ПСИХОТРОПТУК ЗАТТАРДЫ КОЛДОНГОН ӨСПҮРҮМДӨРДҮН САНЫ ӨСҮҮДӨ...

№602 16-май-22-май, 2014-ж

  • Казакстандын «Луговый» темир жол бекетине топтолгон КҮЙҮҮЧҮ МАЙ КУЮЛГАН вагондордун саны 400гө жетти. Бул тууралуу нефтетрейдерлер ассоциациясынан билдиришти.
  • Баткендеги Көк-Терек жана Орто-Боз айылындагы ЧЕК АРА чырларынан улам Тажикстан жарандарынын айыл тургундарына тийгизген зыян 20 миллион сомдон ашарын Баткен облусу боюнча өкмөттүн өкүлү Жеңиш Разаков билдирди.
  • Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаевдин айтымында, БАЛА АСЫРАП алуу максатында эл аралык уюмдардан 17 арыз түшкөн. Алардын жетөөсүнө аккредитация берилсе, алтоосу кабыл алынган эмес. Калган төртөө текшерүүдөн өтүүдө.
  • Талант Абдуллаев Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы «ИНФОКОМ» мамлекеттик ишканасынын директору болуп дайындалды. Аталган ишкана жарандарды паспорт менен камсыз кылат.
  • Ай сайын АР БИР ДЕПУТАТКА маянасы менен премиясынан тышкары 40 миң сомдон ашык акча бөлүнөт. Мындай маалымат Жогорку Кеңештин депутаттарынын фонду тууралуу документте жарыяланды.
  • Кыргызстанда ПСИХОТРОПТУК ЗАТТАРДЫ КОЛДОНГОН өспүрүмдөрдүн саны өсүүдө. Бул тууралуу Кыргыз мамлекеттик баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын төрагасынын орун басары Нурлан Бейшекеев билдирди.
  • «Тоо кенин иштетүүчүлөрдүн бирикмеси» ассоциациясынын мүчөсү Гани Асаналиевдин маалыматында, 2013-жылы «КУМТӨР» алтын кени 18,5 тонна алтын өндүргөн. Калган компаниялар өндүргөн алтындын салмагы 500 килограммдын тегерегин түзөт.
  • Өлкөнүн түштүк аймагындагы жарандарынын АЖЫЛЫК ЗЫЯРАТКА баруусу үчүн 1800дөн ашык орун бөлүндү. Каалоочуларды каттоо иши 12-майдан 12-июнга чейин жүргүзүлөт.
  • Ош шаарында ЭНЕЛЕР КҮНҮН белгилөө үчүн шаардык каржы башкармалыгы тарабынан 250 миң сом бөлүнөт. Аталган майрам 19-майда өтөт. Энелер күнүн белгилөө президент Алмазбек Атамбаевдин 2012-жылы 23-апрелде чыгарган жарлыгынын негизинде уюштурулууда.
  • «Кыргызстандын улуттук электр тармактары» ААКсы билдиргендей, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 5-6 МИЛЛиард метр кубга түшүүсү мүмкүн. Бул көрүнүш коңшу өлкөлөрдүн айдоо иштеринин башталуусу менен түшүндүрүлүүдө.  Учурда суунун көлөмү 8 миллиард метр кубдан ашат.

Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(8)
19.05.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар бир депутатка премия жана маянасынан сырткары 40000 сом дейби? Мына сага ошол бардык депутаттардын бир айлык алган акчасын балдар жана карылар уйуно жылына бир эле жолу болуп турушса аны алар майдалап бир жыл болбосо да 6 ай тамак ашына жардам болоор беле. Эгер ошолорду да ойлошсо бир ай айлык албаса ачка калбастыр депутаттарыбыз. Менин оюмча копчулук колдошсо керек бул идеяны
19.05.2014. 16:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин Россияда иштеп тапкан айлыгым депутаттарга берчу акчанын жарымы. Айлыгым квартирама, тамак-ашыма, налогума аран жетет. Мен да Кыргызстанга барып депутат болсомбу, иштебесем деле акча келип турат экен, тооба.
19.05.2014. 17:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бюджетте акча жок деп эле какшайт. Ай сайын бекерчилерге 40 минден берсе созсуз акча жок болот да.
19.05.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир депутатка 40000 айына колго тийсе ар бир айда 120 депутатка 4 800 000 сом кетип турат. Мына сага. Анан дагы мамлекеттин эсебинен автоунаа жана уй берилет... Ошондо да жетпейт депутатычтарга!!! Напсини тыйып алган акчанар буйурсун десенер элдин айлык акысында которуп бергенге чын дилинер менен аракет кылыныздар!!!
20.05.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Лепутаттардын санын кыскартуу керек.Бизге 50су да коптук кылат.Коп суур ийин казбайт,казса да кен казбайт дегендей бп журушот да...
20.05.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булардын санын кыскарткандан коро айлыгын кыскартуу керек. Кыргызстандагы орточо маянага чейин тушурсо, копчулук депутаттар оздору эле мандатын тапшырмак. Башкача айтканда эл катары салык толоп машинасын да озунукун айдап, оз акчасына май куюп дегендей. Элдин жашоосун ондойм дегенден, оз кызыкчылыгы учун келген депутаттар коп.
21.05.2014. 16:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой биздин ач коз депутаттар озунорду эле эмес элди да ойлосонор боло. элдин жашоосу кандай аны мн эч кимдин иши жок продуктанын баасы которулгондон которулуп жатат. ошол 40000 сомду бул жеп тойбосторго бергенче бир метр болсо да жолдорго аствальт басканга жумшабайбы. атамбаевда тегерегине башкалардай эле ХХХ ХХХ топтоп алды мындайда Кыргызстан жуз жылда да онукпойбуз.
Модератор admin_portal түзөттү 21.05.2014 16:25
21.05.2014. 16:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
aiko_87 - эскертүү!
Коомдук этиканы сактаңыз. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо