ҮЧ КУРБУ (сериал)

№603 23-май-29-май, 2014-ж

– Сизге жолугам деп келерин келип алып, эмнеден баштаарымды билбей турам.
Көздөрү бакырая, жаш баладай ишенчээк тигилген маектешимди кызыга тиктедим. Журналисттик кесибимде көптөгөн тагдырлардын ээсин жолуктургам, көптөр жан дүйнөсүн ачышкан. Ишенич, үмүт менен тиктеген көп каректерди көргөм. Келин да жан дүйнөсүнүн капкагын ачкысы келип, бирок «капырай, кантип эле чоочун адамга өмүр бою катып келген сырымды айтам» дегендей бир аз чочулоо бардай.

– Жүрөгүңүз эмнени каалады, эмнени айткыңыз келди, так ошондон баштаңыз?
– Жүрөгүмбү?..
Саамга үн катпай калган келиндин үнү дирилдей түштү.

– Жүрөгүм үн катканга алы калбай калды окшойт, чагымда...
– Жок, жүрөк кандай учур болбосун сүйлөйт. Болгону, кайсы бир учурда ал эмне деп айтып, эмнени каалап жатканын билбей, пенделик кылып көз жумуп коёбуз,- дедим.
Келин серп сала тиктеп алганда анын таптаза, жаш баланыкындай караган тунук каректерин көргөнүмдө жүрөгүм мыкчыла түштү. Анткени ал каректердин түпкүрүндө ордунан жылдыра алгыс муң жаткан эле. Карегинин түпкүрүндө тоңуп жаткан музду эч ким, эч нерсе эрите албачудай...

– Сиздин чыдамыңыз жетсе, анда мен башынан айтып берейин,- деди ал бир аздан соң.
– Биз... Биз үч курбу элек. Бул менин эле баяным эмес, бул үч курбунун, аргасыз, чарасыз душманга айланган, бирок, жүрөгүндө дагы да болсо үлбүр жылуулук бар үч аялдын тагдыры. Баян, Назик, Жанара... Азыр да апаларыбыз бизди ушинтип чакырышканы кулагымда. Оюндун кызуусуна кирип, кеч киргенин билбей жүрө берген бизди киргизе албай убара болушчу. Бизди эч ким жалгыздан издешчү эмес. Анткени үч эм козудай ээрчишкен биз ойго кетсек да, түзгө кетсек да чогуу жүрөр элек. Үчөөбүз жашташ эле эмес, кошуна, анан ата-энелерибиз жакын санаалаштар болчу.
Назик – арабыздан эң сулуусу, өтө назик жан эле. Буту-колубуз тытылып, жыгылып-туруп ойногон бизди ал жылмая күлүп гана карап турчу. Кийимин булгоо же чектен чыгып бизге окшоп көк шиберге оонаган көрүнүш анда болчу эмес.
Экинчибиз – Жанара. Ар нерсени ойлоп тапканга маш, жандуу, кыймылдуу, айтканын кылган эркек мүнөз кыз эле. Тентектиги жанда жок, ар кайсы нерселерди ойлоп таап, адамдын башына келбей турган нерселерди жасап таң калтырчу.
Менин атым – Баян. Кичинемден атам казак жергесине барып, бир айтышка түшкөн акын кызды көрүп калыптыр. Анан анын өнөрүнө суктанып, менин атымды ошол кыздын атынан коюптур. Бирок мен атам каалагандай көйкашка акын боло албадым. Болгону адамдарды сүйүп, аларга ишенүүдөн тажабаган, жүрөгүндө сүйүү мелт-калт толгон, ар бир адамга жардам бергенге шашылган мээримдүү элем.
Мен үй-бүлөдө жалгыз кызмын, эки агам бар. Бирок эч качан эжем же сиңдим жок деп капа болгон эмесмин. Анткени Жанара менен Назик менин ошол бөксөмдү толтуруп турушчу. Билбейм, кандай нерселер башыбыздан өтсө да, мен алардан баш тартып кете албадым, кудуретим жетпеди.
Али да эсимде, апаларыбыз мектептин босогосун аттаарыбызда үчөөбүзгө окшош форма алып беришкен. Атүгүл чачтарыбызды да окшош өрүп, бантик байлап жөнөтүшкөн. Эртең мектепке барабыз дегенде жүрөгүм дүк-дүк болуп жатып уктагам. Эртең менен кимдир бирөө төшөгүмдү тарткылаганынан ойгонуп кеттим. Көзүмдү ачсам Жанара туруптур.
– Чүш-ш, апамдар мени үйдө издеп жүрүшөт болуш керек. Мен сеникине жашынып калайын...
– Эмнеге? - дедим мен көзүмдү ушалай.
– Жөн эле, мектепке баргым келбейт.
– Жок, биз барышыбыз керек, ал жак жакшы...
Сөзүмдү бүткөнчө Жанара мен уктаган керебеттин алдына кирип кетип, жашынып отуруп алды. Апам кирип айланып-тегеренип жалына мени кийинтип жатты. Ошол учурда Жанаранын апасы кирип келди.
– Жакшысыңарбы, жеңе? Жанара келген жокпу, көзүн ачары менен эле Баянга барам деп жөнөп калчу эле...
– Жок, келбеди,- деди апам астейдил.
– Өлүгүңдү гана көрөйүн, бир күн болсо да жанды койбойт минтип издетип. Тентимиш атасын тарткан да...
Алкынып жаткан Анипаны тиктеп алып апам кейип кетти.
– Койчу, ботом. Баланын жүрөгүн ушинтип түшүргөнсүң го. Бир аз балага жумшак мамиле кылсаң боло...
– Ой, сиз билбейсиз, жеңе. Баланын баары сиздин кызыңыздай болсо кана. Ал жети тумшук эмненин гана ичинен чыкпайт.
– Кой, Анипа, баланын баары бирдей. Апасы бечара тирүү болгондо канаттууга кактырат беле? - деп апам мени тиктеп алып сөзүн кыска токтотту. Анипа эже бир нерсе деп айтып жибере турган болуп барып, апамдын сүрдүү жүзүнөн айбыктыбы, үйүнө жөнөдү.
– Апа?
– Оу, берекем...
– Жанаранын апасы Анипа эже эмеспи?
– Койчу, балам, ар кайсыны сүйлөтпөй...
– Сиз айттыңыз го...
Апам оор үшкүрүп алып үн катпай койду. Анын мүнөзү ушундай, биздин үйдө баарыбыз апамдын үнсүз каршылыгын кабыл алабыз, кайтарып суроо бермей жок. Андан ары сөздү улаштын кереги жок эле.
– Апа, Жанара биздин үйдө, ал мектепке барбайм дейт.
Апам керебеттин алдында бөжөктөй бөгүп отурган аны алып чыгып бооруна кысты.
– Жанартай, сага эмне болду? Эмнеге мектепке барбайсың?
– Баргым келбейт.
Өжөрлөнө берген Жанараны апам көптө макул кылды. Апамдын мээримине туруштук бере албадыбы, акыры мектепке барганга макул болду. Алдына отургузуп, чачын дал
меникиндей кылып өрүп берген апам агамды анын үйүнө чуркатып формасын алдырды. Анан экөөбүз жетелешип мектепке жөнөп калдык. Биздин көчөбүз куду майрамдагыдай сезилди. Кызыл-тазыл гүл көтөргөн балдар... Арасынан Назикти таап, үчөөбүз кол кармаша мектепке жөнөгөнбүз.
Биздин окуя ушинтип башталган. Ошондогу сүрөтүбүз али да бар менде. Быйтыйган колдорубузга гүлдөрүбүз батпай, сүрөт толо жылмайган жүздөрүбүз... Ка-ап, адам баласы эмнеге наристе кезиндегидей тазалыкты сактап кала албайт болду экен...
Ошентип кол кармашкан биз ар дайым мектепке чогуу барып, кайра чогуу келчүбүз. Эмнегедир Жанараны өтө аячу элем. Анткени кийин билсем, анын апасы кичинесинде каза болуп, Анипа эже анын өгөй апасы экен. Назик болсо, тескерисинче, өтө эрке болуп чоңойду. Ата-энесинин жалгыз кызы, анын үстүнө атасы да жакшы кызматта иштеп, кийбегенди кийип, ичпегенди ичип, анын айтканы айткан, дегени деген болчу. Үчөөбүз тең жакшы окучу элек. Бирок Жанара бизден өжөрлүгү, агай-эжейлерден да коркпогон мүнөзү менен айырмаланчу.
Ошентип биз тез эле бой жеттик, жигиттерге кыйгач карап, айрымдарыбыз кат алганга да жетишип жаттык. Таң калганым, менин дүйнөм чоңоёо электе, мен эркек деген дүйнөнү ачканга шашыла электе биринчи каттар менин дарегиме келе баштады. Бир чети чочуп, бир чети апкаарыган мен андай учурда Назик менен Жанарага жетип барчумун да, уучумдагы катты аларга берип, бетимди жаап отуруп калчумун. Ойлоп көрсөм, мага классыбыздагы балдардын көбү кат жазган экен. Бирок эмнеге мага? Мен Жанарадай кыйын эмес элем, Назиктей сулуу эмес элем, бирок эмнеге мага?..

(Уландысы кийинки санда)

Асия Алиева


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  10 
Башка сандарда:
ҮЧ КУРБУ (сериал) 604-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 605-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 606-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 607-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 608-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 609-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 610-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 611-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 612-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 613-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 614-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 615-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 616-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 617-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 618-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 619-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 620-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 621-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 622-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 623-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 624-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 625-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 626-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 627-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 628-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 629-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 630-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 631-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 632-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 633-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 634-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 635-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 636-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 637-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 638-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 639-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 640-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 641-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 642-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 643-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 644-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 645-сан
ҮЧ КУРБУ (сериал) 646-сан
Комментарийлер(24)
26.05.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uwintip uch kurbu da bawtady. kyzyktuu bolot go
26.05.2014. 09:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип жаны окуя да башталды
26.05.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ой мен дагы таппай калдым го?Каякта жазылган?
26.05.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мына купулга толо турган сериял башталды.
26.05.2014. 10:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Магга уч курбу аябай жакты азаматсынар супер инфо бирок кобуроок жазгылачы.
26.05.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
samira.0907, Altysha92, hihikayu,
Саламатсыздарбы!
"Чаңдагы гүл": http://www.super.kg/article/?article=27913
26.05.2014. 11:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
angelo4ka_96, erkele, Nur_meerim,
Саламатсыздарбы!
http://www.super.kg/article/?article=27841
26.05.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооба жакшы башталды го.
26.05.2014. 15:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуудайго кутуш керек дагы бир жума
26.05.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктуу экен
26.05.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктырып бутуп калганы жаман да!Бир жума кутобуз эми айла жок(((
26.05.2014. 21:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз да уч курбу элек. Бирок университетте. Абдан шайыр. Учообуз бир маршурт менен барабыз. Учообуз тен туугандардыкында туратлек. Турмуш олуттуу боло баштаганда свналып калдык го.....
27.05.2014. 04:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Салам супер мен чандагы гулго тушунбой калдым,Айдай апа деген боюнча бутуп калдыбы .уландысы кийинки санда деп турат го анан
27.05.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sumaya,
Саламатсызбы!
Гезиттин кийинки санында чыгат уландысы.
27.05.2014. 09:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Еми бир жума кантип отот кт берип кыйналабызго супер инфо кандай жолу бар ертераак кийинки санды окуштун
27.05.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башаламан болуп кеттиби корунот
28.05.2014. 01:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Новый сериал заинтриговал. Ждем острых сюжетов.
28.05.2014. 14:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Башташы го баштап алдык эми кечке куто берет экенбиз да буюрса
29.05.2014. 12:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биз 40 группалаш элек, азыр 11 калдык )))
30.05.2014. 17:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыык...чыгарма экен. Биз да 3 курбубуз!
30.05.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыктын баары алдыда экен да
31.05.2014. 21:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызык экен
20.06.2025. 21:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмнеге бир сериясына кирип эле башка бөлүктөрүн окуп чыкканга мүмкүн эмес болуп калды( мурун болчу эле Бут жан дуйном бөлүмүн казып чыгыш керек да бир сериалды башынан аягына чейин окуш үчүн
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо