Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

«ЖААК ЧИРИСЕ, ТУРУКТУУ ТИШТЕР ӨСПӨЙ КАЛАБЫ?»

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

– Баламдын ылдыйкы сүт тиштеринин түбү ириңдеп, жаагы чирип кеткен. Эми врачтар туруктуу тиштери чыкпай калат дешүүдө. Ушундай болушу мүмкүнбү?

Жапар, 31 жашта, Кара-Балта

– Балдарынын тиши ооруп, ал тургай ириңдей баштаганда да дарылатпай, кеч алып келгендер бар. Мындай убакта ириң жаактын сөөгүн чиритип жиберген болот. Муну кыргыздар «жаактын кулгуна оорусу» дешсе, медицинада «жаактын остеомиелити» деп аталат. Тишти жуубагандан ооздо микробдор көбөйүп, алар алгач тиштин кариесин пайда кылат. Кариести дарылатпаса, анда инфекция тиштин пульпасына (тутумдаштыруучу ткань, нерв), анан тиштин тамырына (түбү), акырында сөөккө өтөт.
Ошентип жаак чирий баштайт. Инфекция кошуна тиштерди да жабыркатып, натыйжада бир нече тиш кошо ооруган кездер да көп. Мындай болгондо бет-жаак хирургдары операция жасап, ооруган тиштерди жулуп, жаактын чириген жерлерин кырып тазалайт.
Сүт тиштердин түбүндө кийин чыкчу туруктуу тиштердин түйүндөрү болот. Жаак чиригенде аларга доо кетсе, анда алар да жулунуп салынып, бала тиштеринен биротоло айрылат. Чириген жери тазаланган жаактын өсүшү начарлап, бир жаагы экинчи жаагынан кичине көрүнүп калган балдар бар. Аларга кийин бир нече этапта пластикалык операция жасоо керек болуп калат. Андыктан бала 3 жашка чыккандан тартып тиш жууганга үйрөтүп, кокус тиши ооруса, стоматологго алып баруу керек.
2013-жылы жаактын кулгунасынын өтүшүп кеткен түрү менен ооруган 300дөй балага операция жасасак, жеңил түрүнөн жабыркаган 1000ден ашык бала амбулатордук түрдө дарыланган.

Сиздин сурооңузга Энени жана баланы коргоо улуттук борборунун бет-жаак хирургия бөлүмүнүн жетекчиси АЛТЫНБЕК МАМЫРАЛИЕВ жооп берди.

«КАПТАТУУ ҮЧҮН ТИШТИН НЕРВИН АЛУУ КЕРЕКПИ?»
– 2 тишиме пломба коюлган эле, жакында алар түшүп калды. Эми тиштеримди тазалатып, сыртынан каптатып койсом дейм. Бул үчүн нервдерин сөзсүз алуу керекпи? Нерви алынган тиш бат чирийби?

Турат, 29 жашта, Ош

– Эгер тиштердеги кариес анча терең болбосо, анда ал жерлерди тазалап, кайра пломба коюп, анан каптатууга мүмкүн. Эгер кариес тиштин түбүнө чейин жетип калса, анда тиштин пульпасына доо кетет. Мындайда тиш тазаланып, пульпа алынып, анан пломбаланат. Пульпасы алынган тиш бат чирийт деп айта албайм, бирок өңү бара-бара карарат. Анткени тишке азыктар пульпа аркылуу баргандыктан, ал алынганда тиштин азыктануусу токтоп, тиш өлөт.

«ШТИФТ КОЙДУРУУ ТУУРАБЫ?»
– Үстүнкү тиштеримдин ортосунда тиштерим жок калгандыктан, металлокерамикадан кийме тиш жасатсам дейм. 2 тишимдин болсо дүмүрү эле калган. Эми аларга штифт койдурсам болобу же койдурбай койгон туурабы?

Ажара, 34 жашта, Бишкек

– Тиштердин дүмүрүн рентгенге тартып көрүү керек. Таза болсо штифт (бурама сымал конструкция) коюп, тишти өстүрүп, сыртынан металлокерамикадан тиш кийгизсе болот. Ошондо тиш сакталып, кийме тиш бекем кармалат.

«ТИШТЕГИ ТАШ ЭМНЕДЕН ЖАРАЛАТ?»
– Тиштин түбүндөгү ташынан улам тиш түшүп калышы мүмкүнбү? Таш эмнеден жаралат? Акыл азууну жулдурса ден соолукка зыян келбейби?

Нурсултан, 19 жашта, Бишкек

– Тиштеги таштар адамдын канынын курамындагы холестериндин деңгээлине жараша болот. Башкача айтканда, холестерини көптөрдүн тишинде таш жаралат. Мисалы, этти көп жегендерде. Тиштин ташы калыңдап, көлөмү өскөн сайын тишти түртүп, тишти кармап турган бүйлөлөрдөн алыстатат. Тиш акырындап бошоп, анан түшөт. Андыктан тишти тазалатып туруу оң.
Акыл азуу 18-25 жаштар аралыгында чыгат жана тамак чайноодо көбүнчө колдонулбайт деле. Бирок жанындагы тиштер түшүп калса, кийме тиштерди карматуу үчүн керектелет. Акыл азуу жулунса, ден соолукка зыян келбейт.

Сиздердин сурооңуздарга Бишкектеги «Биринчи стоматология» ААКсынын стоматологу МУРАТ КОЙЧУБАЕВ жооп берди.

«Адистин кеңеши» рубрикабыз сиздер менен бирге иш алып бармакчы. Юридикалык, медициналык, психологиялык кеңешке муктаж болсоңуз, бизге кайрылыңыз.
Суроолорду (0312) 32-33-28 номери аркылуу берсеңиздер болот же kenesh@super.kg дарегине кат жазыңыз.

ТИШ – ЭЭСИНИН ДЕН СООЛУГУНАН КАБАР БЕРЕТ

  • Тиштердин ооруга чалдыгуусу, бузулуусу, өңүнүн көрүнүшү органдардагы оорудан, жаман адаттан кабар берет.
  • Сары өң – өттүн иштөөсүнүн бузулганы, ашыкча тамеки чегүү.
  • Күрөң өң – иммунитеттин начарлашы.
  • Ак-саргыл келип, жылтыраган өң – анемиядан кабар берет жана кургак учукка кабылуу коркунучу бар экендигин маалымдайт.
  • Кардай аппак өң – минералдык заттардын тең салмагынын бузулгандыгы.
  • Тиштердин ортосу ачык болсо, организмдин жалпы начарлашы.
  • Тиш ысык-муздакта, тиштенгенде ооруса, пульпит (тиштин түбүнүн сезгениши) оорусун кабарлайт.

Канымжан Усупбекова
kenesh@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  0 
Комментарийлер(12)
16.06.2014. 10:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Тиги эже баласынын жаагы чирип кеткиче, каякты карап отурган дейм да? Дагы уялбай чирип кеткен деп коет. 18ге чыккыча балдардын ден соолугуна биз жооп беребиз.
16.06.2014. 15:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Nur_meerim, сөзүңузгө кошулам
17.06.2014. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ар турдуу сокторду ичиртпеш керек балдарга химикаттар балдардын тиштерин буза баштайт. Же болбосо жууп туруу керек 1 жаштан баштап эле. Атайын жутса зыяны болбогон пасталар менен.
17.06.2014. 10:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эгер остеомиелит отушуп кетсе толугу менен айыктырса болобу
17.06.2014. 16:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Урматтуу Супер Инфо тишти имплантациялоо жонундо жаза кеткилечи Кыргызстанда .бир тишти остуруу(имплантация )канча тураарын билгим келип жатат.
17.06.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
happy86, Саламатсызбы!
Сунушуңузга рахмат!
18.06.2014. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
happi86: Жакшы суроо берипсин,менда ошону кимден сурап билсе болоор экен деп жургом.
Анда жооп кутобуз.:))
19.06.2014. 00:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супер инфо сиздерден отунорум мага жооп алып бериниздерчи. Тиш, от ж.б операциялардан гепатит С, Б жугуп жатат. Мед.аспаптарды ким тазал,ап ким жооп берет. Биздин кол кыска эч кимден сурай албайбыз. Баштан отту жуктуруу.
19.06.2014. 09:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
arlekino, Саламатсызбы!
Аракет кылабыз.
19.06.2014. 20:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тооба, колуна ийне сайылса кандай болосун? Байкуш бала жаагы чиригенче кантип чыдап журду экен, элестетип чыдабай кеттим, тамак жемек турсун тунку уйкусу да жок болгонда. Апасына эмне дешти билбей турам, соз жок просто.
20.06.2014. 23:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мммм кудай сактасын тиш оорудан
22.06.2014. 13:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
брекет система жонундо да кененирээк маалымат болгондо
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо