Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Бажы союзу:КЫРГЫЗСТАН ЭМНЕ ТАБАТ, ЭМНЕ ЖОГОТОТ?

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

Кыргыз өкмөтү Бажы союзуна кирүү камылгасын күн санап күчөтүүдө. Бул багытта жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалыматтар байма-бай чагылдырылганы менен, биримдикке кирүүнүн пайда-зыяны тууралуу так маалыматты коомчулук уга элек. Андыктан иликтөөбүздү Бажы союзу туурасында жүргүзүп, анын пайдасы жана тобокелчиликтери жөнүндө окурмандарга кеңири маалымат берүүнү эп көрдүк. «Аталган биримдикке кирген соң Кыргызстанды кандай келечек күтөт?» деген суроого жооп издедик.

БАЖЫ СОЮЗУ КАНДАЙ ПАЙДА АЛЫП КЕЛЕТ?

170 МИЛЛИОН КЕРЕКТӨӨЧҮСҮ БАР РЫНОККО ЖОЛ АЧЫЛАТ
Экономика министри Темир Сариев «Кыргызстан Бажы союзуна мүчө болгондон тарта 170 миллион керектөөчүсү бар ири рынокко чыгууга мүмкүнчүлүк алат. Башкача айтканда, Орусия, Беларусь жана Казакстан рынокторуна чыгуу үчүн биздин экспортко жол ачылат» дейт.
Серепчи Жумакадыр Акенеевдин баамында, Кыргызстан буга чейин Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун алкагында Кытай жана башка мамлекеттерден жеңил шартта келген товарларды Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстанга реэкспорт кылып киреше таап келген. Бажы союзу түптөлгөндөн тарта жаңы талаптар пайда болуп, Кыргызстанга келген товарлар Казакстандан ары өтүүдө кыйынчылыктар жарала баштады. Натыйжада өлкөдөгү «Дордой», «Кара-Суу», «Мадина» өңдүү ири базарларда соода төмөндөп кетти.
Мындан тышкары Кыргызстан өзү өндүргөн айыл чарба, курулуш материалдарын, азык-түлүк продукцияларын, кен-байлыктарын коңшу өлкөлөргө сатып келсе, бул соода-сатыктар да убактылуу солгундай түшкөн. Эгерде Кыргызстан Бажы союзуна кирбесе, кырдаал дагы курчуп, мамлекеттин экономикасы алсырайт.

ЗАВОДДОР ИШКЕ КИРИШЕТ
Премьер-министр Жоомарт Оторбаев «Бажы союзунун дагы бир пайдасы – заводдор курулуп, жаңы жумуш орундары пайда болот. Мунун натыйжасында айлык жогорулайт. Өлкөгө келе турган инвестиция көбөйүп, салык көп чогулат» дейт.
Бул тууралуу серепчи Жумакадыр Акенеев «бизде электр энергия менен жумушчу күч арзан болгондуктан, Орусия, Казакстан, Кытай сыяктуу мамлекеттерден келген ишкерлер
170 миллион калкы бар рынок үчүн товар чыгара турган заводдорду кура башташат»
дейт. Анын айтымында, мында ишкерлер үчүн жакшы шарттар түзүлүп, өндүрүлгөн товарын эч тоскоолдуксуз Бажы союзундагы мамлекеттерге өткөрө баштайт.

КҮЙҮҮЧҮ-МАЙЛООЧУ МАЙ БАЖЫ ТӨЛӨМҮСҮЗ КЕЛЕТ
Бажы союзундагы пайдалардын бири катары Орусиядан күйүүчү-майлоочу май үзгүлтүксүз жана бажы төлөмүсүз келиши айтылууда. Эгерде мамлекет аталган биримдикке кирүүдөн баш тарта турган болсо, анда Кремль тарап мунайзаттын баасына бажы төлөмдөрүн кошуп төлөтө баштайт. Натыйжада өлкөдө күйүүчү майга болгон баа Тажикстандагыдай 30-40 пайызга чейин жогорулап кетүү коркунучу бар.

АЙЫЛ ЧАРБАСЫ ӨНҮГӨТ
Биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев «Кыргызстан Бажы союзуна кирсе, айыл чарба продукцияларын кайрадан иштетүүнү өнүктүрүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр түзүлөт» дейт. Ал бул багытта өкмөт 1980-жылдары өнүккөн күнөскана чарбасын кайрадан жандандырууну ойлонуштуруп жатканын кабарлаган.
Серепчи Жума Абдуллаевдин пикирине таянсак, эгерде Кыргызстан Бажы союзуна кире турган болсо, анда дыйкандар өндүргөн продукциясын жогору баада коңшу мамлекеттерге сата башташат.


ЭРКИН СООДА-САТЫК КЫЛУУЧУ АЙМАК ТҮЗҮЛӨТ
Бажы союзуна кирген өлкөлөрдүн жарандары үчүн аталган аймакта эркин соода-сатык, бизнес кылуу үчүн шарттар түзүлөт. Ага ылайык, өлкө жарандары союзга мүчө болгон өлкөлөргө ээн-эркин кирип-чыгып, чек арадан өтүүдө жеңилдиктер болот.

БАЖЫ СОЮЗУ КАНДАЙ ЗЫЯН АЛЫП КЕЛИШИ МҮМКҮН?

КЫМБАТЧЫЛЫК КАПТАЙТ
Бажы союзунун тобокелчиликтери тууралуу айта турган болсок, серепчилердин көпчүлүгү Кыргызстанды кымбатчылык каптаарын айтышат. Бажы тарифтери жогорулап, тамак-аш 10 пайызга, кийим-кече, бут кийим баасы 20 пайызга, электроника 30 пайызга чейин кымбатташы мүмкүн дешет. Ал эми автоунаалар азыркы баасынан эки эсеге жогорулашы ыктымал. Бажы союзуна саресеп салган экс-министр Эмил Үмөталиев Казакстанда автоунаа былтыркы жылдан тарта кымбаттаганын айтты. «Бажы биримдигине кирүү менен Кыргызстан экономикалык жактан өзүн чектеп салат. Себеби Кыргызстан буга чейин Бүткүл дүйнөлүк соода уюмуна мүчө болгон 160ка жакын мамлекеттер менен кызматташып келсе, Бажы союзуна киргенден тарта алардан жүз буруп, үч өлкө менен кызматташууга өтөт. Бул өз кызыкчылыгыбызды курмандыкка чалып жаткандыгыбызды билдирет» дейт ал. Ошондой эле Эмил Үмөталиевдин маалыматында, учурда Кыргызстандын бажы тарифи 5 пайыздын тегерегин түзсө, Бажы союзунуку 10 пайыздын айланасында. Кыргызстан союзга киргенден тартып бажы тарифтери биримдиктеги өлкөлөрдүн тарифи менен теңделет. Жыйынтыгында Кыргызстан Казакстан жана Орусиядагы атаандаштары менен бир тепкичке чыгып, кымбатчылык бардык тармакта орун алат. Ал тургай жумушчу күчтүн акысы да кымбаттап, жумушчуга белгилүү бир минимумдан аз төлөөгө болбой калат.

ЖЕҢИЛ ӨНӨР ЖАЙ ЖАБЫРКАЙТ
Серепчи Жума Абдуллаевдин пикиринде, Кыргызстан тигүүчүлөргө керектүү материалдарды Кытайдан, Түркиядан жана Кореядан алып келет. «Чет элдик товарларды өткөрүү чектелгендигине байланыштуу кездемелер келбей калып, тикмечилер тиге турган кийим-кече чыкпай калат. Чыкса да кымбат баада чыгып, бирок Казакстан менен Орусиянын товарларынын алдында атаандаштык жарата албайт. Андыктан мамлекет бул маселени чечүү үчүн кездеме чыгаруучу фабрикаларды негиздөөсү абзел» дейт ал.

ТУРИСТТЕРДИН КЕЛИШИ СОЛГУНДАЙТ
Кыргызстан туристтерди тейлөө бааларынын арзандыгы менен тартып келет. Эгерде союзга кирип калса, анда туристтик компанияларга керектүү буюмдардын баары сырттан кымбат ташылып келе баштайт. Бул көрүнүш, биринчиден, туристтик компаниялардын өздөрүнө керектүү буюмдардын арзаныраагын, сапаты начарыраагын алууга мажбур кылат. Экинчиден, баалар башка мамлекеттердин туристтерди тейлөөчү компаниялары менен теңделгендигине байланыштуу эс алуучулар башка өлкөлөргө жөнөшөт.
Эмил Үмөталиевдин айтымында, Кыргызстандын туристтик компаниялары учурда тейлөө сапатын жакшыртканына байланыштуу Орусия менен Казакстандын туристтери келип жатышат. Эгерде сапаты төмөндөй турган болсо, анда биздин туристтик мүмкүнчүлүктөр азайып баштайт.

ТИЛ САЯСАТЫ ҮЗГҮЛТҮККӨ УЧУРАЙТ
«Бажы союзунун дагы бир тобокелчилиги катары кыргыз тили менен маданиятына көңүл бурулбай калат» дейт саясат таануучу Табылды Акеров. Анын айтымында, Бажы союзу биринчи кезекте Орусиянын геосаясий кызыкчылыгын камсыз кылуу үчүн түзүлүп жатат. Мунун акыры Кыргызстанда орусиячыл маанайдагы саясатчылардын көбөйүшүн шарттап, алар Москвага жагынуу максатында «орус тилинин мааниси жогорулады» деп жар сала башташат.

ӨЛКӨ КООПСУЗДУГУНА ТЕРС ТААСИРИН ТИЙГИЗҮҮСҮ МҮМКҮН
«Мамлекетте баалардын асмандаганына байланыштуу нааразычылык акциялары күч алат. Анын жыйынтыгы нааразыланган тарапты күч менен басууга алып баруусу мүмкүн. Бийлик Бажы союзунан тышкаркы мамлекеттер менен алакаларын чектеп, Орусияга көз каранды болуп, марионеткага айланып калуусу ыктымал» дейт Эльмира Ногойбаева Бажы союзунун пайда-зыяны тууралуу жүргүзгөн талдоосунда. Мунун натыйжасында өлкө башчыларын алмаштыруу абдан жеңилге турушу мүмкүн.

Темирбек Матаев
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -2 
Комментарийлер(36)
02.06.2014. 12:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
ТС га кошулбай эле койсок жакшы болмок.
02.06.2014. 12:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Мен 100%каршымын
02.06.2014. 12:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кечиктиңер,АША атаңар бүт баарын чечип койгон эчак эле!
02.06.2014. 12:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Зыяндан башка кыйраган пайдасы жок экен. Азыр шв цехтер эле кармап турат. Булар жабылса кандай жашоо болот. Эх кыргыздын кызыкчылыгын ойлогон жан бар бекен. Материал чыгара турган фабрикаларды куруп коюп анан кирсе макул дебейт белек.
02.06.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
АША кыргызстанды кууратты.
02.06.2014. 13:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Мен 200% каршымын элдин баары буга он пикирин айтпайле, озун-озу билип кирип кетти. Мурда эле орустун кулу элек, эми кыргыздын олгону.
02.06.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кошулуп болдунар уже. АШАны бирдеме кылып коргулочу, Путин байкесинин артына жашына калат да, кайра оз билген саясатын улантат. Ушул жонундо сурамжылоо болуп, элдин пикирин эске алгандар болду бекен?
02.06.2014. 13:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
кошулуп бир жаны озгоруш кылбаса болбойт, болбосо ушул бойдон дальше кетебизго.
02.06.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Фотодо эмне жарымы корунбойтго АША нын .Менда каршымын!!!
02.06.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эми кеч болуп калды окшойт, ушуга чейин жалан эле Пайдасыны айтып келген, зыяны туларуу бир ооз ачкан эмес эле.
Модератор admin_superstan түзөттү 02.06.2014 14:42
02.06.2014. 14:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
misster88, провокацияга жол жок. Эскертүү!
02.06.2014. 14:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
менимче туура эле го дейм бензин салярка кымбаттаса дыйкандардын шору алар эгин экпесе эксе да 2 эсе жашылча жемиш
02.06.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
азыр кыргызстандагы эл баарын билип турат,алдаганга ото кыйын!бирок атамбаев бардык кучун ТСга кируу учун жумшап жатат жашырганын жашырып билингенин билдирип,эмне учун белгилуу баарына!ТСга - ЖОК!!
02.06.2014. 16:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азыр кыргызстандагы эл баарын билип турат,алдаганга ото кыйын!бирок атамбаев бардык кучун ТСга кируу учун жумшап жатат жашырганын жашырып билингенин билдирип,эмне учун белгилуу баарына!ТСга - ЖОК!!
02.06.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
жакшы жактары да бар
02.06.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
golden_boy_KG, жакшы жактары бир гана окмот учун,жаман жактары -эл учун!ойлон жакшыраак!
02.06.2014. 17:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Атамбаев дагы 2 метр алысыраак турбаптыр да же кошпой койгонбу алыс тур деп.
02.06.2014. 18:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Чондорго баары бир алардын бизнестери бар биринен болбосо болуп турат. Карапайым эл эле кыйналат. Орустар эртен баарын кымбатат биз болсо айлабыз жок алабыз. Башкасынанда газ менен свет. Анан казактарга окшоп экономикабыз сызга отуруп калабыз. Пенсианы азыр айдын этегинде алсак 3 айда бирден алсак алдык болбосо жок. Инвесторлор болсо жалан орустардан келет алар да талап жок кылып анан куйругун туйуп кетип калышат. Жакшысы кирбеш к.к.
02.06.2014. 20:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Булар эл камын жер камын ойлобой калган...
02.06.2014. 21:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Пайдасы менен зыяны дээрлик бирдей эле окшойт менимче.
Канча ызылдаганыбыз менен биз уже кечигип калдык.Эми "кошулбай коюшка" жол жок!
03.06.2014. 08:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кирсе еле жыргайт белек.Пайдасы жок.Казактар жыргабайле журотко.Бизден машина алып суйунуп,арзан деп суктанышып Кыргызстанга.
03.06.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ашанын убактысы бутуп калдыго элди наразы кылса билбейм
03.06.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эми эмне кылмак элек.
03.06.2014. 19:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
кирсек кымбатчылык каптайт эгер кирбей койсок россиядан биздин акча тапкыч кыз жигиттерибиз таптакыр кайтат менимче.
04.06.2014. 03:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ТС кошулат эле дешет эмнеге шашып атышат билбейм эртен кошулгандан кийин баары жок кымбаттап эч нерсеге акча жетпей жашоо кыйын болгондо чондорубуз айтат биз мынчалык болушун билген эмеспиз деп. Россияда орточо айлык 1000$ Казакстанда 700$ ал эми Кыргызстанда 4000сом биз кайсы арыбызга кошулабыз билбейм. Рубль менен сом ТС кошулгандан кийин тен болсо.
05.06.2014. 01:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жалпы элдик референдум откоруп элдин оюу менен эсептешсе болбойбу?
05.06.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Эч нерседен ойлонбогула мезгил озу корсотот. Башка айла жок,антпесе бир жактан тажик-озбектер кирип сабап жатпайбы. Мен колдойм
07.06.2014. 21:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кошулганда деле мындан хуже болобуз.биздин жэрибизге.жер байлыгыбызга кызыгып кошуп жатышат.болбосом силердин экономиканар жооп бербейт деп кошмок эмес.
09.06.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менимче Бажы союзуну кошулганыбыз макул. Чек ара маселеси чечилээр- мамлекеттуулугубзду сактап калаарбыз. Кыргызстандагы бизнесмендерибизге кыйын болушу мумкун. Эмне учун байлардын айынан бутун мамлекетибиздин тагдырын чечилсин!
09.06.2014. 10:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kypchak80, башкалардын улутун кемсинтүүгө тыюу салынган! 3 күн БАН!
23.09.2014. 15:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Til sa9saty 4ektelet deit ko. Erten tilim jok bols0 bugun jakwy menin olup kalganym. Tilimdi satpaim!satyrbaim da!
23.09.2014. 19:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мен кошулбайм бар айт чондоруна
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо