Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

АЛАЙДА ЭШЕК ӨЛТҮРГҮЧТӨР ПАЙДА БОЛДУ

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

Алыскы Алай районунун Үч-Дөбө айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Жай айылынын аймагына белгисиз бирөөлөр териси сыйрылган бир нече эшектин денесин таштап кетишкен. Андан бери бир топ күн өтсө да, мындай таң калычтуу ишти кимдер кылганы дале белгисиз.

ЭШЕКТИН ТЕРИСИ 1300 ДОЛЛАРБЫ?
Айыл элин таңдандырган бул иш 15-майда түндө болгон. Чоң-Алай-Ош унаа жолунан 200-300 метрдей четирээк, талаа аралап кеткен унаа жолдун жээгине эшектерди таштап кетишкен. Ак-Жай айылынын тургундары бул ишти ким кылган, эмне үчүн деген суроолорго эмдигиче жооп таппай келишүүдө. Эшектердин терисиз денеси айыл элине зыянын тийгизбесин деп айылдын ветеринары Абсейит Опушов аларды өрттөп, көмдүргөн. Бул окуядан кийин «Кытайда эшектин териси сатылат тура, бир даанасы 1300 доллар экен» деген кептер тараган. Мунун канчалык деңгээлде чындыгы бар, азырынча эч ким билбейт.

Абсейит Опушов, ветеринар:«ЭШЕКТЕР АТАЙЫН ТЕРИ ҮЧҮН ӨЛТҮРҮЛГӨН»
– 16-май күнү мал кайтарып жүргөн бир айылдашыбыз «териси сыйрылган эшектердин денелери жатат» деп калды. Айыл өкмөт башчысы, айыл башчылар менен бирге айтылган жерге барсак, 19 эшектин жансыз денеси жатыптыр. Таң калычтуусу, алар бычак менен да мууздалган эмес, мылтык менен да атылып өлтүрүлгөн эмес. Эч бир изсиз өлтүрүлүп, таза боюнча териси сыйрылган. Муну тажрыйбасы бар адам жасабаса, биринчи жолу кылган адам мынчалык дыкаттык менен иштей алмак эмес. Эшектер тери үчүн өлтүрүлгөнү көрүнүп турат, ар биринин шыйрактан жогору жагын сыйрып, кулактары менен куйруктарын кошо алышыптыр. Денелеринин жанында целлофандар бар экен, ошолор менен муунтуп өлтүрүшкөндөй. Көрөрүбүз менен укук коргоо кызматкерлерине кабар бердик. Аларга кошо экологдор да келип, өз иштерин аткарып кетишти. Укук коргоо кызматкерлери бул ишти кимдер кылганын аныктайбыз дешти, бирок азырынча жыйынтык жок.
Алай районунун тургундарынан эшек жоготкондору жок экен. Трактор менен жерди тереңдиги 5 метрдей каздырып, эшектердин денелерин хлорлоп, өрттөп, көмүп салдык. Эми мындай акмакчылыкты ким кылгандыгын табуу керек. Бизде «эшек – арам жандык» деген түшүнүк бар, анан да эч ким эшегин бош коё бербейт. Айылыбызда суу жок болгондуктан, күндө алыс жактан флягаларды эшекке артып ташып ичебиз. Ошол үчүн биздин эшектер короодон чыга элек. Башка райондордун айылдарынан алып келип ташташкан го деп болжолдоп жатабыз. Эшектин териси Кыргызстанда иштетилбейт, коңшу өлкөлөргө алып кетиши мүмкүн. Бажы кызматкерлери жакшы иштесе, бул ишти жасагандар бат эле табылмак.

«ӨТКӨН ЖЫЛЫ ДА ТИРҮҮ ЭШЕКТЕР ТАШТАЛГАН»
Аталган жерге барсак, көмүлгөн жерди ит, түлкүлөр чукуп-тытып, ал тургай бир эшектин бутун сыртка чыгарып коюшуптур. «Бул нерсе чирип жок болмоюнча кутула албайт окшойбуз, башка түшкөн балээ болду» деп тургундар нааразы. Элдин айтуусуна караганда, 2013-жылдын сентябрь айында Алай районунун борбору Гүлчөгө белгисиз адамдар КамАЗ менен бир топ тирүү эшекти алып келип таштап кетишкен экен. Алар эмне үчүн таштап кетишкени да белгисиз. Кээ бир жергиликтүү тургундар эки-үчтөн эшек багып алышканын да кошумчалашты.
Үч-Дөбө айылынын элинде бир тараптан кооптонуу, бир тараптан түйшүк жаралганы байкалды. Оору, жагымсыз жыт айылды каптап кетпесин деп аракет кылып жаткан айыл жетекчилигине «эшектерди союп эле жеп жатасыңар анан…» деген адамдардын тамаша кептерин кулагым чалды.

Уулбү Каныбекова
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(31)
02.06.2014. 10:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
бул эшек олтуруу деген оору "эшекомания" эмес бекен! тообо кылдым...
02.06.2014. 14:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kara_kyrgyz, койсончу ай, куло берип боорум эзилди. Башка улутка барып "эшекомания" дечи тушуно бекен?
02.06.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тообооо дейсин, адамдар болбогон акча учун нелерди гана кылышпайт.анын азабын тартканда которо алышат бекен? Ар бирибизге ыйман берсин Аллахым.
09.06.2014. 12:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
tasuluu, ошону айтпайсынбы? Азыркы заманда 5 мин доллар берем адамдын озун алып кел десе, алып келе турган заман болуп калды го акчага
02.06.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Акыркы кундору Алай ар туркун тан калыштуу окуялардын борбору болуп калгансыйт....эми байкуш эшектердин терисин кайсы муртоз адам сыйрыды экен.тушуно эшектер кирип "тэрилерибизди бееер"деп кыйнасын ылайым
02.06.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
)))))))
02.06.2014. 17:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Алайда кытайлар жок беле?
02.06.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Апеей кайда еле баратабыз тиги жакта тоо ечкилерди жарып курсагынан кут деген балеени издеп жатышса. Бул жакта ешектер олуп.
02.06.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
немистер бар
02.06.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мумкун алар базардан сатып алып, терисин сыйрып анан таштап аткандыр.Уурдашса айылдан эшектери жоголдордон чыгат эле да.Кытайлардын эле колунан келет.Кыргыздар ал жолго барбайт деп ойлойм
02.06.2014. 22:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тообо кылдыым,эми эшек союшка отушконбу? Эшектерге боорум ооруп кетти,кантседа аларда жашагысы келетда. Аллах озун сактаа эле болуп жатат,акыркы убакта.
02.06.2014. 23:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба тооба... Ошо ишти ким жасаган болсо ошол адам 19 эшектин каргышына,убалына жана Аллахтын каргышына калат.
03.06.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Тооба кылдым. Акча учун адамдар эмнелерди гана кылбайт
03.06.2014. 10:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кадамжай районунун кеебир айылдарынын жолун баткен областька чейн китайлар туздоткон тамактары озулору жасашчу экен ошол айылдардагы эшектерди сойушуп теерисин сыйрып алып эттерин кам жеген экен жардамчы кыргыз бал дар оз козу менен коруптур видеосун корсоткон болчу.ошого окшогон бироолор жасаганго.
03.06.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ой тооба
03.06.2014. 17:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Byltyrky jyly 4on alai raionunun an4a myn4a aiyldardY kø4ø ewekterinen aryltuu maksatynda ewekterdi baratkan bow kamazdarga juktop beriwkenin ukkam.
03.06.2014. 19:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сакта!Шумдуктудай эле окуялар каптап кетти го.Негизи Алайда эшек көп болчу.
04.06.2014. 03:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Баткенде ак эшекти кытайлар сатып алып жатыщат деп мендаукканмын. Баткен тараптагы жолду да кытайлар салган алар аябай тез иштешет экен обед кылышпайт алдынан чыккан курт кумурскаларды жеп кете беришеткен
04.06.2014. 12:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
шумдук
04.06.2014. 15:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атын чыкпаса жер ортто эмес эшектин терисин сыйры болуптурго
04.06.2014. 15:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бул эшектерди этке тапшыра албай калгандардын иши эмес бекен, азыркы кафелерге деле ишенич жок, бир нерсе деп айтыш деле кыйын болуп калдыго.
05.06.2014. 12:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсил кайран эшектерибиз ай!(((
05.06.2014. 22:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Тээрисин ошончо акчага алаары чын бекен?
06.06.2014. 18:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kytailar jeit bizde dele kytailar satyp alat bolchu
06.06.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгерде чын эле кытайлар 1300$дан алса, ал териден жасалган нерселер кайра эле озубузго келип же башка жактарга деле 4500 5000$дан сатышат го......
07.06.2014. 16:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илгертен, Манас бабам баш болуп кытайды жерибизге киргизген эмес. Бир эле кыргыздар эмес. Азыркы бийлик кытайга эле жабышып алды. Булардан баардык нерсе жугат.
07.06.2014. 21:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушу кытайлар куйгузо турган болду да.бирдемени ойлоп таап эле келип кыргызстанга айтышып.муздаткычы бутуп.кут дегени бутуп.эми эшеке келиптир да очеред.
09.06.2014. 12:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бажы союзга киргенге чейин шашылып ала турганды алып алайлы дешсе керек да кытайлар... Аларга жол жабылат да жакында.
Модератор admin_superstan түзөттү 09.06.2014 12:18
09.06.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aygul, башкалардын улутун кемсинтүүдөн алыс болуңуз! Эскертүү!
14.06.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сагынбек Момбеков байке " Сат сат сат" деп айткан элего, очурет эшектин терисине келиптирби. Жакында ошол "колтуктун жүнүн" алабыз десе,бири бирин өлтүрүп уурдап саткандан да тайбайт мындайлар. Аллахым күнөөкөр пенделерине хидаят,ыйман бер.
16.06.2014. 21:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кече жакында эле "кут" алабыз тоо текелерин атышты эле. Бугун эми мынтип эшектин терисин сыйрып отурат, деги адамдар кайда баратабыз? Фасс десе эле чуркай бербей ойлонуп иш кылгылачы айланайындарым.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо