Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЧАҢДАГЫ ГҮЛ

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

(Башталышы өткөн сандарда)

Канышай да сыртынан жан адамга сездирбегени менен ичтен сызып, ушул күндү зарыга күткөн. Кантип Айдайды кучагына кысканын өзү да элес албады.
– Кызым!
Канышай ушул сөздү кайталай, көзүнөн мончок жаштар куюла берди. Айдар эмне кылсын, тек гана кызын апасына жолуктурганына ыраазы боло, четте жылмайып карап турду. Ушу тапта бул үчөөнүн бактысына ортоктош болгонсуп, асмандагы булуттардын арасынан күн нуру жаркырай чыга келди.

ххх

Бишкектеги ресторандардын бири. Атайын үйлөнүү үлпөт тоюна даярдалган жасалга көз жоосун алат. Төрдө аппак көйнөк кийген Айдай менен кара костюм-шымчан Бекзат отурду. Дасторкон толо түркүн даамдар желип, шараптар ичилип, эки жашка жакшы каалоо-тилектер айтылып жатты. Айдайдын көзүндө бакыттын учкундары жанат. Улам кылчактай ата-энеси отурган тарапты карайт. Айдайды кенедей кезинен асырап алышкан Керим менен Сабиранын да кубанычында чек жок.
– Айланайын, кызым, келчи, өөп коёюн. Тоюңар акжолтой болуп, жоолугуң ылайым башыңан түшпөсүн. Бизди уят кылбай, кайын журтуңду урматтаган келин бол, садагасы!
Чыдабай кеткен Сабира тыныгуу маалында кызынын жанына басып келип, батасын берип гана тим болбостон, жанындагы Бекзатты да бешенесинен сүйдү.
– Ырахмат, апа!
Айдайдын көзүнөн жаш сызылды. Ооба, азаптуу күндөр артта калганы менен кыздын жүрөгүндө өмүр бою кетпес так калды. Байкуш ата-энеси кызынын шаарда кантип күн кечирип жүргөнүн кайдан билишсин?! Алардын үмүтүн актап жаткандай өңдөнгөнү менен кызы эмне деген күндөрдү башынан кечирбеди... Айдай ушуларды ойлоп отуруп өзүн күнөөлүү сезип, Сабира апасын тике карай албай көзүн ала кача берди. Муну байкай калган Бекзат акырын колун бекем кыса шыбырады.
– Баары жакшы болот, жаным. Биз сөзсүз бактылуу болобуз.
– Ооба.
Жаш келиндин жашып кеткенин четте карап отуруп байкай койгон аялдар өз ара күбүр-шыбыр түшүп, жакшылыкка жоруп тим болушту.
– Кубанганынан ыйлап жатат го, байкуш. Башка үйгө бүлө болуу оңой эмес да.
Той ортологон сайын Айдайдын көзү көпчүлүктүн арасынан кимдир бирөөнү издей баштады.Төрдөгү Айдар менен Канышайга деп жасалган орундун бош турганына кабатырланды. Улам үмүттүү каректери босогого кадалат. Ал ортодо Бекзатка бир досу келип, бир нерселерди кулагына шыбырап калды.
– Аа, жаман болгон тура.
Бекзат кобуранып калды.
– Эмне болуптур?
Ал кеткен соң Айдай сүйүктүүсүн шектүү көздөр менен карай суроо узатты.
– Эч нерсе.
Бекзат жубайынын маанайын бузгусу келбеди. Алгылыктуу жооп уга албаган Айдай кайрадан сурады.
– Айтсаң эми, суранам.
Бекзат акыры айтууну туура көрдү.
– Тариел камалыптыр.
Бул тууралуу сөз ушуну менен жабылуу аяк болгонсуду. Айдай жүрөктөгү жарасын тырмап, дагы суроо узаткысы келген жок. Тек гана ичинен «Кудай ага жазасын берген тура» деп кубанып алды. Аңгыча эле босогодон колуна чоң букет гүл кармап Айдар менен досу Акылбек кирип келди. Алар түз эле төрдө отурган жаш түгөйлөргө басып келип гүлдү карматып, каалоо-тилектерин айткан соң өз ордуларына барып отурушту. Мына, ушул убакыттан тарта Айдайдын дүйнөсү түгөлдөй сезилди. Атасы алып келген гүлдүн чаң басып калганын көрүп, өзүн ал гүлгө салыштырды. Ооба, көрсө, жаштык менен көптөгөн азгырыктарды жеңе албай калган тура. Эми андай катачылыктар эч качан кайталанбайт. Аңгыча тамада жаш жубайларды ортого бийге чакырды. Бекзат менен Айдай ортого чыгып, жеңил музыканын коштоосунда бийлеп жатышты. Аларды жаркын келечек күтүп жаткан эле...

(Аягы)

Асхат Субанбеков


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Башка сандарда:
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 584-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ (жаӊы сериал) 585-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 586-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 587-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 588-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 589-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 590-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 591-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 592-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 593-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 594-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 595-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 596-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 597-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 598-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 599-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 600-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 601-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 602-сан
ЧАҢДАГЫ ГҮЛ 603-сан
Комментарийлер(29)
02.06.2014. 09:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен номер биринчи экем
02.06.2014. 09:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akyry buttu e,baktyluu bolup ayaktagany jakty birok shashylyp ele eptep baktyluu kylypkoidu.Tagdyr oiunun okuganda yilayt elemgo a bul bolso keldi etti boluptur
02.06.2014. 09:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Идеасы жакшы бирок бир нерсе жетишбей калган. Же шашылып жазганбы, супсак болуп калган. Мага озгочо тагдыр оюну жаккан болчу
02.06.2014. 09:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аягы кызыксыз бүтүп калды...
02.06.2014. 09:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Бишкектеги ресторандардын бири.Атайын уйлонуу улпот тоюна даярдалган жасалга..."десе,мен "Атайын"дегенди "Атайдын"деп окуп алып,кокуй кайсы Атайдын деп копко оозумду ачып тиктеп турбадымбы.
А бул чыгарма устуртон жазылып калгандай,"мен келдим,мен кеттим"деген сыяктуу.
02.06.2014. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
автор ушунчалык жалкоо экен.жана каармандар канышай айдай ото эле женил ойлуу,бузулган аялдар
02.06.2014. 09:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эээ ошонтип бул чыгарманы дагы окуп буттук.
02.06.2014. 10:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akury buttu okwoit bul chygarma...kantse da aiagy baktylyyluk mn aiaktady...
02.06.2014. 10:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анча кызыктуу эмес экен, дагы бир аз кызыктуу кылып кошумчаласа болор беле. Тагдыр оюну сыяктуу кызыктуу чыгарма дагы качан чыгат экен?
02.06.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мдаа чыгармада аялдарды женил ойлуу а эркектерди алардын ошо женил ойлуулугуна карабай уйлонгон жентлмен кылып корсотуп коюптур. А негизи чыныгы жашоодо андай бузулган кызга 1000де 1 эркек уйлонот. Баары эле суйлошуп жургон кызым байкап корсом кыз эмес экен уйлонсомбу уйлонбой эле койсомбу деп эки анжы ойдо журушот.
02.06.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарма абдан супсак жазылган. Ото курч кульминациялык чек жок. Турмушту ото женил карган же каармандар ото женил адамдар. Негизи турмуш чындыгында окуя мындай бутуш мумкун эмес болчу.
02.06.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыгарма орто суперстандагы адабият жана поэзиядагы чыгармалар аябай соонун да. Баарыбыз бактылуу бололучу
02.06.2014. 12:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Эмне деген чыгарма мен бир да тушунбодум кечиресинер?
02.06.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бутконуно шугур.
02.06.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бутту ошентип бирок аягы суз
02.06.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kandai gana baktyluu
02.06.2014. 17:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы чыгарма экен
02.06.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аа жакшы тамаша сөз менен айтканда,Бекзаттын мойнуна ала куржун илинген туура.
02.06.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгарманы бир чай ичимде жазып салгандай. Ото кенири суроттоп бере алган эмес. Кантседа жазуучунун калеми курчуй берсин,биз сындап журо берели(деп койбоймбу). Аягы Бактылуу коз ирмемдер менен буткону жакшы экен.
02.06.2014. 23:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
кандай жакшы бактылуу болуп аяктаптыр
03.06.2014. 00:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Шашылыш жазган го аябай, ортодогу адамдар да жок болуп кетти. Кызыксыз!
03.06.2014. 00:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
бул чыгарма деген бутуп, уч курбу башталды эле го... тушунбой калдым...
03.06.2014. 03:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм жакшы.бактылуу болушсун.копчулук тура айтыпсынар шашылыш жазылган чыгарма окшойт кыязы
03.06.2014. 04:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармаларды кантип жарыяласа болот экен,ээ?
03.06.2014. 10:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ggvatua, lira@super.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
03.06.2014. 20:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
жакшыы бутуптур
06.06.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Акыры бутуптур да.
06.06.2014. 21:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
эмнеге баардык эле чыгармаларда бактылуу кылып бутуруп койушат?
07.07.2014. 16:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
begzat narkaman elego ne boldu akyry tobo kyzyksyz
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо