «ОшТВда» иштеген Алик байке «силер түшкү тамактануу маалында келгиле. Бир саат убактыңар бар, жетишесиңерби?» деди. Жаныбек экөөбүз сегиз ырды токтобой бир ырдап чыгып кеттик. Ошол жыйнак дал өзүндөй элге тараган.
Айылда жүргөндө баягы кассетамды жоготуп алып, кайра «ОшТВга» бардым. Эшик тоскон адамга «Алик байкени чакырып койгула» десем, «сен ким болосуң?» дейт. «Бек Борбиев» десем, таң калып кайра-кайра карап кирип кетти. Бир аздан соң 5-6 адам чуркап чыгышты. «Сен ушундай жаш баласыңбы?» дешсе, «ооба, жаш баламын, силер мени бирөө менен алмаштырып жаткан жоксуңарбы?» десем, «ырдаган Бек Борбиевсиңби?» дешет, «ооба» дедим. Ичине киргизип, бир арак алып келип, пияздан туурап столго коюшту. Ал убакта арак тартыш, спиртке суудан аралаштырып ичишчү, мага эч ким таза арак бузуп бере элек эле. Шайырбекке чалып, «мен «ОшТВда» отурам» десем ал жетип келди. Ал убакта арак ичпейт элем, ооз тийип көрөйүн деп ууртап жаткан жеримен «бул ичпейт» деп Шайырбек мени сыртка сүйрөп кетти. Көчөдө 5-6 такси турса баарында, жатаканаларда менин ырларым жаңырып жатканына өзүм күбө болуп, аябай таң калгам.

«ЫРЛАРЫ ЖЕҢИЛ-ЖЕЛПИ ДЕП СЫНДАШЧУ»
– Ырларым тарап, атым чыга баштаганда эми эмне кылабыз дей баштадык. Шайырбек «Ошко концерт коёбуз» деп калды. Анда кандай концерт болбосун бир эле күн коюлчу. Чубак Сатаев гана эки күн койчу. Шайырбек «эки күн беребиз» деди. Кийинчерээк көчөдө илинип турган афишада, мисалы, «Бек Борбиев ырдайт, апрелдин 5-6сы» деген жарнамага эле Шайырбек «7-8и» деп кошуп койчу. Ошентип афишалар тез эле даярдалып, концерттерибиз эки эмес, 4-5 күнгө уланып кетчү. 91-жылдын жарымына чейин Ош тарапты кыдырдым, анан Бишкекти багынттым. Окуумду кайрадан сырттан окуу бөлүмүнөн уланттым.
Менин атагым таш жарып жаткан чакта «обону, сөздөрү абдан жеңил-желпи, биздин музыкада мындай ырларга орун болбош керек» деген сындар гезиттерге дембе-дем жарыяланып турчу. Бул сындарды музыка таануучу, журналист Бөкөнбай Боркеев агай айтар эле. Жолукканда жакшы элебиз, анан эле гезитке жамандап салат. Ал кишиге Асанкалый Керимбаев кошулду. Алардын сыны мени чыйралтты, жакшы ыр жаратайын, экөөнү таң калтырайын деп издене баштаганымда «Тазасы барбы?» деген сыяктуу ырларым жаралган. Сын айткандар «укмуш ырларды жаратып жатасың» деп мактабаса да, кийин менин дарегиме сын айткандарын токтотушту. Менин жеңишим ушул болду.

«Балдарым кичине кезде жаратылыш коюнунда бат-бат эс алчубуз. Азыр балдарымдын ошол кезин сагынам».

Торкен айылындагы Бек Борбиев чоңойгон үй.

«Кичине кезимден эле спортко жакынмын. Айылыма волейбол боюнча тез-тез турнир өткөргөнгө аракет кылам».

«Дайыма жакшы адамдарга туш келгендигим ийгилик алып келди»

Шайырбек Стамкулов, жеке ишкер:«БИР ЧЕМОДАН АКЧАБЫЗДЫ ДАЙЫМА ЖАНЫБЫЗДА АЛЫП ЖҮРЧҮБҮЗ»
– 1989-жылы бир топ жаш таланттар Ош драма театрына гитара, аккордеон менен ыр-күлкү аралаш концерт коюшту. Арасында Бек дагы бар. Анда ал студент, жанындагылардан башка эч ким тааныбайт. Мен театрда администратормун. Бек «чогуу иштешпейлиби» деп калды, мен макул болдум. «Делбирим», «Замандаш», «Шерине», «Ай кызым» деген ырлары чыгып, өзү ырдап жүрүптүр. «ОшТВда» иштеген Алимжан деген байкеге барып 8 ырын кассетага жаздырдык. Өзүбүзгө 50 даана жаздырып алып таксисттерге, кассета саткандарга бекер таратып жибердик. Каникул убагы эле да, Бек айылына кетип калды.
Бир айдан кийин Бектин ырлары таксилерде, автобустарда, үйлөрдө жаңыра баштады. Кээ бир тыңдар биз жаздырган студиядан дагы көбөйтүп сатышкан экен. Анан Бекке телефон чалып, Ошко чакырттым. Ноокаттын «Россия» деген колхозуна концерт коймой болдук. Ал жерде менин тааныштарым бар болчу, анын үстүнө клубу да чоң эле. Тактайга «Бек Борбиев – «Делбирим» деп жазып туруп айылдагы дүкөндүн жанындагы карагайга илип койдук. 3 күндөн кийин барсак элдин көптүгүн айтпа, жөн эле жык-жыйма. Билет сатыш керек да, мен кинонун билеттерин алып алгам, бир билетти 3 рублдан саттык. Анан Ошко 2 сеанс менен концерт бердик, түштө, кечинде.
Түшкөн акчага кийим, машина, үй алалы деп ойлобоптурбуз. Жашпыз, дайыма ушундай көп акча менен жүрөбүз деп ойлосок керек, анын үстүнө бизге «акчаңарды сарамжалдагыла, буга жумшагыла» деп акыл айткан адам болбоптур. Эртеден-кечке бир таксини жалдап алып, курсагыбыз ачса ресторандан тамактанып жүрө берчүбүз. Эсимде, менин кара чемоданым бар болчу. Ошонун ичи толтура акча эле. Учтары чыгып калса тыгып-тыгып көтөрүп алчубуз, банкка салып коюш ойдо жок. Бир куту тамеки алыш керек болсо да ошол чемоданды ачып алчубуз.
Ошентип, 1992-жылы Улуттук филармонияга концерт бердик. ЦУМга, «Орто-Сай» жана «Ош базарына», филармонияга афиша илдик. Филармониянын жетекчилиги менен түшкөн акчаны жарым-жарымдан бөлүп алабыз деп сүйлөштүк. Он беш күн койсок, 15 күн тең эл батпайт, анан дагы 2 күн бердик. Ал кезде азыркыдай ырчылар өтө көп эмес болчу. Ошентип, 1995-жылга чейин азыркынын тили менен айтканда, Бекке продюсер болдум.

Самыйбек Ооматов, музыка мугалими:«БЕККЕ ҮЙҮНӨ БАРЫП АККОРДЕОН ҮЙРӨТКӨМ»
– Бектин атасы Сман Борбиев биздин совхозго директор болуп келген. Анда Берадор 5-класстын окуучусу эле. Сман сезип жүргөн окшойт, баласынын музыкага шыгы бар экенин, бир жолу мага «баламдын жөндөмү бар окшойт, байкап көрчү» деп калды. Атасы ошол эле жылы аккордеон сатып берген. Мен атасынын чакыруусу менен үйүнө барып музыканын жол-жобосун үйрөткөм. Чын эле сезимтал бала экен, тез эле өздөштүрүп кетти. Кийин гитарада ойноп жүрдү. 5-класстан 10-класска чейин Токтогулдун Торкен айылында окуду.


Ибрагим Жунусов, ырчы:«БЕКТИ ЫРДАТПАЙ КОЮШКАНДА МЕН ОРДУМА ЫРДАТКАМ»
– 1988-жылы Спорт Ордосунда өткөн «Студенттик Ала-Тоо жазы» фестивалында калыстар тобунун мүчөсү элем. Политехтин атынан келген топтон бир жигит аккордеон менен «Замандаш» деген ырды ырдады, жанында бирөө гитара менен коштоп турду. Мен ал жигитти өмүрүмдө биринчи жолу көрдүм, бирок ырдаганы, сахнада өзүн алып жүргөнү, ыры жагып калды. Анткени чыгып жүргөн ырчылардан өзгөчө экен. Ал жигиттен жогорку баамды аяган жокмун. Жеңүүчүлөрдү аныктап, өзүн мыкты көрсөткөндөрдү белгилей келгенде калыстар тобу баягы жигиттин атын атабай коюшту, «начар эле ыр экен» дешип. Мен «мындай болбошу керек эле» деп нааразы болдум. Бул сөзүм тиги жигиттерге жеткен экен, экөө келип мага рахматын айтып кетишти. Аккордеон черткени Бек болсо, гитара черткени Мухтар Атаналиев экен. Жеңүүчүлөрдүн катышуусунда гала-концерт өтөт эмес беле, анда да Бектин атын чийип салышыптыр. Мен анда конок катары 2 ыр ырдамакмын. «Мага бир эле номер бергиле, 2-номеримдин ордуна Бек ырдайт» дедим. Эл Бекти аябай жакшы кабыл алышты.
Арадан жарым жыл өткөн соң филармонияда обончулардын концерти болуп калды. Бекке ал жактан да жолуктум. «Мени кошпой жатышат» дегенинен уюштуруучуга айтып дагы коштурдум. Ошол кездешүүдөн бери ага-ини катары жакшы мамиледебиз.

Бөкөнбай Боркеев, журналист:«МААНИСИ ЖОК ЫРЛАРДЫ ЖАЗГАНДАРДЫН АТАМАНЫ – БЕК»
– Бир жолу эл жакшы кабыл алып жаткан Бек Борбиевдин ырларынын текстине көзүм түштү. Обонуна тийишкен жокмун. Эми шумдук, маани, ыргак, уйкаштык такыр жок. Өтө капа болдум да, гезитке бир эмес, 5-6 жолу жаздым. Чыгарманын сөзүн да, обонун да өзүм жазам деген ырчылар Бектен кийин көбөйүштү. Мааниси жок ырларды жазгандардын атаманы – Бек. Азыр да радиолорду тынбай угам, текстинде ой бар, бирок ошону көркөмдөп, кооз көйнөк кийгизе албай келет.

Буралкан Назарова, апасы:«КАЙГЫДАН МЕНИ БАЛАМ СУУРУП ЧЫККАН»
– Бек боюмда болгондо эле анын өзгөчө бала болорун туйгам. Анткени ойго келбеген нерсеге талгак болдум. Атасы экөөбүз тең студентпиз. Акчабыз аз, базарга барып 2-3 эле кабырга алабыз. Ошону кайнатып, кабырганы бирден тилип жегенде анан өзүмө келчүмүн. Ошентип үч ай кабырга жедим. Биз турган батирдин ээси улуу апа эле, бир күнү «кыз төрөбөсөң экен» деди. Түшүнбөй калдым. Анын себебин кийин билдим. Көрсө, кабыргага талгак болгондор аз экен. Кыз болсо кыялы начар, тилдүү болот деген ырым бар экен. Ал эми эркек балага баары жараша берет эмеспи. Бек, өзүңөр билгендей, чечкиндүү, кайраттуу, сөзүнө турган, айтканын бербеген адам, аман болсун. 2-курстан болсо керек, үйгө бир кызды ээрчитип келип, «эртең кетет» деп койду. Эртеси деле анысы камырабайт, ошондо келин болчу кыз ушул окшойт деп сездим. Аскерден келгенден кийин чын эле ошол кызга – Фаридага үйлөндү.
Бек аскерден келгенде атасы башка турмуш күтүп кеткен. Окуяны укканда аябай капаланды. Ал аз келгенсип ошол маалда улуу кызым да каза болуп калган эле. Мындай жан сыздаган абалдан Бек арачалады. Анткени көчөдөн баламдын ырларын көп угуп жаттым. Ырлары дем, күч, эртеңки күндүн шооласын, жүрөгүмө жылуулук берди.
Бекке ырчылык өнөр бизден өтсө керек. Атасы экөөбүз тең жакшы ырдачубуз. Азыр деле той-топурда ырдап калам. Бишкекке концерт берген сайын чакырып, элдин алдында ордуман тургузуп «менин апам» деп жар салчу. Кийин эле жаш өткөн сайын барбай калдым.

Сүйүн Кулматова,
Асхат Субанбеков
Адилет Бектуров
star@super.kg


Бек Борбиев: "Эйфорияда жүргөн күндөрүм болгон"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(101)
19.05.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талантынызга таазим ийгилик Бек байке
20.05.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиевди эл кабыл алган сон сынчылардын созу бир тыйынчалык дегендей.Эл суйот,баалайт.Ибрагим,Сыймык,Бек мырзалардын Сахна деген ырын ырчылардын гимни десе болот,жакшы ырдашкан.
22.05.2014. 11:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.00, сынчылар болбосо осуш кайдан, алардан ырчылар пайда гана алышат. Эки жагын карап дагы бир ойлонууга шарт тузуп алышат
20.05.2014. 00:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек вопще супер.мага баардык ыры жагат.
20.05.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Бек Борбиев кыргыз эстрадасында тарыхта калчу адам го.кандай ыр ырдабасын элдин купулуна толот.Ырлары биринен бири жагымдуу уккулуктуу.
20.05.2014. 02:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бек борбиевде талант бар ырлары азыр да болсо эл оозунан тушпойт ит уро берет кербен журо берет
20.05.2014. 07:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
chyndygynda talanttuu insan,menin atam Syimyk menen Bektin yrlaryn gana ugat.Menda atama koshulup ukchumun bir kun maani berip uksam uyala turgan uzulushsun topchular degendey saptar bar eken uyalyyyp kalgam.
21.05.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
hihikayu туура айтасыз, чын эле, 'узулушсун топчулар' деген тексттер кездешет кайсы бир ырында))).
20.05.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен абдан баалайм. Озу да жылдыздуу, ырлары да эн сонун!
20.05.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларында ой бар, тексти ото начар деп айтууга болбойт. Коч бара-бара тузолот дегендей акыркы ырлары сонун эле. Баштапкысында чын эле супсак болсо керек эле
20.05.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы ырчылардан Нурлан Алдаяров деген жигит бул кишини озундой туурап журду эле жок болуп кетти го
22.05.2014. 20:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bantik,бар окшойт го азыр деле.айдын башында россияда болгон концертинде ырдады.
20.05.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке абдан жакшы ырдайт......
20.05.2014. 19:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир обончуда сапаттуу,сапатсыз ырлары болот да."Жаштык ай","Эркинай","Тазасы барбы суйуунун","Жаны Жыл","Суйуу дастаны" деген ырлары жакшы чыккан.Обону мурда абдан уккулуктуу болчу.Негизи ырларын эн суйуп уккан ырчылардын бири.
20.05.2014. 22:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке чынын да тарыхта калатурган ырчы. Анын кассетадан ырларын угуп чонойгонбуз. Озун да сахнада бир калыпта алып жургону жагат.
21.05.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсын Бек. Сенде башкаларга окшобогон кайталангыз талант бар. Сенин чыгармаларындан керек болсо 100 жыл отсо да эмгек жазып коптогон искусство адамдары прфессор, доктор болору турган иш. Бирок чын эле тексттерине маани берип жур. талантына талант кошула берсин.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке ар дайым бар болунуз чыгармачылык ийгилик каалайм!
21.05.2014. 10:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
байке бир дагы сынакка катышкан эмес. Эл аралык сынакка катышкан эмес, эмнеге
21.05.2014. 14:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мага "сунам ыр дестеси" абдан жагат. Кайф менен угам го.
SUPER.KG видео
21.05.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы да болсо чыгармачылык ийгилик каалайм, жаны ырларды жарата бериниз
21.05.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик
21.05.2014. 19:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек Борбиев баарибир мыкты ырчы!
21.05.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Обондору аябай уккулуктуу. Кээ ырлары текстен эле начарырак болбосо. Бирок күчтүү обон жигин билгизбей эле жашырып коёт. Эмнеси болсо да талант. Ошончо обонду жаратыш деле оңой эмгек эмес деп ойлойм.
21.05.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Сары жалбырак"ырын озгочо суйуп угам ен мыкты ырчы дагы да жакшы ырларды жарата берин.
21.05.2014. 23:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Боорончу байке красавчик болгон экен да
21.05.2014. 23:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Рота командири ХХХ келтирбегилечи!
Модератор admin_portal түзөттү 22.05.2014 09:17
22.05.2014. 09:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zamir_kgz - эскертүү!
Коомдук адепке туура келбеген сөздөрдү жазууга тыюу салынат.
23.05.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азыркы жаш ырчылардын кообу Бектин ырларын ырдап журушот,жигиттер да кыздар да.АА мааниси жок деген ырларды убагында аябай эл угуп баалап эле келишкен.Атугул кыздарынын атын Азиза деп ат коюшкан.Анан дагы убагында жакшы ырчы кыздарды таптап сахнада оз жолун таап берген.Кыргыздын очпос олбос таланты!!!!
24.05.2014. 01:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бек байке менен сыймыктанса болот. ырлары да жакшы. озгочо суйуп уккан ырларым "Асель", "Аселдейим", "Махабат дастаны"ж.б
24.05.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
БЕК байкеде озгочо талант бар.Токтогулдун торгойу сиз менен Токтогул эли дайыма сыймыктанат!!!Бар болунуз!!!
25.05.2014. 10:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмне учун Беродар ?
SUPER.KG видео
25.05.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен биринчиден Бек байкенин аялына таазим кылам,албетте талант болгон чакта да, ар бир улуу инсандын артында энеси аялы дем куч берет деп ойлойм
SUPER.KG видео
17.06.2014. 18:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чыгармачылыгынызга ийгилик каалайм уй булонуз менен бактылуу омур сурунуз биз бек деп таанысак азыркы менин 7 жашар кызым коруп мен суйгон карагатко деп тааныды
21.09.2014. 10:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
оштон айланса болот ош берекелуу баарын бийиктерге которгон асыл жер.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо