Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Рахат Божокоева, актриса:«КҮЙӨРМАНДАРЫМ МУРУН ДЕЛЕ КӨП БОЛЧУ»

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

«Актрисалык – бул мага Кудай берген талант, тасмага тартылганда өзгөчө ырахат алам, тасма талаасында өзгөчө дүйнөдө жашагандай болом» деген жаш актриса Рахат Божокоева буга чейин бир нече клиптерде, «Сүйөм дечи» аттуу тасмада роль жаратканын билебиз. Бул жолу ал менен үй-бүлөсү, максаттары жана өзү тууралуу кеп кылдык.

– Салам, кел, кепти сенин окуучулук чагыңдан баштайбыз. 2011-жылы борборубуздагы мектептер арасында өткөн сулуулар сынагынан Гран-прини утуп чыкканыңды уктум...
– Мен жаштайымдан аябай тың болуп өстүм. Мунун себеби апам дайыма «аракеттен, ийгиликтерди багынт» деп турганынан болсо керек. Анда мен 11-класстын окуучусу элем. Бишкектеги мектептердин арасында «Алтын кыз» аттуу сынак болду. Жыйынтыгында жеңип чыктым. Уюштуруучулар башыма алтын таажы кийгизишип, Москва шаарына эки жумалык жолдомо беришкен. Ошондо кээ бир адамдар «ии, бир байдын кызы утуп чыкты да, атасы чоңдур» деген кептерди айтышкан. Аны угуп ушунчалык ызалангам. Алар кайдан билсин, мен атамдан кичинекейимде эле айрылганымды, апам агам экөөбүздү жалгыз чоңойтконун.

– Демек, сага кыздар арасындагы атаандаштык, бут тосуу деген нерсе жакындан тааныш турбайбы?
– Ооба, мен бул нерселерди жон терим менен сезип, башымдан өткөргөм.

– Баарлашып отуруп сенин күчтүү адам экениңди байкадым. Мүнөзүңдө дагы кандай өзгөчөлүктөр бар?
– Өтө шайыр адаммын. Достукка, окууга, кыскасы, бардык нерсеге берилип, баш-отум менен кирип кетмей адатым бар. Ошентип жүрүп күйүп калган учурларым да болгон. Эч качан эч кимден жардам күтпөйм. Баарына өзүм жетишкенге умтулам. Сырга бекеммин. Эрке эмесмин, үй оокатына тың, чыныгы кыргыздын кызымын.

– Анда турмуш курууга да даяр окшойсуң го...
– Жо-ок, себеби мен үй оокатына тың болуп, тамакты мыкты жасаганым менен моралдык жактан үй-бүлө курууга даярдыгым жок. Балким, бул мен жашоомдо керектүү мырзаны жолуктура электигимден болушу мүмкүн. Кыялымдагы мырзаны жолуктурган учурда турмуш курууга да даяр болом деп ойлойм.

– Турмуштун мыйзамы десек болчудай, бирок күчтүү айымдардын жанында дайыма алсыз эркектер жүрөт. Буга чейинки жашооңо көз чаптырсак сенде андай нерсе болгон эмеспи?
– Кудай сактасын. Мен жеке өзүм үчүн күчтүү, чыдамкай болушум мүмкүн. Бирок эркек кишинин алдында баары бир алсыздыгымды, эркелигимди көрсөтөм да. Демек, мага деле менден да күчтүү жигит керек. Күчтүү десе эле көптөр булчуңдары чыккан спортчуну элестетишет. Андай эмес, мүнөзү туруктуу, кыйынчылык башка түшсө өзүн жоготуп койбогон, чыдамкай, жакшылык-жамандыкты көтөрө билген, жан дүйнөсү күчтүү жигитти күтөм.

– Демек, азыр жүрөгүң бош?
– Жумуш, окуу деп жүрүп, али жүрөгүмдүн ээсин таба элекмин.

– Клип, тасмаларга байма-бай тартылуудасың, күйөрман жигиттер да көбөйүп жатса керек?..
– Күйөрмандарым мурун деле жетиштүү болчу (күлүп). Тасмага тартылгандан кийин укмуш жигиттердин комплименттерине көмүлүп калдым деп айта албайм. Эч нерсе деле өзгөргөн жок.

– Эл көзүндө болгонуң сенин жалпы жашооңду өзгөрттүбү?
– Өзгөрткөн деле жок. Баары мурдагыдай. Болгону жашоомдо жаныма жаккан кесипти аркалоого мүмкүнчүлүк пайда болду.

– Алдыга койгон укмуш максаттарың да толтура болсо керек?
– Ооба, негизги максатым – окуумду ийгиликтүү аяктасам дейм. Сөзсүз түрдө өз кесибим менен иштейм. Бирок эң чоң тилегим – кыргыз кыздарынын атын чыгаруу. Биздин керемет өлкөдө ыймандуу, сулуу, билимдүү кыздар жашаарын дүйнөгө даңазалагым келет. Бул нерсеге жетүү үчүн мага актрисалык талантым жардамга келет деген үмүтүм чоң.

– Тилеген ой-максаттарыңдын ишке ашышына тилектешпиз.
– Рахмат.

Рахат Сайкал Садыбакасованын «Ыйлатпачы», Гүлнур Сатылганованын «Сага» аттуу клиптеринде роль жараткан.

«Сүйөм дечи» тасмасына тартылуудан мурун дагы көп кастингдерге бардым. Бирок жолум болбогон эле. Бул жолу фильмдин режиссёру мени өзү тандоого чакырып, дароо өтүп кеттим».

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Баары эле көзүмө суктана беришет" дейт актриса Рахат Божокоева

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  9 
Комментарийлер(75)
09.06.2014. 09:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Aiabai suluu jonokoi kyz eken
09.06.2014. 09:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татынакай сулуу кыз экен талантын ташкындай берсин иийгилик сага.
09.06.2014. 11:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чыгармачылык ийгилик, мага абдан жакты ушул кыз!
09.06.2014. 11:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
4ygarma4ylyk iygilik.oilogon oi maksattaryna jet
SUPER.KG видео
09.06.2014. 12:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
Ииеееей жаным!!! Мотурайган кичинекей, ичинде кири жок бөбөктөй болуп баарын быдылдап соонун айтып бердиго. Жанында олтурсан зээриктирбейт окшойт. Жашооңду Ийгиликтер коштосун.
09.06.2014. 14:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Абдан сулуу кыз экен, максаттарын орундалсын!
09.06.2014. 15:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ийгилик сага, абдан жагасын.

09.06.2014. 19:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эх достор силер кандай ойлойсунар "суйом дечи" деген тасманы коруп аябай Р.Божокоеваны суйуп калганмын. Анан айткам ушундай кыз чыкса бир жылдан калбай уйлоном деп. Мага да коздору аябай жагат эх чыгармачыл ийгилик.
09.06.2014. 20:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Кинолордо терс каармандарды жаратса жарашат.Кобра айымдардын ролун
09.06.2014. 23:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ayabay jakshy kyz eken.
10.06.2014. 10:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кыз экен мага жакты
SUPER.KG видео
10.06.2014. 12:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Маек мыкты болуптур, жакшы кыз экенсиз, чыгармачылыгыңызга ийгилик. Болгону мындан кийинки маектериңизде "АДАМДАРГА ОКШОП" деген сөздү колдонбой эле койсоңуз, чыгармачылыкта жөнөкөйлүк, адамгерчилик менен бааланасыз.
10.06.2014. 21:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Журогундо ыйман жузундо жонокойлук,жаны ачылган гулдой супсулуу татына кыз.Мен Рахатты Сайкалдын
"ЫЙЛАТПАЧЫ" аттуу клипинде жараткан ролун коргондо
тыз дей тушком.Чыгармачылык жолуна ийгилик!!! Биз сени башкача коробуз
SUPER.KG видео
10.06.2014. 22:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Керемет кыз экенсин,тфу тфу коз тийбесин,жакшы жагынды анчалык коргозбо сени аяп кетип жатам,кийингенин да эн сонун,ыймандуу маданияттуу кийинет экенсин,алжактаган кебетен жок экен,ээ кудай ушул сулуу кызды бактылуу кыла кор!!!
11.06.2014. 02:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай жакшы суйлойт экенсин азаматсын
11.06.2014. 06:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ЕЕЕ ушу кызды "Суйом сени" тасмасынан коруп жактыргам да. Кыргызстанда болгонумда созсуз таап таанышмакмын. Бут мунозу супер! ийгилик!
11.06.2014. 10:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Суйом дечиден кийин бул кызды мен бир 25-27де экен деп жургом корсо али кичинекей эле кыз тура, азамат, тын кыз экени билинип турат, энесине рахмат жалгыз болсо да жакшы тарбия бериптир
11.06.2014. 13:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
OOba uwundai kyzdar koboio bersin. Men ele jakwy korot ekenmin dep jurboimbu korso toltura tura
11.06.2014. 19:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу бол!!!!!
11.06.2014. 20:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
быдылдак кыз екен !!
SUPER.KG видео
11.06.2014. 22:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Такая красавица !!! Умница !
12.06.2014. 13:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы да мактанат экен..
12.06.2014. 15:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аябай татына кыз экен
SUPER.KG видео
13.06.2014. 11:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун кыз... Ийгилик СИЗГЕ
13.06.2014. 18:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жашыл коздору мага да жакты))))
13.06.2014. 21:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
азаматсыз жакшы интервью бериптирсиз
13.06.2014. 22:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Максат аябай өзү суктанып карап отуруптур,ал да сүйүп калды болуш керек
SUPER.KG видео
17.06.2014. 07:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ото сулуу кыз мага жагат
27.06.2014. 23:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Менин жакшы коргон актрисам да аябай жагат ,катышкан кинолорун айталап коргондон тажабайм ,дагы жакшы ролдордон ойногонун коргум келип жатат ,коздору жылдыздуу чачырайт.
14.08.2014. 20:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мен бул кызды суйуп калдым...)))
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо