Бегимай Туратбекова, актриса:«КЫЗЫМДЫН УРУКСАТЫ МЕНЕН ГАНА ТУРМУШКА ЧЫГАМ»

№606 13-июнь-19-июнь, 2014-ж

Кезектеги маектешимди сиздер «Талас-Бишкек», «Соолуган карек», «Быйыл сөзсүз күйөөгө тием-3» тасмаларындагы ролдорунан, Аскат Мусабековдун «Аруузатым» аттуу ырынын клибиндеги образынан соң тааныйсыздар. Бул актриса Бегимай Туратбекова. Ал тасма, жеке жашоосу жана максаттары тууралуу кеп салды.

– Бегимай, сизди тасма айдыңынан көп көрбөй калдык, буга эмне себеп болууда?
– Тасмага тартылууга көп эле сунуштар түшөт. Бирок азыркы тасмалардын көбүнчөсүндө ачык кадрлар болот. Ошондуктан көбүнөн баш тартам. Анын үстүнө чакан бизнес ачып алгам. Жумуштан кол бошобойт. Кызым дагы чоңоюп калды. Ага көп убактымды коротом. Кызым менин келечегим болгон соң анын сапаттуу билим алышы менин колумда эмеспи. Өзү аябай чыйрак кыз, ошонун энергиясын туура нукка буруп, татыктуу тарбия берип чоңойтууну милдетим деп билем.

– Кызыңыз канча жашка чыгып калды?
– Азыр 6 жашта. Бир жылдан кийин мектеп босогосун аттаганы турабыз. Өзү да аябай окугусу келип жатат.

– Жаш, жалгыз бой эне болуу оор болсо керек?
– Кудайга шүгүр, ата-энем дайыма жардамдашып турушат.

– «Ачык кадрлар коштогон тасмаларга тартылбайм» дедиңиз. Бирок актриса болгон соң кандай роль болбосун аткаруу керек деп коюшчу эле...
– Тасмага тартылуудан мурун өзүмдүн кызымды ойлойм. Себеби мен тартылган тасманы көрүп ал чоңоюп жатпайбы. Элестетиңиз, менден үлгү алчу кызым, сиңдилерим мен тасмада өбүшүп, кучакташып жүрсөм кандай ойдо калышат? Мен жаш кыздарга жаман таасир калтыргым келбейт.

– Алгачкы жолу тартылган тасмаңыз эсиңиздеби?
–2009-жылы режиссёр Бакыт Карагуловдун «Зардалы» аттуу тасмасына тартылгам. Бирок ал тасма алигиче тартылып бүтө элек. Буюрса, толугу менен аягына чыгабыз деп ойлойм.

– Кызым, жумуш деп жүрүп жеке жашоону унутуп калган жоксузбу? Сиздей кара көзгө ашык болгон мырзалар жок десеңиз ишенбейм...
– Көчөдө баратканда тасмалардан көрүп таанып калган мырзалар көп тийишишет. Таанышкысы келгендерден көбүнчө «жолдошум бар» деп кутулам. Звонок кылгандары бар, андайда номеримди алмаштырып салам.
Күйөрман болобу же башкабы, белектерин такыр алып көргөн эмесмин. Эсимде, 2 жыл мурун эшигимдин астына бирөө көп роза гүлүн таштап кеткен экен, ошондо гана сүйүнүп үйгө алып кирип койгом.

– Кантсе да аялзатынын бакыты үй-бүлө дешет эмеспи. Дегеним, турмуш куруу оюңузда барбы?
– Азырынча жок. Себеби биринчи турмушум бузулуп, көңүлүм калган. Ошондуктан жашоонун татаалдыгын түшүнүп, бир чечимге келерден мурун көпкө ойлонуп, анан бир тыянакка келем. Кызым чоңоюп, акылына кире берсинчи. Эгерде учуру келип, ал мага турмуш курууга уруксатын берсе көрө жатарбыз. Ага чейин жаңы мамиле түзүү ниетим жок.

– Кызыңыздын атасы менен катташып турасызбы?
– Жок, сүйлөшпөйм, кызым деле катташпайт. Кайын эне, кайын атамдар аябай жакшы кишилер болчу. Мен да аларды азыркыга чейин сыйлайм, жакшы көрөм. Болгону, жолдошум экөөбүздүн ортобузда эле түшүнбөстүк болуп кетти. Демек, бешенебизге жазганы ушундай экен.

– Жакынкы күндөргө койгон пландарыңыз кандай?
– Буюрса, тоого чыгып, ата-энем, кызым менен бээнин сүтүн ичип келсемби деп жүрөм. Жайы бою ден соолугумду чыңдап алган соң күзүндө тасмаларга тартылып баштайм. Туугандарым мени тасмалардан көргөндө «биздин кыз» деп аябай сыймыктанышат. Ошондуктан актрисалыкты таштабайм деген ойдомун. Азыр бир режиссёрдон сунуш түшкөн, сценарийди окуп чыктым, мага жакты. Күз айларында тартуу иштери башталат. Бирок фильмге али ат тандала элек.

– Маегиңизге ыраазычылык.

«Кызымды баары мага окшоштурушат».

«Аскат Мусабековдун клибине тартылгандан бери башка клиптерге да сунуш түшөт, бирок колум тийбей жатат».

Нуркыз Курманбек кызы
star@super.kg


"Кызым уруксат бербесе турмушка чыкпайм" дейт актриса Бегимай Туратбекова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  6 
Комментарийлер(84)
16.06.2014. 14:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен. Аял затына таандык бардык жакшылыктарды каалайм.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 14:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
козун бир корсотуп койсо болмок экен)))
16.06.2014. 15:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу айым чынында эх суусутатко
16.06.2014. 17:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
менин аялыма окшош экен.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 19:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
suiomgo Begimaidy!!!
16.06.2014. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Куйого тие элек теп ойлочум.
16.06.2014. 20:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baktyluu bolunuz, duynodo sizdey adamdar az ele boluw kerek
16.06.2014. 21:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бактылуу бол!Жонокойлогу жакты.Жаш болсо да башынан турмуш откону учунбу тушунуктуу кыз экен.
SUPER.KG видео
16.06.2014. 23:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аябай созго жок кыз экен же айта турган нерсесин жеткиликтуу кылып айта албайт.
17.06.2014. 02:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ии тагдыр да бул да болсо жакшынакай сулуу кыздын турмуштан адашуусу го.эми деле жакшы турмуш курганга аракет кылсан болот кеч эмес!
SUPER.KG видео
17.06.2014. 11:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Азаматсын сулуу кыз!
17.06.2014. 12:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мен бул кызды тааныбайт экенмин . Бактылуу болсун жакшынакай экен)
17.06.2014. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Мага дагы ачык кадрларда ойногондон баш тартканы жакты.Ыймандуу экенсин ушул жолундан адашпа.Кызын экооно бактылуулук каалайм.
SUPER.KG видео
17.06.2014. 17:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кудай багынды ачсын
SUPER.KG видео
17.06.2014. 22:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ушинтип суйлоп кантип актриса болуп журот! кичине тыканыраак болсо. созду сата тургансып жаай суйлойт экен! Бул эжекебиздин сулуулугу эле актриса кылып журу окшойт, мыкты деле жараткан ролдору жок.
18.06.2014. 00:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
мынча онтоп зорго суйлойт)
18.06.2014. 09:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ооо бул кыз абдан копту коргондой го, бактылуу босун, админ тел ном бере аласынарбы,?????
18.06.2014. 09:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
очкисин алып эле суйлобоптур да, Диана Гурцкая болуп калыптыр
20.06.2014. 10:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
adilet_3234, байкушту жудотуп ысыкта жерге отургузуп интервью алса, козуно кун тийгенинен чечкен жок да очкисин
SUPER.KG видео
18.06.2014. 10:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Назик, сулуу айым экен, таланты боюнча айта албайм-образды толугу менен ачып ойногонун көргөн эмесмин, бирок сөз байлыгы такыр жок, 2 сөздү бириктирип сүйлөй албаптыр, эл адамы деп эч ким айтпайт, башкалардан үйрөнсө болчудай..
SUPER.KG видео
18.06.2014. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
dream2013, кимдир бирөөнү мазактоого тыюу салынган! Эскертүү сызыгыңыз толуптур, түбөлүк БАН!
Модератор admin_superstan түзөттү 18.06.2014 12:48
18.06.2014. 21:10 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
уааууу мынча сулууууууууууууууууууу кыз бул клипти коргомун, эрте турм.чыгыптырда 1990 ж болсо чыгармачылык ийгилик аалайм)))))))))
18.06.2014. 21:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Талас-Бишкектеги кыз экен да. Ийгилик!
19.06.2014. 13:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бегимаймын деп одноклассники фейсбукта клондорун уят кылып жок кылдым. Ооба Бегимай жакшы кыз мээримду адамгерчиликтуу.
19.06.2014. 18:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
чыгармачылык ийгилик каалайм,ыйманындан эч качан кайтпа татына кыз,кызына озуно кудайым ден соолук,омур,бакыт берсин!
SUPER.KG видео
19.06.2014. 18:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кандай гана керемет асыл зат ааламдагы аял заттын баары ушундай болсо кана
20.06.2014. 13:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
чындыгында сулуу кыз бактысын табарына ниеттешмин. Турмушта кимдер гана жанылышпайт!!!
21.06.2014. 09:45 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акылдуу экен, кийинкилерге жаман таасир калтыргым келбейт дейт баракелде
21.06.2014. 14:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кийинки жашоонуз туболуктуу болушун каалайм!
06.07.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Бактылуу болсун!!!
SUPER.KG видео
04.10.2014. 23:06 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Козайнеги, клатччы, сааты бренд экен :)
1
2
3
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2026 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо