Съездбек Искеналиев:«ЭСИМДЕ» МЕНЕН БЕЛГИЛҮҮ БОЛДУМ»

№603 23-май-29-май, 2014-ж

Түмөнбай Байзаков сөзүн жазып, Съездбек Искеналиев обон чыгарып ырдап чыккан «Эсимде» деген ыр көпчүлүктүн көңүлүнө жакын ырлардын бири. Съездбек Искеналиевди атактуу кылган ушул ыр болгон. Обон кантип жаралды, ага эмне түрткү болду? Жообун ырчынын өзүнөн угалы.
– Ырдын тексти жагып калгандыктан, кандай обон жаратсам деп кыңылдап ырдап, изденип жүргөн учурумда 2004-жылы мен иштеген ишкана грант утуп алды. Гранттын акчасы «Алтын» фонддо сакталган баалуу мурастарыбыз болгон кыргыздын лентадагы илгерки ырларын дискке көчүрүүгө жумшалмак. Ошентип 10 000ден ашык ырдын ар бирин угуп, дискке көчүрө баштадык. Ар бир ыр мага башкача дем, эргүү берди. Ырларды угуп отуруп, башка бир доорго баргансып, көз алдыма ата-бабаларыбыз басып өткөн жол келди. Ошол учурда «Эсимдеге» обон жаралды. Бул ырымдын чыгышы «Съездбек Искеналиев» деген аттын түптөлүшүнө салымы чоң.
Жаңы чыгарган ырымды дароо апама угузар элем. Бир жолу апам экөөбүз коңшу айылга конокко барып келе жатып, суунун жээгинен ушул ырымды ырдап бердим. Ошондо «балам, сенин чыгармачылыгыңа салым кошо турган, сени белгилүү кыла турган ыр экен» деп ыраазы болгон. Апамдын мактоосун угаарым менен чампалап-чумпалап ырга аранжировка жасап алдым. Аңгыча бир дос балабыз үйлөнүп, Ат-Башыга барып калдык. Достор баргандан келгенче ушул ырымды угушту. Анан Жолдош Апасов деген аранжировкачы 2005-жылы сапаттуу аранжировка жасап берген. Эң биринчи жолу чоң акчаны дал ушул «Эсимде» ырым үчүн алгам. Бир байке кафеден «жакшы ыр экен» деп 50 доллар берсе, чекемден чыпылдап тер чыга сүйүнгөм. Кийин ошол байке «ушул ырды жазганың үчүн» деп кымбат саат белекке берген.


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(2)
31.05.2014. 00:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай ыр эле....
02.06.2014. 13:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо