КЕСИБИҢИЗ ҮЧҮН ЭМНЕДЕН БАШ ТАРТКАНСЫЗ?

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Ийгилик талыкпаган эмгектин, орду толгус жоготуулардын артынан жаралат. Кесип үчүн курмандыкка барбай туруп, анын өтөсүнө чыгуу кыйын. Биздин атактуу инсандарыбыздын айрымдарынан кесип үчүн кандай кадамдарга баргандыгын сурап көрөлү.

Саламат Садыкова, КРнын Эл артисти: «ЫРДАЙМ ДЕП ЖОЛДОШУМ МЕНЕН АЖЫРАШКАМ»
– Мен театрды өзүм издеп барбадым. Кудай жолумду ачып, Талас облусуна караштуу азыркы Кара-Буура районунда «ыр-бий ансамбли түзүлүп, үнү бардын, түсү бардын баарын чогултуп жатат» деп сөз кыла башташты. Бир күнү эле үйгө райкомдун УАЗ үлгүсүндөгү кызматтык унаасы келип токтоп, кайненем барып сүйлөшүп, «сага келишиптир, райком сени чакырып жатыптыр, тезирээк жупкелиңди (юбканы ушундай атачу) кийип баргын» деди.
Барсам, салабаттуу аял тосуп алып, өзүн райкомдун үчүнчү катчысымын деп тааныштырды. «Саламат, сени жаңы түзүлүп жаткан ыр-бий ансамблине алабыз, жакшы ырдайт деп уктум» деди. Жолдошум макул болбостугун айттым. «Жолдошуң ким болуп калыптыр, аны да алдырабыз, эртең менен чогуу келесиңер» деди. Эртеси бизди райкомдун айдоочусу кайра алып келди. Жолдошум «эже, сиз кызык экенсиз, үйдө кемпир-чал бар, Саламат оокат-аш кылыш керек, ырдабайт» деп айтышып болбой койду. Райкомдун үчүнчү катчысы өктөм үнү менен «эй, бала, керек болсо сени бул облустан үй-бүлөң менен көчүрүп жиберем, сен театрдын автобусун айдап, Саламат менен бирге иштейсиң, жаңы курулган үйдөн батир бөлдүрүп беребиз» деп колуна ачкычты карматты. Ошентип театрда иштеп калдык.
Жумуштан келгенде үйдө уруш, мени ырдабайсың деп тилдейт, сабайт. Түнү менен урушту угуп, эртең менен эч кимге билгизбей ырдап жүрдүм. Ансамбль менен Орусия, Польша өлкөлөрүнө барып ырдап келдим. Ал учурда биздин үй-бүлөдө уруш-талаш күчөп, жолдошум чыгармачылыгымды такыр түшүнбөй баштаган учур эле. Мага «бир жолду танда» деген талап койду. Мен чечкиндүүлүк менен «ырдайм, театрсыз жашай албайм, сенин таягыңа, сөгүшүңө башка чыдамым жетпейт, уруксат бер, ажырашалы» деп басып кеттим.
Алгачкы учурларда Калыйбек Тагаевдин «Сагыныч» деген ырын ырдап жүрдүм. «Ажырадым, ажырадым сенден, сүйгөнүмдөн» деген саптарын жолдошума арнап ырдап, эки айрылыш жолго түшкөнүбүздү кеч сезип, акылым менен чыгарып алган бүтүмгө ичимден сызып, жүрөгүмдөн өкүнүп, ыйлап жүрдүм.

Ыргал Кадыралиева, Жогорку Кеңештин депутаты:«АБАЛДАН ЧЫГУУ ҮЧҮН ҮЙ-БҮЛӨЛҮК БАКТЫМДАН БАШ ТАРТКАМ»
– Бир учурда мага кесип үчүн эле эмес, ошол мезгилдеги абалдан чыгуу үчүн дагы үй-бүлөлүк бактымдан баш тартууга туура келген. Анткени эки жолдун бирин тандай турган шарт коюлганда агамды колдоп, мага ишенип добуш берген шайлоочулардын үмүтүн актоо үчүн жумушумду бийик тутуп, карьераны тандагам. Чечкиндүүлүк менен бул жолду тандабасам, мен теңдүү миллиондогон жумушсуз жаштардын катарын толуктап калмакмын.

 

 

 

 

Калипа Үсөнова, актриса, «Кумар» аттуу тасмада чиновниктин жаш көңүлдөшүнүн, «Сен эмне кылмаксың?» тасмасында байдын уулу Бекзаттын жубайынын образдарын жараткан: «ЧЫНДЫКТЫ ЧАГЫЛДЫРГАН ТАСМАГА ТАРТЫЛЫП КЫЗДАРГА САБАК БОЛСУН ДЕДИМ»
– Актрисалык карьерамды эки жыл мурун белгилүү режиссёр Темир Бирназаровдун «Кумар» аттуу тасмасына тартылуу менен баштагам. Тасмада чиновниктин 18 жаштагы көңүлдөшүнүн ролун аткарып, бул образ башка кыздарга аз да болсо сабак болуусун кааладым. Албетте, алгачкы ролум болгондуктан мага оор эле болду. Анткен менен бери карап күлүп, ары карап ыйлап, тасманын акырына чейин чыгарам деп өзүмө-өзүм сөз берип, колумдан келишинче аткардым. Айта кетчү жагдай, кино толугу менен тартылып бүткөндө, чындыгында, ачык эпизоддор мыкты деңгээлде тартылганына баа бердим, анткени мен буга чейин ачык эпизодго тартылган эмесмин, бул режиссёрдун чеберчилиги.

 

Чолпонай Бөрүбаева, актриса, «Боз салкын» тасмасында «Анараны алып качат экен» деген кыздын ролун аткарган:«ЭПИЗОДДУК РОЛЬ ҮЧҮН ЧАЧЫМДЫ АЛДЫРДЫМ»
– Кино тармагына 2005-жылы аралаша баштадым. Алгач Эрнест Абдыжапаровдун «Уурунун махабаты», «Боз салкын» кинолорунда эпизоддук ролдорду жараткам. Учурдагы актёр, актрисалардын образдары, жүрүш-туруштары бири-бирине окшош. Бирдей кийинишет, бирдей боёнушат. Өзгөчөлүктү эч кимисинен байкай албайсың. Өзүмдү актрисамын деп айтуудан корком. Чыныгы актриса кинодогу жараткан образында жашайт.
Менин кесип үчүн алгачкы курмандыктарымдын бири Руслан Акундун «Герой моей девушки» деген киносуна тартылууда эпизоддук роль үчүн чачымды алдырганым. Бул тасмада экинчи режиссёр болуп да эмгектендим. Сценарийин окуп чыгып, бул роль үчүн чачын алдырууну актрисаларга сунуштап көрдүк, бардыгына макул болушту, бирок чач алдырууга келгенде жаа бою качып жатышты. Ошондуктан бул ролго өзүм тартылууну туура көрдүм. Ата-энем мени чыгармачылыкка даярдаган кишилер болгондуктан каршы болушкан жок. Жолдошум да кино жаатында иштейт, каскадёр. Азыр Малайзияда кино тартып жүрөт. Менин чачымдын алынганын билбейт. Скайп аркылуу сүйлөшкөндө жоолук салынып баарлашып жатам. Ал келгенче чачым өсүп калат. Актёр кандай роль болбосун аны аткарууга даяр болушу керек деп ойлойм.

Азат Усеналиев, мушкер:«БОКСТУ ТАШТАБАШ ҮЧҮН АРХИТЕКТОР БОЛБОЙ КАЛДЫМ»
– Ар бир инсан бала кезинен бир кесиптин ээси болсом деп кыялданат. Мен мектепте окуп жүргөндө кооз, бийик имараттарды кагаз бетине тартып, ал сүрөттөгү кереметтүү имараттарды шаарларыбызга куруп, өлкөбүздү көрктөндүрүп, белгилүү архитектор болууну самачумун. Бирок мектепти аяктагандан кийин спортко берилип, ал тилегим ишке ашпай калды. Ошол кыялымдын аткарылбай калганына өкүнүп калам. Бирок өлкө намысын коргоп, кыргыздын желегин спорт аркылуу дүйнөгө желбиретип жатканыма сыймыктанам.

Султан Төрөбеков
star@super.kg


Кесибиңиз үчүн кандай тобокелчиликке баргансыз?

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(26)
SUPER.KG видео
14.06.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
даа уй-булосун сахнага садага чаап, ошол нерсесинен бакыттын даамын татуу да жогорку адамдарга балким ырахаттуу чыгаар...
SUPER.KG видео
14.06.2014. 13:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-4
Pakissstanka, мазактоого жана кемсинтууго тыюу салынган!
5 кун БАН!
SUPER.KG видео
14.06.2014. 13:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+8
Nuraiymdyky kurmandyk dele emes all bir belgiluu bolup emgegi sinse eken chygarmam kaldy degidey al ozunun ele obu joktugu,myna aktrisa eje tuura aitat bir klipke tartylsa boldu ozdorun jyldyz sezip alyshat!
SUPER.KG видео
14.06.2014. 19:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
чынында кызыктуу экен,кара кызды ойногон кыз аябай шандуу экен озуно кошуп кишини кулдургон.Чолпонай да туура суйлоду азыркылар бат эле жылдыз оорусу менен ооруп калышканы чын.ийгилик баарына!
SUPER.KG видео
14.06.2014. 19:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Baarinar kiyratiptirsinar izgocho nurayim... anday dele talant jok go...
SUPER.KG видео
14.06.2014. 19:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Азыкбаеванын таланты десем тарбиясы да жок экен маданияттуу адамдарда ушинтип суйлойбу тим эле озуну атактуумун, атактуунун жолдошу жонокой болсо тушунбойт экен дейтко байкуш жолдошу бир адашыптырда
SUPER.KG видео
14.06.2014. 21:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-5
Мен лично Нурайымдын сулуулугуна баа бердим, Нурайым сулуу кыз екенсин, сага чын журогумдон бакыт каалайм, буюрса 2-турмушун чоон бир БАКЫТ алып келсин, конулунду чоктурбой ар дайым алдыга умтула бер, сени коро албагандар менимче копчулугу кыздар, ал табыйгый корунуш, себеби кыздар озунон откон сулууну жактыра беришпейт,
SUPER.KG видео
15.06.2014. 05:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kara kiz sonun kino maga ayabai jagat, cholpon en tuura aitty
SUPER.KG видео
15.06.2014. 05:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламат эжекебиздин маеги аябай жакты. Эжекебизден кобуроок маек алышыныздарды суранат элем.
SUPER.KG видео
15.06.2014. 09:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Терс пикирибизди айтсак эле коро албайт деп жазган суперчилерге тушунбойм. Анан кемчиликти айтпасак кайдагы осуш болот. Анда баарын эле мактай берели ой бул укмуш деп жакшысын да жаманын да.
SUPER.KG видео
15.06.2014. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-2
pakiistanka, ар бир колдонуучу өз оюн жазууга укуктуу! Жеке билдирүү үчүн купуя бар! Эрежени үзгүлтүксүз бузган колдонуучуларга катуу чара көрүлөт. Ошондуктан, бул чараны колдонууга мажбур кылбаңыз!
SUPER.KG видео
15.06.2014. 20:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Нурайым ежекеси жонокой адамды тоготпосонуз анда асмандан тушкон адам керекби сизге?адамдардын баары бирдей жараткандын алдында!билебиз аябай болбосо дагы бир аз барктуу адамдардын катарындасыз бирок ушул жагына шугур деп енелик мееримин уланта бергениниз он болчудай екен..
SUPER.KG видео
15.06.2014. 22:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Нурайым ото эле мактанып коюптур.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 13:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ушу кантип болсун үй-бүлөөнү карьера үчүн бузуп, жада калса бир туугандар арасында да күйөөсү жок аял барксыз болот. Аял заты түгөйү менен гана бактылуу боло алат. Аялзаты канчалык күчтүүмүн дебесин баары бир түгөйүсүз алсыз. Жашоодо эң негизги биринчи орунда үй-бүлөө!!!!
16.06.2014. 14:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ыргал эжекебизге тушунбой калдым эки уч ай мурун эле балдары менен чыккан суротун коргом. Ажырашпай эле жакшына жашап жатабыз. Жолдошум тушунуктуу дедиле...
Бардыга азаматтар эмнеси болсо да
16.06.2014. 14:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Боксер бала азамат экен
16.06.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жашоонун агымына баш ийип кете бербей,бурулуш жасаш керек. Баарынын эле колунан келе бербейт.Ал учун кучтуу,баардык нерсеге даяр болуш керек.Мен Саламат эжеге таазим кылам.Сизге ийгилик.
16.06.2014. 23:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
elder emne deputat ejekebiz ajirawip ketti bele ? je dagi kuyoogo tyidi bele a?
17.06.2014. 18:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сиздерге ийгилик каалайм!!!
17.06.2014. 20:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Саламат эже, сиздики го түшүнүктүү, көгөрүп отуруп,чыгармачылыктын туу чокусуна чыктыңыз, болбосо, чыны жууп, нан бышырып айылдагы миңдин бири болуп болуп калмаксыз.Бирок зобололуу карьера- бала да, эр да болуп бербейт.Ал эми Ыргал саясатка адашып келген, барабан сыяктуу даңкылдай берет, бирок барабандын ичи көңдөй экенин унутпайлы.
SUPER.KG видео
18.06.2014. 20:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
просто соз жок ушу кантип болсун уй булоосуз кайдагы бакыт баари бир ичинен арман кылатко
18.06.2014. 22:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Саламат эже Кыргыздын жүзү деп ойлойм.
23.06.2014. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ч.Борубаевага айтаар элем: билесизби мусулмандарда эрлуу катын чачын кырдырса никеси бузулат! Сиз куйонуз менен жашап туруп чачынызды тугу менен кырдырганыныз бул чон ката кайрадан никеге туруу керек бул менин улуулардан укканым а калганын озунуз билесиз!
21.07.2014. 10:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
matteraza - эскертүү!
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат.
SUPER.KG видео
26.07.2014. 11:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Salamat eje chygyny jyldyz. Bul insan da bizdin maktanchu juzubuz. Bar bol Salamat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо