Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЖЫЛДЫЗ БЕЛГИҢИЗ ЭГИЗДЕР БОЛСО

№603 23-май-29-май, 2014-ж

(21-майдан 21-июнга чейин төрөлгөндөр)

Табияты (стихиясы)Аба
Колдогон планетасы – Меркурий
Ташы – Сапфир
Түсү – Сары, жашыл

Бул жылдыз белгинин алдында төрөлгөндөрдүн акылы курч, сезимтал, ак көңүл жана өтө тез өзгөрүлмө мүнөзгө ээ болушат. Түрдүүлүктү жактырышкандыктан, коёндой окшош күндөрдү башынан өткөрүү эгиздер үчүн жат көрүнүш. Саякаттап жер которуп жүрүүнү жакшы көрүшөт. Эгиздер деп аты айтып тургандай эле маанайы бир туруп күндөй «жарк» десе, бир туруп чагылгандай «чарт» деп тез эле өзгөрүп кетет. Эгер көңүлдөнүп билек түрө киришсе, баштаган ишин өжөрлөнүп аягына чыгарат. Ал эми ойлогон ою ордунан чыкпай калган учурда депрессияга түшүп, баарын таштап басып кетүүгө даяр. Өзүмчүлдүк сапаты аны бийликке, байлыкка тартып турат жана багынткан чокусу жапыз көрүнүп, кадамын алдыдагы бийиктерге улантууну токтотпойт. Андыктан эгиздердин арасында ийгиликке жеткендер көп.
Эгиздердин негизги куралы – сөөгү жок кызыл тили. Адамдар менен бат тил табышып көңүлүн алууга, иш-чараларды уюштурууга, караңгыда жол таап кетүүгө жөндөмдүү. Билимге абдан умтулушат. Тапкычтыгы жана кыялдануусу күчтүү болгондуктан чыгармачылыкка жакын. Булардан мыкты адабиятчылар, сынчылар чыгат.
Көп учурда айтылган сынды кабыл алгылары келбей, өзүнүкүн талаша берет. Кулагы бир дабышты чалып калса, артынан түшүп, аныгын билмейинче жаны жай албайт.
Мыкты сапаттары – өжөрлүк, уюштуруучулук, ак көңүлдүк
Начар сапаттары – туруксуздук, майдачылдык, өзүмчүлдүк

КИМДЕР ТУУРА КЕЛЕТ?
Тил табыша ала тургандар
– бөйөн, тараза, суу куяр, арстан, кой
Тил табышып кетүүгө мүмкүн – букачар, чаян, текечер
Такыр тил табыша албагандар – балык, бийкеч, жаачы

ЭРКЕК – ЭГИЗДЕР
Жумушта менеджерлик жөндөмү жогору. Адамдын ички оюн окуй алган артыкчылыгы келишимдерди түзүүдө, макулдашууларда алдына киши салбайт. Акчаны жакшы иштеп таап, бирок колу ачыктыгынын айынан тез эле коротуп салышат. Үй-бүлөдө жакындарына абдан камкор. Балдарына ата катары эмес, дос катары мамиле жасайт. Баласы ката кетирсе урушуп кирбей, тескерисинче, билбегенин оозеки түрүндө болсо да үйрөтүп жол көрсөтөт. Бирок эгиздер белгисинде төрөлгөн эркектин сөзсүз эки жерде жумушу, эки үйү жана болбоду дегенде эки аялы болушу керек деген кеп бар. Чындыгында бул кеп төгүн жерден чыккан эмес. Анткени көпчүлүгү жок дегенде бир ирет турмуш жаңыртышат. Ал эми жубайы катары биринчиси жана акыркысы болом десеңиз, анда ал эмнени кааласа, сиз да ошондой болуп өзгөрүүгө даяр болууңуз керек. Ошондой эле убадага бек турбайт жана кара жумуштан жаа бою качышат.

АЙЫМ – ЭГИЗДЕР
Эгиздердин эркегине караганда аялдары күчтүү болот. Үй-бүлөгө байлангысы келбейт, карьераны биринчи орунга коёт. Бирок үйдүн ичин көркүнө чыгарып, балдарынын билим алуусуна, эс алуусуна жакшы шарт түзүү керек деп эсептейт. Мойнуна түшкөн жүктү башкага оодарып салбай, өз күчүнө таянат жана арызданып жардам сурагандарды жек көрөт. Андыктан анын маанайына жараша иш кылган оң. Көңүлүнө жаккан эркектин жашоосун бейишке айлантат. Үй-бүлөдө бийликтин тизгинин колдон чыгарбоого ашыгышат.


 

 

НАРИСТЕ – ЭГИЗДЕР
Бул жылдыздын алдында төрөлгөн балдар бир орунда тура албаган, тынымы жок, ойноок болушат. Бир эле оюндун түрү балаңызды жадатып жиберерин эске алыңыз. Андыктан оюнчуктарды түрлөп сатып берип, ар кандай кызыктуу оюндар менен алаксытууңуз керек. Укканын уккандай эсине сактап калган куйма кулак болушат. Окууда өзү жактырган сабактарын жакшы окуп, көңүлүнө төп келбегенин окубай таштап коёт. Эрежеге баш ийүүнү, милдеттемелерге жоопкерчиликтүү мамиле жасоону жаман көрүшөт. Андыктан чоңдордун көзөмөлү зарыл. Бирок гуманитардык илимдерге көбүрөөк ыктагандыктан, так илимдерди таңуулап, кыйнап окутуу баланын билимге болгон кызыгуусун таптакыр жоготуп коёрун эске алыңыз.

Кубаныч Сыдыков
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  8 
Комментарийлер(17)
26.05.2014. 15:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Туптуура айтыптыр эгиздерди менин мунөзум куп эле куюп койгондой экен. даже ойлогон оюму да айтып коюптурго.☯
26.05.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
аиий менин характерим дал жазылыптыр гоо.биз эгиз болгондуктан шеригим эркектин да характери дал ушундай жазылгандай.турмушу иши баары экиден..бирок кызыгы тил келишпейт деген бийкеч адам менен турмуш куруп келатам мен.
26.05.2014. 16:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
mersedes2013, бийкеч менен тил табыша албайт деп туура эмес го. Мен да эки жылдан бери бийкеч менен суйлошуп, жакында турмуш курганы жатабыз. Же конулуно жаккандын жашоосун бейишке айлантат дегендей суйуп калгандыктан тил табышып кеттикпи. Калганы 250% дал келди.
26.05.2014. 15:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
хех))) Тан калычтуусу баары туптуура))) менин мунозумду жазып коюптур....
26.05.2014. 18:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текечеерди качан жазасынар????
26.05.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура экен чыдамсыздык менен кутуп жаттым эле.бирок суу куяр менен бийкечти алмаштырып алгандай мен суу куярлар менен тил табыша албайм бийкечтер жагат.
26.05.2014. 23:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ай, бийкечти качан жазасынар? или мен окубай калдымбы?
26.05.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
менин жолдошум эгиз коркуп калдымго туруксуз эки уй жайы аялы болот деп тфу тфу
27.05.2014. 01:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суперчилер чочуп кетип эсинерге тушкондо каалаган учурунарда каалаган жылдызынарды жазат окшойсуздар эээ?(тамаша)бийкечти да жазып койсонор красиво рахмат айтмакмын.
27.05.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Саламатсыздарбы! Ар бир жылдыз белгинин өзүнүн тиешелүү айлары келгенде жазылып турат.
27.05.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Menin bir da munozumo dal kelbeit eken.Men 1 jyldan beri balyk jyldyzyndagy bala menen suilowom.til tabywyp ele kettik go
29.05.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кийинки жумада РАК(бойон) жазылса керек.
06.06.2014. 14:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Туп туура жазыптыр
12.09.2014. 03:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менинда мунозум купакудаш
03.04.2015. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менда ушундай муноздумун бирок текечер менен жашап келе жатам
21.07.2015. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага туура келди баары эле айрыкча негизги куралы сөөгү жок кызыл тили дегени
24.07.2018. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туптуура айтылыптыр
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо