Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЕВРОВИДЕНИЕНИ» КЫЗГА АЙЛАНГАН ЭРКЕКТЕР БАГЫНТУУДА

№602 16-май-22-май, 2014-ж

Европада эң абройлуу деп эсептелген «Евровидение» музыкалык сынагы көпчүлүк таланттар үчүн кол жеткис кыял. Өзгөчө шоу менен коштолгон сынактын быйылкы жеңүүчүсү австриялык сакалчан аял Кончита Вурст болду (өз аты – Томас Нойвирт). Мындай жыйынтык Европаны көздөй кескин сындарды жаадырды.

ЖЕҢҮҮЧҮ ТУУРАЛУУ...
Толук аты – Томас Нойвирт
Туулган жери – Австрия, Гмунден шаары
Туулган жылы, күнү – 1988-жыл, 6-ноябрь
Кесиби – Ырчы
Лакап аты – Кончита Вурст

ЧЫРДАН БАШТАЛГАН СЫНАК
Быйылкы жылдын тандоо туру жүрүп жатканда эле нааразычылыктар башталган. Алсак, «Евровидение-2014» сынагына трансвестит ырчы Кончита Вурст катышарын билген беларустар «үй-бүлөлүк баалуулуктарды сактай билген мамлекет катары балдарыбыздын аң-сезиминине доо кетиргибиз келбейт» дешип, интернет булактарында «Евровидениени» телеканалдардан көрсөтпөө боюнча каршы кол топтой башташкан. Беларустагы мындай иштер үчүн сынактын уюштуруучулары «Беларусту сынактан четтетип салабыз» деп да коркутушканы бар.

МУРУНКУЛАРГА КАЙРЫЛСАК...
«Евровидение» сынагында гомосексуалисттердин катышуусу жана жеңүүсү быйыл алгачкы жолу болгон жок. Буга чейин 1998-жылы аталган сынакты эркектен кызга айланган израилдик ырчы Дана Интернэшнел (өз аты – Шарон Коэн) жеңип кеткен. Ал эми 2003-жылы «кыздар арасында сүйүү бар» деп айрымдарды ишендирип жүрүшкөн Орусиялык «Тату» тобу 3-орунду алышкан. Кошумчалай кетсек, учурда эпатаждуу стили, образы менен айрымдардын төбө чачын тик тургузган болгариялык Азис аттуу ырчы да 2006-жылы өз өлкөсүнүн атынан аталган сынакка катышкан эле. Ал эми 2013-жылдагы сынакта «финляндиялык катышуучу айым Криста Сиегфридстин музыкант кызы менен өбүшкөн жерин кесип салгыла» деп суранышкан Орусия, Украина, Беларусь, Азербайжан өлкөлөрүнүн суранычын сынактын уюштуруучулары «сынактын талабы баарына бирдей» деген демократиялык жооп менен четке кагышкан.
Кезинде «Евровидение» сынагында легендарлуу Селин Дион, «Abba» тобу сыяктуу музыканттар жеңүүчү аталышчу эмес беле. Акыркы учурда чыныгы талант эмес, катышуучулардын эпатаждуу образдары жеңишке жетишип жаткандай. Алсак, 2006-жылы ырчы Дима Билан аткарган ыры, вокалы боюнча финляндиялык «Lordi» тобунан көз көрүнөө озуп турса да, жеңишке өзгөчө образдагы финляндиялыктар жетишишкен. Демек, бул жолу дагы образ чоң роль ойногон сыяктуу. Муну көпчүлүк сынчылар «Евровиденинин аброю, актуалдуулугу төмөндөп баратат. Ошондуктан уюштуруучулар элдин кызыгуусун арттыруу үчүн ар кандай чуулгандуу иштерди колдонушууда» деп баалап жатышат.

ЕВРОПА ОРУСИЯГА, ОРУСИЯ ЕВРОПАНЫН ТАНДООСУНА НААРАЗЫ
26 өлкөнүн башын бириктирген быйылкы «Евровидение» сынагы өтө курч, чуулгандуу өтүп, дүйнөдө болуп жаткан саясий кырдаалды да кыя өтпөгөндөй. Дегенибиз, Украина маселеси боюнча Орусия менен Батыш эки башка ойдо. Сынактын алып баруучулары Орусиянын атынан барган эже-сиңди Толмачевалардын финалга өткөнүн угузушканда, залда нааразы ышкырыктар угулуп жатты. Толмачеваларды алып барган ырчы Филипп Киркоров «кыздардын саясатка тиешеси жок, музыка баарыбызды бириктириши керек. Бири-бирибизге түшүнүү менен мамиле жасайлычы» деп суранып да өттү. Ал эми орусиялык белгилүү адамдар «силерге сакалчандар керек болсо, эмки жылы сөзсүз куудул Михаил Галустянды жиберебиз» деген тамашадан баштап, «Европада эми эркек, аял деген жок. Аларда жалаң үчүнчү жыныстагылар. Бул Европанын күнүнүн бүтүшү. Мына, сакалчан аял! Бактысыз австриялык жигит. Европа жоголду!» деген наалат сөздөргө чейин айтышты.

Томас Нойвирт эркек кезинде.

1998-жылдын жеңүүчүсү Дана Интернэшнел дагы кызга айланган эркек.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(38)
19.05.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
обу жоктук эркектер эркек бойдон аялдар аял бодон эле болушсунчу
19.05.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
menin da bir taaniw kizim erkek bolup kizga aylangan. bir kiziktay bolosun je bayke dey albay je eje dey albay...
19.05.2014. 13:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тобоо кылдым
19.05.2014. 15:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек адам экиге болунот: чыныгы эркек жана аял-эркек!!!!
Деп калбасак болду.
19.05.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кудай тооба кыргыздарды ушундайлардан сактасын
19.05.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
akisha777 - 5 күнгө БАН!
Провокацияга жол берилбейт.
19.05.2014. 21:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын! Кыргызыман алыс болсун мындай туру сууктар.
19.05.2014. 22:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эркек созубу же эркек- аял созубу деген термин колдонуп калбасак эле болгону:)
22.05.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
future_kg, axaxaxa sonun jazipsiz go
19.05.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шайтан го?
20.05.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тообо адамдар кайда бара жатышат?
20.05.2014. 00:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми Европалыктар эркеги мн эркек,аял мн аялы уйлонуп,калганы средний полго отуп кетишсе,алардын тукумун ким улантат!Азыр Европада бир бирине уйлонгон эки эркек(гейлер) же эки аял(лесбияндар) коляскага ит мн мышыкты салып алышкан бобоктун ордуна((( Эх мына Европа туу туткан демократиянын узурлуу жемиши...Кудай сактаа деймин да...
20.05.2014. 02:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сактасын мындай шумдуктан .Европа кандай онугушун билбей калды окшойт .Демократия дешип кайдагы шумдуктарды чыгарышып .Балдарды Европага окутуу коркунучтуу болуп калды
20.05.2014. 07:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын, тообо тффу,тффу,тффу
20.05.2014. 08:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бакас беле ушундай болчу да ал да ырчы болчу кийинжоголуп кетти. Бакрас беле атын очкур. Емнеси болсо да аман еле болушсун
20.05.2014. 11:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Европа десе эле шумдук деп элестетебиз!Кылган иштерин карасан, айбан жасабаган жоруктарды жасашат!Алат десе эле баардык нерсени кабыл ала бербей, жакшы жактарын гана кабыл алсак жакшы болот эле! Мындайлар бизде кобойуп кете электе, буларды жарнамалап, соз кылууну токтотуу керек деп ойлойм!
20.05.2014. 16:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми карап турсан акылга сыйбайт.Азыр эми Европа союзундагы 30дан ашык мамлекетти карап корсок,торолуу коэфиценти1.38ди тузот экен.Ал иммиграциянын негизинде европага барып отурукташкан мусулмандар азыр45%ды тузот.дуйнолук изилдоолордо 2027-жылы Европада ар бир 5-европеец мусульман бт.Оз улутун эркеги аялга,аялы эркекке айланып жоготуп жатпайбы Европалыктар.
20.05.2014. 17:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
орустар Верка Сердючка менен Моисееви бар экенин унутуп калышкан окшойт
20.05.2014. 19:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бизден да эми чыга баштаса керек,хехе,тообо кылдым,Т Ф У
21.05.2014. 03:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
alardy dele Kudai jaratty da ,oshondoi bolup kalsa emne kylshsyn ,alardyn dele jashaganga akysy bar da dep oiloim, aila jok, ar kim oz ozulorunun joldoru menen degendei, ..kantse da maga ayabai jakty "Conchita Wurst"tun yrdagany,sakaly menen bolso dagy... =)
21.05.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындайлардын кебетесине ..... айтар жерим! кыргыз эч качан мындайга жол бербейт буюрса
21.05.2014. 15:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
европада мектеп балдардын дневнигине ата-эне №1 жана ата эне №2 деп жазуу мыйзамында кабыл алынбадыбы. бул эми бир шумдук да.
21.05.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебетен менен келишкир!
21.05.2014. 16:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Таптатынакай эле жигит экенго!
21.05.2014. 19:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
"Биз кайда баратабыз?"болдуго . Бул оору Кыргыз калкынан алыс болсун!
22.05.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
unikalnyi.paren - 3 күнгө БАН!
Кимдир-бирөөнүн кадыр-баркына шек келтире турган билдирүүлөрдү калтырууга тыюу салынат.
23.05.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул деген акыр замандын астейин жакындап келе жаткандыгынан кабар берет!!!
23.05.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Андан да наалат сөздөргө татыктуу булар.Бул маалыматты эмне максатта жаздыңар?Сабак болсун деппи же ушинтип да ийгилике жетсенер болот екен деп?
26.05.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Milas.KG, Саламатсызбы!
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
24.05.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тошно!!!Тошно!!!Кайда баратат адамдар,кудай сактасын.Ыйман берсин баарыбызга.
24.05.2014. 06:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
.Жапжакшынакай эле кыргыздын баласы "геймин' деп атканда...бул биякта эле калды го!
25.05.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бети жоктор
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо