"ТАМАШОУнун" 2-СЕЗОНУ АЧЫК!

№364 23-29-октябрь, 2009-ж.

15-октябрда кыргыз тилинде тамашалар мода экендигин далилдеп келаткан "Тамашоунун" 2-сезонунун ачылыш фестивалы болуп өттү. 2 күнгө созулган күлкү майрамында боорду эзген тамашалар көп болду.

Фестиваль тууралуу 6 ооз кеп

Фестивалга алдын ала айтылган командалардын дээрлик баары катышты. Алыстан ат арытып, атап айтсак, Оштон “No name”, Ысык-Көлдөн Каракол курама командасы жана Нарындын мамлекеттик университетинен командалар келишти. Оштуктар менен нарындыктар борборго бийик ашууларды ашып келишсе, көлдүктөрдүн катамаран менен келгени белгилүү болду. Ал эми “казактар эмнеге келген жок?” деген сурообузга Эрмек Нурбаев: “Казактарда кризис болуп жатыптыр”,- деп жооп берди.
Адаттагыдай эле тамашаны Эрмек өзү баштады. Анын өзгөчө Урмат Усеновду “Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген атасы” деп жарыялаганы чогулган элди күлдүрбөй койгон жок.

Мыкты тамашалар

Эки достун маегинен.

Кубат:
– Нургазы, сен Чолпон-Атада “местный” эмессиңби, жайында иштедиңби?
Нургазы:
– Ооба, иштедим.
– Анда канча таптың?
– 5 кроссовка жана 6 сотка...

“Юристтер”
Жакында кыргыз окумуштуулары далилдеп чыгышты: Бакиев – накта президент!

“Достук”
Сомалилик деңиз каракчылары порнодисктери бар кемени барымтага алышты. Эми алар телевизор жана DVD берүүнү талап кылышууда.

“Не дай Бог!”
Биздин Айбек биринчи жолу сахнага ичпей чыкты. Азаматсың.

Айбек:
– Достор, мына мен биринчи жолу сахнага ичпей чыктым. Чынбы?
– Ооба, чын.
– Келгиле анда, ошол үчүн алып жиберели...

“Токмок”
Мактаган кыз клубда осурат.
Мен таза болсом, сен таза болсоң, анда Айнура да жууна баштайт.

“Ак кеме”
Башың иштебесе, компьютериңе күч келет.
Бир коон, бир дарбыз, ичибиз өтүп ыйлайбыз.

“KG 77”
Кыргызча үйрөнөбүз. Неврология – нерв оору, травматология – сынык оору, гинекология – неме оору.
Сүйүнчү! Нарында “Народный” дүкөнү ачылды. Эми дүкөндү ат менен кыдырса болот.

“Саяктар”
Катын алсаң, лохун ал.
Эшектин жүгү жеңил болсо, "отжимание" жасайт.

"2-рота"
Жакшы кыз – жакадагы кундуз, жаман кыз – Правдадагы жылдыз.

“Ак-Өргө city”
Дискотека. Баары экиден болуп алып, вальс бийлеп жатышат. Бир жигит четте жалгыз турган кызга жакындап келип:
– Кечиресиз, сиз бошсузбу?
– Ооба, бошмун.
– Анда эшикке чыгып, машина түртүшүп коюңузчу?..

Каракол курама командасы
Разминкада жаралган тамашалар
– Бүгүн ким утат?
– Албетте, Бакиев!

“No name”
– Кыргызстандык футболчулар качан Дүйнө чемпиону болушат?
– Качан футбол ойноп башташканда.
– “Супер-Инфонун” негиздөөчүсү Кылычбек Султанов эмне үчүн бүгүн жюринин курамында жок?
– Ал эмне, сага акча карыз беле?

“Достук”

Наамдар боюнча жеңүүчүлөр:

14-октябрда

Мыкты команда – “Достук”

Мыкты оюнчу – Бактыяр (“Не дай Бог”!)

Мыкты тамаша – Кыргыз абышкасынын Омардын “Let me be your boyfriend” деген ырын аткарганы (“Жигиттер”)

15-октябрда

Мыкты команда – “Юрский период” ­

Мыкты оюнчу – Адилет (“2-рота”)

Мыкты тамаша – Мектепте талап-тоноону үйрөтүү сабагы ("Ак-Өргө сity")

"Тамашоунун" Жогорку Лигасына жолдомо алган командалар:

1. "Ак кеме" (Манас университети)
2. "Ак-Өргө сity" (Бишкек, Ак-Өргө конушу)
3. "Алтын кен" (Тоо-кен институту)
4. "Весёлый строитель" (КМКТАУ)
5. "Достук" (Ататүрк Ала-Тоо университети)
6. "Жигиттер" (Көркөм сүрөт академиясы)
7. "Саяктар" (НМУ)
8. "Не дай Бог!" (КТУ)
9. "Чез" (КУУ)
10. "Юристтер" (Кыргыз-орус славян университети)
11. "Юрский период" (КМЮА)
12. "2-рота" (Бишкек жогорку аскер окуу жайы)
13. "KG 77" (Бишкек)
14. "No name" (ОшТУ)

Базарбек Абдураимов
tamasha@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(5)
27.10.2009. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкты оюнчу – Бактыяр (“Не дай Бог”!) Гууд сыграл
30.10.2009. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-рота мы с вами . Алмаз твой рядовой Айбек
:-)
25.11.2009. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ak keme,ALGA!!!
10.08.2011. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KG77 алга!!! кыргызстан силер менен!!!
17.05.2012. 01:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак-Орго city алга!!!бар болгула Ак-Орголуктор!!!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо