ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№602 16-май-22-май, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Жолукканда Айдай Бекзаттан Тариел аттуу досу тууралуу сурады.
– Сен аны тааныбайсың. Буюрса, жакында тааныштырам.
Бекзат Айдайдын суроосуна кыска жооп берип кутулду.
– Макул.
Айдайдын жүрөгү түпөйүл тарта капалуу. Балким, Тариел Бекзаттын досу болуп жүрбөсүн. Анда иштин бүткөнү. Айдай корейлерге кор болуп, караоке клубда иштеп жүргөнү жүрөгүн өйүп, өзүн жек көрүп, ааламга батпай келет. Бардыгын сүйүктүүсүнө ачык айтсам дейт, бирок сүйүүсүн жоготуп алуудан коркот.

ххх

Самат менен Канышай эртеси кечке оорукананын коридорунда айланчыктап жүрүштү. Улам эшик ачылган сайын ак халатчандарды үмүттүү көздөрү менен карашат. Тариелдин машинасы менен сүзүшкөн машинанын ээси дале өзүнө келе албай комада жатты. Анын туугандары да чогулуп калган. Тагдырдын тамашасыбы же маңдайга жазганыбы, Айдайга «зордукталган эмес» деп жасалма соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгын чыгарып берген Саматтын таанышы, эсине келбей жаткан кишинин бир тууган агасы болуп чыкты.
Бир кезде жандандыруу бөлүмүнөн шылкыя басып чыккан дарыгер баш кийимин чечти да, топурап жардана карап тургандарга өзүн күнөөлүү сезгендей суук кабар угузду.
– Колдон келишинче аракет жасадык, бирок өмүрүн сактай албадык.
– Ой, бир боорум!
Аңгыча коридордон өңгүрөгөн ыйлар угула баштады.
– Эми ит болбодукпу.
Самат өзүнчө кейип алды.

ххх

Бекзат адаттагыдай кечкурун Айдайга жолугуу үчүн жатаканага келген. Айдай жолугууга чыкканы менен капалуу экени кабагынан байкалып турду.
– Эмнеге маанайың жок?
Жигит тынчсыздана сүйүктүүсүнүн көзүнүн агы менен тең айланат.
– Билбейм.
Айдай жылмайып ийинин куушуруп тим болду. Чындыгында оюнун баары Бекзаттын Тариел аттуу досунда эле. Ким ал? Өзүнүн тагдырын талкалаган наадан эмеспи? Ал тууралуу кененирээк билгиси келген. Экөө кафеге кирген соң Айдай суроо узатты.
– Бекзат.
– Оу, жаным.
– Тариел деген досуңду мурда айтчу эмес элең го. Ким ал?
Капыстан эле бериле калган суроого Бекзат эмне деп жооп берерин билбей, өңү бузула түштү. Анан Айдайдан көзүн ала качып, акырын үн катты.
– Сен тааныбайсың аны.
Жигитинин өңү бузулуп кеткенинен шек санаган кыз улам-улам такып сурай баштады.
– Бекзат, жашырбай ачыгын айт!
Айдайдан оңой менен кутулбасына көзү жеткен Бекзат көпкө ойлонуп отуруп, акыры чындыкты айтууну эп көрдү. Анан бир үшкүрүнүп алды да, кепти ыраактан баштады.
– Айдай, сенден ушу кезге чейин чындыкты жашырып келгеним үчүн алдын ала кечирим сурайм.
Тариел менин эң жакын досторумдун бири. Азыр деле достугубуз үзүлө элек. Алгач, ал сен тууралуу айтып, мага таанышып көрүү сунушун киргизген эле. Экөөңдүн ортоңордогу бардык нерсени төкпөй-чачпай айтып берген. Ооба, мен бардыгын билем. Чынын айтсам, башында сен менен Тариелдин өчүн алуу максатында сүйлөшкөм, бирок кийин менде сезим пайда болду. Сенсиз бир мүнөт да мага кызыксыз. Сени чын жүрөктөн сүйөм. Мурунку жашооңдун бардыгын эбак эле кечиргем.
Айдай Бекзаттын айткандарын угуп, дүйнөсү аңтарылып кеткенсиди. Мындай болот деп үч уктаса түшүнө кирген эмес. Ызага муунуп, көзүнөн жаш куюлду. Анан дендароо болуп, ордунан тура жөнөдү.
– Токтосоң!
Бекзат артынан чуркап чыгып, көчө бойлоп ыйлап бара жаткан Айдайды колдон кармады.
– Барчы ары!
Айдай ачуулана аны түртүп жиберди. Ушул тапта ага бардык нерсе баары бир болуп, жашоого тоюп турду. Бекзат артынан калбай жалбарып, жатаканага чейин жөө басып келди.
– Айдай, түшүнсөң! Азыр андай эмес. Мен бардыгын кечиргем. Экөөбүз бактылуу жашап кетебиз, көрөсүң го!

Анын жалбарганы кыздын кулагынын сыртынан кетип жатты. Жатаканага жеткенде Айдай тык токтоду да:

– Бекзат, мындан ары мага келбегин. Буга чейин менин сезимдерим менен ойноп келгениң эле жетишет. Суранам, мындан кийин менин тынчымды албай эле койчу! - деп кирип кетти. Бекзат болсо тилин жутуп алгансып эч нерсе айта албай, турган ордунда катты да калды.

ххх

Тариелдин буту тез эле сакайды. Көп өтпөй баягы каза болгон адамдын туугандары аны сотко бергени маалым болду. Самат да, Тариел да адаттарынча бул ишти «бармак басты, көз кысты» кылып, эч кимге билдирбестен жаап коюу үчүн тааныш-билиштерине чала башташты. Ал иштери натыйжалуу болуп, райондук сот тааныштардын жардамы аркылуу Тариелди «кырсыкка күнөөсү жок» деп тапты.

(Уландысы кийинки санда)

Асхат Субанбеков

ЖАКЫНДА
ҮЧ КУРБУ
Үч тагдыр, үч аял, үч курбу... Алар бир кезде тамчы суудай таза, ак ниеттери менен «аялзатында достук болбойт» деген кепти төгүнгө чыгарабыз дешкен. Курбулар бири-биринин жолунан эч качан кайчы өтпөгөнгө убада кылышкан. Бирок жашоо агымы үчөөнү карама-каршы жээкке таштап, алардын тагдырлары бир адамдын колуна байланып калды. Колунда бийлиги, байлыгы бар адам үч курбунун жашоосун аңтар-теңтер кылып, айыгышкан душманга айлантарын алар убагында билген эмес. Эми алар өз бактылары үчүн күрөшүүгө даяр. Болгондо да «же сен, же мен» деген айыгышкан эрөөл... Биринде сейрек кезиге турган сулуулук болсо, экинчисинде акыл, үчүнчүсүндө мээрман жүрөк... 
Бул чыгармада аялдын аянбас айкөлдүгү, арстандай кашкөйлүгү, суудай тазалыгы, түлкүдөй амалкөйлүгү, айтор, аялзаты бардык өңүттө ачылып берилет. Бүтүндөй Кыргызстанды ыйлата турган, кубанта турган, каармандар менен бирге жеңишти көксөтө турган мыкты чыгарма сиздер үчүн! Күтүңүз, жакында...

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 604-сан
Комментарийлер(16)
19.05.2014. 09:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул сапар мен биринчи окшойт
19.05.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Topcubai, Бул сапар сен азаматсын..Бекзат менен Айдайга эми не болот экен аягы жакшы менен бутсо экен.
19.05.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
эмне эле окуя кыскарып баратат? коп коп эле жазып коюнуздарчы...............
19.05.2014. 13:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аягы жакшы болуп бутсо экен бутоороуно аз калган окшойт.
19.05.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман Тариэлдики болуп ататко
19.05.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kopton jazyp byturyp koiup kyinki chygarmanu jazbaistaby Super...
19.05.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еххх кызык жерине келгенде бутуп калдыго.
19.05.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Көптөн жазгылачы сураныыыыыыыыч.
20.05.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оозу кыйшык болсода байдын уулу суйлосун болуптурда тариел.
20.05.2014. 02:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Заман акчасы барлардыкы болуп калганы окунучтуу... Гулдой кыздын тагдырын талкалап коюп эч нерсе болбогондой жургонуно тан калам.
20.05.2014. 03:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул жашоодо баары болот капа болбо карындаш болуптур да
20.05.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кыз башында абдан назик, таза кыз эле. Автор аны аягына чейин аябай эле булгады. Женил ойлуу, акылсыз, алсыз, озун сыйлабаган ыплас кызга айлантты. Азыркы жигити убагында наркаман эле, суйуу учун онолдубу деги?..... Окуучулук кездеги суйгонун, балдардын айынан ооруканага жаткан бала эмне болду? Таштап кеткен апасы, кызынан такыр кабар албайт ко, кыз деле сурабайт.Бул чыгармада кыздын багып алган ата энеси гана он каармандын рольюн жараткандай.
23.05.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээх жашоо...
24.05.2014. 00:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
акчан болсо жашоо малина
26.05.2014. 08:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы супер инфо, бул жумада жаны санды окуймун деп кирсем, откон жумадагы сан турат, эмнеге жаныланбады экен билсем болобу?
26.05.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Zamirbek_77, Саламатсызбы!
Сайт ар дүйшөмбү саат 9,00дө жаңыланат.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо