«АЯЛЫМДЫ КАНТИП КАЙТАРЫП АЛАМ?»

№603 23-май-29-май, 2014-ж

– Аялым мени менен 2 ай жашагандан кийин кетип калды. Эми аны кайтара албай жатам. Окуя мындай болгон эле.
Бир ирет бир кыз менен таанышып калдым. Сүйлөшсөм, ал баткендик экенин жана үйүнөн качып жүргөнүн айтты. Балдар жаш кызды бузуп койбосун деп боорум ачып, убактылуу жашап тур деп үйгө алып бардым. Ошентип, ал менин үйүмдө 3 күн жашады. Байкасам, жакшы эле кыз сезилди. Анан мен, үйдөгүлөр жана тиги кыз болуп сүйлөштүк да, экөөбүз үйлөнмөк болдук. Муну кыздын үйүндөгүлөргө айтсак, алгач макул болушпай, анан уруксат беришти. Биз баш кошуп, 2 ай жашадык. Анан эле ата-энеси жок шылтоолорду айтып, кызын ажырашууга жеткиришти. Ата-энеси бизге «30 000 сом калың бересиңер» деген эле. Биз шарт болгондо берели дегенбиз. Ошогобу же башкагабы, айтор, «күйөө балабыз башка бир аял менен жатып, кызыбызга оору жугузуптур» деп калп айтып чыгышты. Мен аялымдын көзүнө чөп салмак тургай ал тууралуу ойлогон да эмесмин.
Эми аялымды кантип кайтарып алам? Аны 2 ай ичинде жакшы көрүп калгам.

Абдулла, Ысык-Ата району, 22 жашта

– Эки жаш бири-биринин мүнөзүн жакшы билип, ата-энелеринин макулдугу менен баш кошсо гана үй-бүлөсү бекем болот. Ал эми бири өткөн жашоосун жашырып же алдоо жолу менен никелешүүгө жетсе, андай үй-бүлө баары бир бузулат. Анткени бир күнү баары калкып чыга келет.
Анын сыңарындай, Абдулла, сиздер кетирген ката – бири-бириңиздерди жакшы билбей туруп баш кошконсуздар. Ал кыз үйүнөн качып жүргөн болсо, демек, анын үй-бүлөсүндө чоң көйгөйлөр бар. Ынтымактуу, бири-бирин сыйлап, түшүнгөн үй-бүлөдөн эч ким качпайт.
Кыздын ата-энеси шылтоо тапса, демек, кызынын келечегинен кам санап жатышат. «Калың бере албаган жерде кызыбыз кандай күн көрөт?» деп шекшишет же «күйөө балабыздын жумушу (же билими) жок болсо, кандай болот?» дешет. Мүмкүн, кызынын мүнөзүн жакшы билгендиктен, «баары бир жашап кете албайт» деп чечип, шылтоо таап жатышат...
Айтар кеңеш, эки тарап ийри отуруп, түз сүйлөшүүлөрү керек. Эмне үчүн ажыраштырып жатышканынын себебин так билүү зарыл. Сиз келинди кор кылбай, жакшы бага аларыңызды, ата-энеңиз да жакшы адамдар экендигин айтыңыз, ишендириңиз. Буга болушпаса, анда бактыңызды башкадан издөөңүз кажет. Азыр жаштык менен «жакшы көрүп калдым» деп жатышыңыз ыктымал. Чыныгы сүйүүгө, мүмкүн, эми жолугасыз.

«КҮЙӨӨМ ЖЕСИР ЖЕҢЕСИ МЕНЕН МАМИЛЕЛЕШ...»
– Күйөөм экөөбүздүн ортобузда 3 балабыз бар. Бирок күйөөм жесир жеңеси менен мамиле куруп алганына 2-3 жыл болду. Ал аял биздин көчөнүн аркы бетинде жашайт. Жолдошум кечинде үйгө келип, курсагын тойгузат да, анан түн кирди дегиче жоголот. Айылдагылар турмак балдарымдын алдында өзүм уялам. Ажырашайын дейм балдар бар, ажырашпайын дейм намысымды тебелеп бүттү. Эмне кылам?

Зергүл, Нарын, 29 жашта

– Зергүл, сиз жолдошуңуз менен ачык сүйлөшүп, жан дүйнө абалыңызды толук айтыңыз. Мисалы, «сен тиякка кеткенде мен өзүмдү басынткандай, кем сезем. Бизди көрүп балдар да чүнчүп, жаман болушууда. Ушинтип стрессте жүрө берсем психикалык же башка ооруга чалдыгып калышым мүмкүн. Эми бул маселенин аягына чекит коюп, бир жаңсыл болуу керек» дегендей.
Мүмкүн, күйөөңүздүн көңүлдөшү менен да сүйлөшүп көрөрсүз. Мисалы, «сен жалгызсың, аны түшүнөм. Сага да эркектин жылуу мамилеси, колдоосу керек. Бирок ошол колдоону менин, балдарымдын азабы аркылуу алып жатканың туурабы? Эгер анчалык бири-бириңерди таштай албасаңар, анда мен ажырашам. Бирок атасы катары балдарды карап, багууга ал милдеттүү. Бул жагынан сен ага жолтоо болбошуң керек» дегендей. Алар эмне деп жооп берет, анан ошого жараша чечим чыгарыңыз.

Сиздердин сурооңуздарга «Альтернативаларды алдыга жылдыруу» коомунун координатору, психолог ПЕРИЗАТ АСЫЛБАЕВА жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз. Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(29)
26.05.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+10
Ушундай эркектен коро жогу жакшыгоо оз женеси менен малиле кылган......Азыр уялып деле койушпайт!
26.05.2014. 11:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
биздин айылда да ушундай окуя болгон...агасы жокто женеси менен мамилелеш болуп алыптыр .озунун аялы бар эле .бир жолу агасы кармап калып асынып олуп калды аялы ага чейин коп жыл торобой жургон .ошол кезде боюнда болгон экен олгондон 3-4 айдан кийин уул тороп алды ...мына ушундай туугандар арты кандай болуп бутору мындай иштин.
26.05.2014. 16:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
bizde da bolgon bır mısal bır kelın kaynagası menen mamıle tuzup alat anı bılıp kalgan kuyoosu atalash agası menen urushat jıyıntık jok anan achuulangan kelındın kuyoosu bır kunu toydon kelatıp bardık jenelerın uyloruno tashtap atalsh jenesın (ayalının oynoshunun ayalı)tokoy jakka alıp ketıp zorduktap salat och aluu maksatında senın da kuyoon menın ayalım menen jattı dep urush talash menen zorgo ayaktadı bul okuya Talas obl bır ayıldarında boldu oto keyıshtuu okuya allah kechırsın

26.05.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Баарына ыйман берсин!
26.05.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ошол учун кыргызда энесин коруп кызын ал деп айтылатда Абдулла. биринчи ата энеси менен таанышып алардын да оюн угуп анан уйлонушун керек болчу. турмуш оюнчук эмесго.
26.05.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Болор иш болгондон кийин, мумкун болсо жесир женесине да нике кыйдырып алсын да. Эки уй жанаша болсо кирип-чыгып журо берет.
27.05.2014. 02:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aygul, сен ушуну жазаардан мурда ойлонуп озуно суроо берип корчу ушундай тагдыр сенин башында турса нике кыйдырууга макул болот белен же ........
27.05.2014. 02:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kudai sakta,,,adamdar emne bolup jatywat tuwunuksuz.
27.05.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ата-энеси ажыраш деп жатышкан болсо ал кызды кармап туруудан кажет жок,шугур кыргызстанда кыз дефицит эмесго))
27.05.2014. 19:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Куйонуз женесине барса, сиз да любовник таап алып ага барыныз.
28.05.2014. 16:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
куйоосу уйдон кетсе аялы куноолу деп ойлойм, жакшы аял болсо эркек эч жака кетпейт,
28.05.2014. 16:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргыздарда ушундай, уйлонуп алышат биринчи анан экоо бири бирине болгон сезими очо баштаганда башкага кетип калышат,,,
28.05.2014. 18:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аман0296 ойлонуп анан жазсаныз болмок,балдарын ойлош керек.ата эне экоо тен ойношуп журсо балдар кандай абалда калат?
28.05.2014. 21:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Үйүнөн качып, көчөдө тентип жүргөн кызды башыңа урасыңбы? Жок кыл, андай кыздан жакшылык чыкпайт го менимче.
29.05.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менда уктум эле бир бала женеси экоо тил табышып алыптыр агасы жумушка кеткенде женесин папылдатып жыргайткен агасы келгенде сулуу чымчык болуп журо берет экен .
29.05.2014. 01:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кандаш тууганынын аялы менен зына кылсан жети атандын арбагы урат!,тааныганымда бетине айтат элем!
29.05.2014. 02:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Кычышкан катындарга айла деле жок озу, эсеби эркек болсо болду,тууганыбы,балээби,башкабы аларга баары бир...Ошондой жузу жок шерменделерден Алла Таалам озу сактасын.Аял киши намыссыз болсо уй-булонун шору андай наадандардын барынан жогу.Атка суйротуу деген жаза болгон кыргызда же жыланач кылып эшекке тетири мингизишкен.Ошол жазалар туура да негизи.
Модератор admin_superstan түзөттү 29.05.2014 09:36
29.05.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
best-life, провокацияга жол жок. Билдирүүңүз түзөтүлдү.
29.05.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын ушундай окуялардан
29.05.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткен чон тамга менен жазылбай калыптыр.
29.05.2014. 16:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Knopka.2014, географиялык энчилүү аттарга ошол жердик экендигин туюнтуучу мүчөсү уланып айтылса, ал сөз кичине тамга менен жазылат.
29.05.2014. 19:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уйунон ка4кан кыздардан оору жугат .кыргызстанда ошон учун оору копда
29.05.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйунон качкан кызгада уйлонобу тооообооо кылдым
29.05.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
АЛЛА баарыбызга ыйман ынсап берсин
30.05.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
- Баткендик кызга бир барып созду такташуу керек болбосо башка кызга уйлонуп, алаксуу керек жакшы коруп калсан кыйын эле болот.
- Зергул эже интимдик жака жакшылап конул болуу керек аялдар торосок эле болду дейт окшойт а эркектерге ошондой эле керек, Кыял деле туура айтып жатат аялы куноолуу деп
31.05.2014. 14:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уйдон качкан кызды батырып алсан билбейм сен омурлук жарды кандай тандайсын.
01.06.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдугун кур эээ...Аллам баардыгына ынсап берсин...тфу тфу тфу...
01.06.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо жакшы кыз уйдон качмак беле. Жакшылап ата тегин суруштуруп анан уйлонсонуз болмок экен.
01.06.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эркекчиликте болуп туратко мындай нерселер!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо