Нурмат Садыров, ырчы:«КҮЙӨРМАНЫМ ЖУРНАЛИСТМИН ДЕП АЛДАП...»

№605 06-июнь-12-июнь, 2014-ж

Ырчы Нурмат Садыровдун башынан өткөн кызыктуу окуяларынан угуу үчүн ага байланышсак, «чындап журналистсиңерби, кесиптештериңердин атын атагылачы» деп текшерип жатпайбы. Көрсө, «сүткө оозу күйгөн айранды үйлөп ичет» болуп жаткан экен. Дегеним, буга чейин аны күйөрмандары журналист болуп бир кызыкка батырышыптыр.
«Бир күнү телефонума чоочун номерден бир кыз чалды. Жагымдуу сүйлөп, өзүн «журналистмин, газетадан чалып жатам» деп тааныштырды. «Суроолорума жооп берип коюңузчу» дегенинен ишенчээк жаным макул болгом да. Берилген ар бир суроосуна чын дилимден жооп берем. Аягында «кечинде бош болосузбу, жолуксак кантет?» деп өзүн сатып коюп жатпайбы. Анан күйөрманым экенин билип калдым. Бирок ал кызга жолуккан жокмун».

 

 

 

 

Айпери Сыдыкова, ырчы:«ЭЖЕМДИН ТЫЙЫНЫН ТАЛАШЫП...»
– Мен кичине кезимде эле эч кимге жемимди жегизбеген кыз элем. Эсимде, валютабыз рублдан сомго алмашкан учур. Анда 50 тыйынга сагыз же балмуздак келчү. Атам жумушка кетерде эжеме, сиңдиме анан мага «балмуздак алып жегиле» деп 50 тыйындан берип кетет.
Бир күнү эжем тыйындарыбызды чогултуп алып столдун үстүнө коюп койду, «балмуздакты анан алып жейбиз» деп. Менин аябай сагыз чайнагым келип жаткан. Эжеме билгизбей 50 тыйынга сагыз алып алдым. Эч нерсени билбегендей түр көрсөтүп үйгө келдим. Тыйындарыбызды койгон жерге барып калп эле «менин тыйыным жок» деп ызы-чуу чыгарып ыйлап, эжелеримдин тыйынына балмуздак алып бөлүп жегеним эсимден кетпейт.

 

 

 

 

Дайыр Исмадияров, ырчы:«БУТ КИЙИМИМДИ УНУТУП, ЫЗЫ-ЧУУ БОЛГОНУМДА...»
– Нарында жеке концертим болмок. Жолго чыгып жатканда керектүүнүн баарын алгандай болгом. Бирок жаңылышыпмын.  Ар бир костюмума өзүнө ылайыктуу бут кийими бар болчу. Киейин десем, бир да бут кийим жок. Шашылып, ар кимдин бут кийимин сурай баштадым. Эл келип күтүп отурат. Акыры алып баруучу жигиттин бут кийимин кийип сахнага чыктым. Концерт ортолоп калган учурда катуураак секирип жиберип туфлим бутумдан «талп» этип түшүп калса болобу. Кырдаалдан чындыкты айтып чыгышка туура келди. Көрөрмандарыма «Дайырдын үстүнкү формасы жакшынакай да, бутун карабай коюптур дебеңиздер. Бут кийимдеримди унутуп коюптурмун» деп айтып, күлкүгө салгам.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  3 
Комментарийлер(14)
09.06.2014. 11:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
эсте калган окуялар жакшыда бир эстеп кулуп аласын.))
09.06.2014. 14:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
нумат братан Торкендин даңкын көтөрө бер! Ийгилик сага!!!
09.06.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Nurmatyn men suigon m/n paida jok vegen yrynanan azyr dele tajai elekmin, jagasyn )
09.06.2014. 19:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
айпери ким озу
09.06.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
nurmat azamat ununo suktanam senin jagymduuu tajai elekmin men suygon menen paida jokton mendagy ayabayyy jakwy korooom seni
09.06.2014. 19:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
jurnalistmindep aldap jooop alyp alsan suroolordon berip ayabay jakwygo nurmattan menda intervyu alsam unun uksam ele bolot ele soonun maek boluptur super info omar jonundoda jazgylachy joruktarynan uwunday nurmat sadyrov supeeer men jurogum ayachy menin murogum degen yrynan tajabaimgo mmmmmmax
10.06.2014. 10:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
meka94, Саламатсызбы!
Сунушуңуз эсибизде болот.
09.06.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эсте калган окуялар кандай жакшы,кийин эстегенде. Баарына чыгармачылык ийгилик.
09.06.2014. 23:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
жонокой болгонго эмне жетсин?биздин"звездаларыбыз"бир аз аша чаап кеттетда.
10.06.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek., Aijash90, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирген билдирүүлөргө тыюу салынат!
5 күндөн БАН!
10.06.2014. 18:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Дайыр ушул жерде да мактанып алыптыр
12.06.2014. 18:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aselina_kg, Эмнеси мактанган туура айтса да жакпайт бизге,доодурогондор да жакпайт бизге
11.06.2014. 10:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Taalaibek, кайсы бир администраторду жана анын иш-аракеттерин талдоого, талкуулоого жол берилбейт. Нааразычылыктар болсо info`го купуя кат аркылуу жөнөтүлүшү керек.
13.06.2014. 11:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Соонун ырчылар ырларын суйуп укпасамда анча мынча угам :)
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо