Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Кундуз Канатбек кызы:«КИЧИНЕКЕЙ БАЛА МУГАЛИМДИН КӨЗҮНЧӨ ТИЗЕЛЕП СҮЙҮҮСҮН БИЛДИРГЕН»

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Сахнада өзүн назик алып жүргөн ырчы Кундуздун жан дүйнөсүнө киргенге аракет кылдык. Ырчы айым кандайча сахнага келгенин, кантип жылдызга айланганын жана алгачкы сүйүүсүн айтып берди.

«ЧАЧЫМА ЧАЙЫР ЖАБЫШЫП...»
-Эки эжем, бир агам бар. Мен 1 жашка чыкканда Көлдөн Бишкекке көчүп келгенбиз. Үйдүн кенжеси болгондуктан апамдын жанынан такыр чыкчу эмесмин. Биринчи жолу бала бакчага барганымда сезимдер башкача болду. Негедир ал жак мага ооруканадай сезилген. «Калбайм» деп ыйласам да болбой апам балдардын жанына калтырып кетип калган. Бара-бара ал «ооруканага» да көнүп кеттим. Ошондо эле өзүмдүн айтканымды бербеген өжөр кыз элем. Ал кезде кытай көйнөктөрү мода эмес беле. Кышында кытай көйнөктөрүмдү кием деп көгөрүп туруп алмай адатым бар экен. Айласы кеткенде апам шым менен жайкы кытай көйнөктөрүмдү кийгизип койгонун айтып калат.
Бир жолу чатырдын астында отурсак шыптагы чайыр эрип, чачыма жабышып калыптыр. Бала бакчага эжем менен чогуу барчумун да, эжеме айтып жанымдан өтүп бараткан баланы чаптап салды деп күнөөлөп салдым. Эжем ал байкушту аябай урушканы эсимде. Азыр эстесем, бала кылбай эле, шыптан чайыр эрип түшүптүр да.
Апам мени 1-класска алып барганда биринчи партага отургузду, ошол бойдон 11ди бүткөнчө ордумдан жылган жокмун. Сабактан качып, тентектик да кылган эмесмин. Эжем башка мектепте окучу, «разборкаларга» көп катышып, көп мушташчу. Ал мага «Биздин үй-бүлөгө мушташкан бирөө эле жетишет. Сен назик бол. Эгер бирөө капа кылса мага айт» деп тамашалап калчу. Эжемди мектептегилер билгендиктен мага тийише алышчу эмес.
Мектепте мага көбүнчө төмөнкү класста окуган балдар кат жазышты. 9-классымда болсо керек, 6-класстагы кичинекей бала мени жакшы көрүп, сүйүүсүн билдирип жүрдү. Бир күнү сабакта отурсам класска кирип, мугалимдин көзүнчө тизелеп отура калып «я тебя люблю» дебеспи. Бир жолу апасынын иштетилип, кутусунун жарымына түшүп калган атырын көтөрүп келиптир. Айтор, кызык жоруктарды жасап койчу. Өзүм чоң класста окуган бир баланы жактырып жүрдүм. Ага анкетамды берип, «кимди жакшы көрөсүң?» деген жерден өзүмдүн атымды окуп алып абдан сүйүнгөм. Мен да уялчаакмын, ал да уяң болчу, экөөбүз бири-бирибизди көргөнүбүзгө сүйүнүп жүрдүк. Кийин дос болуп, балалык сезимдерди эстеп күлүп калчубуз.

«АЛГАЧ ТРИОДО ЫРДАГАМ»
-Кичине кезимден тартып чет элдик ырчылар Мэрайя Кэри, Тони Брэкстондун концерттерин көрүп таасирленип, ырчылыкка кызыгуу жаралган. Агам Филипп Киркоров, мен Алла Пугачёва болуп бири-бирибизге концерт коюп берчүбүз. Чоң класста окуп жүргөндө мектептеги 2 кыз менен трио түзүп, ырдап калдык. Бир жолу Спорт Сарайында концерт болуп жатыптыр. Алып баруучуга түз эле кирип, «биз ырдайбыз» деп догурунуп жатып сахнага чыкканбыз. Ырчыларга аралашып жүрүп Айя Садырова менен таанышып, ал аркылуу шоу-бизнес тууралуу көп маалыматтарды билдим. Кийин топто иштөө оор болуп кетти. Анткени бири-бирибизди күтүп жатып барчу жерден кечигип калчубуз. Мен ак кием десем, бирөөсү көк кием деп көз караштарыбыз келишпей, акыры топтон чыгып кеттим.
Бир жылдай продюсер менен иштешип, кийин өзүмчө ырдап көрөйүн, болсо болду, болбосо жок дедим. Ошол кезде Сема «дуэт бар, ырдабайлыбы» деп сунуштап калды. «Менин параметрим 90-60-90 болбосо, мактангандай болуп калам, эл ал ырды кабыл албайт го» деп кыйылып жүргөм. Апама айтсам «ырдап коё бер, андан эч нерсе болбойсуң» деп койду. Ошентип студияга барып ырды жаздырып, ал ыр күтүлбөгөн жерден популярдуу болуп чыга келди.

«АТАМ ҮЙЛӨНГӨНДӨ КЫЗДАР ЫЙЛАШЫПТЫР»
-Учурда апам, агам, жеңемдер менен турам. Апам кээде «Турмушка чыксаң мени өзүң менен ала кет. Мен сени менен жашайм» деп тамашалап калат. Өзү да абдан тамашакөй, бирөөлөрдү укмуш туурап коёт. Мен кайгырсам да, кубансам да сөзсүз апам менен бөлүшөм. Үйдө жүргөндө бар-жогум деле билинбей, тынч жүрөм да. Ошол сапатымды апам атама окшоштурат. «Атаң жактырбаган адам менен сүйлөшчү эмес. Өзү менен өзү жүрө берчү» деп көп эскерет. Атам жаш кезинде эле оорудан каза болуп калган. Апамдын айтымында, кичинекей балдарды аябай жакшы көрчү экен. «Атаң «көп балалуу болобуз» деп кыялданчу. Азыр тирүү болгондо силер аябай эрке, көпкөн балдар болмоксуңар» деп калат. Аябай баласаак болуп, жумушка барарда да балдарынан кете албай айланчыктап жүрө берчү экен. Менин келбетимди атама окшоштурушат.
Атамды сүйгөн кыздар көп болуптур. Айылга барып калсам эжелер «Атаңды аябай жакшы көрчүбүз. Апаңа үйлөнгөндө ыйлаганбыз» деп калышат. Апам болсо «атаң менен конокко баратканда мен эмес, атаң эки саат күзгүнүн алдында турчу. Түрлөп кийингенди жакшы көрчү» деп көп эскерет. Келбеттүү, тыкан, өзүнө каранып кийингени үчүн айымдар жактырышса керек. Атамдын ушундай кылык-жоруктарын апам эстеген сайын көзүмө жаш ала берем.

«Айылга барсам мени көрүп «Канаттын кызысыңбы?» деп дароо таанышат».

Гүлжамал Бөрүкулова
Адилет Бектуров
star@super.kg


"Жигитим мени жөнөкөй адам катары баалайт" дейт Кундуз Канатбек кызы

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(65)
SUPER.KG видео
19.06.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ozu ele sonun kyzda baktyluu bolsun
SUPER.KG видео
19.06.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
kyz degen uwundai nazik suikumduu boluw kerek da.... soz tatyna kyz eken
SUPER.KG видео
19.06.2014. 23:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол!
SUPER.KG видео
20.06.2014. 00:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ииии аябай назик кыз да жонокой озуно тыккан бактылуу бол
SUPER.KG видео
20.06.2014. 01:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуулугуна сөз жок.
Бирок эл ардайым угуп жургон ыры жок. Уну башкалардай аччык эмес. М:Роза Шакировадай
SUPER.KG видео
20.06.2014. 03:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-1
Ushul kyzdyn naziktigine ech ishene albaim. jasalmadai ele korvnot go. oto jenil kyzdai sezilet negedir
SUPER.KG видео
20.06.2014. 08:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
chindiginda le jonokoi booruker kiz korunot
SUPER.KG видео
20.06.2014. 09:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
vip_bekjan_97, коомдук адепке туура келбеген билдирүүлөргө, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган!
60 күн БАН!
Gul.08, сайттын башка катышуучусун мазактоодон алыс болуңуз! 5 күн БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 20.06.2014 09:25
SUPER.KG видео
20.06.2014. 09:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Men Kunduzdu ozun jasalma emes ele daiyma uwundai alyp jurgon kyz katary bilem. En bawkysy jakyn adamdarynyn syiyna tatyktuu, suluu, ozun baalai bilgen mykty ayalzat...
SUPER.KG видео
20.06.2014. 09:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
голосу аябай ичкего
SUPER.KG видео
20.06.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Жандуу ырдап бер деп суранганда болмок - сулуулугу менен эле сахнада жүрөт го- үн жок.
SUPER.KG видео
20.06.2014. 10:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+7
эн негизгиси орусча суйлобой 100 пайызда кыргызча суйлоду мен ошонусуна ыраазы болдум.эмне дейбиз кундузка бар бол бактылуу бол бай бол!
SUPER.KG видео
20.06.2014. 11:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
ушул ырчы аявай жагат мага . Ийгилик Кундуз айым,дагы да коптогон ийгиликтерди жаратаарына ишенем. Уну да,озу да жакшы,тогорогу топ келген кыз. Ыйман ,ден соолук берсин ЖАРАТКАНЫМ.
SUPER.KG видео
20.06.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
ар бир аял бактылуу болсун демекчи,Кундуз да бактылуу болсун.
SUPER.KG видео
20.06.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ийгилик , татынакай назик кыз экен.
SUPER.KG видео
20.06.2014. 15:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сонун го суйлогондору ишине ийгилик
SUPER.KG видео
20.06.2014. 17:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Диета кармап корбогом дейби ушул эле гезитке диетада журом дайым уйдогулор мени диетолог дешет дегенин окудум эле адашпасам
SUPER.KG видео
20.06.2014. 19:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кундуз айымдын мага кыргызча маек курганы жакты, бир эки эле орусча соз кошкону болбосо.Сизге уй-булолук бакыт,чыгармачылык ийгилик каалам!
SUPER.KG видео
20.06.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Биздин шоу дуйносундогу инсандар Кундуз айымдан улгу алсанар жакшы болоор эле!
SUPER.KG видео
20.06.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
kanat07, кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө тыюу салынган! 5 күн БАН!
SUPER.KG видео
20.06.2014. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Озун жакшы алып журот,ухоженная фигурная красивая
SUPER.KG видео
21.06.2014. 01:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Назик ундуу пээриго,жонокой кыздай сезилди. Чыгармачылык ийгилик,жаны ырларын кутуп калабыз.
SUPER.KG видео
21.06.2014. 09:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Суйкумдуу кыз экен. Жонокойлугун бааладым.
SUPER.KG видео
22.06.2014. 00:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Татына, жонокой, назик кыз го. Уй булолук бакыт, чыгармачыл ийгилик каалайм.
SUPER.KG видео
22.06.2014. 01:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу. Фигурная. Келбетту.Бирок ун такыр жок. Сахнада сулуулугу менен эле журот. Ал эми сахна адамына биринчи ун, талант анан экинчи планда сулуулук керек. Таланттуу болсон сулуулукту жасап алса болот, ал эми сулуу болуп талант ун жок болсо аны жасай албайсын сатып да ала албайсын. Коро албайтат десенер дегиле бирок ырчыгы эн биринчи ун талант керек.
22.06.2014. 09:51 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кыз ырдабай эле койсо болмок ун деген такыр жок,
SUPER.KG видео
23.06.2014. 00:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыз деген ушундай болсо. Назик,сулуу,жөнөкөй. Бактылуу болуңуз,аккуу айым!
SUPER.KG видео
26.06.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кундуздун тамаша торго тушкону барго сумкасын жулуп кеткен, ошол назик кыздын элеси дайыма коргон сайын кулкумду келтирет.
SUPER.KG видео
17.07.2014. 16:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
я б вдул деген жокпу
SUPER.KG видео
29.07.2014. 17:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуулугуна соз жок, ун да жок. Ырчылардын арасында ун да сулуу билим да барлары бар. Кундуздан андайды коро албадым.
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо