№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж
28-30-май күндөрү Уфа шаарында өткөн «Урал моңо-2014» эл аралык музыкалык сынагында мекендештерибиз татыктуу орун алып келишти. Сынактагы калыстардын катарын толуктап Айчүрөк Иманалиева, ырчылар Куралбек Чокоев менен
Айбек Саралаев катышкан. 20дан ашык өлкөдөн барган 35 катышуучунун арасынан эки аткаруучубуз мыктылыгын көрсөтүп, Куралбек 1-орунду, Айбек 2-орунду багындырышты. Бул боюнча Айчүрөк айым «негизи, Курал баш байгени алмак. Мен калыстар тобунда отуруп ошондой эле болот го деп ишенип жаткам. Сынактын уюштуруучулары саясат кылып коюшту. Бирок 1-орун да биз үчүн сыймык. Бул Куралдын же менин эмес, бүтүн Кыргызстандын жеңиши» деген оюн билдирди.
Ал эми Курал «Айбек экөөбүз башынан эле активдүү экенибизди жана жеңишке мүмкүнчүлүгүбүз көп экенин атаандаштарыбызга көрсөткөнбүз. Бизди кубандырганы, сыйлуу орун үчүн алган акчалай сыйлыктарыбыз кетирген каражаттарыбызды толугу менен жапты» деп кошумчалап өттү.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
гран при анан 1 орун болот.