«ЭЛДИК ЛОТЕРЕЯ» – БАЙГЕ ФОНДУ ӨСҮҮДӨ

№603 23-май-29-май, 2014-ж

9-Май – Улуу Жеңиш күнүнө карата 8 миллион сомдук баш байгеси менен «Белек» лотереясы КТРК каналында утушун өткөрдү. Бул күн каарманыбыз Тилек үчүн унутулгус кундөрдөн болуп калат, анткени ал Кыргызстандын жаңы миллионери болду.
15-май күнү «Элдик лотереянын» өкүлдөрү Ысык-Көл облусунун Каракол шаарына барышып, 8 миллион сом жана 3 кишиге
400 миң сомдук ири утуштарын тапшырып келишти.
Адаттагыдай байге тапшыруу аземи абдан жакшы атмосферада өттү. Жеңүүчүлөр кубанычтарын жашырышкан жок, албетте, мунун себеби баш байге болду.

Бул жолку миллионерибиз Ысык-Көл облусунан ТИЛЕК болду. Ал утушту кантип короторун төмөнкүдөй айтып берди:
– Үй-бүлөмдүн максаты эми ишке ашты десем болот. Бишкектен үй алсак деген көптөн бери тилеп келе жаткан кыялыбыз бар эле. «Элдик лотерея» бизге ал мүмкүнчүлүктү сунду жана жеке эле кыялыбызды орундатпастан биздин ишенимибизге дагы кирди. Лотерея көп ойночу эмесмин, келиним жаңы жылдан бери ойноп келе жатат, ар утушту үй-бүлөбүз менен чогуу көрөбүз, 9-май күнү өткөн утушта 7 билет алганбыз. Бир билетибиз дароо 200 сомдук утушка ээ кылды, ал эми бул жолу билеттин бардык сандары туш келип жатты, акыркысына жеткенде, мүнөттөр жай өтүп калгансыды, дагы 1 сан туура чыкса дегенде эле чыгып калды. Биринчи сүйүндүм, анан шектендим, кыскасы, бул акчаларды Ысык-Көлгө чейин алып келип бермейинче эч ишене албадым. Кыргызстандыктарга каалаарым, мендей миллионер болуунун ырахатын таткыла, ал үчүн «Белек» лотереясын алып ойногула, уткула!

Ири байгелерден 400 000 сомду утуп алган ИЛГИЗ Бишкекте соода менен алектенет:
– Утуш күнү мен жумушумда болчумун, келинчегим телефон чалып, «400 000 сом утуп алдык» десе ишенген эмесмин. Лотереядан утат дегенге ушул убакытка чейин эч ишенбечүмүн, эми миллионду утуш үчүн ойнойм.

Дагы бир жеңүүчү САПАРААЛЫ кубанычы менен мындайча бөлүштү:
– Апам жана кичинекей карындашым болуп ЦУМга келгенбиз, кыдырып жүрүп лотерея көрүп калдык, апам тандап алган. Ошол үчүн утушту ага берем.

АЙЗАДА дагы «Белектен» 400 000 сом утуп алгандардын бири. Кош бойлуу болгондугуна байланыштуу эмгек өргүүдө:
– Билеттерди «Дордойдон» алганбыз. Мындан мурунку утуштарга да катышкам, ырымдап 5-6 билеттен алып койчумун.

«Элдик лотереянын» өкүлү АЛИНУР ОРМОН уулу куттуктап гана тим болбостон «Белек» лотереясын ойногондорго маанилүү маалыматы менен бөлүшө кетти:

  • Билеттерди расмий сатуучулардан алыңыздар;
  • Билет атайы кагазда басылган, жакындан караганда акча купюраларында көрүнгөндөй кылдарды көрө аласыз;
  • Белек жазуусу колго кармаганда билинип туруш керек;
  • Белек жазуусу жана бренддин логотиби голограммадай жалтыраш керек;
  • Микросызыктар так көрүнүп туруш керек.

Кийинки утуш 15-июнда КТРК каналында саат 19:00дө өткөрүлмөкчү. Анын да баш байгеси 8 000 000 сом, бирок 2-категориядагы байге 700 000 болгондуктан, кызыктын баары алдыда.

«Элдик лотерея – Ойноп жаша!»


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
26.05.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билетти оштон алса болобу.
26.05.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чолпонаталык байке утту, ала турган ак оргонуздор кут болсун.
26.05.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ооба, мен Оштон Араванскийден алгам. Эч нерсе уткан жокмун. Жиним келди)))
26.05.2014. 21:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
оштон албай эле кой утпайсын
27.05.2014. 09:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле ишенсек болобу? Негедир ишене албай журом билеттен миллион сом утса болот экенин.
27.05.2014. 09:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Билетте дагы, сайтында дагы бадырайып " оюн кокустук жолу м.н откорулот",- деп жазылып турат. Анан Оштук билеттер утпайт деген ишенич кайдан келип чыкты?
29.05.2014. 02:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушул лотерея башталгандан бери коруп келе жатам оштон эч ким утпады
29.05.2014. 02:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уткандарды окусан деле башка жерлер дордойдон сатып алгандар же ысык-кол жб
29.05.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен мин сом утуп кайра андан коп утурдум . мумкун болсо элдик латериядан толук малымат алып берсенер канча сом бир билет утуктан канча% кармап калат канча турдуу лотериясы бар
29.05.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
talant87, элдик лотерея тууралуу макалалар тизмеси:
http://www.super.kg/allsearch/?where_to_search=article&search_term=Элдик+лотерея&x=0&y=0&media_search=1
29.05.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
админ. анда утуктар гана жазылган экен мисалы 10000 утса канча % алып калат ошолор жонундо малымат берсенер
29.05.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
talant87, 18% кармалат болушу керек эле, бирок ири утуштардан гана. Майдалардан алынбайт.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо