Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ТҮРМӨДӨГҮ «РАЗБОРКАДАН» УЛАМ АТЫП КЕТИШКЕН

№603 23-май-29-май, 2014-ж

30-апрель күнү Ош шаарында экс-мэр Мелис Мырзакматовдун жээнин атып кетишти деген кептер тараган. Аны уккан эл бул окуяны Мырзакматовго карата кысым деп кабыл алып, түрдүүчө жоромолдор айтылып баштаган болчу. Ок атуудан улам жараат алган Жеңиш Садиев ошол эле күнү ооруканага жеткирилип, бирок ал 1-май күнү алган жараатынан улам каза болду.

«ӨЧҮБҮЗ БАР БОЛЧУ, ОШОЛ ҮЧҮН ӨЛТҮРДҮК»
Жеңиш Садиевди Кара-Суу районуна караштуу Дыйкан-Кыштак айылындагы үйүнүн короосунан күндүзгү саат үчтөр чамасында аңчылык мылтыгы менен атып кетишкен. Ок эки ирет атылып, бири колуна, бири көкүрөгүнө тийген. Окуя болгон жерге куралды кылмышкерлер таштап качып кетишкен. Атуу короодогу видео жазууга толугу менен түшүп калган. Окуяга байланыштуу Кара-Суу РИИБси тарабынан кылмыш иши козголгон. 9-май күнү кылмышка шектүү делинип 1971-жылы туулган Таалайбек Нуруев жана 1982-жылы туулган Исламбек Султанов Бишкек шаарындагы батирлердин биринен кармалган. Тинтүүдө алардын жанынан 16 калибрлүү номери өчүрүлгөн, кош ооз мылтык табылган. Шектүүлөрдүн көрсөтмөсү менен кылмыш болгон жерге айдап барган Мерседес үлгүсүндөгү унаасы Ош шаарынын Черемушка кичи районунан табылган.
Бул чырдын башталышы тээ 2001-жылга барып такаларын, кантип башталып, эмне менен аяктаганын Ички иштер министрлигинин түштүк аймагындагы өзгөчө маанилүү иштерди тергөө бөлүмүнүн башчысы Чынарбек Майлыбеков төмөндөгүчө билдирди: «Маркум Жеңиш Садиев менен аны атууга шектүү делинген Таалай Нуруев 2001-жылы Жалал-Абадда жайгашкан түрмөдө бирге жаза мөөнөтүн өтөшөт. Ал абакка Жеңиш Садиев «смотрящий» болгон. Садиев Нуруев отурган камерага кирип келгенде ага урмат көрсөтпөй, ордунан турбай койгондугу үчүн Садиев Нуруевди сабаттырган. Кылмышка шектүү делинген Исламбек Султанов Таалай Нуруевдин өкүл уулу».

Кылмышка шектүү ТААЛАЙБЕК НУРУЕВ тергөө учурунда буларды айтып өттү:
– 2001-жылы март айларында Жеңиш экөөбүздүн ортобузда келишпестик болгон. Мен ал түрмөгө Казакстандын абагынан которулуп келгем. Абактан чыккандан кийин да күн көрсөткөн эмес. Акыры Орусияга кетип кутулгам. Өч алуу максатында аны өзүм өлтүрөм дегем, бирок шеригимдин да өчү бар экен, ал да мага көмөктөштү. Бишкекте жашап жүргөн элем. Апрелдин аягында борбордон Чыңгыз аттуу жигиттен 16 калибрлүү мылтык сатып алдым. Ислам машина тапты, ошо менен 27-28-апрелде Ошко келдик. Жеңиштин үйүн экөөбүз тең билчүбүз, келген күнү карап өткөнбүз. 30-апрель күнү бул иштер жасалды.

ШЕКТЕЛИП КАРМАЛГАНДАР ДАГЫ БИР АДАМДЫН ЖАНЫН КЫЙГАНБЫ?
Таалайбек Нуруев 2006-жылы Орусиянын жарандыгын алган. Өкүл уулу Исламбек Султанов экөө ал жакта бирге иштеп жүрүшүп, адам өлтүрүүгө шектелип издөөдө жүргөн. Омск шаарынын орган кызматкерлери Ош облустук ИИБсына кабарлашып, өздөрү келип, ал кылмыш боюнча да тергөө иштерин жүргүзүп кетишти. Бул боюнча Ош ОИИБсынын басма сөз катчысы ЖЕҢИШ АШИРБАЕВ буларга токтолду:
 Орусиядан келген кесиптештерибизге Садиевдин өлүмүнө шектүү Исламбек Султанов 19-апрель күнү Омск шаарында Абдырасул Мырзаев деген жаран менен биргеликте арак ичип отурушуп чырдаша кетишкенин айтып берди. Көрсөтмөдө балка менен башына уруп өлтүрүп, өкүл атасы Нуруевдин унаасы менен бир жерге алпарып көмүшкөнүн айтты. Ал жарандын сөөгү табылса, эки мамлекеттин ортосунда эл аралык тергөө келишими түзүлүп, бул иштер дагы каралат. Экөө ал кылмышынын изин жаап, Кыргызстанга 25-апрель күнү келишкен экен.
Эске салсак, Садиев Жеңишбек Өсөрович 1977-жылы туулган. Үй-бүлөлүү, артында төрт баласы калды. Жеңиш Садиевдин өлүмү туурасында өзүнүн туугандарынын оюн угууну көздөп, бирок байланыша албадык.

Исламбек Султанов

Таалайбек Нуруев

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  1 
Комментарийлер(25)
26.05.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мыкаачылар.
26.05.2014. 10:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
4 баланын убалы кимге эми акыркы убакта адамдар ушунчалык зоокур болуп калышты россияда адам олтургондор болсо анда булардан жкшылык кутууго болбойт ........
26.05.2014. 13:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
1 жолу адам олтургондон кийин буларга баары бир болуп калат. Кийинки адамды ойлонбой эле олтурушот. Ошондуктан мындай эргулдарга олум жазасы керек.
26.05.2014. 13:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Адамдар эмнеге мынча таш боор болуп баратабыз. Кудайым ар бирибизге ыйман бере кор!
26.05.2014. 13:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Садиевдинда куноосу бар да. Болбосо туугандары маек бермек.
26.05.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
amiin
26.05.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
баары бир камалабыз бунуда олтуролу дешкенго айбандар.
26.05.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
" Эркекче" чечтим маселени деп ойлоп аткандыр, бирок олтургонго укугу жок болчу. Эки киши олтургон болсо кийинки дуйнодо да отурат го.
26.05.2014. 17:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оюнчук болуп калыптырда
26.05.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+13
мага жакты ушул окуя эркек болсо ушинтип оч алыш керек ачык эле атып ачык мойнуна алды тергоочулорду да кыйнабай озун да кыйнабай тез тез бир биринен оч алсанар жакшы болмок жана оптом оч алышсанар мындан да жакшы болмок тезирек тазаланат элек криминалдардан акыркы кундору жаман кобойуп кеттинер
26.05.2014. 20:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тьфу,тьфу кудай сактасын,тообо кылдым.
26.05.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Абдрасул Мырзаев дегендин ата-энеси сыздап жаткан болсо керек балабыз дайынсыз жок деп, бечаралар.
26.05.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин оюумча бул заказной... мелиске бул жон гана кулак какты бул жерде чон-саясат жатат... аларга уже турмого камашса да баары бир....эхх саясаттын арам оюундары...чыныгы политик оюунду честный ойнойт мынтып басынтуу мн эмес улуу урматту саясатчылар!мелис аке кайрат кылыныз...
29.05.2014. 10:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mosya, Мен деле ошондой ойлоп калдым.Анткени суротто экоонутен эки опер эле кармап Джон эле суротко тушкондой болуп турат.Ал жерге кеминде он Адам барыш керек болчу.Бул жасалмага окшоп эле тура менимче.
27.05.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
а тушунукту омскта олтурогон адам томскта журуп уйуно баратканда олтуруп жерге комуп койушкан 2009жылы болгон бул акмактарды олум жазасына тартыш керек булар адам болбойт чыкса дагы бир уй булону мукуратат.
27.05.2014. 09:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адамга инсап беп Аллахым
27.05.2014. 12:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жазаны кучотсо мындай адамдардын омуру кыйылмак эмес тоокту олтургондой эле олум кобойуп жататкоо олгон адамдардын жашоосу балдары эх айта берсен арман коп ар адамга инсап берсин башака эч нерсе айта албайм
27.05.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bizdin zakondo smertnaya kazn' degen jok da, oshondoi bolgondo kormokbuz! za ubiystvo i za iznosilovanie smertnaya kazn' chygarsa sonun bolot!!!!!!!!!!!
27.05.2014. 18:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
смертная казнь законун киргизип атып салыш керек киши олтургондорду ошондо гана мындай кылмышкерлер оздорун тыймак а то кундон кунго мыкаачы болуп баратат!
27.05.2014. 19:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Булар заказ менен аткан 100% артында бар адамдар жакшы сурака алыш керек.
27.05.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Айииий десе анык мыкаачылар го!Кудай сактасын ушундай адамдардан!4 баланын убалы урсун!Сасык саясаттын дагы бир оюну башталганы турбайбы ыя?!
29.05.2014. 00:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мыкаачы айбандар!,ушулардын оздорундо да бала-чака болгон да!,кандай тарбия берет экен?,кайсыл бети менен?,кайсыл ыйманы менен?,Садиевдин туугандары,жубайы жана балдарынын каргышы аздык кылат мыкаачыларга!
29.05.2014. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy boluptur, ubagynda kosyak ketirgen eken.
29.05.2014. 14:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баягыле саясатчыларда артында. Ак уйдо олтурат эч нерсени билбеген адам болушуп.
30.05.2014. 12:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тобо эмне дешинди да билбейсин,мыкачылар.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо