Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧЕТ ӨЛКӨЛӨРДҮ БАГЫНТКАН КЫРГЫЗ СПОРТЧУЛАРЫ

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

Кыргызстандык спортчуларынын арасында дүйнө аренасына чыгып, ийгиликке жетип жүргөндөрү аз эмес. Атактуу кыргызстандык футболчу Казакстандын «Актөбе» футбол клубунун коргоочусу Эмил Кенжесариевди кимдер тааныбайт. Дүйнөнү дүңгүрөткөн тай бокс боюнча чемпиондор айтылуу эже-сиңди Шевченколор, АКШда профессионалдык рингге чыгып жүргөн Алмазбек Раимкулов жана башкалар. Бул спортчулардан үлгү алып, чет өлкөнү багынткан спортчулардын жаңы муундары өсүп келүүдө. Алар бөтөн жерде жүрсө да мелдештерге Кыргызстандын желеги астында чыгышат.

Аты-жөнү – Урмат Рыскелдиев
Жашы – 23тө
Профессионалдык рингде 3 беттеш өткөрүп, 1 жолу тең чыкса, экөөсүндө жеңишке жетишкен.

АКШда РИНГГЕ ЧЫККАН УРМАТ РЫСКЕЛДИЕВ
Алмазбек Раимкуловдун жолун жолдоп АКШда профессионалдар арасында рингге чыгып жүргөн кыргыз мушкерибиз бар. Нарын облусунун Жумгал районундагы Чаек айылынын кулуну Урмат Рыскелдиев АКШда Кыргызстандын атынан рингге чыгып келүүдө.
23 жаштагы Урмат бир жылдан ашуун убакыттан бери АКШнын Лос-Анжелес шаарында жашап, машыгып келет. Биздин боксчуну өз убагында 25 чемпионду чыгарган айтылуу Жеси Рид машыктырат.
69 килограмм салмакта уруш өткөрүп келген мушкерибиздин алгачкы беттеши өткөн жылы күзүндө сүйүүчүлөр арасындагы Американын чемпиону Патрик Дэй менен кездешип, тең чыгуу менен аяктаган. Ушул убакытка чейин дагы 2 ирет беттеш өткөрүп, экөөндө тең жеңишти камсыздай алды.

 

 

Аты-жөнү – Яна Ляшко
Жашы – 25те
Жетишкендиктери – 2006-2007-жылы каратэ боюнча Кыргызстан чемпиону,
                               2009-жылы кулатуу боюнча Кыргызстан чемпиону,
                               2010-жылы бокс боюнча Кыргызстан чемпиону,
                               2010-жылы Вале-тудо боюнча Кыргызстан чемпиону,
                               2012-жылы тай бокс боюнча Москванын чемпиону,
                               2012-жылы ММА боюнча Орусия чемпиону,
                               MMA профессионалдар арасында 3 беттеш өткөрүп, баарында тең жеңишке жетишкен.

ШЕВЧЕНКОЛОРДОН КЕМ КАЛЫШПАГАН ЯНА
Чет өлкөдө атагы чыгып жүргөн ата мекендик спортчулардын катарында тай боксчу Яна Ляшкону да белгилей кетсек болот. Яна 1989-жылы Чүй облусундагы Кара-Балта шаарында туулган. Алгачкы ийгиликтерге каратэ боюнча мелдештерде жетишип, өлкөнүн бир канча чемпиондугун утуп алган. 20 жашында кулатуу жана бокс боюнча Кыргызстандын чемпиону аталат. 23 жашында Орусияга сапар тартып, тай бокс боюнча Москва шаарынын биринчилигин багынтат. Ошондон тарта профессионалдар арасында беттештерге чыгып, 3 ирет катары менен мыкты делген атаандаштарын жеңип алган. Азыркы учурда ал Москвадагы «Универсал» клубунда машыктыруучу болуп эмгектенет жана мелдештерге Кыргызстандын атынан чыгат.

Аты-жөнү – Ахлетдин Исраилов
Жашы – 19да
Амплуа – жарым коргоочу
2008-жылдан тарта киевдик «Динамодо»

КИЕВДИК «ДИНАМОДО» АХЛЕТДИН ИСРАИЛОВ
Көзгө илинип калган  футболчубуз Ахлетдин Исраилов айтылуу киевдик «Динамонун» намысын коргоп келет.
Ахлетдин Исраилов 1994-жылы Кара-Суу шаарында туулган. Кичинекей кезинен тарта футбол менен алектенип, туулуп-өскөн шаарынын «Жаштык-Ак-Алтын» футболдук клубунда машыгып баштайт. 12 жашында борбор калаага чакырылып, Москвадагы ири турнирге катышат. Бул турнирде өзүн көрсөтө алган мекендешибизди киевдик «Динамонун» машыктыруучулары байкап, аны өз командасына чакырышкан. Ошентип жаш футболчу Украинанын эң мыкты делген футболдук клубунун академиясына кошулат. 6 жылдан соң негизги курамдын экинчи командасында дебют жасап, бат эле мыктылардын бири боло алат. Эми таланттуу футболчубуз «Динамонун» негизги курамынын босогосун аттаганы турат.

 

Аты-жөнү – Валерий Кичин
Жашы – 22де
Амплуа – коргоочу
2013-жылдан тарта «Уфа» клубунда

«УФАНЫН» КОРГООЧУСУ ВАЛЕРИЙ КИЧИН
Кыргызстандык футболчу легионерлердин сап башында Валерий Кичин турат десек болчудай. Ал Орусиянын «Уфа» клубунда ойноп келет. Аталган клуб эмдиги жылы Орусиянын Жогорку Лигасында ойномокчу.
Валерий Кичин футбол баскычын «Камбар-Ата» клубунан баштаган. Кийинчерээк Канттын «Абдыш-Атасына» кошулуп, 17 жашында «Дордой» клубуна өткөн. Таланттуу футболчу аталган клуб менен 2 ирет чемпион аталууга жетишет. 2013-жылы Валерий Кыргызстан курама командасы менен шериктештик Кубогунда мыкты оюн көргөзүп, Орусиянын «Волга» командасынын машыктыруучусунун көзүнө илинет. Көп өтпөй Кичин Орусиянын Премьер Лигасынын командасы менен келишимге кол коёт.
Сезондо кыргызстандык футболчу бардыгы болуп Премьер Лигасында 3 оюн өткөрүп, машыктыруучунун чечими менен тажрыйба топтогону 1-лиганын «Химик» командасына барат. Бул командада 18 оюн өткөрүп, 1 гол киргизгенге жетишет. Футболчубуз быйылкы сезондо башкортостандык «Уфада» оюн көрсөтүп, команданын Жогорку Лигага чыгуусуна көмөк кошо алды.

Аты-жөнү – Абай Жамшитбек уулу 
Жашы – 19да
Жетишкендиктери – Вале-тудо боюнча Кыргызстан чемпиону,
«Time to fight» эл аралык турниринин жеңүүчүсү,
Панкратион, эрежесиз эр уруш, уруш түрүндөгү самбо боюнча спорт чебери.

КЫРГЫЗ ЖИГИТТЕРИН МАШЫКТЫРГАН МОСКВАДАГЫ СПОРТ КЛУБ
Москванын борбордук бөлүгүндө жайгашкан «Айкөл Манас» аталышындагы спорт клубу бар. Бул жайга күндүзү ар кайсы тармактарда иштеген 80 бала кечинде машыгуу үчүн келишет. Мында спортчулар, жиу-житсу, куралсыз өзүн коргоо, куралы жок уруш, эрежесиз мушташ боюнча машыгышат.
Анын окуучуларынын бири, келечекте чоң үмүт арттырган спортчу 19 жаштагы Абай Жамшитбек уулу. Анын бул жерде машыгып жүргөнүнө 5 жылдын жүзү болду. Бул арада Абай жөнөкөй спортчудан спорт чеберине чейин жетип, алдыда чоң ийгиликтерди көксөп жүргөн кези. Ал Орусиянын ар тарабында болгон ири мелдештерге катышып, байгелүү орундарга илинип келет.

 

 

Аты-жөнү – Канжарбек Тойчубеков
Жашы – 25те
Жетишкендиктери – 2010-2011-2012-жылдары Красноярск шаарында өткөн грэпплинг боюнча чемпион,
2011-13-жылдары Абакан шаарында өткөн уруш түрүндөгү самбо боюнча чемпион,
2012-13-жылдары Красноярск шаарында ММА профессионалдар арасында чемпион.

КРАСНОЯРСКТЫН ЧЕМПИОНУ
Дагы бир Канжарбек Тойчубеков аттуу мекендешибиз Орусиянын Красноярск шаарынын эрежесиз уруш боюнча чемпиону аталып келет. Канжарбек 1989-жылы Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Сары-Булак айылында туулган. Айылдагы орто мектепти 2007-жылы аяктап, 2008-жылы Красноярск шаарына кеткен.
Красноярск шаарында «Мухаммед Али» спорт клубунда Акыл Мелибаевдин машыктыруусу астында бир канча жылдан бери машыгып келет. Бул арада 25 жаштагы спортчу грэпплинг, уруш түрүндөгү самбо жана эрежесиз мушташ боюнча аталган шаардын 3 жыл катары менен чемпиондук наамын эч кимге бербей келет. Алдыда биздин чемпион дүйнөлүк аренаны Кыргызстандын желеги астында багынтууга бел байлаган маалы.

Адилет Керимбек уулу
sport@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(17)
02.06.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
молодец алга Кыргыз!!!!
02.06.2014. 10:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
футболчуларды финансы жактан колдоп озубуздун сборныйга чакырып алса болмок...
02.06.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Kara_kyrgyz, алар башка сборныйда бекен?? Кыргызстанга эле ойноп журушпойбу
02.06.2014. 16:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар!!! Ийгилик каалайм!!!
02.06.2014. 21:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик баарына дагы да желегибизди желбирете бериле
02.06.2014. 23:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Урра!Биздин спортчулар!Рахмат администрация менин сунушумду четке какпаганыныздарга.Баардык спортчуларга ийгилик каалайм.Ошондой эле Абай иниме,Янага чоон салам!Футболчуларыбыздын мыкты командаларда ойногону тан калтырат.Урра,Кыргызстан!
03.06.2014. 00:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абай ар дайым ийгилик коштоп журсун. Спортчулар силер мыктысынар силер м.н сыймыктанабыз!
03.06.2014. 22:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар Кыргызтандыктар
04.06.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Оо конулунду которотко, ийгилик спортчуларга.
04.06.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азамат! Канжарбек ийгилик сага
07.06.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсынар, желегибизди чет олколордо желбиретип, ийгиликтерди багынтып журо бергиле!!!!! АЛГАААА)))))))))))
08.06.2014. 20:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айкол манаста машыгып келе жаткан жаш спортчу Рыскул ибрагимовдуда чыгарып койсонор жакшы болмок
09.06.2014. 10:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beka.., Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
12.06.2014. 22:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin_superstan, алдын ала рахмат!
12.08.2014. 16:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
харошо баец мелисбек абдрахманов масквадв чемпине казаксанда караганда
12.08.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргысандын курама камандасына жургон мелисбек абдрахманов ду чыгарсанар ал коп менет кылды кыргызсандынбирнече жлолгу чемпиену 2011жылы кахаксанда откон баевое самбодон2места 2010 бишкекде 1 места 2012жылы казаксанда карананда шарышы мма боюнча 1места 2012 кыргызсан евразии аразында титулга ееболгон супер бойдо,2013бишкете греплин бойунча америгага адборда 2места 2013жылы москвада кубка алаянстын кубогун утган 1места 2014ошто греплинден 1места 2014 казаксанда алматыда алаш прайдын 1места
12.08.2014. 16:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
маледес
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо