Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Нурайым Азыкбаева:«КҮЧТҮҮ АЯЛМЫН, КЫЗЫМДЫ АТАСЫЗ ЧОҢОЙТО АЛАМ»

№602 16-май-22-май, 2014-ж

Таланттуу атанын кызы Нурайым Азыкбаева кыл кыякта ойносо дүйнө укмуш бир кереметке айланып кетет. Жансыз аспапка жан киргизген айымдын ырчылык өнөрү да күч. Бирок ырчы айым «чыгармачылык менен үй-бүлөнү чогуу алып кетүүгө адамдын күчү да, шарты да, эрки да жетпейт экен» дейт. Дегеним, мындан 2 жыл мурун турмуш жолуна аттанган Нурайым бир жылга жетпей ажырашып кеткен. Анткен менен Арууке аттуу наристенин энеси экенине бактылуу.

– Нурайым, ажырашып кеткениң тууралуу укканыбызга көп болду. Бирок сенин тынчыңды алгыбыз келген жок...
– Кош бойлуу айымдын жанында жолдошу болсо телегейи тегиз, жан дүйнөсү тынч деп ойлойм. Тилекке каршы, мындай жагдай менин маңдайыма жазылбаптыр. Өзүмө келип, өткөн күндөрүмдү унутуп баратканыма жарым жылдан ашык убакыт болду окшойт. Сүйгөн кесибим бул азаптан мени сууруп чыкты. Ошол эле той, концерт, чет өлкөлөргө гастроль, баары мени алаксытты. Жакшы музыка уксам, ырдасам, эч кандай маселени ойлобой, ошол ыргак менен жашап калам.

– Сүрөттөрдөн бактылуу жүзүңдү көрүп, жолдошуң экөөңдү жакшы түгөйлөрдөн болот деп койдук эле, эмне болуп кетти?
– Сүрөттөрүбүздү көргөндөрдүн баары эле «бири-бириңерге түгөй эмес болчусуңар» деп жатышат. Очогубуздун урашына жашоого болгон көз карашыбыздын төп келбегени себеп болду. Мен чыгармачыл адаммын, ал башка кесиптин ээси, менин үй-бүлөм чыгармачыл адамдар, аныкы башка чөйрө. Ошону менен келише албай калдык. Ушундай тагдырды башыман өткөргөнүмө өкүнгөн жокмун, тескерисинче, кубанычтамын. Анткени жашоо оңой эмес экенин түшүндүм. Негизи, Кудай адамдын күчүнө жараша сыноо берет деп коёт. Мен күчтүү аялзатымын. Мага оңой-олтоң сыноо келген жок. Мен ал сыноону татыктуу жеңип чыктым.

– Кыз-жигит катары сүйлөшүп эле үйлөнбөдүңөр беле, ал сенин ырчы экениңди, гастролго чыгарыңды билген да?
– Ооба, эки жыл бири-бирибизди жакшы эле тааныгандай болгонбуз, «чыгармачылыгыңды колдойм» деп сөз жүзүндө айтканы менен, башка түшкөндө көтөрүү кыйын экен. Аны да түшүнүү керек, аты чыккан үй-бүлөнүн аты чыккан кызы менен жашаш чын эле татаал. Бирок биз айрымдардай болуп урушуп-талашкан жокпуз. Жай отуруп баарын талкуулап, ойлорубузду ортого салдык. Ал «чыгармачылыгыңды түшүнөм, бирок мен сенин гастролго, тойго, концерттерге кетип кала беришиңе чыдай албайм» деди. Ага үй оокаты менен алышкан аял керек экен. А мен издендим, ырдайм, музыка жаратам дедим. Анткени Нурайым Азыкбаева – атамдын, апамдын жана менин эмгегимдин аркасында түптөлгөн ысым. Кээ бирөөлөр «үй-бүлөнү да, сахнаны да алып кетсе болмок» деши мүмкүн. Эч качан экөө айкалышпайт. Бирдей алып кетүү мүмкүн эмес. Сөзсүз бирөө аксайт экен. Анан мен дагы мени колдой турган адам керек дедим. Экөөбүз тең ушундай бүтүмгө келдик. Ата-энелерибиз, албетте, жаман болушту, «силер үйлөнөбүз дедиңер, бул чоң адамдардын чечими деп макул болдук. Эми ажырашабыз деп жатасыңар, эгер мындай чечимди экөөңөр тең туура деп тапсаңар, биз эмне дейбиз» дешти. Негизи куда-кудагыйлар абдан сый болушчу.

– Атасы кызын келип көрдүбү?
– Албетте, келип көрдү, сүйүндү. Балада эмне күнөө? Мукай азыр үйлөнгөн, алектенчү иши, көңүл бурчу адамдары бар. Мага келип «үйлөнгөнү жатам» деп айткан. Мен угуп алып сүйүндүм. Бакыт кааладым.

– Кайын журтуң менен пикир келишпестик болду беле?
– Кайын журт менен жакшы мамиледемин. Чет өлкөгө чыкканда дайыма белек-бечкек менен келчүмүн. Азыр да сүйлөшүп турабыз.

– «Атасы тез-тезден гастролго алып кетчү» деген кептин чындыгы барбы?
– Биринчиден, атам мени эч качан гастролго алып кете албайт, мен атамды алып кетишим мүмкүн. Анткени беш жылдан бери «Эне-Сай» тобунун көркөм жетекчиси менмин. Административдик иштердин баары менин моюнумда. Чакырууларды да өзүм кабыл алам. Тескерисинче, мен атама телефон чалып, «бул күндөрү тиякка барабыз, эч кандай жумуш менен алектенбеңиз, даяр туруңуз» деп алдын ала эскертем. Турмушка чыккандан кийин атам мени үйдөн алып кетмек тургай ашыкча телефон чалгандан тартынчу.

– Турмушка чыккандан кийин гастролго көп чыктың беле?
– Мен турмушка күзүндө чыктым да, чын эле гастроль, той-топур көп болгон.

– Кызым атасыз өсүп калса кандай болот деп коркпойсуңбу?
– Колуман баары келет, үй жумуштарын жасоодо камчы салдырбайм, Кудай берген талантым бар, акчасыз да калбайм. Колдогон ата-энем, бир туугандарым турат. Жакында батир алайын деп жатам. Эч нерседен коркпойм, мен күчтүү аялзатымын.

– Кызың жөнүндө айтып берсең, кимге окшош?
– Кызымдын аты Арууке, 1 жаш жети айга толду. Аябай тентек, мага, таятасына окшош. Азыр чуркап жүрөт.

– Гастролго чыкканда Аруукени ким карап калат?
– Үйдө менин тарбиямды көргөн туугандарыбыздын кызы бар. Ошол сиңдим же апам карайт.

– Эми турмушка чыксаң жигиттин эмнесине көңүл бөлөсүң?
– Бир турмуш көрүп калгандан кийин, албетте, мурункудай баш жоготуп сүйбөйсүң. Жашоонун ачуу-таттуусун сезип калган соң өзүмө окшогон токтолуп калган жигитти карасам керек. Чынын айтсам, ал жөнүндө ойлой элекмин, убактым да жок, анын үстүнө аны ойлоого эрте. Азырынча 1-орунда кызым жана чыгармачылыгым.

– Берлинге барып келдиң окшойт, ошол туурасында айтып берсең?
– Берлинге Нооруз майрамына карата болгон эл аралык фестивалга барып келдик. Ар бир мамлекет өзүнүн улуттук кийимин, тамак-ашын, ырын, бийин көрсөттү. Башка өлкөлөрдөн 40-50гө чукул адам барышса, бизден мен, атам, байкем үчөөбүз бардык. Бул дагы каражатка келип такалат, биздин элчилик үчөөбүзгө кеткен чыгымды гана төлөмөй болушту. Көрүүчүлөр бизди 3 сааттан ашык сахнадан кетирбей, өнөрүбүзгө күбө болушту. Андан сырткары элчилик «жай мезгилинде дагы Германияда турне уюштуруп беребиз» дешти. Жаз, классика жанрларындагы чыгармалар ойнолот.

– Учурда эмне менен алексиң?
– Атам «Издейм сени», «Жамгыр төктү» деген ырларды саксофондо ойнойт эмеспи. Менин дагы колумдан келсе керек деп колумдан түшүрбөй үйлөп жатып үйрөнүп алдым. «Бишкек», «Сейилдөө», «Эне-Сай» деген үч чыгарма жаздырдым. Анын бирине клип тартып жатам.

– Чоң рахмат маегиңе, чыгармачылык ийгилик каалайм.

«Менин негизги максатым – кызыма татыктуу тарбия берүү».

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Жолдошум өз бактысын тапты" дейт Нурайым Азыкбаева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(115)
20.05.2014. 15:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
nurayim emi kaaliwincha skripkandi kuchaktap jata ber...
20.05.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
кыз бала апасын тартат 100%. мен гарантия берем.
20.05.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоо алардыкы бизге эмне?
20.05.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Дааа, "артистти аялым, таксистти куйоом дебе" деген сыяктуу макал бар беле)))
21.05.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын жакшы макалы бар го, алтын баштуу катындан бака баштуу эр артык деп.Не деген гана филосифиялык терен маани жатат.Атам таанымал эле мен да таанымал болушум керек дегени болбой калыптыр.Аздыр-коптур атасы элге чыгарып койду эле го,ажырашпай уй-булосун тандаса да болмок.Кучтуу болуу жакшы,бирок Кучтуу болом деп кызын атасыз калтыруу жакшы эмес,анан да озун элдер баары бир эрсиз аял деп айтат да.Таланты бар деп мисалы Каныкейди айтса болот аны залпы эл тааныйт,а Нурайды саналуулар гана таа
21.05.2014. 03:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Papasyna ele okshosh ko
21.05.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Нурайым сен азаматсын. сен ар кимдин айтканына конул бурба. Мен атанды жакшы билем. Ал кыргыз элинин сыймыгы болгон супер таланттуу адам. озунун омурун искусствого арнаган адам. аны бут эл сыйлайт. Айланайын Нурайым. Сенин скрипка менен ойногонунду бир жолу коруп атана ыраазы болгом. Курмангазы сага ырахмат, корсо атан тытынып журуп, кыргыздын бир Ванессасын чыгарып койгон . Сен бактылуу болосун. элдин батасын ала бер. ажырашкан жалгыз эле сенсинби? Сени тушунгон жигитке эртеби кечпи жолугасын
21.05.2014. 11:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аял киши бардык проблемаларды чечкен эркекке таандык болуш керек. Тескерисинче жаны проблема жаратканга эмес. Карс эки колдон чыгат. Эмнеси болсо да ийгилик.
21.05.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мин жолу кучтуу болуп, мин жолу кыйын болуп дуйнонун рулун кармап тургандада 'аял' экенинин унутупаш керек. Аял бир гана уйбулоонун куту боло алат,балким, талаанын корку болушу мумкун, бирок убактылуу гана!
21.05.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Чужая семья темный лес. Эч кимге сын такпагыла, кыйын болуп суйлош оной бирок чыныгы жашоо татаал
SUPER.KG видео
21.05.2014. 16:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Албетте, эки тарап тен ажырашам деген тилек менен уйлонушкон эмес! Азыркы учурда эркектерде эркектик сапат калбай калбадыбы, аял кишини котормолок турсун, озулорун аран которуп журушот. Алганча баарына макул болгон эркек, алгандан кийин, озунун эркек экенин эстей калып, лидер боло баштады да. Кайненелер дагы он созун айтпай, тескери созун айтып, ажырашуунун санын кобойтууго салымын кошуп жатышат!!!
21.05.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Уй булоосун биринчи койбой карьера учун турмушун бузган го.Бирок этеби кечпи окунот болуш керек
21.05.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аты чыккан уй булонун аты чыккан кызы менен жашоо кыйынга турса керек дегени айдан тушкон адам суйлогонсуп калыптыр
22.05.2014. 02:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Gulu-5kg, озун аябай-аяяяябай атактуу сезип алгандай булуп калыптыр))
22.05.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
incognito1, OBA men murda akilduu kiz dep oilop jurso suylogonu bu tuy atttttta...
22.05.2014. 05:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
атам мени гастролго алып кете албайт тескерисинче мен алып кетем мен мен мен мен мееееен
22.05.2014. 11:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
артистти аялым дебе...
22.05.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
(((( Мындан ары кызы менен бактылуу болсун!
23.05.2014. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
кучтуумун атасыз чонойтом дептир/башка айласы да жок да.бироо бироонун кызына ата болмок беле.
23.05.2014. 16:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайым эже озун мин кучтуу сезсе да кызынын тагдырын,келечегин бир ойлонуп койсо болмок экен
23.05.2014. 16:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кучтуумун дегени- бул "защитная реакция" болсо керек. Ичинен канча ит олуп, канча жаш токконун ким билет. Чыгарчачылыгымды тушунбоду дейт, а мен ойлойм андан тышкары да бир чоон причина бар, просто айтылбайт!!!
23.05.2014. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
аябай мактанчаак экен.
23.05.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайым эле ажырашабыз дедим ажырашабыз Деп ажырашып калышкан жок да, куноо эки жактан тен кеткен болуш керек
23.05.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйосу дароо эле уйлонсо, ал да жон журбогон го))))
24.05.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Мактанаар таланты бар,уну бар аялзаты деп билем.Буйруса баары жакшы болот!
24.05.2014. 12:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Жогоруда кобу туура айтышыптыр. Нурайым айым коп эле мактанып коюптур. Кыйын аял заты эч качан -"мен кыйынмын"-деп айтпайт. Кйындыгын иш менен корсотот. Мен мисалы бул кызды корбоптурмун деле, атасын атактуу экенин билем. Атамды мен алпарам- дегени да туура болбой калыптыр, кантсе дагы атасынын артынан ушинтип азда болсо чыгып жатса керек. Эмне болгон чакта да кызына жакшы тарбия берип чонойтуп алсын.Анан мен, мен, мен дегенин токтотсо, жонокой болсо, ошондо аял заты ордун табат.
24.05.2014. 13:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай эле мактаныптыр го биз атактуубуз деп
24.05.2014. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
4yndygynda mykty tyn kyz.Turmush baaryn oz tarazasyna salyp,elegi menen elep olturup adamdy adam kylat.Molodets myndan ary myndan da ku4tuu bolunuz.Kyrgyz eli dayima siz menen.Onorunuz orkundop,kyzynyzga en mykty degen tarbiya beriniz.
25.05.2014. 06:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озун озу мактагандан олгончо кач
25.05.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыйынмын озум тарбиялап салам дегенин менен кызын психологиясы жарака кетип жатпайбы!акча кийимден кыйналбайсын албетте бирок куйоодон чыккан деген статусун бар кубанбай эле кой жолдошун уйлонгонуно.
SUPER.KG видео
31.07.2014. 14:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурайым башында эле ушул жигитке турмушка чыгып жатканда, мага бала жаккан эмес.Нурайга таттыктуу эмес корунгон, ишенич жараткан эмес.Ал эми аларда баардык эле кайын журт кызымдай кылып алабыз, онорун колдойбуз деп бекер убадасын бере беришет.Мындай келгенде кобуно уйдо отурган, айтканын жасап, унчукпаган келин каалашат.
SUPER.KG видео
08.09.2014. 10:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атасынын кызы болуптур, суйлогону, мунозу баскан турганы сакадай бою сары алтын.... Кыскасы бар болгула чыгармачылык ийгилик!!!
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо