Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ЫРЧЫЛАР СТИЛИСТТИН КӨЗҮ МЕНЕН

№604 30-май-05-июнь, 2014-ж

Адатта эл көзүндөгү адамдар кийген кийими, жүрүм-туруму менен көпчүлүккө үлгү боло алышат. Аларды туурап кийинген жаштар да аз эмес. Бүгүн биз белгилүү ырчылардын кийинүү стилин стилисттердин сынынан өткөрүүнү туура көрдүк.

Замира Молдошева, стилист-дизайнер:
– Аваз Акимов бул жерде туура эле кийинген. Бир гана кемчилик, күлгүн түстөгү бабочкасы менен ак түстөгү көйнөгү куюлушуп, бабочка анча билинбей калган. Ордуна кыпкызыл өңдөгү бабочка тагынса сонун жарашып калмак.

 

 

Гуля Алманбетова, стилист:
– Аваз стилин издеп жүрөт экен. Бул формасы кэжуал стилине кирет. Күлгүн түстөгү бабочкасы жаш балдардыкындай көрүнүп калган, аны алып деле койсо болмок.

 


 

Аваз Акимов

Замира Молдошева:
– Акыркы күндөрү Каныкейдин стили аша чаап кеткендей. Бул жерде көз айнеги ашыкча, ал эми баш кийимин кийизден жасалган баш кийимге алмаштырса болмок.

Гуля Алманбетова:
– Каныкей, өзү айткандай, башкача кыз. Өзүнүн «кызыктуу» стилин тапкан айым. Учурда түзгөн образы канчага чейин иштейт аны айта албайм. Бирок түзгөн образы ырдаган ырларын жууп кетип жатат, ошол экөөнү теңесе жакшы болмок.

Каныкей

Замира Молдошева:
– Султанда үн, талант, келбет баары бар, бирок стили жок. Муну Султан «мен чыныгы эркекмин, ошол үчүн стилдин кереги жок» деп түшүндүрүшү мүмкүн (күлүп). Бирок эл көзүндө жүргөн адам болгондон кийин баарын тегиз алып кетүүгө аракет кылуу керек.

Гуля Алманбетова:
– Султандын стили башында жакшы болчу. Азыр стили аксап жүрөт. Бул сүрөттө кийген шымы тар экени дароо көзгө урунат экен. Табият койнунда эргүү издеп отурган образды жараткысы келген болсо, колундагы саатын чечип эле койсо болмок.

Султан Садыралиев

Замира Молдошева:
– Айгеримдин талантын билбейм, өзү сулуу кыз. Кийингени өзүнө жагат болуш керек. Бирок ал элге жагабы, ошол күмөн жаратат. Мындай келбет менен Рианнадай моданын мыйзам чыгаруучусу болсо болот. Бирок стили дайыма аксайт, кеңешим, профессионалдарга кайрылышы керек.

Гуля Алманбетова:
– Бул ырчы кыз стилин таба элек. Формасы кадимки концерттик костюм, ачык кийингенди да профессионалдуу деңгээлде алып чыкса болот, бирок Айгерим ал нерсени кыла албай жүрөт, жаштык кылып жатса керек. Чач жасалгасы абдан улуу көрсөтүп койгон, өтүгүн туфлиге алмаштырыш керек болчу.

Айгерим Расул кызы

Замира Молдошева:
– Бегимайдын күлгүн түстөгү көйнөк менен комбинезону жакшы эле, бул жерде бут кийими бутун кыска көрсөтүп койгон. Мисалы, өтүгүн бийик такалуу туфлиге алмаштырса болмок.

Гуля Алманбетова:
– Татынакай айым экен, бирок үстү кеңсеге кийчү кийим, асты эмне экени түшүнүксүз. Бут кийиминин такасы көрүнбөй, өтүгү маасыга окшоп калыптыр. Күлгүн түс жарашкан адамдарга гана жарашат, аны этият пайдаланыш керек.

Бегимай Бекбоева

Замира Молдошева:
– Бул жерде Анжелика улуттук стилде кийинген. Көйнөк менен бут кийими жарашпай калган. Бут кийими сонун, көйнөгү да сонун, бирок экөө айкалышпайт.

Гуля Алманбетова:
– Анжеликанын стиль издөөдөгү аракети күч. Бул жерде жылтырак капрон колготкиси бузуп койгон. Сулуу бутун жашырбай бут кийимин туфлиге алмаштырса жарашмак.

Анжелика

Лунара Бекиева
star@super.kg


Жылдыздар стилисттин көзү менен

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(79)
SUPER.KG видео
02.06.2014. 20:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Омар красавчик.Идеалдуу ырчы.Ал эми Айгеримдин кийимине соз жок.Озуго жакса кийинип журо берсин.
02.06.2014. 20:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Албетте жылдыздарыбызга катуу тийиши мумкун.бирок стилисттер туура эле сындашкандай.Замира эжекебиз озунун возростуна ылайык,дайыма жарашыктуу кийингенин байкайм.
03.06.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира Эже силерден Караганда 100% стидуу эле.
03.06.2014. 03:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сынчынын сынар отугу майрык деп айткан элибизде асыл кеп баар.Гуля айым стилистке окшобогондой кебетеси бар экен.
03.06.2014. 04:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы кенештерди беришиптир.Омар- красавчик,Каныкей-красавица.
03.06.2014. 09:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Туура эле го сындары


03.06.2014. 11:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Tuura ele eken syndary. Maga jakty, taamai aitkandai. Aigerim chyndap ele stili koinoktordun etegin jyrtyp, bir nerse kylyp ele kiyip juro beret, ANjelika bolso Bew
03.06.2014. 11:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
april91, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
03.06.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи кыргызда бир кеп бар адам сын менен осот деген демек ырчылар туура кабыл алышса керек деп ойлойм ..........
03.06.2014. 15:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
замира молдошева эн мыкты стилист айым. ырчылар стилисттерге кайрылса ашыкча болбойт айрыкча расул к. айгерим
03.06.2014. 19:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
баарынан кемтик таап ашыра чабышкан го кээ жерлеринде жарашып эле турат.мисалы анжелика менен айгеримдин кийингени жарашыктуу эле!эгер кыш мезгили болсо неге туфли куйуулору керек?!
SUPER.KG видео
03.06.2014. 20:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырчы кыздардын жарымы ачык кийинет,бирок Айгерим эле козубузго коруно берет
.?Себеби,анын фигурасы сссссонун!!!
03.06.2014. 23:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эн туура айтышкан деп ойлойм
04.06.2014. 00:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
туура еле айтышыптыр
04.06.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Анжеликаны туура айтат сыртта тушкон жок уйдун ичинде жанындагы суротор кыргызча койногу да жашнакай екен бутуна кыргызча кийсе капрону жок катмак екен
04.06.2014. 01:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мисалы Айгеримди көргөндө аллергиям пайда боло берет да,пешенем кытышып.
04.06.2014. 06:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Замира эже менин кумирим . Жакшы эле сындаган коро албас болб0гулачы
04.06.2014. 07:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Мага Айгеримдин жана Анжеликанын стили озгочо жагат. Айгерим, азаматсын! Акыркы учурларда стилинди бир топ онуктуруп жатасын!
04.06.2014. 10:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
april91, эскертүүгө карабастан эреже бузганыңыз үчүн түбөлүк БАН!
kanat07, талкуудан алыстабаңыз.
SUPER.KG видео
04.06.2014. 11:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
bossmos7 мен сиздин кээ бир создорунузго кошулам.Бирок баары бир булар деген стилист да мындайча айтканда адамдын кузгусу сыяктуу эле.Ошол кузгуну карап анан адам озун корот да.Анан ал кузгуну карайын десе бул эжебиз турса чачы таралган эмес,макияж жок,кийингени джынсый ону очуп калган,Анан булардан кенещ алган киши озу эле вкусу менен кийингени жакшы го дейм.Ал эми чет элдики кулбойт наоборот алар бетке айтат.Туура сындайт.Кулсо да за то озулорун каранып алып журушот бир соз менен айтканда.
04.06.2014. 12:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mahabat., janara_3006, мазактоодон алыс болуңуздар! 1 күндөн БАН!
04.06.2014. 12:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Билбейм киге кандай?Эл козундогу адам дайыма сында журот.Ооба,туура сындашкан,аларга сабак болот.Айгерим сулуу айым,келишимдуу дагы.Бирок ушул кызыл-тазыл моюнуна илингендерин таштай албады го.Индия кинолорунун ашынган фананткасы болсо керек. Завораживает но дешево...
SUPER.KG видео
05.06.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага Анжеликанын кийингени жагат. Озуно жаршкан жана жабык кийимдерди кийет)))))
05.06.2014. 18:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Анжелика деген стилист дагы ырчы дагы эмес. Убагында Айчурок эжебиз жанылышып чыгарып койгон да. Стилист-модельер деп Дильбарды айтса болот. Атак Анжеликаныкы ото дешевый пиар. Жакында жазуучумун же режиссермун деп чыкпаса болду.
05.06.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
jakshy
05.06.2014. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Demo009 100%макулмун
07.06.2014. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бир нерсе деш кыйын
09.06.2014. 00:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
admin emne menin bildiryym jok ia ???
09.06.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Lexus-2014, сиз бул макалага комментарий жаза элексиз.
SUPER.KG видео
13.06.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
akbari, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган. Баш тамгалар грамматикалык эрежелерге ылайык колдонулушу керек.
3 күн БАН!
30.06.2014. 01:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Айгерим ону-тусу, фигурасы жакшынакай кыз. Бирок ото эле "вызывающе" кийинет.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо