Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ШИШКЕБЕК ДАЯРДАЙБЫЗ!

№602 16-май-22-май, 2014-ж

Азыр табигат коюнунда эс алуу үчүн мыкты убак. Андайда шишке эт сайып, отко кактап бышырып жесең... Шишкебек канчалык даамдуу болору туура маринаддоодон көз каранды. Шишкебектин этин маринаддоонун сырлары менен ашпозчу ШЕРЗОД ВАЛИЕВ бөлүшмөкчү.

МАРИНАДДОО
Маринад – ачкыл сууга салып даярдалган татымал. Ал эттин ширесинин агып кетүүсүн токтотуп, аны күйүп калуудан сактайт. Ошондой эле маринаддалган эт жумшак, ширелүү болот жана шишкебек тез бышат.
Этти маринаддоо үчүн туз, пияз, калемпир, мурч, сарымсак, кинза, киви, атайын шишкебек үчүн даярдалган татымалдар керек. Ал эми суюктуктардан квас, айран, газдалган суу, анардын, алчанын, лимондун ширеси жана өсүмдүк майы керек. Мындан сырткары коньяк, сыра кошуп койсо да болот. Пияз шишкебек үчүн эч качан көп болбойт. Ал канчалык көп болсо шишкебегиңиз ошончолук ширелүү болот. Маринад этти толугу менен жаап турушу керек.


ТООК ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК
Чуңкур идишке өсүмдүк майын, газдалган минералдык сууну, калемпир, мурч жана лимон ширесин аралаштырып алабыз. Анан таза жуулган тооктун сан этин салып, үстүнө пияз туурап аралаштырабыз. Тоок эти 2 сааттан 5 саатка чейин маринаддалып турса жетиштүү.

Керектелүүчү азыктар:
Тооктун сан эти 6 даана,пияз 0,5 килограмм, 2 даана лимондун ширеси, 5 аш кашык өсүмдүк майы, калемпир, мурч, туз, ашкөк (татымына жараша).

ЭТ ТАНДОО
Шишкебекке негизинен бардык эттер жарай берет, бирок жаш малдын этинен жасалса жумшак жана ширелүү болот. Малдын арткы сан эти, төш эти, кабыргалары жарайт. Ал эми тооктун сан этин гана алууга аракет кылыңыз. Этти шишке сайганга ылайыктуу өлчөмдө кесип даярдап алыңыз, бир кесими болжол менен 30 грамм салмакта болгону жакшы. Майда тууралып калса кургак болуп, ал эми чоң тууралса шишкебектин сырты күйүп, ичи бышпай калат.

УЙ ЭТИНЕН ШИШКЕБЕК
Шишкебекке жаш малдын эти тандалып алынат. Этти майдалап туурап, чуңкур идишке салабыз да, ага газдалган минералдык сууну куюп, туз, мурч, ачуу калемпир, зире, бир аз өсүмдүк майын, атайын шишкебекке арналган татымалдарды кошобуз. Эт катуу болсо, кивинин ширесин да кошуп коюу керек. Маринаддоо учурунда татымалдарды каалагандай кошо берсе да даамы бузулат. Ошол себептен биринин даамын бири ача турган татымалдарды кошуу зарыл. Кечинде маринаддап, эртең менен шишкебекти бышыра берсе болот.

Керектелүүчү азыктар:
1 килограмм эт, 0,5 килограмм пияз, шишкебекке арналган татымалдар (мурч, калемпир, туз, зире), бир даана киви.

КЕБАБ
Кебабга (мыкчыма шишкебек) эт тандоодо малдын жаш-карысына маани берилбейт. Себеби эт эт туурагычтан эки ирет өткөрүлөт. Ага малдын ич майын, нан, пиязды майдалап кошобуз.
Кебаб башка шишкебектерге окшоп суткалап маринаддалбайт. Татымына жараша туз, зире, ашкөк кошуп аралаштырабыз да, тыныктырбастан эле шишке мыкчып ороп коёбуз.

Керектелүүчү азыктар:
1 килограмм эт, 200 грамм нан, 250 грамм ич май, 3-4 баш пияз, татымына жараша зире, мурч, калемпир, шишкебекке арналган атайын татымалдар кошулат.

ЭСКЕ ТУТУП АЛЫҢЫЗ!

  • Этти сөзсүз түрдө айнек, сыр же чопо идиштерине маринаддоо керек. Алюминийден жасалган идиштер жарабайт, ал эт жана башка заттар менен кычкылданып, эттин даамын бузат, ууландырып коюшу да мүмкүн.
  • Маринаддалган эт муздаткычта турганы жакшы.
  • Эттин кесими канчалык чоң болсо, ошончолук көпкө маринаддоо абзел.
  • Маринад жакшы сиңиши үчүн вилка менен этти сайгылап коюу зарыл.
  • Балык же деңиз продуктуларын 45 мүнөттөн ашык маринаддабоо керек.
  • Шишкебекти бышырар алдында этке өсүмдүк майын сүйкөп койсоңуз, эттин ширеси чыгып кетпейт.
  • Эттин үстүнө оор нерсе бастырып койсо жакшы маринаддалат.
  • Этти маринаддоого уксус менен майонезди кошууга болбойт, себеби уксус эттин даамын бузуп, бышканда катуу кылып койсо, майонез этке сиңип, отко бышканда ден соолукка зыян алып келүүчү затка айланат.

Эт даяр болгондо аны шишке сайып, мангалга коё берсеңиз болот. Шишкебегиңиз даамдуу, эс алууңуздар көңүлдүү өтсүн!

Нурбек Абдыкадыров,
Уулбү Каныбекова
kenesh@super.kg


Шишкебек жасоонун сырлары

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(27)
SUPER.KG видео
17.05.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер!!!
SUPER.KG видео
17.05.2014. 01:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-14
Мен такыр суйбойм ушул шашлыкты....жей албайм....бирок даярдаган абдан жагат...бир жолу Атам экообуз уйдо эч Ким жокто жасап жегенбиз омурумдо ошондо бир жолу ооз тийгем абдан даамдуу соонун болгон....
SUPER.KG видео
17.05.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жегим келип кетигоо
SUPER.KG видео
17.05.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
рахмааат арсен мырза кенештеринизди сыр сактабай болушкондугунуз учун, шишкебектерди аябай жакшы жасаптырсыз. ишинизге ийгиликтерди каалаймын
SUPER.KG видео
17.05.2014. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ням ням
SUPER.KG видео
17.05.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
250 гр деп туура эмес айтты окшойт, бешоо 1кг. болсо, 1 кг эт 350 с , шашлык болсо 250 с, пайда кайда...?
SUPER.KG видео
17.05.2014. 21:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
oh wawlyk kandai keremet
SUPER.KG видео
17.05.2014. 21:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чоон рахмат!Арсен мырза,абдан керектуу кенеш айттыныз,шишкебек менин эн суйуктуу тамагым.
SUPER.KG видео
17.05.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шишкебеке баргым келип кетти!
SUPER.KG видео
18.05.2014. 11:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шилекейди куюлтат го.Кандай сонун,озун бышырып жесен.
SUPER.KG видео
18.05.2014. 14:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер БРАТ
SUPER.KG видео
18.05.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ммммм пияз лимон минералга этти мариновать этип духовкага бышырып жесе болобу, таттуу эле болобу. Бизде мангал жок от да жок проблема
19.05.2014. 10:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эң сонун кенештер!Табитти ачып жибердиңиздер....
SUPER.KG видео
19.05.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jamal93, техникалык катачылыктар кеткен. Азыр катачылыктар жоюлду. Дагы бир ирет аракет кылып көрүңүздөр.
19.05.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мына сага жакшы кенеш мен куйом менен малдын этин бир тун коюш к.к д талашып аттым эле утуп кеттим
19.05.2014. 14:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mmmmmmmmm achka bolup chiktim
19.05.2014. 17:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сооннун маринаддоону кайдан уйронсом экен деп журдум эле. Рахмат силерге
19.05.2014. 18:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nyam nyaam nyaaaam sonuun eken. hm maionez menen uksus bolboit ekenda , jakwi kenesh eken !
20.05.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кебаб жагат, таш-кордонун кандай жасалышын да жазгылачы, себеби таш-кордо ушунчалык даамдуу,соогунон бери жеп жибергин келет.
20.05.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
madina.00, Саламатсызбы!
Таш кордо тууралуу бул жактан көрө аласыз: http://www.super.kg/media/stv/81597/
SUPER.KG видео
21.05.2014. 01:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээээх москвада шашылыктын сезону келду го ура ура ура!!!
23.05.2014. 20:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bul jaktan Arsen Bajkege choong yraazy4ylygymdy bildirgim keldi!Tak sujlop,ajabaj jakshy tushundurup berdiniz. Bar bolunuz! Azamatsyz! Ijgilik Sizge!
23.05.2014. 23:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шашлыыык, даамына береке!
24.05.2014. 09:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шишкебек жегим келип кетти.)))
24.05.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Шерзод кайсы кафенин ашпозчусу экенин дагы жазып койсон ор болмок
05.06.2014. 18:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жазгыга жакшы жанылык экен
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо