Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

Калипа Усенова, актриса: «СУЛУУ БОЛСОМ ЭМНЕ КЫЛАМ, ОПЕРАЦИЯ ЖАСАТЫП ЫРАЙЫМДЫ БУЗУШУМ КЕРЕКПИ?»

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

Кинонун ийгиликтүү болушуна негизги салымын кошуп, анын көркүн ачкан сулуу актрисалар болсо керек. Бүгүнкү каарманыбыз Калипа Усенова ошондой экрандагы кара көздөрдүн катарын толуктайт. «Кумар», «Сен эмне кылмаксың?», «Сүйүү жазы» тасмаларына тартылып, чыгармачылык деген татаал жолдо келе жаткан назик актриса бизге тасма айдыңына кантип келип калганы тууралуу кеп салып берди.

Туулган жери – Бишкек шаары
Туулган жылы – 1986-жыл
Мырзалардагы жактырган сапаты – Сөзүнө бекем турган, эрки күчтүү, ниети таза болушу керек
Бою – 167
Салмагы – 48 килограмм
Хоббиси – Жалгыз сейилдөө
Өзүндөгү жактырбаган сапаты – Уйкучулугу жана ишенчээктиги
Жактырган сапаты – Жашыктыгы, ичиндеги бугун ый аркылуу чыгарып жеңилдеп алат
Үй-бүлөлүк абалы – Бойдок
Жетишкендиги – «Ак илбирс» киносыйлыгынын «Мыкты актриса» наамынын жеңүүчүсү

– Кандайсың, Калипа? Кино тармагына күтүүсүз келип калдыңбы же «актриса болом» деген кыялдар секелек кезден эле түптөлүп калган беле?
– Саламатсыздарбы, кино тармагына күтүүсүз аралашып калдым десем болот. Өзүм Бишкек гуманитардык университетинин журналистика факультетинин бүтүрүүчүсүмүн. Окуумду аяктап, өз кесибим менен бир аз иштеп жүрдүм. Үй-бүлөлүк шартка байланыштуу жумуш которгонго туура келип, Бишкектеги соода түйүндөрдүн биринде сатуучу болуп иштеп калдым.
Ошондо режиссёр Темир Бирназаров тартуучу топ менен бирге кийим-кече алып жүрүшүп, мени байкап калышыптыр. Көргөндө дароо эле улутума кызыгып, «кыргызсыңбы?» деп сурашкан. Мен «кыргызмын» десем көпкө ишенбей, анан «Кумар» тасмасына тартылуу сунушун киргизишкен. Башында «менден кайдагы актриса чыкмак эле» деп баш тартып койгон болчумун. Бир жума артыман чуркап жүрүп көндүрүштү. Үч күн видеопробадан өтүп, анан кабыл алындым.

– Кино жаратуучулар ошондо биринчи сенин келбетиңе кызыгышыптыр да?
– Ооба, өң-түсүмө, келбетиме, баскан-турганыма жакшылап баам салып, кинодогу баш каармандагы кызды менден көрүшкөн окшойт. Адамда ачылбаган көп талант болот экен. Ушундай ролду аткара алам деп өзүмдөн күткөн эмесмин. Бул режиссёрдун чеберчилиги деп ойлойм. Менин ичимден кинодогу каарманга окшош адамды таап чыкканында режиссёрдун чоң эмгеги жатат. Анткени ал убакта менде талант, тажрыйба да жок болчу.

– «Кумар» тасмасында улгайган чиновниктин көңүлдөшүнүн ролун аткаргансың, кыйын болгон жокпу?
– Кинодогу каарманым өтө татаал персонаж. Аны аткаруу, албетте, оор болду. Киного тартылгандан кийин эки айдай өзүмдү таба албай жүргөм. Каарманымдын образынан чыгуу кыйын болду окшойт. Тасманы жабык эшик артында көрсөтүшкөндө алгач барбай койгом, коомчулуктун сын-пикиринен, туура эмес айтылган ойлордон корктум. Кинодогу каарман менен өзүмдү аралаштырып алган жокмунбу деген күмөн ойлор да туулбай койгон жок. Эрнест Абдыжапаров, Болот Шамшиев сыяктуу режиссёрлор жакшы ойлорун айтышканда гана барып көрүп, кинодон өзүмдү көргөн жокмун, толугу менен каарманымдын образы экен.

– Айымдарга атактуулуктун жүгүн көтөрүш оор дешет, буга кандай карайсың?
– Ооба, оор эле. Негизи, айымдар ийгиликке жетишсе, көбү ишенген бирөөсү бар деп ойлошот. Мени деле мындай кептер кыя өткөн эмес. Жашырбайм, өсүп турган кооз гүлдү баары жыттагысы келишет. Үзүп, өзүнө менчиктеп алууну каалашат. Бирок аны үзгөндө вазада 2-3 күн эле турат, анан соолуйт да. Турмушта деле ошондой. Эгер Кудай мени атактуулукка жеткирсе, аны татыктуу алып жүрүүгө аракет кылам. Анткени ал өтө жоопкерчиликтүү иш.

– Мырзалардын көңүл борборунда болгон жагабы?
– Мурун жакчу, азыр ал нерсе катардагы эле көрүнүш болуп калды. Мени жактырган бир жигит «сен эртең менен турганда таранып-түзөнчү күзгүң болгум келет, мени карап жылмайсаң, бир күн кечке жайдары жүрмөкмүн» деп айткан эле. Ошондон кийин «көрсө, сулуулук да адамга дем берет турбайбы» деген ойго келдим.

– Сулуулук айымдардын мыкты куралы дешет, куралыңды керектүү жерде пайдалансаң керек?
– Мыкты курал десем болот. Бирок андан да биринчи душманы дейт элем. Анткени көрө албастар, атаандаштар, азгырык көп болот. Мына, ошол эле Таттыбүбү Турсунбаеванын тагдырын мисал кылсак болот. Андыктан ашыкча пайдаланганды туура көрбөйм. Ал эми көрө албастыкка келсек, ооба, дос-курдаштарымдан сулуулуктун айынан кол үзгөн учурлар болгон. Аларга жаккан мырза мени жактырып, сөз айтып калса мени жаман көрүшүп, көздөрү аңтарылып калчу. Өзүм ушундай болсом не кылам, пластикалык операция жасатып ырайымды бузушум керекпи?..

«Кумар» тасмасында турмуштун азыркы чындыгын чагылдырып бердим. Ал эми менин ролумду сындагандарга каршы иммунитетим бар, моралдык жактан мени режиссёр бул нерсеге алдын ала даярдап койгон».

Лунара Бекиева
star@super.kg


"Атамдай адам менен "Кумарда" роль жаратыш оор болду" дейт актриса Калипа Усенова

"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  -1 
Комментарийлер(162)
SUPER.KG видео
25.06.2014. 04:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Такыр жаккан жок ай сулуу болсом эмне кылайын деп мактаныптырго суротундо одноклассникидеги картинкадагы кыздарды туурап суротко тушуптур фантазия жок такыр
25.06.2014. 07:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Эки созунун бири эле сулуумун дейт ко. Мен эч кандай сулуулук корбодум. Кадимки кыз озгочо эч нерсеси жок. Анан озу сулуулуктун курмандыгы кылганына куйосунда досторуман ажырадым деп. Анжелика Б.Туратбекова Кундуз Элина Абай кызы Бактыгул Бадыевалар айтса жарашмак. Себеби алар чынында эле сулуу.
25.06.2014. 08:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Глазки красивые.
25.06.2014. 12:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Биринчи жолу корушум, жана да угушумкен бул кыздын ким экенин билбейткемго.Бирок эми сулуусуна сулуу,балким таланты да бардыр.Бирок эч качан озун мактап жибербеш керек эледа,кичине эмес,ашыкчале мактанып жибериптир.Бир жуунуп чыксаныз анан сулуулугунузду кормок элекда.Анан ашыкчале сулуумун десениз жанылышып калыпсыз.Эми чыгармачылык ийгилик сизге!!!
25.06.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
интервью бергени боюнча караганда ойногон ролу дал эле келиптир
25.06.2014. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Койсончу аябай эле ашыкча го бул . сенден сулуу молтурогондор анда эмне кылат. Антип мактанбасан. бизди дагы баары сулуусун дейт. озун эмес эл айтсын. жакпайт го антсен.
26.06.2014. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Сулуу делемес
26.06.2014. 08:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Сулуу эмес эле жонокой эле кыз айымчаго
26.06.2014. 11:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Калипа айым, Эн башкысы ички сулуулук менен сырткы сулуулуктун айырмасын билиш керек. Сиз учун сырткы сулуулук маанилуу экени байкалып турат.
25.04.2016. 14:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Chon-Alai-kg0101, Эн туура соз! Ушул коментарийлерди эжекебиз жакшылап окуп чыкса жакшы болот.
26.06.2014. 19:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Самооценкасы укмуш го...
26.06.2014. 20:52 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Натуральных красавиц редко!Представляю без красок....А так она просто симпатичная!
27.06.2014. 03:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Мм да жаман озун мактайт
27.06.2014. 07:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул кызды тааныган, жанагы кол узгон курбулары корду бекен а?!)))))Анан кантсин СУЛУУЛУГУН бузмак беле...
27.06.2014. 23:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
негизи биз кыргыздар тез которулобуз да тез эле топ этип тушуп калабыз бул бийкеч да ошондойго эл таанысын биринчи эл баа коёт ал учун иштеш керек пиар учун эле чыга бербей
28.06.2014. 01:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
коралбастар)))чынында татынакай кыз экен.бирок жашы чон экен.э мнеге куйоого чыкбай журосун Калипа
28.06.2014. 10:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
ийгилик сизге Калипа,
28.06.2014. 13:19 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыйлале мактанчаак экен ) хах хаааахх аааа
28.06.2014. 14:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
мага жакты даааа бирок
28.06.2014. 21:25 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
иий десе атын чыкпаса жер орто болуптурго бул жагы бугу караганда менин келинчегим еки есе сулугоо
29.06.2014. 12:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
„Сулуу болуп эмес,бактылуу болуп торолуш керек”русс пос.
29.06.2014. 19:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Сулуу кыз экен.
02.07.2014. 18:54 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
48 кг дегенге ишене албадым мен мындан арык коруном бирок 52 кг чыгамго:-O:-O
SUPER.KG видео
10.08.2014. 00:13 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
femida86, сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-комментарий же талкуу иретинде жазылган учурларда сайттын жетекчилиги андай билдирүүлөрдү өчүрүү менен кошо колдонуучуну сайттан четтетиши мүмкүн. Сын-пикирлер info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерге жазылып жөнөтүлүшү керек.
24.09.2014. 22:35 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
сулуу эле экен , бирок башкалардай эле сулуу, озгочо эмес.эки созунун бири эле " МЕН" экен го чиркин.эл тараза эл сынчы .
SUPER.KG видео
04.10.2014. 22:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Beti mn moyun terisinin onu ayirmalanyp kalyptyr, super info nun vizajisteri jokbu je Ozu make up boyunca master klasstarga barywy kerek okwoyt. Acyk epizodgo tartylywy teren dekol'tesige Karaganda kiyinga turgan emes. Nesi bolsoda artist, aktrissa Boluw uchun kurmandyktarga baruuga tuura kelet
02.02.2015. 20:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эч кандай мен сулуумун деп айтпаптырго, сулуу экен,ийгилик
02.02.2015. 20:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эл козуно илинген бирок атактуу деле эмес го. Озуну башкалардан жогору сезген айымдардан экен. Кандай болсо да ийгилик!
05.02.2015. 04:09 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Супсулуу эле кыз болуп турат ,жаман жагын эле байкайсынар да .Ар бир кыз -аял озун сулуумун деп айтышы керек.Ийгилик сага !
25.02.2015. 21:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мактанат десе эле мактанганго, боенуп алсан сулуу болуп калдында, ашыкча мактанбай эле кой, эл озу сындап алат...
Медиа-портал
12.09.2015. 21:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
эмнеси сулууу жакпады
1
2
3
4
5
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо