Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КЫРГЫЗСТАН БАЖЫ СОЮЗГА КИРБЕСЕ, КЕСЕПЕТИ КӨБҮРӨӨК БОЛОБУ?

№603 23-май-29-май, 2014-ж

20-майда Жогорку Кеңеште «Кыргызстандын Бажы союзга кириши: пайдасы жана зыяны» деген темада жыйын болуп өттү. Анда «Бажы союзга кирген соң Кыргызстан кандай пайда табат? Кандай зыян тартат?» деген суроолор кабыргасынан коюлуп, биримдиктин оош-кыйыштары талкууга алынды.

ПАЙДАСЫ: 170 МИЛЛИОН КАЛКЫ БАР РЫНОККО ЖОЛ АЧЫЛАТ
«Бажы биримдигине кирсек, айлыктар көтөрүлөт» деди өкмөт башчы Жоомарт Оторбаев. Маянанын өсүшүн премьер-министр өлкөгө келе турган инвестициянын көбөйүшү менен түшүндүрдү. Анын айтымында, Кыргызстан Бажы союзга кирсе, жаңы иш орундары түзүлүп, салык көп чогула баштайт.
Жыйынга катышкан экономика министри Темир Сариев аталган биримдикке кирүү зарылчылыгын айтып, эгерде кирбесек, анда мындан дагы начар абалга туш болорубузду билдирди. «Биримдикке кирген соң Кыргызстанда чоң мүмкүнчүлүктөр пайда болот.
170 миллион калкы бар ири рынокко жол ачылып, өз продукцияларыбызды экспорттой алабыз
» деди ал. Темир Сариев азыркы тапта Кыргызстан Орусияга тамеки, пахта, айнек, ал эми Казакстанга электр энергия, сүт азыктары, жашылча жана мөмө-жемиштер, мал жандыктар, кийим-кече экспорттоп жаткандыгын айтты. Кайра ошол эле Орусия менен Казакстандан Кыргызстанга күйүүчү май, ун, көмүр, шекер ташылып келерин кошумчалады. Ошондой эле биримдикке кирүү аркылуу «соода жок» деп алакан жайып отурган «дордойчулардын» иши да жүрүшүп кетери кабарланды. Мындан тышкары Темир Сариев: «Биримдикке киргенден кийин азык-түлүк менен дары-дармекке болгон баа кымбаттабашы керек. Алыскы өлкөлөрдөн алынып келинген буюмдардын баасы көтөрүлөт. Бирөөнүн башкаруусуна өтөбүз деген да туура эмес. Союзга кирүү импорт маселесин иретке келтирет. Экспорт мамлекеттин өз иши»,- деди.

 

ЗЫЯНЫ: КЫМБАТЧЫЛЫК КҮТҮЛӨТ
Жыйын учурунда Жогорку Кеңештин депутаты Равшан Жээнбеков Темир Сариев келтирген аргументтерди четке какты. Ал тобокелчиликтер көптүгүн, Кыргызстан менен Бажы биримдигине кирген мамлекеттердин экономикасын салыштыруу туура эмес экендигин эскертти. Ал эми мигранттардын маселелери боюнча биримдикке кирүүдө аларга эч кандай жеңилдик жок экендигин кошумчалады. Анын маалыматына караганда, биримдикке кирген соң азык-түлүк жана кийимге болгон баа 40 пайызга, автоунаалар андан да жогору баага кымбаттайт. Жээнбеков Бажы биримдигинен баш тартып, радикалдуу реформаларды жүргүзүүгө чакырды.Ал эми депутат Улукбек Кочкоров «Кыргызстан азык-түлүк менен өлкөнү 10 пайызга гана камсыздайт. Эгерде биримдикке кирсек, 170 миллион калкты камсыздоонун ордуна ошол 10 пайызыбызды да тарттырып коюп отуруп калбайбызбы?» деп чочулады.
Мамлекет башчы Алмазбек Атамбаев өлкөнүн Бажы союзга кирүүсү боюнча: «Кыргызстандын өнүгүшүн кааласак, анда Бажы биримдигине кирүүгө мажбурбуз. Же азыр өзүбүз үчүн жакшы, пайдалуу шарттар менен, же эртеби-кечпи бардык оңтойлуу мүмкүнчүлүктөрдү өткөзүп жиберген соң союзга кирүүгө туура келет»,- деди.



Темирбек Матаев
politika@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(114)
28.05.2014. 23:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туугандар тсга кирсек да кыргыз эли жоголуп кетпесе болду деп тиленеличи атамбаев бакиевдер жыргатпайт го ынтымак болсо баары болот
28.05.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
эй туугандар кириш керек башка айла жок бир жолду ондош керек болсода карыз сурайбызбы деп депутаттар голос кылып калышыптыр ойлонсонор биздин жоголушубузга аз эле калды конечно башында кыйын болот бирок бара бара баары жакшы болот кымбаттаса айлыктар которулот
28.05.2014. 23:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
жегенге унубус арзан болсо болду биринчи тамак- аш анан кийим кече калганын аракет кылабызта дагын тытынып
29.05.2014. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Назарбаев колун булгап айтып жатат;-мынал Алмазды деле кошуп алалы да деп.Лукашенко менен Путин турат кубурашып;-жок де,жок де деп!(тамаша)..негизи комментарийлер менен чечилбейт экен да мындай иштер,болбосо грамотно жазгандар коп экен бул жерде.ТС га кошулсак жарыбайбыз!,менин кыска оюм ушул эле!
29.05.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Темике кайдагы пахта,тамекини экспортко чыгарганы атат экен?,Ак уйдун алдында эгип атышабы?,туштук региондордо мурункудай экпей калган го азыр андайларды!,пахтачылар журот азыр кремльдин айланасында анча-мынча КР нын чиновниктеринен жакшы жашап!,озунор мээнет кылып эгип анан экспорттогула!,дыйкандарды 35 сом менен алдабай!
29.05.2014. 02:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кайран гана эсил Акаев мн Бакиевдин заманы... Акаев бийликте турганда онугуу маселеси бир нукка тушмок.Кыргызстанды мынчалык тытмалашып, биздин баканооздор олкону тытмалап жешпейт эле.Олкону жакырланткан тоболдорго наалат.Элинин проблемасын чече албаган башы жок башчылардан эмне пайда!Оз жаранын коргой албаган бийликтен эч нерсени кутуу мумкун эмес.
29.05.2014. 09:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ээ чондор карапайым элди карасанар силер эле ххх элди карабай койдунарого кайдагы бажы анда эл кыйналып калатко эим кайдагы бажыны чыгардынар анда баардык нерсе кыпбаттайтко карапайып эл эми чыдабайт чондор ойлонгула
Модератор admin_superstan түзөттү 29.05.2014 10:40
29.05.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Paiaz, кимдир бирөөнү мазактоого жол берилбейт!
Эсиңизде болсун! Эскертүү!
29.05.2014. 11:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara_kulzha, провокациядан алыс болуңуз!
29.05.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ал эми депутат
Улукбек Кочкоров « Кыргызстан азык-
түлүк менен өлкөнү 10 пайызга гана
камсыздайт. Эгерде биримдикке кирсек,
170 миллион калкты камсыздоонун
ордуна ошол 10 пайызыбызды да
тарттырып коюп отуруп калбайбызбы?. Эн туура айткан.
29.05.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин оюмча россия кошулсан деп чон акча болуп берет.ошону биздин чондор болуп алгысы келип жатат.путин кок мээ эместа.кыргызстандын акыбалын коруп турат.кошулса бизге кыйын болоорун билип чон суммадагы акча болуп берет.а биздин чондор аны болуп алганга даяр
29.05.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Биз кичинекей мезгилде Акаев болсо керек пенсия алгандар акчанын ордуна когоруп кеткен макарондорду жеп эле жашап келбеди беле. Азыр кудайга мин кала шугур акчанарды банктан снимайтетип атышпайбы. Эми бажы союзна кирсек мигрантарга женилдик болот эч кандай, патент же разрешения на работу кереги болгону Казактардай Прописка менен иштеп калышат. Анын устуно азыр Кыргызстанды Россия эле багып жатпайбы! Канча деген жаштар иштеп барын багып жатышат, же мага кошулбайсынарбы?
29.05.2014. 22:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бечара биздин атамбаев бечарадай болуп чекеде калып карап турганын.
29.05.2014. 22:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Неге биз томодный саюзга кошулбадыу
30.05.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
селер креслодо отуруп алып ойунарды айта бересинер элди да ойлосонор болотко бул жакта туруп кыйналып иштеп жургондорду билбейсинер окмотунор ду да башканарды да эн главныйы кыргызстаным тынч болсо болду жарымы узбектерге жарымы казактарга оутп кетпесенер эле озунордун жумшак ххх ойлой бербей
Модератор admin_superstan түзөттү 30.05.2014 11:29
30.05.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
islam91, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 2 күн БАН!
30.05.2014. 08:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Элге еле кыйын боло турган болду. Озун озу багып аткан елге туйшук алып келишип... Баарын кымбатчылыка алып келишип, айлык озу 10 000 болсо, ким багат ал байкуштарды
30.05.2014. 15:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эмне кереги бар!? Ансыз да айлык аз жумуш жок учурда. Ушул жашообузга шугур кылсак боло. Баары арзанчылык. 1,2 жыл кыйналабыз дейт. 1,2 жыл оной убакытбы эмне?! Албетте силерге оной. Бирок карапайым эл учун ото оор жыл болот. Эмне онугунун башка жолун ойлонуп табу учун эринип атасынарбы? Анда башка билими жогоруу Кыргызстан учун иштей турган жаштарга бергиле!!! Бул жакта турган адамдын кыжырын кайнатпай!!!
30.05.2014. 21:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
А.Ш.А. Жаман неудобный абалда калыптырго, эртен элибиздин абалы да ушундай болуп калбайбы туугандар?
31.05.2014. 03:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстан тс кирет так что готовьте сани (машина кв жер) КР критичечский состояниеде турат орустарга казактарга дубана болбой арзаныраак алабыз(газ бензин итд) деп айтканы АШАнын гордосту чыдабай абстрактный айтип жатканы болушу мумкун.
31.05.2014. 09:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
туугандар сын айтуудан мурда ток этээр жерлерди караш керек,1 мисалы россияда биздин жердештер уруксаат ишке алыш учун30 000 руб толойт ТС муну жокко чыгарат бул бери дегенде 500 000ден ашуун адам.2 сутту экспортун жабышты, эле уй кармоо натыйжасыз болуп калат.ТС мезгилдин талабы,Эн башкысы ТС келишиминде биздин кызыкчылыкты толук коргоо,ушуну мыкты козомолдош керек биздин бийлик.
31.05.2014. 19:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы-жаманын мен билбейм,бирок,кириш керек болсо ага эч ким,ошол эле азыркы оппозициядагыларды президент,премер кылып койсо да,тоскоол боло албайт.Равшан,Камчы,дагы ким?Ушулар Россияга каршы тура алабы? Буларын деле бийлике келсе Путиндикин жалайт.Азыр калп эле бийликтегилерди жамандап, оздоруно упай топтоп атышат. Эмне биз Украинадан да кыйын болуп кеттикби? Равшан Украинадагы митингке барып Американын ырын ырдап келди,эмне болду? Ал ырын эми бизге ырдап атат,бизди да ошол абалга алып келет.
31.05.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Макул, ТСга кирбей калдык дейли.Орустар 6 айга эле чек араны жаап койсун ж.б.у.с.,проблемаларды ойлоп табышсын. Кыргызстандын ар бир уй булоосунун, бироо жарамы орус атуулу.Эмне болот? Ошондо башталат тополон.
01.06.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ээ туугандар биз тс га кирбей деле орустарды биз айткандай кыла турган кылып койсо болот.эгер биздин чондор башты иштетсе.бизде деле коп нерсе бар орустардын коздору чачырап жургон.булардын эн койгойлуу болуп жургон базасын койгонубуз учун деле коп условия койсок болот.
01.06.2014. 23:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Атамбаев элди ойлобойал оз кызыкчылыгын ойлойт корунуп турбайбыт,
02.06.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кимге кошулбай эле жашасак болбойбу(америка ,россия)деп,биз мусулман мамлекетбиз,мисалы туркменстан сыяктуу,россиядан эмне эле коркуп атасынар,мигрантка кыйын болот деп500000жаран алган туугандарыбыз бар,ошолор багат,акча салат,калганы крда эле иштей берет
02.06.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кимге кошулбай эле жашасак болбойбу(америка ,россия)деп,биз мусулман мамлекетбиз,мисалы туркменстан сыяктуу,россиядан эмне эле коркуп атасынар,мигрантка кыйын болот деп500000жаран алган туугандарыбыз бар,ошолор багат,акча салат,калганы крда эле иштей берет
02.06.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кимге кошулбай эле жашасак болбойбу(америка ,россия)деп,биз мусулман мамлекетбиз,мисалы туркменстан сыяктуу,россиядан эмне эле коркуп атасынар,мигрантка кыйын болот деп500000жаран алган туугандарыбыз бар,ошолор багат,акча салат,калганы крда эле иштей берет
02.06.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кимге кошулбай эле жашасак болбойбу(америка ,россия)деп,биз мусулман мамлекетбиз,мисалы туркменстан сыяктуу,россиядан эмне эле коркуп атасынар,мигрантка кыйын болот деп500000жаран алган туугандарыбыз бар,ошолор багат,акча салат,калганы крда эле иштей берет
02.06.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кимге кошулбай эле жашасак болбойбу(америка ,россия)деп,биз мусулман мамлекетбиз,мисалы туркменстан сыяктуу,россиядан эмне эле коркуп атасынар,мигрантка кыйын болот деп500000жаран алган туугандарыбыз бар,ошолор багат,акча салат,калганы крда эле иштей берет
02.06.2014. 02:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эч кимге кошулбай эле жашасак болбойбу(америка ,россия)деп,биз мусулман мамлекетбиз,мисалы туркменстан сыяктуу,россиядан эмне эле коркуп атасынар,мигрантка кыйын болот деп500000жаран алган туугандарыбыз бар,ошолор багат,акча салат,калганы крда эле иштей берет
02.06.2014. 13:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
uylaak, raimzhanov81, мазактоого тыюу салынган!
Билдирүүлөрүңөр өчүрүлдү.
1
2
3
4
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо