Гүлнара Кахарова, ырчы:«БАЛДАРЫМ ДЕП САХНАДАН АЛЫСТАДЫМ»

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

2-3 эмес, 7 баланын өмүр жолуна гүл төшөгүсү келген ырчы Гүлнара Кахарованын чыгармачылыгы, сүйүүсү, энелик турмушу туурасындагы маек назарыңыздарда. Токчулуктун, шаңдуу жашоонун символундай, көздөрү дайыма күлүп турган айым ырчылардын арасындагы жалгыз Баатыр эне. Бирок Баатыр эне төш белгисин ала элек, алуу үчүн ырчы документ топтоп аракет деле кылган эмес.

– Гүлнара айым, акыркы учурда жаңы ырларыңызга күбө болбой келебиз. Балдарыңыздан колуңуз бошобой жатса керек...
– Албетте, балдарымдын улуусу бой жеткени менен, кичүүлөрү биринен сала бири кичинекей. Мектепке жиберем, кайра тосуп алам, курсактарын тойгузам, кечинде сабактарын окутам. Ошентип, күндүн кантип батканын билбей калам. Жашы өтүп бараткан кыздарга «качан турмушка чыгасың?» деген суроо өтө көп берилет, байкайсыңарбы? Анан ал кыздын чекеси тырышып, чачы тик туруп, мээси чыңалып чыгат эмеспи. Мени да ошого жеткизишти. Акыркы учурда ким менен сүйлөшсөм эле «жоголуп кеттиңиз, эмне чыкпай калдыңыз?» дей беришет. Өзүмө жок болгонум билинбей эле, чакырган тойдон, кайрымдуулук концерттеринен калбайм. Убактымды, албетте, мурункудай чыгармачылыгыма арнай албай жатам.

– Улуусу канчага чыгып калды?
– Улуу кызым Гүлдана жыйырма беште, андан кийинкиси Сезим жыйырмада. Үчүнчүсү Теңизбайды атасы чоң эне-чоң атанын уулу болсун деп Кара-Кулжага жиберген. Быйыл 9-классты аяктап, Бишкекке окууга тапшырганы келет. Кийинкиси Жаханбий 3-классты, Аруужан 2-классты, Угузхан 1-классты аякташты. Көкүрөк күчүгүбүз Байкут экиде.

– Балдарыңыздын аттары да өзгөчө экен, ким койгон?
– Кыздарымдын аттарын өзүм койгом. Уулдарыма ысымды атасы ыйгарган. Жолдошум тарыхка кызыккан адам, ошондуктан тарыхый аттарга басым кылган.

– Чын эле балдарыңыз тентек экен. Үй иштерине бирөө жарым каралашабы?
– Кыздарым жардам берет. Күздөн баштап чыгармачылыкка катуу киришейин деп жатам, ошондо жардамчы алам го. Сахна менен алпурушуп келе жатканыма 25 жыл болуптур. Бул датаны жакшы концерт менен же башкача өңүттө белгилесемби дейм. Бирок, албетте, балдарымдан убакыт ашса.

– Жолдошуңуз балдарына каралашабы?
– Каралашпаса мынча бала төрөбөйт элем да. Балдардын мектебине барат, кийим-кече сатып келет, бирок ашканага чейин киришип кетпейт. Тамак жасаган эркекти жаман көрөм. Мен жокто эле жумуртка кууруп жебесе...

– Жети эмес, бир бала деле чарчатып коёт. Сиздин чарчаган учурларыңыз болобу?
– Мен өзү калп айтканды, көркөмдөгөндү жаман көрөм. Чынын айтсам, күндө чарчайм. Кээде соолуп отуруп калам. Азыркы балдар мурункулардай отур десең отуруп, же десең жеп, кий десең кийип калбайт. Азыркылардын аң-сезими, талабы такыр башка. Мисалы, мен кичинекей чакта эжеме качан жаңы көйнөк, бут кийим сатып беришет, эскиси мага артат эле деп күтчүмүн.

– Жолдошуңуз ким болуп иштейт?
– Жолдошум дарыгер. Андан сырткары да бир иш менен алектенет. Ушунча баласы болгондон кийин ал деле ойлонот да, кантип багам, кантип буттарына тургузам деп.

– Негизи өзүңүз канча бир туугансыз?
– Апам он үчтү төрөгөн. Азыр беш кыз, беш бала барбыз. Жолдошум эки бир тууган, карындашы бар. Көп балалуу үй-бүлөдө өсүп, көпчүлүктү жакшы көргөн жаным, жаңы келин болуп Кара-Кулжага барганда аябай зериккем. Кара-Кулжанын борборунда тургандыктанбы, кошуналар деле киришип-чыгышпайт экен.

– Сахнаны сагынып, жаңы ырларды жаздыргыңыз келеби?
– Жаңы ырлардын үстүндө иштеп эле келем. Бирок балдарымдан бошобой, ал ырлардын аягына чыга албай жатам. Кээде авторлору чалып «Ээ, Гүлнара, качан чыгат ырың?» деп калышат. «Мына, бышайын деп калды» деп жоошутуп коём. Чыгармачылыгымдын жамандыгын көргөн жокмун. Ырчылыгымдын аркасында балдардын атасы менен тааныштым. Улан менин күйөрманым болчу. Азыркыга чейин колдойт. «Кичүүсүн чоңойтуп ал, анан жакшы ырларды жаздырасың, концертиңди бересиң» деп сооротуп калат.

– Дарыгер менен ырчынын тандеми кандай болот экен?
– Мен Уланды деле чыгармачыл адам деп ойлойм. Мен ооруп каламбы, балдарымбы, эч кимисине дары бербейт. Дары чөптөрдү өзү терет, кайнатат, буга деле чыгармачылыктагыдай изденүү керек. Балдардын дене табы көтөрүлсө, мен чыдабай ал жокто дары бере салам. Улан мени көбүнчө сөз менен дарылайт. «Сен күчтүүсүң, жашсың, энергияң көп» деп турат. Анын сөзү мен үчүн дарыдан күчтүү.

– Мактоолорунун арасында «сулуусуң» деген сөз барбы?
– «Сулуусуң» деп мурун айтчу, азыр ал туурасында ооз ачпайт (каткырып). Аны айтыш эсине да келбейт болуш керек.

– Бала кезден эле ырчы болом деп өстүңүзбү?
– Мен кичинекей чагымдан эле өжөрлөнүп ырдай берчүмүн. Базар-Коргондун Кайырма деген айылында чоңойдум. Үйгө коноктор келгенде ырдап акча тапчумун. Конок келгенде дайыма эки чөнтөгү бар жашыл көйнөгүмдү кийип алып бурчка туруп калар элем. Күн ысып жатса деле ошону кийип алам, анткени чөнтөгүнө акча салам да. «Мени качан ырда деп айтышат?» деп бир атама, бир апама барам. Алар «анан чакырышат, азыр ойной бер» десе болбой көгөрүп тура берчүмүн. Ырларды сиңдим экөөбүз радиодон угуп, жазып, жаттайбыз. Кагаз, калем сап дайыма даяр турар эле, биз күтүп жаткан ыр берилгенде бир сабын ал жазат, экинчи сабын мен жазам. Бир нече сааттан кийин кайра бергенде текшерип алар элек. Аяш аталарыбыз кайрадан келгиче башка 5-6 ыр жаттап койчумун ошентип.

– Ырчылык кадамыңыз анан кантип башталды?
– Мектепти аяктагандан кийин филармониянын алдындагы студияда окудум. Ал жерден «Жетиген» ансамблине кирип, Мукан Рыскулбековдун «Өчпөгөн жылдыз», «Сооротуу», «Жаңыл мырза» деген ырлары тушоомду кести. Азыр ойлосом, ошондо эле ырды бардык нерседен бийик коюптурбуз. Кайсы жерде концерт болбосун костюмдарыбызды көтөрүп барып калчубуз, азыркыдай акча сурамай жок.

– Атактуулуктун даамын жакшы эле таттыңызбы?
– Бүгүнкү күнгө чейин татып келем. Кийин балдарымды кимдир бирөө «баланчанын баласы» дешсе, «ий, апаң ырдабай эле башка иш кылса болмок экен» дедиртким келбейт. Ошондуктан тарбиялык мааниси бар, элге жетимдүү ырларды ырдаганга аракет кылам.

– Жолдошуңуз айтмакчы, чын эле күчтүү айымсыз, үйдүн чылбыры сиздин колуңуздабы?
– Толук бойдон жездеңерде, кээде эле кокусунан мага тийип калбаса. Күйөөсүн башкарган аялдарга айтат элем, эртең эле уулуң келинчек алат. Ошондо сенин жакшы көргөн балаңды аялы башкарып жатса кантип карап турасың деп.

– Ырчылыктын терс жактарын көрдүңүзбү?
– Мага угузбай «ырчы да, ырчынын кылары ошол» дегендей кептер айтылышы мүмкүн. Ырчы керек болсо эч ким кылбаган ишти кылып коёт. Ошондуктан кыздарыма «бой жетип турасыңар, бир жериңерден кынтык таап, «энеси артист да, эч нерсе үйрөтпөптүр» деши мүмкүн. Бетиңе келип айтышпаса да, сезип калсаңар силерге катуу тиет. Сөздөн өткөн чоң курал жок, башыңарды шылкыйта турган. Мени карагыла, колуман баары келет. Лагман чоём, манты түйөм, кышкы салатты түрлөп жасайм» дейм. Балдарым кийин биз тууралуу жаман сөз угуп калбаса экен деп корком.

– Рахмат, эже, маегиңизге, балдарыңыздын убайын көрүңүз.

«Балдарым кийин биз тууралуу жаман сөз угуп калбаса экен деп корком».


Сүйүн Кулматова
star@super.kg


Гүлнара Кахарова: "Баатыр эне" наамын беришкен жок"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(96)
02.06.2014. 18:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жылдыздуу айым!Балдары аябай сулуу экен озуно окшоп
02.06.2014. 19:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жаштык кезде сулуу болчу азыр деле ошондой экен кичине толгону болбосо. Ырларын суйуп укчумун.
SUPER.KG видео
02.06.2014. 20:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу,жароокер мээримдуу айым экени корунуп турат.Уул-кызынын урматын коруп,бактылуу карылыкта омур сурсун.
SUPER.KG видео
03.06.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соз жок,сонун маэк болуптур сиздей аялдар коп болсун элибизде,талантынызга таазим.Балдарыныздын убайын корунуз,кыздарынызда сиздей жашоого тын аял заты болушу талашсыз.
SUPER.KG видео
03.06.2014. 00:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сонун маек болуптур, сиздин мунозунуз жагат мага, кен пейилсиз журогунуз таза аял экениниз корунуп турат, ошон учун сизге 7баланы бериптир аллах, балдардын урматын корун эже, бирок биздин олко деле конул буруп наам ыйгарса болмок
03.06.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Небересида бар угушумча.
SUPER.KG видео
03.06.2014. 10:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулнара эже, уй-було бул кичинекей бир мамлекет эмеспи, сизге кааларым ушундай кичинекей мамлекетиниздин арасында журо бериниз, бактылуу болунуз, ийгилик каалайм сизге.
03.06.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага аябай жагат, менин кумирим
03.06.2014. 12:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынын дагы коздору кулуп турат экен. Бактылуу болушсун.
03.06.2014. 13:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарыныздын сыйын коруп журо берин.
Ырларыныз олло жагат
03.06.2014. 18:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жети баласы бир куйодонбу жетинин бири кыдыр дейт деги жети сан жакшы модолес кыз урааааа
SUPER.KG видео
03.06.2014. 19:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Коп жумуртканын арасында созсуз бир сасыткы болот эмеспи.Анча-мынча терс пикирин билдиргендер алар бироонун жакшылыгын коро албайт болуш керек.Эне болуу кандай гана бакыт!!!Гулнара айымдай энелер алар жашоону жалгаштырып,улуттун учугун узартчу,тируучулуктун шамы болгон асыл заада энелер.Бала жыты-бейиш жыты деген экен пайгамбарыбыз!Бар болунуз Гулнара айым,сиз кыргыз сахнасынын улгулуу ырчы-айымсыз!!!
SUPER.KG видео
03.06.2014. 22:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ошондо 3 жолу турмушка чыккан экен да
04.06.2014. 00:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу айым экен, коз тийбесин!
SUPER.KG видео
04.06.2014. 01:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жөнөкөй сүйлөгөн жакшы эже экен... Ачык-айрым...
04.06.2014. 14:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сулуу, ачык-айрым эже экен. 7 эмес, экини торогондон кийин эле толуп кетип жатышпайбы, эже дагы деле формада, аман болунуз.
04.06.2014. 18:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балдарынын ысымдагы аябай сонун тарыхы бар
04.06.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уй булоолук бакыт ар дайым аман болунуз
SUPER.KG видео
05.06.2014. 00:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жанында отурган помпошка баласы чону соонун экен супсулуу ииий
05.06.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бактылуу болунуз эже, балдарыныздын убайын корунуз!
05.06.2014. 14:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
7 баласы бир куйоодон болсо азамат айым экен. Анда ырчылардын арасындагы рекордду тиягынан да биягынан да коюптур. Бирок андай болбошу деле мумкун.
06.06.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай жакшы кором балалык деген ырын. ырчы эже бактылуу экенсиз
08.06.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы көргөн эжешам
09.06.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акманым деген ырын оло суйом.
12.06.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
menin birinchi suigonum!
SUPER.KG видео
27.06.2014. 13:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эже талантынызга таазим!мен да кайырма айылынан болом,биз сиз менен сыймыктанабыз!
SUPER.KG видео
01.07.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Балама деген ыры мага да аябай жагат, супер.админден сурандым эле. Кутуп журом......
SUPER.KG видео
02.07.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guliz996, бир эле сунушту бир нече бөлүмгө жазууга болбойт. Билдирүүңүз өчүрүлдү.
SUPER.KG видео
02.10.2014. 14:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулнара Кахарованын 20жыл мурда ырдаган ырын угуп абдан суктандым,жапжаш,супсулуу,уну укмуш экен эле.Бар болунуз!
SUPER.KG видео
11.10.2014. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кандай гана бактылуу 7баласы болсо кооп жашаныз
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо