Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

КАЙСЫ ЫР СИЗДИ БАГУУДА?

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Ырчылар «өз атым калып, мени ырдын атынан атап калышты» деп кээде капаланып калышат. Алар кайсы той-кечеге барышпасын эл бир эле ырын суранып, кайра-кайра ырдатып, чарчатышкан учурлар толтура эмеспи. Эмесе, ырчылардын «визиттик карточкасы» болгон ырларына кайрылып, ким кайсы ырынын артынан кандай ийгиликке, байлыкка жетишип жатканын билели.

Омар:«КЫРГЫЗСТАНЫМ» ДЕГЕН ЫРЫМДЫ ЧЕТ ӨЛКӨДӨ АЯБАЙ КҮТҮШӨТ»
– Негизи, той-кечелерге барганда чөйрөнү карап, ошого жараша ырдайм. Мисалы, улуу муун болсо «Энекем», «Булбулум», «Күлгүн жаш» дегендерди, ал эми жаштар болсо ошого жараша. Кээде ырдап бүткөндө «кел, эми, Омарчик, «Кыргызстанымды» ырдап койчу» деп суранып калышат. Көбүнчө чет өлкөгө концерт менен барганда ушул чыгарманы аябай күтүшөт. Ырды аткарып жатканда мекендештерибиздин көздөрүндө кадимкидей Мекенин сагынып жатканы көрүнүп турат. Андыктан көбүнчө тойдун же концерттин башында бир, аягында да бир жолу ырдап коём.
Негизи, ырды акча табуу максатында жазган эмесмин. 2010-жылкы Апрель революциясы, Июнь окуясынан кийин мүңкүрөп калган элге жакшы жашоого үмүт, ишеним жараткан ыр болсун дегенбиз. Мага да репертуарымдагы жаккан ыр «Кыргызстаным» болду.

 

 

Мирлан Баеков:«КАЗАКТАР «КЫЗЫЛ ӨРҮКТҮН» ТҮП НУСКАСЫН УГАЛЫ ДЕП КӨП ЧАКЫРЫШАТ»
– «Кызыл өрүк» аттуу ырды ырдап чыкканыма быйыл 5 жыл болот. Ошондон бери мени багып келе жатат. Бул ырды казакчага да которуп ырдашпады беле. «Кызыл өрүктүн түп нускасын угабыз» деп казактар мени көп чакырышат. «Кызыл өрүк» аттуу ырымдын артынан үйлөндүм, темир тулпарлуу болдум, кандай максат койсом, баары чекесинен аткарылып келе жатат. Кайсы жакка тойго барбайын, ушул ырды ырдатмайын кетиришпейт.
Былтыр кышында болсо керек, Казакстанга барып, 5 жолу кайталап ырдап бердим. Жаңы эле ырдап бүтсөм «атайын Ала-Тоонун ары жагынан келгенден кийин кайра суранып коёлу» деп кайра-кайра суранышкан. Боордоштор депутат, чиновниктеринин тойлоруна чакырышат. Бир жолу Казакстанга атайын ушул ырды аткаруу үчүн баргам. Эң көбү сот болуп иштеген бир кишинин жакшылыгына барып, 2500 долларга эки ырды аткарып келгеним болду.

 


Гүлзат Байзакова:«ЖАР-ЖАР» ЫРЫМ ҮЧҮН КҮНДӨ ТОЙГО ЧАКЫРЫШАТ»
– Жаңыдан тойлорго чакыруу ала баштаганымда Жамин Акималиевдин «Жалжалым» аттуу ырын ырдап жүрчүмүн. 1996-97-жылдары Турусбек Жумалиев Казакстанга барып, бир тойдун сценарийин көрүп келип «Жар-жарды» ырдабайсыңбы» деп калды. Ошондон бери ушул ырды тойлордо ырдап келе жатам.
Кудайга шүгүр, күндө тойдон куру эмесмин. Бир учурда эки жакка чакыруулар болот. Тойлордун убактысына карап бир тойдо «Жар-жар» айтып бүтүп, кийинки тойго жетишип барганга аракет кылам. Атайын ченеп алган баам жок, сүйлөшүүгө жараша болот. Ырдын санына карап, 200 долларга чейин ырдап берем.Чыгармачыл чөйрөдөгү кесиптештеримдин да тойлорунда «Жар-жар» айтып, Сема, Чыңгыз Мырзаев, Нуриса Абазова, Нэна, Турдалы Аскарбековдордун келин-күйөөлөрүн киргиздим. Тойлор жеке эле мени эмес, студенттен баштап тамадаларга чейин багып келе жатат.

 

Гүлжигит Сатыбеков:«КӨЗӨМӨЛЧҮ МИЛИЦИЯЛАР КОШО БИЙЛЕП КЕТИШКЕН»
– Менин ырларымдын арасынан эл көп суранганы 2010-жылы чыккан «Лейлектик кызга» болду.
Эсимде, Исфана шаарында концерт бергенимде кайра-кайра ушул ырды сурана беришти. Акыры «Канча жолу ырдап берейин?» десем, «3 жолу» дешти. Мен «3 жолу эмес, 5 жолу эле ырдап берейинчи» деп ырдап кирдим. Элдин баары сахнага чыгып, катарга туруп алып акча кыстарып жатышат. Менин көзүм болсо милиция кызматкерлеринде, бирөө жарым көзөмөл кылып коюшабы дейм. 6 милиция кызматкери бар эле, карасам, алтоо өздөрүнчө эч ким менен иши жок бийлеп жатышат. Ошол окуя эсимде калыптыр.
Бул ыр чыккандан кийин оң жана терс сындар айтылды. Кантсе да «Лейлектик кызга» ырым тойлордо жакшы эле кызмат кылып жатат. Мен үчүн ырдын артынан тапкан байлык эмес, элдин жүрөгүнө канчалык деңгээлде жеткени маанилүү.

 

 

 

Гүлжамал Бөрүкулова,
Султан Төрөбеков
star@super.kg


Сизди кайсы ырыңыз багып келе жатат?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(43)
16.06.2014. 09:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Гулжигит байкенин ырлары абдан жагат эн сонун ырчы
16.06.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулжигит байке мага да жагат ырларында жонокойлук бар
16.06.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Омар байкенин ырларын суйомго,Гулжигит акенин ырларына эми соз жок
16.06.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Омар «КЫРГЫЗСТАНЫМ» деген ырын соонун ырдаган уккан сайын сыймыктанасын киши
16.06.2014. 10:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар,, Гулжигит красавчик ырларыда маанилуу
16.06.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулжигиттин бардык ырлары тойлордо жакшы кызматта.Мирландын кызганам аттуу ыры мн ооруп журом алга демекмичин дагы жакшы жаны чыгармаларды жаратыныздар.
16.06.2014. 12:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Гулжигит байке менин суйуктуу ырчым!
16.06.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омардын ырын да озун да суйом.
16.06.2014. 14:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигиттин ырлары аябай жагат,чыгармачылык ийгилик каалайм!
16.06.2014. 14:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кызыл орук биздин тойдо да жанырган. Гулжигиттин ырына болсо бир аяшым уйлонгондо оло бийлегенбиз.
16.06.2014. 15:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит акенин ырлары менен ооруп журом уккан сайын уккум келет, чыгармачылык ийгилик.
16.06.2014. 19:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
guljigittin yrlary sonun da toido koop ele jolu biyledik
16.06.2014. 21:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Omardyn yrlary aiabai jagat.
16.06.2014. 22:08 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандын ремикс вариантты жагат.
16.06.2014. 22:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар биз жака да келип концерт коюп кетсен сонун болмок Кыргызстаным деген ырын жагат.Кыргызстанды сагындык бизда
17.06.2014. 05:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тортобу тен жакшы ырчылар.)))
SUPER.KG видео
17.06.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Гулжигит Сатыбековдун ырлары маанилуу.
17.06.2014. 11:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Омар мыкты. Менин 2 жаштагы балам дагы "кыргыз наным" деп кошулуп ырдап калат.
17.06.2014. 12:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа Омардын Кыргызстаным деген ырын коп угам соонун Ийгилик баарына)
17.06.2014. 16:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар бийлегенге ылайыктуу ырларды ырдаса будан да осуп одну гот, просто мунун бийлегенге ырлары ааааз, чет жакта кафелерге Кыргызстаным деген ыры чын эле коп коюлат, кадимкидей патриот сезим ойготуп )))
17.06.2014. 19:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омардын ырлары жагат.
SUPER.KG видео
17.06.2014. 21:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
дагы жакшысын жарата бергиле
18.06.2014. 15:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар байкенин "Кыргызстаным" деген ырынын созунун мазмуну жана обону бири-бирине топ келип мыкты чыгарма болгон.Клиби да сонун.Мындан ары да мазмундуу, уккулуктуу, тарбиялуу ырларды жарата бериниз.
18.06.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Омар байкенин "Кыргызстаным" деген ырынын созунун мазмуну жана обону топ келип мыкты чыгарма жаралган. Клиби да сонун тартылган. Коргон сайын коргун келет. Мындан ары да мазмунду, уккулуктуу, тарбиялуу ырдарды жарата бериниз. Баардык багытта ийгилик коштосун. Жаратканымдын суйуктуу пендеси болунуз.
19.06.2014. 01:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит Сатибеков деген ырчыны адам катары таптакыр жактырбай калдым..мен ансыз деле ырларын укчу эмесмин..просто газетадан коруп калганда..ии ырчы экен деп койчумун..бирок жакында бетме-бет кез келгенде билдим кандай экенин..жан дуйносун болбосо да..на первый взгляд..ото боюн которгон..грубый адам экен..ырчы..эл адамы болгондон кийин..элементарно адамга сылык мамиле кылганды билиш керек..каалайбы..каалабайбы..
19.06.2014. 01:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигит озун ото эле жылдыз сезип алган окшойт..
19.06.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ХХХ ХХХ ХХХ... Гулжигитти калдайган калын кыргыз эл суйуп угат ХХХ ХХХ ХХХ...
Модератор admin_portal түзөттү 19.06.2014 13:20
19.06.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
mi-li-na - эскертүү!
Ар бир колдонуучу өз ой-пикирин жазганга укуктуу, бирок эрежелердин негизинде.
20.06.2014. 00:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыл орук негизи биринчи кызыл алма болуп чыгарылган кийин еле ал ушинтип чыгып кетти Кызыл алманыда ырдап чыксанар жакшы болмок
20.06.2014. 14:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Гулжигиттин ырларысыз бир да той отпосо керек качан болсо жанырат эгер жаман болсо укмак умесда эл деле, кызып бийлеп аткан болушат айрыкча Исфанага...
20.06.2014. 19:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
албетте жакшы ырдары бар баарына ийгилик
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо