Ырыс Мамырканова, Борончу Кудайбергеновдун жубайы:«БОРОНЧУДАЙ ЭРКЕКТЕН БИР ДА КЫЗ БАШ ТАРТА АЛБАЙТ»

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

«Үй-бүлө очогу эмнеден бекемделет?» десе, «ишенимден» деп жооп берүүгө ашыгат элем. Анткени ишеним бар жерде ырыскы, тынчтык, сүйүү бар экенин баарыбыз моюнга алсак керек. Бири-бирин ар тараптан колдогон, «кайда жүрөсүң?» деп 10 мүнөт сайын телефон чалып шектенбеген, эң башкысы, бири-бирине ишенген түгөйлөр деп куудул Борончу Кудайбергеновдун үй-бүлөсүн айтса болот.

– Өткөндө жеңебиз экөөңөрдү көрүп, ортоңордо сүйүү дагы деле күчүндө окшойт деп койдум...
Борончу: – Эртең менен эле келинчегим экөөбүз кучакташып, бири-бирибизди эркелетип жатып «жаштар көрсө «бул экөөнө эмне болгон?» дешпейби» деп күлгөнбүз. Анткени жаштардын көзүнө биз картаң эле көрүнсөк керек. Мен бала кезде бирөөнү элүүгө чыгыптыр десе, «ий, байкуш, жакында өлөт турбайбы» деп ойлочумун. Мына, үч жылдан кийин өзүм элүүгө чыгам. Аялым экөөбүздүн ортобуздагы сүйүү жаш кездегиден айырмасы жок, тескерисинче, сүйүүнүн экинчи деми ачылды.

– Борончу байке «сүйөм» деген сөздү айтууда сараң эмеспи?
Ырыс: – «Сүйөм» деп көп эле айтат. Мурун көп айтчу, азыр аз деп бөлбөйм. Азыр деле комплименттеринен кийин «сүйөм» дейт. Мен ошол сөзүнө татыктуу жубай болоюн деп, ага тоскоол болбогонго аракет кылам. Үйдө кандай маселе болбосун өзүм бүтүрөм. Жакшы чыгарма жаратса экен деп мен да изденем. Көчөдө, жумушта болгон окуяларды айтып берем. Балким, ал окуядан жакшы юмор жаралат деп.

– Кандай кожоюнсуз, сырттан караган адамга оор басырыктуу, жубайына кол көтөрбөй турган адамдай көрүнөсүз?
Б.: – Чын эле ошондоймун. Куттуу кеңсеңерде отурам, аялыма бир гана жолу колум тийген. Жаңы үйлөнгөндө «Ош базарда» соода кылып жүрүп урушуп кетип жаакка чаап салгам. Аялдар базарга бир кирип алса оңою менен чыкпайт го. Албаса да акыркы калып буюм-тайымын жыйнап жаткан соодагерге барып «эмне кетпей жатасың?» деп сурайт. Биздин базардагы урушубуз кечке эле тиякка, биякка деп сүйрөй бергенден чыкса керек эле. Азыр ойлосом, «мен күйөөңмүн да, мени эмне сүйрөйсүң?» дегендей мамиле кылыптырмын.

– «Эмне кеч келдиң?» деген сыяктуу кептери менен кызганган учуру болобу?
Б.: – Артисттердин көбү билет, менин аялым чыгармачылыгымды сыйлайт, колдойт, түшүнөт. Ошондуктан эркин жүрүп чыгарма жаратууга бардык шарт бар. Айрым досторумду аялдары ырдатпай да койгон учур болгон.

– Таптакыр кызганбайсызбы?
Ы.: – Кантип эле кызганыч болбосун. Бар, бирок үйлөнгөндө эле артисттердин жашоосу кандай болорун түшүнгөм. Артист болом деп жаңыдан кадам таштаганда Чубак Сатаев менен иштешкен. Ошондо гастролго чыкканда мени жанына алып алчу. Артисттер менен тааныганы деле, тааныбаганы деле колтукташып сүрөткө түшө берерин көргөм. Ар бир кадамын «эмне мындай кылдың?» дей берсем, уруш чыга бербейби.

– Кайдан, эмне болуп таанышып калдыңыздар эле?
Б.: – Болот Алымкулов, Таалай Бектурганов, Нурлан Тилебаев болуп «Кыргызавтомаш» заводунда бир цехте иштечүбүз. Төртөөбүз тең артист болобуз дегендер экенбиз, «Ак тилек» деген топ түзүп алдык. Ишкананын ичинде майрамдык кечелер, туулган күн болуп калса ыр, бий, алып баруучулук жагын биз башкарабыз. Жатакананын ар бир бөлмөсүндө үнүбүз жаңырчу. Ошол маалда Ленин заводунун Маданият үйүнө комуз үйрөнгөнү барчумун, Ырыс менен ошол жерден таанышкам.

– Ырыс эже, таанышканда Борончу байке сизге да жакты беле?
Ы.: – Таанышканда тием деп деле ойлогон эмесмин. Анан Бишкектен Жумгалга ала качып кетти. 4-5 саат отурбайм деп чыр кылдым, аягында чарчап калдым. Байбичелер да ар кайсыны айтып тынчтантып коюшту. Борончунун мүнөзү жумшак, көтөрүмдүү, жөнөкөй, боорукер, үй-бүлөгө карамдуу. Борончудай эркектен бир да кыз баш тарта албайт эле, ошентип чогуу жашап калдык.

– Кандай белек бергенди жакшы көрөсүз?
Б.: – Мурда сюрприз кылып, өзүнөн сурабай эле көңүлүмө жакканды алып берчүмүн. Азыр «эмне алып берейин?» деп сурайм же өзүн ээрчитип барып тандатам. Аялдар базар араласа эс алат да. Дүкөнгө киргенде отургуч таап алып эс алып отура берем, телефонумду чукулайм. Ал «мобу кандай экен, жарашабы?» деп калса «ооба, жакшы» деп коё берем. Мен «жарашпайт экен, алба» десем эле албай калмак беле, баары бир алат да.
Ы.: – Мага айтпай чет өлкөгө эс алууга жолдомо алып койгонду жакшы көрөт. Аял үчүн кандай белек болбосун жагымдуу да.

– Үйдүн капчыгын ким кармайт?
Б.: – Мен эмес. Башынан эле колума акча кармабайм. Тапканымдын баарын аялыма алып барам. Айрым эркектер майдаланып, «тиги каякта, буга канча акча кетти?» дешет, мен андай эмесмин. Чоң үй салып жатам, буюрса, күздө кирип калабыз. Ишенсең, ал үйдүн эч нерсесине киришкен жокмун. Акча алып барып берем, эмне керек болсо аялым усталарга кошулуп барып сатып келет. Мен көчөдө эле чыгарма деп жүрө берип, үйгө чоочун болуп калыптырмын. Бир жолу мындай окуя болгон. Свет текшерип келип калышты. Эсептегич кайда экенин электрик экөөлөп издеп таппай койдук. Айлам кетип аялыма чалдым. Көрсө, үстүнө коробка кийгизип салыптыр. Свет текшергич «өз үйүңүз болуп туруп кайда экенин билбейсизби?» деп таң калды, абдан жаман болдум.

– Балдарды тарбиялоого аралашасызбы?
Б.: – Балдар менен да апасы алектенет. Менин жумушум кечинде башталат, балдар мектептен келгенде кетип калам. Кээде шоктук кылышканда катуу урушуп коём. Куудулдардын тили жаман да. «Тигиндей болгондо мындай болмок, сен баланчадай минтип каласың» деп салыштырып жеп коёбуз. Ошондуктан апасы балдарды мага салып бергенден коркот.
Ы.: – Атасынан экөө тең ыйбаа кылып турушат. Улуусу Улан Юридикалык академияда окуйт, 18де. Экинчиси Куйручук 8-классты аяктады. Улан жакшы ырдайт, бирок атасы «артист болбойсуң, кошумча кесип кылышың мүмкүн» дей берет. Кичүүбүз «артист болбойм» дегени менен өтө тапан.

– Байкасам аябай эле жумшак экенсиз, туугандар арасында «Борончу билбейт, аялы билет, аялынан сура» деген сөз жокпу?
Б.: – Чын эле андай сөз бар. Баарын аялым чечет. Керек болсо бир туугандарымдын тоюна барбай калам. Катыштын баарын Ырыс жайгарат. Анткени 2-3 ай мурун алган заказдарым болуп калат. Менин ордума досторум ырдап, тамадалык кылган учур көп болот.

– Жубайыңыздын кайсы мүнөзүнө чыдап келе жатасыз?
Б.: – Көктүгү жаман. Унчукпай, мелтейип кала берет. Ача-пача дей бергенден көрө унчукпай деле калган жакшы бир чети. Убакыттын өтүшү менен экөөбүз тең жазылабыз.

Борончу агабыз жеңебизди ала качып алган. Ошондон бери арадан 25 жыл өтүптүр.

«Эркектер мышыкка окшошпуз, бирөө башыбыздан сыласа ошол жакта калып калабыз».

Куудул жубайы экөө өткөн жылы Дубайда эс алып келишкен.

Сүйүн Кулматова
star@super.kg


"Аялыма бир эле жолу кол көтөргөм" дейт Борончу Кудайбергенов

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(43)
SUPER.KG видео
15.06.2014. 05:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Борончу агайдын кулгону, таамай суйлогону жагат. Аялына ден-соолук, куч-кубат каалайм.
SUPER.KG видео
15.06.2014. 13:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
соонун маек болуптур бактылуу болгула женебиз суйлойт го кутсом жок го.
SUPER.KG видео
15.06.2014. 20:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бар болунуз
SUPER.KG видео
16.06.2014. 00:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sizge iygilik! Birok menin jazgym kelgen; emne uchun kyrgyzdar suiloshkondo ele ,,emeni emetip, emege eme deit,emenin emesi,emege baryp,emege emeni kylyp...''dep Rebus kylyp suiloibuz.,,Emenin eme bolup'' atkanyn ozubuz tushunup alyshybyz kerek. Soz bailygybyzdy osturup,suilop jatkanda baikap, oilonup suiloiluchu.....
SUPER.KG видео
16.06.2014. 00:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Men munu menen Boroonchu baikeni aitkym kelgen jok. Antkeni anyn aityp begeni bashkalarga salyshtyrmaluu abdan jogoru.
Degi ele suilogondo chala-bula oruscha koshup,anan eme-emeni koshup atyp ele charchatyp salyshat. Karshy emesmin oruscha suiloshsun, birok koshpoi suilogon jerde taza oruscha suiloshsun.Baikush orus tilin dagy chala-bula suilop,kyinap kosho beishpei...
16.06.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
ото жакшы майек болуптур ийгилик
16.06.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Чын эле Борончудай эркектен эч бир кыз баш тарта албайт.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 11:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай сонун маек болубтур ишинизге ийгилик
16.06.2014. 12:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Сизди сыйлайм, иштеринизге ийгилик...
16.06.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Мышыка озун окшой бер Боря. Жанына койбой эле койбопсун, мышыкты инимден жаман кором демек эми сени да жаман кором. Эч капаланба
16.06.2014. 12:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
спальный гарнитуру меникиндей екен...60 000симдук гарнитур....
16.06.2014. 13:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
aigulaser, акчасын жон эле койбопсунда....
16.06.2014. 13:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тапан дегени эмне? кыйын дегениби же...
18.06.2014. 12:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919,чакандыр мумкун
22.06.2014. 00:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
zara-919, куудул сыяктуу. Ар бир созуно жооп берет
16.06.2014. 15:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kaydagini aytpagilachi ech bir kiz bash tarta albayt dep.... kulkunu keltiriwet da... uyat bolup ele jurot go president bolom dep ...alina jarawa ele bolboybu desen...
16.06.2014. 15:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Совсем аялдын мойнуна эле жуктоп койгон болбойт го. А мен дайыма эле эркегиме таянган учун ушундайбы же. Акчаны экоо тен кармаган жакшы. Аялымдан сурайын десен олду да....
16.06.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Менин жолдошумда тапкан акчасын мага берет бирок бир нерсе аларда созсуз акылдашабыз. Ал сурабаса деле мен отчет берем эркек уйдун кожоюну экенин сезсин деп. Баарын аялдын мойнуна жуктоп коюда болбойт.
16.06.2014. 16:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Азаматсыз. Иштеринизге ийгилик!
16.06.2014. 16:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кеп акчада эмес да,бири-бирин сыйлоодо.
16.06.2014. 17:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Чыныгы эркек канча тапкан эсептебеши керек. А аялы канча коротконун эсептебеши керек. Мен негедир ойлойм да аял киши уйго жана балдарга корот коп акчаны озунон аяп кээде. А эркек кармаса кооп кетет дердендеп жайнаган достор табылат андай да.
16.06.2014. 17:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Кыргыздын копчулук эркектери миллионер эмес. Оп-чап эле акча табышат. Анан ото майдаланып кетишкен. Кана акча, каякта, эмне кылып жатасын деп жанынды сууруп алганга чейин барышат. Ичинен олда байкушум ай деп кейип кала бересин. Жооп айтканга соз да жок.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 17:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кызыктуу маек болуптур. Келинчеги бактылуу айым болсо керек деген ой калды, ушунунардан жазбай бактылуу болуп жүрө бериниздер.
16.06.2014. 17:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Майдаланбаган ушундай эркектер азыр жокко эсе.
16.06.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ача пача дебегени жакшы экен
18.06.2014. 00:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kamo, мага да жакты ача пача дебегени . Аяабай кулдум чындыгында азыр аялдардын копчулугу ача пача дейт себеби эркектери Борончудай эмес))))))
16.06.2014. 22:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
Бул агабыз ажы беле жанылышпасам?!

Жубайына Дубайдагы кийимдери аябай жарашат экен, бирок.
17.06.2014. 05:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Kg.lady, ушу сиздин "тонкий"соз менен "мяхкий"какшыгыныз чучука жеттетда)))
17.06.2014. 12:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болгула! жакшы маек болуптур ))
17.06.2014. 15:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-6
Эмне мага баарын эле минусту койуп таштагансынар ия, же айткан созум жалганбы же эмне? Анан эмне озу мышыка тенейт эркектерди?
17.06.2014. 15:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кандай болсо да, эмне болсо да алган аялы менен балдарын багып атат да, анча мынча артист эмес жонокой кишилерибиз деле дердендеп аялдан аял алып , уй булосун ара долго калтырып кетип атпайбы. Азамат болгонун болгондой айтып ыр, азыр любой уй булодо аял киши жаз айт коп нерсе ни. А общем, бактылуу болуп осуп онуго бергиле
17.06.2014. 20:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-3
Ушуу аялым билет аялым ишти кылыт аялым билет дегендер кандай еркектер болот деймдаа ойу жоок еркексинби еркектей бол Борончунун бул сапаты минуус жагы екенда
19.06.2014. 15:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
diiazbek, озу уйдо аз болотта артис адамдар. Коп убактысы гострол болсо уйдо аялы баарын жасап калатта анан аялынан сурап калатта.
18.06.2014. 10:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу уй було экен кармашкан колунуздар эч качан узулбосун
19.06.2014. 17:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Аялы чынында мыкты экени көрүнүп турат, ал эми мыкты аялын мыкты экенин билип баалаган Борончу байкеге ырахмат! Сүйүүсү өчпөгөнү интервьюда байкалды. Өчпөсүн, түбөлүккө!
Видеодо да аялынан алышса жакшы болмок. Мен аялын көргүм келген :(
20.06.2014. 09:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
baktyluu ekensizder koz tiybesin
20.06.2014. 15:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Озунорду бииир кузгудон карабай еле бирооону сынтага бергенинер болбойттдааа ал деген коралбаганынарго дейм.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо