Жоодарбешим, «2013-жылдын супер дебюту»:«СҮЙЛӨШКӨН КЫЗЫМДЫ АЛА КАЧЫП КЕТКЕНИНЕ КУБАНЫЧТАМЫН»

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Сахнадан өз ордумду тапсам экен деп жан үрөп иштеп келаткан жаш ырчылар көп. Алардын кээ бири беш-алты ыр жаздырып, клип тарттырган бойдон көрүнбөй кетсе, кээлери өжөрдүктүн чылбырын бекем кармап коё бербей келишет. Каарманыбыз «2013-жылдын супер дебюту» аталган Жоодарбешимди мына ошондой өжөр ырчылардын тобуна кошсок болот.

КААРМАН ТУУРАЛУУ
Туулган жылы, күнү – 1990-жыл, 16-апрель
Туулган жери – Токтогул району, Чоң-Арык айылы
Билими – Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармониянын алдындагы 2 жылдык студияны аяктаган
Репертуарындагы ырлары – «Жан тумарым», «Өкүнбө», «Жубайым болчу» жана башкалар

– Кандайсың, Жоодар? Жыл башында продюсериңден кеткениңди билебиз, эмнеге өз алдынча иштөөнү чечтиң?
-Саламатсыздарбы, азыркы заманда ар бир ырчыга продюсер сөзсүз керек. Ансыз иштөө өзгөчө жаңы чыгып келе жаткан ырчыларга кыйын болуп калат. Продюсеримден кетүүмдүн себеби, ортобузда пикир келишпестиктер болуп кетти. Продюсерим мени менен тең куракта, ал продюсер болгондон кийин, албетте, чоң сүйлөйт, мен да бир үйдүн эркеси болуп чоңоюп, өзүмдүкүн бербеген баламын. Иши кылып талашып-тартышуулар акыркы учурда көп болуп кетти. Ошол нерсеге чекит коёлу деп эле эки башка иштөөнү туура көрдүк.

– Продюсеринен кеткен ырчылар «кислородду буумай» деген тоскоолдукка кабылчу эле, ал нерсе сага сезилдиби?
-Экөөбүз «кислородду буугандай» деңгээлге жетип урушкан эмеспиз, эркекче кол алышып эле кеткенбиз. Бут тосууларды билбейм, жеке мага сезилген жок. Өзүм кышында көпкө сыркоолоп, эми гана айыктым, ошого «эмнеге ырларың радиодон кетпей жатат?» деп сурагандар болду. Учурда бардык иштерге өзүм чуркап, продюсердин эмгегин жон терим менен сезип жаткан кезим. Продюсерим Каниет «кантсе да 1 жыл чогуу иштедик, ырларыңды алып кел, теледен кетирели» деп жардамын сунуштаган. Алып барсам, кечээ эфирден берди.

– Көпчүлүк ырчылар сыяктуу эле сен да кичинеңден ырчы болууну кыялдансаң керек?
-Жок, мен кичинемде кыялданбаптырмын деле. Эч нерсе менен ишим жок, бейкапар жүрө берчүмүн. Кудайга шүгүр, ата-энем барчылыкта жашап, мен тайраңдап эрке өстүм. Болгондо да 9 бир туугандын кичүүсүмүн. Мектепте менин классымда жакшы окуган балдар аз болчу, четинен жалкоо, тентек элек. Балким, ырчы болуу кыялым эртерээк ойгонсо, азыр көбүрөөк ийгиликтерге жетишмек белем деп ойлоп калам. Анткени мен теңдүү ырчылар өз күйөрманын таап, бутуна туруп алышкандары бар.

– Жакында эле порталыбызга жүктөлгөн «Унутулбас махабат» деген клибиңди колдонуучулар плагиат деп айыпташууда?
-Негизи, мен батыштын ырларын угуп, клиптерин көп көрө бербейм. Ушундай сюжеттүү клип бар экенин деле билбептирмин. Бул жерде күнөөнү клипмейкерге коймокмун, анткени клиптин идеясы бүт ошого таандык болчу. Окуп алып өзүм да таң калдым. Клипти кыйналып кыштын чилдесинде бир айда тарткан элек, ошол сууктан улам ооруп калып жакында эле айыктым. Анан 1 айда ишке ашкан эмгекти 3 мүнөттө көрүп алып сын таккандарын окуп кээде кейип кетесиң. Бул өңдүү сындар ырчыга абдан терс таасирин тийгизет, сындагандар ошону түшүнүшпөйт да. Эгер ошончолук эле жаман ырчы болсок, сахнага чыкканда эл тапичкелери менен чаап кууп чыкмак, Кудайга шүгүр, элдин кол чабуусу алдында эле чыгып жатабыз.

– Бойдок жигитсиң, көпчүлүк күйөрман кыздарыңа болочоктогу жубайыңды каяктан издээриң кызык болсо керек?
-Болочоктогу жубайымды күйөрман кыздардан издейм. Анткени ал күйөрмандар мага жакын, мени билишет, чыгармачылыгымды сыйлашат, түшүнүшөт. Мен деле ошондой адамды издеп жүрөм, чынын айтсам. Ар бирине сылык мамиле жасаганга аракет кылам, анткени менин күйөрман чогулта турган мезгилим. Бирөөнө туура эмес мамиле жасап койсоң, анын ою башкаларга да таасир этиши мүмкүн. Бир күйөрмандан миң күйөрман куралат. Андыктан артист бул маселеде этият болушу керек деп ойлойм.

– Ал эми жөнү жок тынчыңды алып, тажаткандарга кандай мамиле кыласың?
-Баары бир туура жол таап, маданияттуу кутулганга аракет кылам. Анткени мен күйөрмандарымды чанып, кол тамга бербей турган деңгээлге жете элекмин. Дагы иштешим, хит ырларды жаратышым керек, ошондо тынчымды алган күйөрман кыздар пайда болуп калса керек (күлүп).

– «Боюңду көтөрбөчү» деген ырыңды угуп калдым эле, бой көтөргөн кыздардан көңүлүң калган окшойт?
-Ооба, бир кыз жакчу, боюн аябай көтөргөн. Ал мага эле эмес, баарына ошентип көтөрөт экен, хоббиси окшойт (күлүп). Анан «жагымсыз кылыгың жарашпайт сага өзү, Жараткан арнаган көркүңө бой көтөрбө» деп ыр жазгам. Негизи эле мырзаларга бой көтөргөн кыздар менен тил табышуу кыйын, эгер өзгөрбөсө, ал кыздын жашоосу кыйын болуп калат. Андыктан кыз киши жөнөкөй болгону эле оң.

– Сен деле башкаларга сыртыңдан бой көтөргөн жигиттей көрүнүшүң мүмкүн да, сага да ушинтип бирөө ыр арнап жазып жүрбөсүн...
-Сыртымдан ошондой көрүнүшүм мүмкүн, бирок сүйлөшө келген адам андай эмес экенимди түшүнөт. Адамга жараша мамиле кылам, керсейгенге төбөм көккө жеткиче керсейем, ийилгенге тизем бүгүлгүчө ийилем.

– Чыгармачылык айдыңында жүргөнүңө бир жылдай болду. Бут тосуу, көрө албастык, атаандаштык деген иштерге кезиктиңби?
-Ооба, мындай нерселерге бышып калдым. Ыр жаздырганыңды, клип тарттырганыңды көрө албашы мүмкүн. Азыр алардын атын атагым келген жок. Мен бир жылда бир ыр жаздырып отургандардан эмесмин, болушунча көп ыр жаздырып, көп клип тартканга аракет кылам. Бири жакпаса, экинчиси жагып калышы мүмкүн.

– Обон, ыр жазган таланттарың бар экенин билебиз. Чыгармачыл адамдарга эргүү келиш үчүн муза керек дешет, сенде бул жаатта абал кандай?
-Буга чейин сиздерге айткам, сүйлөшүп жүргөн кызымды ала качып кетишкен. Бир чети күйөөгө чыгып кеткенине азыр кубанычтамын. Болбосо азыр жүрмөкмүн да үйлөнүп, эки-үч баланын атасы болуп. Ал эми эргүүнү өзүм каалаган учурда чакырам. Азыр деле калем сап алып сиздин көзүңүзчө ыр жазып бере алам. Илхамды күтүп отура берсем картайып кетпейминби.

– Жакында эле төрөлүп-өскөн жериңе тушоо кесүү концертиңди коюп келиптирсиң?
-Өзүм төрөлгөн Токтогул районунун Чоң-Арык айылына алгачкы концертимди коюп, айылдаштарымдын батасын алып келдим. Концертке башка айылдын тургундары да келип, тегерек-четке машиналар батпай калды. Мындай деңгээлде өтөрүн өзүм да күткөн эмесмин.

– «Жоодарбешим Нурлан Насипти туурап ырдайт» деген пикирлерди окуп калдым эле...
-Мен да окудум андай ойлорду. Мага деле «Нурлан сени туурайт» деп айткандар бар. Нурлан мени туурап же мен Нурланды туураган жорук бул экөөбүз үчүн тең уят нерсе. Андай эмес, бул жөн гана Нурлан экөөбүздү кайраштыргысы келген адамдардын пикири деп ойлойм. Үнүбүз окшош болушу мүмкүн, анткени каныбыз бир, чоң аталарыбыз бир тууган.

«Жылдын супер дебюту» наамы мага бир жылдык стимул берди».

«8 жаштагы кезим, үй-бүлөм менен».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Ырчы болгондон бери душмандарым көбөйүүдө" дейт Жоодарбешим

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(63)
09.06.2014. 20:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азамат! ийгилик коп куйормандарыныз болсун.
SUPER.KG видео
09.06.2014. 22:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
азамат, бар бол! маанилуу маек болуптур,озуно окшош терен ойлонгон,ыймандуу тугой тап,чыгармачылык ийгилик!
SUPER.KG видео
09.06.2014. 23:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын Жоодарбешим! Жашоонду ийгиликтер курчап журсун. Ушул жонокойлугундон жазба
09.06.2014. 23:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Досум жон эле красавчик да!
Ийгилик!
SUPER.KG видео
10.06.2014. 00:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Азаматсын,ийгилик сага.суроолорго эркекче жооп бериптирсин.
10.06.2014. 03:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озгочо аты бар, ырлары жагат озу да жагат
SUPER.KG видео
10.06.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
sara90,
Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек!
10.06.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Элди айтып коюп, өзү бой көтөргөн неме го.
10.06.2014. 17:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
абдан талантту жигит анан дагы бетке чабып суйлойт ачык айрым мунозу иним сага бекем ден соолук жана чыгармачылыгына албан албан ийгиликтер кербен журо берет ит уро берет так что сыр билгизбе ..........
10.06.2014. 20:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дагы бир ххх,мактанчаагырак корунот го бул жигит
Модератор admin_superstan түзөттү 11.06.2014 10:26
11.06.2014. 10:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
restreppo, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган!
1 күн БАН!
10.06.2014. 21:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
журоко жакын, суйуу ырлары аябай жарашат голосуна. Мындан ары да коп ж.а элдин журогунон орун тапкан ырларды жаратышына тилектешбиз...Ийгилик сага!
SUPER.KG видео
11.06.2014. 00:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да коп ырлары жагат. Ийгилик.
11.06.2014. 03:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жоодарбешим эн сонун ырчы жигит.
SUPER.KG видео
11.06.2014. 03:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Mahabatym sen degen yry ukmuw yr azamatsyn Joodar iygilik!!!
11.06.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы ырдайт мага да Окунбо деген ыры жагат чыгармачылык ийгилик каалайм
11.06.2014. 15:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суйлошкон кызын ала качып кетсе,суйунгон ушуну кордум. Уй-булолук бакыттан откон бактылуулук жок да. 2-3 баланын тасы болуп журмокмун да деп,ошого зар болгондор канча!
11.06.2014. 17:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик каалайм. Чынында Нурлан менен унунор окшош.
SUPER.KG видео
11.06.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгиктер коштой берсин соонун болуптур

SUPER.KG видео
12.06.2014. 03:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мен ойлогом да дагы бир депутаттын баласы экен деп жылдын дебюттун алып жатканда....Корсо андай эмес экен) Ачык айрым мырза экен....Чыгармачылык ийгиик жана ден соолук!!!!
SUPER.KG видео
12.06.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мындай ырчы бар экенин эми коруп угуп жатам!!! неси болсо да ийгилик !!!
12.06.2014. 20:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уну мыкты,Ийгилик!Бирок берген интервьюларынан жонокойлугун байкай албадым...
SUPER.KG видео
13.06.2014. 11:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Акылы бар жигит экен,создору да маанилуу.Чындыгында айылдан келген ар бир адам таза ак барактай болуп келет,анан шаардын ар турлуу агымына карай адам озгорот эмеспи.Бирок дээринде,журогундо тазалык,ыйманы бар адамдар баары бир озгорбогон бойдон калат,себеби алар адам деген атка татыктуулар.Алла Таалам пендемден аракет болсо менден береке деген экен,талба,эмгектен,кыргыз уулу бол!Чыныгы жигит десе болчудай Жоодарды.
13.06.2014. 11:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан талантуу жигитке окшойт.
SUPER.KG видео
13.06.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Молодец Жоодарбешим алга жаны ырларды кутобуз
SUPER.KG видео
13.06.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Даа туура айтыпсын. Атандашуу кудай га жагат экен королбастыкты бирок жаман корот кудайым
13.06.2014. 16:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мм ийгилик бирок ырлары бир эле жолу уга турган экен
14.06.2014. 00:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Илхамды кутпогонун кичине окшошпой калды окшойт иничек, Алыкул да Пушкин да илхам келгенде жазганын билебизго баарыбыз, боло турган кепти суйлосон болмок
14.06.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
2-3 баланын атасы болуп журмокмун деп кесирленгендей суйлоптур.
SUPER.KG видео
29.06.2014. 06:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Molodets!) joodar brat bar bol, orkundop oso ber
30.06.2014. 01:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсын жоодаар чыгармачыл ийгилик... коч барып барып онолот сенден дагы коп коп чыгармаларды кутобуз.. баяман
07.10.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
гул кармап турган кыз жакты суроттогу
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо