МЕХМЕТ ГҮНСҮР

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

«Даңазалуу кылым» сериалынын 2-сезонунда пайда болгон бул актёрду баарыбыз мыкты жоокер, иш билги, жоопкерчиликтүү падышанын уулу жана жанда жок кайрымдуу каарман катары билебиз. Түрк актёру Мехмет Гүнсүр султан Сулеймандын тун уулу, такка келчү биринчи талапкер Мустафанын бой жеткен курагын ойнойт. Анда Мехмет Гүнсүрдүн өмүр таржымалы жана сериалдагы кызыктар менен бөлүшөбүз.

Толук аты -жөнү – Мехмет Гүнсүр
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 8-май
Туулган жери – Түркия, Стамбул шаары
Кесиби – Актёр, модель, продюсер
Бою – 178 сантиметр
Үй-бүлөлүк абалы – Үй-бүлөлүү
Кинодогу дебюту – 1989-жылы «Кечиккен жаздын мимозалары» фильми
Наамдары – «Алтын апельсин» кинофестивалында атайын калыстардын сыйлыгына татыган, Мустафанын ролу үчүн «Elle» журналы «Мыкты актёр» деп тапкан

«ФАТИХТИН МЫЙЗАМЫ» ЭҢ КӨП КОЛДОНУЛГАН ОСМОН ИМПЕРИЯСЫ
Дүйнөлүк тарыхта, анын ичинде түрк падышалыгында так талашып, падыша уулун же агасы инисин өлтүргөн учурларды тарых барактарынан окуп эле жүрөбүз. Түрктөр айрымдардан айырмаланып бул нерсени баш мыйзамга киргизишкен. Ал «фатихтин мыйзамы» деп аталат. Бул мыйзамда такка отурган падыша бир тууган ага-инилерин тукум курут кылып өлтүргөнгө милдеттүү. Аталган салтты Осмон империясынын падышасы Мехмет II агасы Ахмед-Күчүктү сууга чөктүрүүгө буйрук бергенден кийин баш мыйзам катары бекиткен. Андан бери түрк падышалыгында так үчүн далай баштар алынып, ошол эле султан Сулеймандын уулу Селим II иниси Баязидди эки баласы менен жок кылганын тарых барактары тастыктап келет.

МУСТАФАНЫН ӨЛҮМҮ ХАЛИТ ЭРГЕНЧТИ ЫЙЛАТКАН
«Даңазалуу кылымдагы» шахзаада Мустафанын муунтуп өлтүрүлгөн сериясы көрсөтүлгөндөн кийин 500 жыл мурун курулган Мустафанын Бурса шаарындагы мавзолейин көрүү үчүн агылган туристтердин саны көбөйгөн. Ал эми султан Сулеймандын ролундагы актёр Халит Эргенч Мустафанын өлүмү тууралуу «Баш кесерлер буйрукту ишке ашырып, Мустафаны муунтуп жатканда «Ата!» деп кыйкырган жери мен үчүн өтө аянычтуу болду. Осмон падышаларынын абалына кирип, канчалык түшүнгөнгө аракет кылсам да, ичимден бул нерсеге толугу менен каршы элем. Мустафа өлүп, аны колума алганда да колдорум титиреп ыйлагам. Бул эпизодду кайра-кайра тартканбыз, бирок ар биринде кыйналбай ыйлап жатканым бул окуянын таасирдүүлүгүнөн болсо керек» деген оюн билдирген. Ал эми Мехмет Гүнсүр «Мен башында эле аягында өлөрүмдү билчүмүн. Тартуучу топтогулар да мени акырындан бул нерсеге даярдап жатышты. Мен Мустафадай эрктүү, өлүмдөн коркпогон баатырдын ролун аткарганыма сыймыктанам. Мындай баатырлар кылымда бир гана жолу төрөлөт. Бул ролдун мага буюрганы мен үчүн жеңиш» дейт.

ЖАШООДО МУСТАФА МАХИДЕВРАНДАН 6 ЖАШ УЛУУ
Түрк актёру Мехмет Гүнсүр мугалимдин үй-бүлөсүндө туулган. Үй-бүлөдө эки бир тууган. Эжеси балет бийи боюнча хореограф. Мехмет 7 жашында жарнамалык түрмөккө тартылып, экрандагы тушоосу кесилген. Өспүрүм кезинде музыкага кызыгып, түрктөрдүн «Dawn» (Агарган таң) аттуу тобунун солисти болуп жүргөн. Аны менен кошо ресторанда бармен болуп иштеп жүрүп, жеке ресторандык бизнесин түптөгөнгө да жетишкен. Италиядагы лицейди аяктаган соң Стамбулдагы Мармара университетинин журналистика факультетин бүтүргөн. Мехмет актёрлукка караганда моделдик бизнес менен көбүрөөк алектенет. Анткени анын жүзүн өзүнүн жарнамасында көргүсү келген компаниялар көп. 2006-жылы италиялык режиссёр айым Катерина Моджиого баш кошуп, учурда үч баланы тарбиялап келишет. Кызыгы, Мехмет Гүнсүр үй-бүлөсү менен Рим шаарында жашагандыктан «Даңазалуу кылым» сериалы үчүн атайын Түркияга көчүп келген. Бирок балдарынын келечекте сапаттуу билим алышы үчүн актёр Римде жашоону туура көрөт. Дагы бир сериалдын күйөрмандарын кызыктырчу жагдай, тасмадагы апасы Махидеврандын ролундагы актриса Нур Айсандан Мехмет Гүнсүр 6 жаш улуу.


Сериалда Мустафанын муунтуп өлтүрүлгөн кадры «4-сезондун эң таасирдүү эпизоду» катары эсептелет.

Мехмет Гүнсүр сериалдагы апасы Махидевран менен жашоодо да жакшы мамиледе.

Келишимдүү актёр бир нече компаниянын ишенимдүү жүзү болуп келет.

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(17)
02.06.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Jagat maga ayabai,kinonu toluk korgon emesmin zeerigip ketem,kechoo bir kanaldan 3 seriyasyn korup jagyp kalgan booruker baladai korunot eken.
02.06.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ЖАШООДО МУСТАФА МАХИДЕВРАНДАН 6 ЖАШ УЛУУ-болсо абдан эле жаш корунот экен!
02.06.2014. 12:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Ибрагимдин олумун коруу да аябай оор болгон...
02.06.2014. 14:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
мен ыйлагам аябай.. Рустем паша менен Хюрремди жек коруп..
04.06.2014. 05:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Peristem-koo, Мен Мустафаны жек кором жакпайт Хюррем вперед
02.06.2014. 15:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
ыйладым го мен дагы.мустафанын поклонниги элем да ал олгондон кн кинону коргум келбейкалды падыша болгондо атасынан да ашмак беле анда бардык сапаттар бар болчу.ошол мавзолейге баргым келтат.мехмет гюнсурду да живой коргум келтат
02.06.2014. 19:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен Хюремдин биринчи баласы Мехмет олгондон кийин таптакыр корбой калгам.
03.06.2014. 03:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Магада Мехмет аябай жакчу.ошол тронго отурат деп ойлочумун.кайдан куноосу жок баланы махидевран олтуртуп салды.а мустафаны запасы коргойм деп жатып олумго алпады.
03.06.2014. 13:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гриммерлордун кучтуулугун ушундан байкаса болот, алты жаш кичуу айымды апасы кылып койгонун, соз жок, керемет!
04.06.2014. 02:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Сулеймандын ордун ким басып калат акырында
04.06.2014. 05:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Селим 2 Хан хазретлери
04.06.2014. 05:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Султан Селим 2 Хан Хазретлери
04.06.2014. 22:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ммда, менин иним дагы бунун фанаты болчу)) апасы Мехметти өлтүрөт го( Апасы күнөөлү болот да өзү
05.06.2014. 18:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
жашоодо сакалын алып эле койбойбу крассавчик болот эле анданда....
07.06.2014. 13:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага да Мехмед аябай жакчу, бирок такка Мустафа отурушун каалачым
07.06.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жаш корунот экен аябай
11.06.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Super
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо