«КАРЫЗДАРДЫ ТӨЛӨЙМ ДЕП ОРУСИЯГА КЕТСЕМ, ЖОЛДОШУМ БАШКАГА ҮЙЛӨНҮП АЛДЫ»

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

«Балдарым бар – бактым бар! Ошолор үчүн жашап жүрөм бул жарыкчылыкта. Миң ирет алардын атасына нааразы болсом да, бизди байланыштырып турган наристелер экенин эстегенде акылыма жан дүйнөм баш бербей, ичимде бороон-чапкын башталат. Мен баары бир бул нерсени ушул боюнча калтырбайм. Ал менин укугумду тууган-уругу менен кандай тебеледи, кандай басмырлады? Мен да алардын жазасын бергенге тамчы каным калганча күрөшөм!»- деп каарманым башынан өткөн тагдырын баяндап жатты.

«МЕНИ АЛА КАЧЫП КЕТКЕН»
«Кечээ акыйкатчыга бардым. «Сендей кордук көргөн келиндер көп, бирок бирөө келип расмий кайрылуу жасаган эмес» деди» деп сөзүн баштады Надира аттуу келин. Ал жалпы укугу тебеленген кыз-келиндерди биригүүгө чакырып, жар салуусун жарыялообузду өтүндү.
– 2006-жылы 19 жашымда мени Ошко Кожакмат аттуу жигит ала качып кетти. Той шаанисин кылып мени каадалуу алышкан жок. Кайненем балам келинчек алганда жамынсын деп жууркан-төшөк деле камдабаптыр. Той бүтүп, эки жакты жыйгандан кийин урук-туугандары келип жууркан-төшөктөрүн алып кетишти.
Кайнене, кайнатам экөө тең 5 маал намаз окуган, Алласы оозунан түшпөгөн немелер. «Кудайдан бөлөк нерселерге ишенүү ширк» деп кобуранып калчу. Бирок шейшеп жууш үчүн жууркандан чечип жатканда бурчунан ар түстөгү 9 жолу түйүлгөн жип-шууларды көрүп жүрдүм.
Күйөөм болсо эч жерде иштебейт. Бир күнү эптеп жолдошумду көндүрүп, «Бишкекке барып иштеп келели» дедим. Атасынан сурансак «жолуңарга тыйыныңар барбы? Төрт тарабыңар кыбыла» деп койду. Эптеп бирөөдөн карыздап акча таап алып жөнөп кеттик.

«БИШКЕККЕ КЕЛДИК...»
– Билесиздер, Бишкектин бир канча пайызын чет жакадан келип, тиричилик кылалы деп жаңы үйлөнүп алып батирге чыгып жашагандар түзөт. Туруктуу жумушу барлар шарты бар үйлөргө батирге чыгышса, бизге окшоп келечеги тумандаган үй-бүлөлөр жаңы конуштардагы 3-4 чарчы метр бир бөлмөлүү үйлөрдө тиричилик кылышат. Биз да ошондойлордун катарына кошулдук. Мен шаардагы тамактануучу жайлардын бирине ишке орноштум. Жолдошум адаттагыдай эле бош.
2008-жылы кыздуу болдук. Кызымды чоңойтуп үйдө отуруп калдым. Жолдошумдун тапканы батир акысынан ашпайт. Анысы аз келгенсип кайним, кайын сиңдим келип кенедей үйүбүзгө кошо жашап алышкан. Анан кайдагы жубайлык парзыңды аткармак элең? Күйөөм үйдөн таппаганын көчөдөн издеп кетет. Жыл айланган соң экинчи уулдуу болдук. Ошол маалда бир тууган эжем рак оорусуна чалдыгып, каза болуп калды. Куда-сөөк болгондон кийин кошумчасын кой, бирөө басып келип бата кылып койгон жок.
Бир күнү күйөөм «Орусияга барып иштеп келем» деп калыптыр. Макул деп ал жакка да жибердим. Барып алып  дагы иштебей, темселеп жүрүп тез эле келди. Мен ал маалда бул жактан насыяга алып, чакан дүкөн ачып соода-сатык кылып жаткам. Анан тели-теңтуш деген болот экен. «Базарлык барбы?» деп тоорушса, «баламдын тоюна чакырам» деп «балп» эттирип салыптыр. Өзү бир шым, бир көйнөк менен келген бечарада кайдагы акча? Акыры ыйлай-сыктай намыстанганыман макул болдум.

«ӨЗҮМ ОРУСИЯГА КЕТТИМ»
– Той да болот, тойдун эртеси да болот... Карызга белчеден баткан жаныбыз эптеп бир айла таап алган насыябыз менен карызыбыздан кутулуунун жолдорун издеп, балдарды апама таштадым да, өзүм Орусияга кетип калдым. Ал жакка барып тааныштан тааныш таап иштеп баштадым. 10 күндөн кийин эле айрым документтеримди толуктап, Орусиянын жарандыгын алып алайын деп кайра Кыргызстанга келсем, балдарым катуу сагынган экен. Баягы ооруп каза болгон эжемдин кичүү кызын мен эмизип бакканга мени «апа» деп чоңойгон.
Апамдын айтымында, балдарым атасын көрбөгөндөрүнө көп болуптур. Жолдошумдун чоо-жайын сураштырсам, ал башка бирөөгө үйлөнүп алыптыр. Кайнатама «мени бошоткула, уулуңар минтип менин үстүмө дагы бирди алып алган экен, ыраазычылыгыңарды билдирип, никебизден ажыраткыла» дедим. Ээгиндеги сакалы, 5 маал окуган намазы менен туруп кайнатам «сени кармаган бирөө барбы? Кете бер, балам алган аялы менен жакшынакай жашап жатат. Балам үчүн талак бердим, шариятта боло берет» деди. Төбөмөн ылдый муздак суу куйгандай кете бердим... 

«АЯЛЗАТЫ КАЧАНКЫГА ЧЕЙИН КОРДУК КӨРӨТ?»
– Эртеси нике күбөлүгүбүздү алып, ажырашууга арыз бергени жөнөдүм. Соттун алдында турсам турмушу жакшы, иштеген иши бар адамдар деле ажырашып, үстү-үстүнө аял алып, балдарын эки бөлүндү кылгандары бар экен. Алардын го аял бакканга шарты бар, байлыгына чиренип улам жаш аял алып, ырахаттанып жатышыптыр. А менин «чор таманым» кайсы арына аялдан аял алат, түшүнө албай турдум. Ошентип арызымды жазбай эле кетип калдым. Үй-бүлө тууралуу мыйзамдарды да билбейт экенмин. Оюма эгер экөөбүздүн ортобузда нике күбөлүгү турса, бирөө жарым мурунку никесинен ажырабай туруп, үстүнө аял алып алыптыр деп укугумду коргоп береби деген нерсе келди.
Азыр менде акча да, дос-тааныш да жок. Бир ишенгеним кара күчүм. Учурда укугум тебеленип, айнекти сүзгүлөгөн чымчыктай чарк айланып учуп жүргөн чагым. Жолдошум экөөбүз жашап жүргөн кездеги карыздар көбөйө берип, 70 миң сомдон ашып кетти. Үч баланы жалгыз багып жатып мынча акчаны кайдан табам? Жок дегенде чогуу карыз болгон ошол акчаларды төлөгөнгө жардам берсе, башка эч нерсе сурабайт элем.
Мага окшоп кайын журт, жолдошунан кордук көрүп, укугу тепселенген келиндер чекеден чыгат. Демократиялуу, адам укуктарын бийик туткан өлкөдө жашайбыз деп төш каккылап жатабыз. Кайда аялдардын, энелердин укугун коргоочулар? Эркектерди түшүндүм мен, жакшылык да күтпөйм. «Булар аялзаты, аялдарды жакшы түшүнөт» деп жер-жерлерден аял депутаттарды шайлаганбыз. Жок дегенде ошолор бизге окшогон шордуулардын укугун коргогон, иштей турган мыйзам чыгарып беришсе болбойбу? Учурдан пайдаланып жалпы мендей кор болгон, укугу бузулган аялдарды биригүүгө чакырам. Бизди кордоонун чеги бүтүшүн каалайм. Баканы да бассаң «бак» дейт экен...

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  7 
Комментарийлер(96)
04.06.2014. 01:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
negizi erkek degen erkektei bolgonu jakshy,bizdin olkodo nikede myizamduu turdo turup, ustunon ayal aluu degen bolboshu kerek bolchu, eger Nike kuboluk jok bolso anda erkek ushundai kadamga barsa bolot ele, antkeni erkek ayalsyz jashai albait, ayaldar erkegi jok jashai beret, emmi boloru boluptur, menin oiumcha Nadira eri menen nike kubolugun ajyratpai ele juro beruusu kerek,antkeni algan ekinchi ayaly toroi turgan bolgondo nike kuboluk kerek bolup itt bolot.
04.06.2014. 01:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
алласы деп .алланы тоготпой
жатса .алла аны кордойтда. кудай деген кур калбайт деген соз бар
04.06.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Бул проблема эзелтен келген ошон учун алып качып кетсе эле тийип албай карап кайра келе берсе боло беретю Демократиянын башы ошол жерден башталат же сизди бироо мажбурладыбы ошол уйдо кал деп?
04.06.2014. 11:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Надира белинди бек бууп, алдагы кудай берген балддарына жакшы тарбия бер, кундун жаманы кетет. Ал эми уч башты кесир кылып басып кеткен эркекке кудайдын козу туз болуп жазасын энчиси менен кошо берсин.
04.06.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Надира эжебистин окуясын окуп жатып жанын кейийт экен. Мындай адамдар бизден "мусулмандардан "эмес. Мындай адамдарды мамлекет тарабынан жазалап алимен т толотуп кууратыш керек.
04.06.2014. 14:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чынында эжекебиздин создорундо чындык бар экени сезилип турат. Мындай акылы кем, арканды кыска таштап , женил ойлуулук менен кадам таштагандар аз эмес азыр да. Бирок эркектердин баары ушундай дегениниз намыска тийди! Беш кол тен эмес! Эжеке сабыр кылыныз , кыздарыныздын урматын корунуз, кайдыгер карабаган жакшы адамдар бар экенине ар дайым ишениниз.
04.06.2014. 17:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Жакшы келинди уйдон кетиргенге бироо учун жооп бергенше алардында ичи ооруйтда!Келини куйоосу иштебей ОЗУ тытынып ары бери басып журуп уйдогулоруно каяша суйлоп жаман корунгон ошого куйоосуда ойлонбой уйлонгон.


.


04.06.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте жолдошу туура эмес кылган, эгер бугунку жабырлануучубуздун айткандары чын болсо. Эркек деген уйлонгондо бир уйдун амири болот, ал ошол уй було учун жооп бериши керек эле да, тескерисинче жаш келинчегин иштетип, озу уйдо жатканы такыр эле туура эмес го деп ойлойм. Менин билишимче аял кишинин жумушу уйдо и ошол уидогу жумуш жетиштуу деп ойлойм, а эркек болсо кирешени сырттан киргизиш керек.
04.06.2014. 20:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мындай эркектер кийин АКЫРЕТТЕ катуу суралат! жазасан кудай берет! аялы иштеп, куйоосу уйдо жаткан бул кандай шумдук! МАНКУРТЧУЛУК!
04.06.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул аялга мен толук кошула албайм себеби ал баардык жагынан жакшы болушу мумкун эмес бул аялда каниет сабыр дегенди коро албадым
05.06.2014. 11:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nurru, Кандай болгон кундо дагы башка аял алган туура эмес!
05.06.2014. 10:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
окшошпой калыптыр болгон окуянар ,
05.06.2014. 13:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Куйоонузго соз жок экен... Эми озунузго кудай таалам куч кубат берсин, балдарыныздын, жакныдарыныздын, озунуздун ден-соолугунузду берсин. Эптеп септеп ошол балдарынызды чонойтуп алсаныз, ошол сиздин эн чон жетишкендигиниз! А куйоонуздун чон жоготуусу.. Буйруса балдарыныз сизди бополоп, торго отургузуп багышат. Аамин!
05.06.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушундай чуроктой аялын мотурайган балдарын таштаган кандай акмак. Озу эркек деген атка татыктуулар саналуу эле болуп калды окшойт
05.06.2014. 18:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сиз россияга кетип жатканда жолдошунуз менен суйлошуп кеттиниз беле?кептин баары ошондо.мумкун сиз ажырашам деп кетип калгансыз.ошондуктан жолдошунузду коп эле куноолой бербениз балдарга жаман коргозуп.
06.06.2014. 16:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жаман иш болуптур,негизи Москва коптогон уй-булоону ажыратыптыр!
06.06.2014. 22:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журок оорубаган жер ооруп кетти.Тагдыр деген ушулбу же турмушпу тушунбойм.
07.06.2014. 00:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ар бир адам озуно жооп берет,окурмандар ойлоп калышпасын сакалы бар чал ушинтип атса,калгандары деле ошондой деп. Бул окуядагы адамдарды жаратканыбыз озу жазасын берет. Эч кандай салыштыруулар болбосун. (намаз окуган деле,андай мындай деп)
07.06.2014. 08:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Чынында куйоосунун созун да угуп коруш керек,может катыны да жон журбогондур,может куйоосу мындан да жаман нерселерди айтып береер
07.06.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менимче биринчи айылдан кеткенде куноо аялдан сизден кеткен окшойт, куйоонуздун башын айлантып Бишкеке кетеличи, дей берсениз, ээрчип кетсе керек сизди кыялбай, ата энени нааразы кылган эки дуйнодо жыргабайт, аларды капа кылгансыз ошон учун торт тарабын кыбыла десе керек.
07.06.2014. 09:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ата эненсин наарзы кылып кийин кайынсиндилерин батырбай кагынып силкинди анан куйоосуно айтпай карыз насыя алды, анан сиезд айткандай куйоосу озун таштап койду башка аял карап кетти, Надиранын создоруно караганда куноо кобунчо озунон кеткен, анан ажаан аял окшойт.
07.06.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
келинде бир нерсе бар, темнит она..
07.06.2014. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бул келин акча, акча жана акча деген адам экен. Ар бир созу акча , дунуйо жонундо болуп жатпайбы? Бир дагы куйоосун урат эле, ичет деп айтпаптыр го. Эгер куйоонуз сиз ойлогондой чириген бай болуп, бардык нерсени кылып берип, бирок кок-ала кылып сабап турса, начар мамиле жасаса анда эмне кылат элениз? Кыжаалат болбон бай да болосуз бир мезгилде, ошондо гана чыныгы бакыт эмнеде экенин тушуносуз.
07.06.2014. 13:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анан, келиндин кайненем тошок деле кылбаптыр деген жери тушунуксуз. Сеп деген кыз тараптан келет эле го. Аллага шугур кылыш керек. Эгерде Африкада жаралганда не кылат элениз, алар байкуштар суу тапсам, тамак тапсам деп жашашат кунумдук жашоо менен. Ошого чыдап, бул жакта канча кыйынылык корсок наркы дуйнодо кыйналбай жашайбыз дешет экен.
07.06.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Aygul, бул жакта Надира айымдын укугу боюнча соз болуп жатат. сиз озунузду Надира айымдын ордуна коюп корсонуз, жашоого аракети жок адам менен жашай алат белениз? азыркы заманда акчасыз такыр жашоо жок болуп калбадыбы... аз кундо дем алып жаткан абан учун да акча толоо болбосо эле болду. бул жакта Надира айым куоосунун жоопкерчилиги жок таштап кеткендиги жонундо айтып жатат. алдыбы, тороттубу багыш керек болчу темселебей. и кайын журтунда да жоопкерчилик жок.
08.06.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselya_9105, бир жактын созун угуп алып эле жыйынтык чыгарган болбойт да. Ооба куйоосу деле туура эмес кылган, аялын жаман корсо да балдарын багып караш керек болчу.Бирок, аял да куноосу жок ак эмес экени корунуп турат создорунон.
08.06.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Myndai erkektin barynan jogu
08.06.2014. 16:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
KaigyrbanyZ ejekesi Allah sizge jardam bersin
08.06.2014. 16:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Келиндин озундо бар го дейм. Бирок коруп билбегенден киййин аййтыш кыйын
22.07.2014. 21:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адамга жараша тагдыр, тагдырга жараша адам экенбизда! Сабыр кылыныз эже, бир эриниздин айынан ЭРКЕКТЕРДИ ТУШУНДУМ, ЖАКШЫЛЫК КУТПОЙМ дегениниз одоно айтылыптыр! А эмне эркекдин баарын ушундай дурак деп ойлоодон алыс болуш керек!
23.08.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Надира куйоон телехранител болуп иштейт дечу элен го ,эмне болду?
05.09.2014. 11:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
nadiranyn ozundo kunoo boluwu mumkun jakwy ayal bolso azynada kanaat kylyp jawaw kerek bolchu
05.09.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
orusiaga jalgyz ketkeni tuura emes
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо