Алтынбек Алымов:«АЖЫРАШКАНДАРДЫ ӨТӨ НАЧАР АДАМ ДЕП ОЙЛОЧУМУН»

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Бул ысым бизге көп жылдан бери тааныш. А бирок каарманыбыз атактуулукка анчейин умтула бербейт. Кеп башы «Супер-Инфонун» гимнин жазган авторлордун бири, «Ак кушум», «Сагындым сени», «Никем бар менин» аттуу чыгармалары менен таанылган ырчы Алтынбек Алымов жөнүндө болуп жатканын баамдаган чыгарсыз. Анда Алтынбек Алымовдун дүйнөсүнө саякатка чыгалы.

ЫРЧЫ ТУУРАЛУУ
Туулган жери
– Жети-Өгүз району, Ак-Терек айылы
Туулган жылы, күнү – 1975-жыл, 17-февраль
Билими – Орто билимдүү
Репертуарындагы жакшы көргөн ыры – «Сагындым сени»
Жетишкендиги – Ырларын көп атактуу ырчылар ырдап жүргөнү
Жасай алган тамагы – Картошканы сууга, майга бышыра алат
Ырчынын калемине таандык чыгармалар – Ильяз Абдыразаковдун «Арманым», «Азап», «Сагынамын сени», «Лейли», «Аймончок», «Энекебай», «Карындашым», Динара Акулова менен Өктөм Сапар уулунун «Өмүр», Темир Назаровдун «Балама», «Аллах» ырлары жана башкалар

– Алтынбек мырза, куш келипсиз. Маегибизди чыгармачылык менен качантан бери алектенип жүргөнүңүздөн баштасак?
– Кандайсыңар, маек берүү кезеги мага да жеткен окшойт, ээ (күлүп). Чакырганыңарга рахмат. Негизи, чыгармачылыкка болгон кызыгуу Токмок шаарындагы Маданият үйүндө иштеп жүргөндө башталды. Студенттик күндөрүм да Токмокто өткөн. Ар кандай аспаптарда ойноп, өнөр адамдары менен табакташ болуп жүрүп чыгармачылык деген дүйнөгө сүңгүп кирип кеттим. Чынында, ата-энем жактан чыгармачылыкка шыктуу адамдар жок, өзүм деле балалыгымда музыкант болом деп кыялданчу эмесмин. Мендеги талант бир гана Кудайдан берилген го дейм.

– Мен кичинекей кезде биздин айылга Сыймык Бейшекеев концерт коюп келген, ошондо сиздин аппаратура ташып жүргөнүңүздү көргөн элем?
– Гастролго чыкканда жумуш тандабайсың, ырчылыктан сырткары айдоочу, музыкант, аппаратура ташыгыч да боло бересиң. Анан аспаптар, аппаратуралар аябай кымбат, бир жакка жылдырууда этият болбосоң капчыгыңа зыяны тиет. Ошондуктан эч кимге ишенбей өзүм ташыган учурлар болот. Ал жумуштарды азыр деле кылам.

– Сахнага чыгышыңызга кимдер жардам берген?
– Токмоктогу Маданият үйүнөн кийин Бишкекке келип, кафелерде ырчы болуп иштеп жүрдүм. Ошол жылдары популярдуу болуп турган «Айкөл» деген топ бар эле, алар менен 6-7 айча иштештик окшойт. Андан соң Сыймык Бейшекеев, Ильяз Абдыразаковдор менен чогуу иштешип калдык. Учурда Бек Борбиев менен иштешебиз.

– Байкасак, дайыма бирөөлөр менен иштешип жүрөт экенсиз, ал эми өзүңүз үчүн качан иштейсиз?
(Күлүп) Бул нерсени досторум да көп айтышат, «жеке концертиңди бере бербейсиңби» дегендер да бар. Сахнада жүргөнүмө 20 жылга жакындап калыптыр, бирок репертуарымда 7-8 эле ырым бар. Кээде «койчу, мен жеке концерт бергенге жетилип калдымбы? Менин ырларыма элдин талабы барбы?» деген күмөн ойлор жарала берет. Негедир уялат окшойм. Былтыр Бек байке «жеке концертиңди беребиз» деди эле, мен өзүм «Бек байке, уят болобуз, бир да клибим жок» деп токтотуп койдум. Анан быйыл кышта «Сагындым сени» деген ырыма клип тарттык. Менин ырларымды ырдаган атактуу ырчылар көп, ошолорду чогултуп деле концерт берип койсом болот, бирок ага дитим чыдабайт. Буюрса, 2-3 клип тартып, репертуарымды толуктап алсам концерт коёттурмун.

– Өзүңүздүн чыгармачылыгыңызга төмөн баа берип жаткан жоксузбу?
– Бир чети ырчы өзүнө төмөн баа бергени деле жакшы. Жогорку бааны эл берет. Мен чыгармачылыгыма төмөн деле баа бербейм. Учурда өзүмө эмне жакса ошону кылып жүрөм. Мен ушул жумушумдан ырахат алам. Адам үчүн сүйүктүү жумушу менен алектенүү өзүнчө бир бакыт да. Мендей кыбырап иштеп жүргөн музыканттар бизде толтура.

– Репертуарыңызда хит болгон «Ак кушум» деген ырыңыздын жаралуу тарыхы тууралуу айтып берсеңиз?
– Токмоктогу Маданият үйүндө иштеп жүргөндө, 1995-жылы, 20 жашымда жазылган. Сөздөрүндө кемчиликтер бар, бирок аны өзгөрткөнгө мүмкүн эмес, бул ошол 20 жаштагы жигиттин ой-толгоосу, кыял-жоругу менен жазылган ыр. Текстиндеги айрым саптарга мага азыркыга чейин сындар айтылып жүрөт. Мисалы, «Койкоюп тосуп төшүңдү, койнуңа чакыр өзүмдү...» деген саптарын уят деп жүрүшөт. Мен кушту кызга салыштырып жазган эмесмин, жөн эле куштун койкоюп турганын элестеткен болчумун. Бизде төш деп бала эмизген жерди эле айтпайт го, эркектердин деле төшү болот. Мурунку ырлардагы «бөдөнө тумшук мамагың», «каткырганда төшүң бийлеген» деген саптар дал ошол кыздарга тиешелүү, аларды эч ким сөз кылбайт.

– Мындан 4 жыл мурун Мээрим деген селкиге баш кошкон элеңиз, бирок учурда бойдок экенсиз?
– Мурун мен ажырашкандарды өтө начар адамдар болсо керек деп ойлочумун. Көрсө, ажырашуу бул акылдуулугуңа да, акылсыздыгыңа да, билимдүүлүгүңө да карабайт экен. Ажырашууга убакыт келдиби, ажонун баласы болсоң да ажырашат экенсиң. Ошондуктан мен азыр мурунку оюмдан кайтып, тагдыр башыңа жазса көтөрөт турбайсыңбы деген тыянакка келдим. Ажырашуу бул эки адамдын ортосундагы гана белгисиз мамиле, аны үчүнчү адамга козгогонго тыюу салынат. Эки адам такыр келишпесе, «болду, чыдабайм» деген баскычка жетип калса, кантип чогуу жашасын? Тескерисинче, «болду, аны менен жашабайсың, токтот мамилеңди» деп коркутсаң деле табышып алгандарды көрүп жатпайбызбы. Андыктан ажырашуу эч кимдин башына түшпөсүн, муну башынан өткөргөндөр түшүнөт, ал эми башынан өткөрбөгөндөр талкууга алып, сөз кыла беришет.

– Бул суроону өзүңүзгө албаңыз, бирок статистика боюнча Кыргызстанда ажырашуулардын саны жылдан-жылга өсүп жатат, бул эмнеден улам деп ойлойсуз?
– Негизи, мурун кыргызда мен деп төшүн каккылаган эркек да, аял да болгон эмес. 40 жаштагы баласы 60 жаштагы атасынын тилинен чыкпай, ошонун акыл-насааты менен жашачу. 80 пайыз үй-бүлөдө баш ийүү болгон. Мисалы, менин мезгилимде машинасы бар жигитти бардык кыздар карашчу, жактырышчу, азыр кайдан, кыздар килтейген машиналарды айдап сени уят кылат. Машина айдаган кыз канчалык ыймандуу болом, акылдуу болом деген күндө да, ичинде кандайдыр бир текеберлик пайда болот. Бирөөнү теңине албаган чоң бир күч пайда болот. Менменсинүү, тең ата болуу деген сапаттардын айынан үй-бүлөдө тирешүүлөр чыгат. Азыр эркек менен аялдын статусу теңелип калган убак, ата-бабабыздан келе жаткан каада-салт менен азыркы муундун ортосундагы чынжыр үзүлүп кеткен. Аны кайсы муун үздү, биз үчүн табышмак бойдон.

– Сизди жакында үйлөнөт экен деп уктук эле?
– Үйлөндүм деп мен эч кимге айта элекмин. Бирок интернетте мени «үйлөндү» кылып жиберишиптир. Өзүм чыгармачыл адамдардын чыгармаларынан да жеке жашоосу биринчи планга чыгып кеткенин өтө жаман көрөм. Эгер айрымдарга менин үйлөнүшүм эле керек болуп жатса, анда эртерээк үйлөнөйүн (күлүп). Негизи, ушул жылдын күз айларында үйлөнсөмбү деген пландарым бар.

– Мектеп курагыңыздагы сүйүүлөрүңүздөн айта кетпейсизби?
– Мектепте окуп жүргөндө кыздарга такыр кат жазган эмесмин. Тескерисинче, дос балдарыма ыр чыгарып, кат жазып берчүмүн. Ал эми өзүм текебер элем, кыз ушундай татынакай болуп, көзүм агып баратса да карабай өтүп кетчүмүн. Менин артымдан чуркасын деп ойлочу окшойм. Кыздарды тоготпочумун дебейм, болгону ал дагы мени теңине алсын деген таризде ошондой кылсам керек. Ал мүнөзүм атамдан берилген. Азыр деле ушул сапатым бар, бирок жаш кездегидей курч эмес. Сүйүүдө эле эмес, достукта деле ушундаймын. Бой көтөрүп, керсейген досторумдан акча сураганга караганда мага өзүмө окшош кедейирээк, өзүм теңдүү досумдан карыз сурасам көңүлүм тогураак болот.

– Маегиңизге чоң рахмат!

«Мен кыздардын артынан эмес, кыздар менин артымдан чуркаш керек деп ойлоп жүргөн кезим».

«Апам 67 жашта. Учурда бактылуу карылыктын доорун сүрүп, небере-чөбөрөлөрүнүн жытын искеп отурган чагы. Сүрөттө мен 11 жаштамын».

Акыркы кезде ырчы Бек Борбиев менен иштешип жүргөн ырчыны жалаң Бектин концерттеринен көрүп калабыз.

Лунара Бекиева
star@super.kg


Алтынбек Алымов: "Ортодо сүйүү өчкөндө жашоо токтойт экен"

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  4 
Комментарийлер(38)
16.06.2014. 11:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жакшы маек бериптир негизи токтоолугу менен жагат Сагынамын сени деген ыры аябай уккулуктуу чыккан талантыныз оркундой берсин жаны чыгармаларды кутобуз эми бактынызды таап бактылуу омур сурунуз.
16.06.2014. 13:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
маекти жонокой жана чын журогунон,калп чынды койгулаштырбай бергени сезилип турат.Чыгармачылык ийгилик сизге. Жигит башына эмнелер тушпойт.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 13:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
молодец Алтынбек байке
SUPER.KG видео
16.06.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жакшы маек болуптур все что не делается все к лушчему деп айтып коюшат го анысы кандай бардыгы жакшы жагына болсун
16.06.2014. 14:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
5-6-7-8-мартта Ошко концерт коюшту Бек Борбиев менен.элге аябай жакты го чиркин кайра-кайра кол чаап Бек Борбиевдин айласын кетирдик. тамагы кургап калды...
16.06.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Алтынбек байке алга сизге ийгилик жердешим деген Бек Борбиевдин ырын ырдады еле 2011 жылы Бектин жаны жылдык концертинде ошону жуктоп койгулачы адимин
16.06.2014. 15:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик аябай жонокой киши экенсиз ырдаган ырлары аябай жагат сагындым сени деген ырын канча уксам да эч тажабайм кайра кайра уккум келе берет жакшылап иштениз таалантыныз оркундой берсин
16.06.2014. 15:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мага да жакты маеги! Азаматсыз!
16.06.2014. 17:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырларыныз жагат ийгилик сизге
16.06.2014. 21:36 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ак кушумду дайыма телефонумдун чакыруусуна коюп алгам,кичине кезимде 4кл окуп жургондо ,анда алма бакка иштегени барчубуз,Алтынбек байке аябай шок бала болчу Жаныш деген классташы экоо эшек минип алышып артыман ээрчип алышып ыйлатышканын,Анан Алтынбек байке ыйлабачы кечирип койчу деп коркуп келатышканын дайыма эстеп жылмайып алам.Алтынбек байке сиз менен сыймыктанам,...!
16.06.2014. 21:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мен да Алтынбек мырзадай ойлочуумун "ажырашуу" темасы жонундо соз болуп калса. Мумкун чын эле эн жаман адамдар ажырашаттыр. Бирок "тагдыр" деген нерсе бизге баш ийбейт экен да.Ишинизге ийгилик!
16.06.2014. 23:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сонун ачык жонокой маек болуптур.
17.06.2014. 05:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ото маанилуу суйлоптур байке.жонокой адам экен.акылынызга береке.бул байкенин ырларыда маанилуу укулуктуу.эми ажырашпай бактлуу жашаныз!!!
17.06.2014. 10:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
чын
17.06.2014. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой маек болуптур.
17.06.2014. 11:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ак кушум ырыныз учун терен ыраазычылык, Сиз айткан саптар, тескерисинче эн эле мазмундуусу, андыктан кейибениз.
17.06.2014. 17:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
текеберлик адамды эч качан остурбойт,уй булонуздун бузулушуна ушул текеберлигиниз себептир
17.06.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Чынын аитсам бул адамды мурда билбепмин,бирок маеги жакты. Башкаларга окшоп"мен орусча окугам,орус мунозмун,мектепте бантдит болчум,баары менден коркчу"деген глупостторду айтбаптыр. Мунусуна да шугур дейли.
18.06.2014. 22:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аккушумдун сөздөрү жакшы ыр. Андан жаман ырлар деле ырдалып жүрөт.
18.06.2014. 23:59 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ырлары жагат.Ак кушумдун сөздөрү обонго төп келген.Чыгармачылык ийгилик жана бакыт каалайм.
SUPER.KG видео
19.06.2014. 05:03 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Аябай токтоо, баарын акыл менен чечкендей го. Ушундай маек беришсе баары. Ильяз экоонун суйлогону аябай окшойт экен.Бар болунуз,чыгармачылык ийгилик.
19.06.2014. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Катын киши башкарган уй-булодо ынтымактык, туруктуулук жок болот. Ошондуктан уйлоноордо кимди алып жатаам деп эркек озуно-озу суроо салышы керек го сыягы...Тастандап эри менен жакалашкан аялдар жакшы эмес да.Аябай токтоо ырчы го,эмнеси болсо да ийгиликтер болсун астыда!!!
SUPER.KG видео
19.06.2014. 16:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ырды сонун жазат! бактыныздыы табыныз.
19.06.2014. 16:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Жакшы сүйлөп бериптир. Аял киши коркок болуш керек деп сүйлөгөнү туура, коркок деп түшүндүргөн экен, ооба акылман, даанышман болуш керек. Урушуп койсоӊ ажылдап турса аны карап кантип ээрийсиӊ, тескерисинче көзүнө жаш алып ыйласа кайра бооруӊ ооруп кучактап өөп жибересиӊ деген жери жакты. Канчалык кыйын болсок да эркек киши эзелтеден аялдан өйдө болуп келген жана болуш керек. Жан дүйнө
19.06.2014. 16:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу күндөрүӊүз дагы да алдыда дейм. Чыгармачыл адамды баары эле түшүнө бербесе керек, өзү да жан дүйнөӊөр өтө назик ккелет, анан так сан менен иштеген банктагы кыздар түшүнбөгөн чыгаар, андыктан өз чөйрөӊүздүн адамы сизди мыкты түшүнүп, сүйүп, кандай болсоӊуз ошондой кабыл алса керек. Бул сырттан караган адамдын кеӊеши. Бакты
SUPER.KG видео
19.06.2014. 18:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам деген ушундай болуш керек! Ыйман жолундан жургон бир туугандарыбыздын да арасында ушунчалык душасы тазасы аз эле болсо керек
20.06.2014. 10:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Жонокой адам болуу бул жакшы сапат. Кыздар машина айдайбы чон кызматта иштейби ал озунун кыздык сапаты менен ыйманына жараша болот деп ойлойм, себеби чондун деле кыздарын коруп журобуз жонокой эле журушконун.
20.06.2014. 11:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эртерээк уйлонбосонуз дагы коп ушактарга кабыласыз
20.06.2014. 14:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
аий бил байкени тааныбайт экенминго бирок сонун ырлардын автору экенда ырларынын баары жагат сонун чыгарылган уккулуктуу.
21.06.2014. 01:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Биринчи Ильяз аркылуу тааныганмын. Мыкты инсан деп билем.
1
2
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо