КЫРГЫЗСТАН КУРАМА КОМАНДАСЫ АФКнын ЧАКЫРЫК КУБОГУНА ДАЯРДАНУУДА

№602 16-май-22-май, 2014-ж

Футбол боюнча өлкөбүздүн курама командасы АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычына жыйынтыктоочу машыгуу сборун Кувейтте өткөрүүдө. Машыгуу сборунун алкагында 12-майда Кыргызстан курама командасы Ооганстан менен жолдоштук оюн өткөрүп, 1:0 эсебинде утулуп калган. Эми ошол эле машыгуу сборунун алкагында 16-майда Кувейтке каршы да жолдоштук оюн өткөрүшмөкчү.
АФКнын Чакырык Кубогунун финалдык баскычы 19-майда Мальдив аралдарында старт алат. Мелдеште 8 команда төрт-төрттөн 2 тайпага бөлүнүп оюн көрсөтөт. Кыргызстан тайпалык баскычта Мальдив аралдарынын жана Палестина, Мьянма өлкөлөрүнүн курама командалары менен беттешет.

АНГЛИЯДА «МАНЧЕСТЕР СИТИ», ФРАНЦИЯДА «ПСЖ» ЧЕМПИОН!
Англиялык «Манчестер Сити» футболдук клубу Англия Премьер Лигасынын чемпиону болду. Чемпиондук күрөш акыркы турга чейин жүрүп, 38-тур чечүүчү оюндарында «Манчестер Сити» өз үйүндө «Вест Хэм» клубун 2:0 эсебинде утуп алды. Бул жеңиш менен чемпиондор топтогон упайларынын санын 86га жеткирди. Манчестер шаарынын атынан чыгып жүргөн бул клуб өз тарыхында муну менен төртүнчү ирет чемпион аталды (буга чейин 1937, 1968, 2012-жылдары уткан).
Ал эми Франция биринчилигинде «Пари-Сен-Жармен» футболдук клубу мөөнөтүнөн мурун Франциянын чемпиону аталды. Златан Ибрагимович ойногон Париж шаарынын командасы ушуну менен өз тарыхында төртүнчү ирет Өлкө чемпиону аталды.

Адилет Керимбек уулу
port@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо