Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387

ФУТБОЛ ҮЧҮН ТАЯТАСЫН БАЛТАЛАП САЛГАН

№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж

Бул ирет сөз өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук боюнча болмокчу. Үстүбүздөгү жылдын 5 ай ичинде жашы жете элек өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулук былтыркы жылдын ушул убакыт ичиндегиге караганда бир аз азайган. Төмөндөгү үрөйдү учурган окуядан соң өспүрүмдөргө ата-эненин тарбиясы канчалык деңгээлде керек экенин билсеңиз болот.

ТАЛАСТАГЫ ҮЙЛӨРДҮН БИРИНЕН АДАМ ӨЛҮГҮ ТАБЫЛГАН
Үстүбүздөгү жылдын 12-майында Талас РИИБине Талас шаарындагы үйлөрдүн биринен адам өлүгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн. Каза тапкан адам 1951-жылы туулган У.М. экендиги аныкталган.
Туугандарынын билдиргенине караганда, маркум У.М. үстүбүздөгү жылдын 18-апрелинде Талас шаарындагы үйүнөн чыгып кеткен боюнча кайрылып келген эмес. Ал эми маркумдун дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу кабарды алар милиция кызматкерлерине 10-майда гана билдиришкен. Издөө салынгыча 12-майда сөөгү табылып отурат. Белгилүү болгондой, 12-май күнү маркумдун шаардан келген келини салат алып чыгуу үчүн ороого кирет. Караңгы ороонун алыскы бурчунда ак шейшеп жабылган бир нерсе турганын көрөт. Эмне болду экен деп шейшепти тартса, алдында канга боёлгон кайнатасынын өлүгү жаткан болот.

ТАЯТАСЫН ӨЛТҮРГӨН НЕБЕРЕ
Соттук-медициналык экспертиза маркум башына оор нерсе менен бир нече ирет сокку урулуп, денеси учтуу нерсе менен сайгылангандан улам каза тапкандыгын аныктаган. Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул оор кылмышка шектелип маркумдун жээн небереси, 1999-жылы туулган өспүрүм кармалган. Ал таятасын өлтүргөндүгүн мойнуна алып, окуя тууралуу төмөнкүдөй баяндап берген:
– 22-апрелде таятам менен уруша кеткем. Андан мурда деле ал мени көп урушчу. Ошол күнү балдар менен футболго бармакмын. Таятам бир аз кызуураак болчу. «Барбайсың!» деп мени футбол ойногону жибербей койду. Короодогу балтаны алып келип, башка 3 жолу катуу чаптым. Андан кийин бычак менен дагы бир нече ирет сайгам. Таякем менен таажеңем шаарда болчу. Андан соң Бишкекке таякемдерге телефон чалып, «таятам 18-апрелде шаарга барам деп кеткен боюнча келе элек. Силерге бардыбы?» деп айттым. Денесин короодогу ороого алып кирдим дагы, үстүнө шейшеп жаап койдум. 
Шектүүнүн эч нерсе болбогондой баяндап берип жатканынан анын оорулуу же оорулуу эместигин билүү үчүн соттук-психикалык экспертиза жүргүзүлгөн. Текшерүүнүн жыйынтыгында анын акыл-эси ордунда экени аныкталган.
Кылмышка шектелип кармалган С.Снын үстүнөн Кыргыз Республикасынын Кылмыш жана жаза кодексинин 97-беренесинин 2-бөлүмү (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) боюнча кылмыш иши козголгон.

«АТАСЫ ДА СОТТОЛГОН»
ИИМдин маалымат кызматынын кызматкери ЭРНИС ОСМОНБАЕВ «өспүрүмдөрдүн кылмышка баруусуна ата-эненин көзөмөлүнүн жоктугу көп себеп болот» деп ой бөлүштү:
– Кылмышка шектүү сот тарабынан күнөөлүү деп табылса, ал азыр жашы жете электигине байланыштуу балдар колониясында жаза өтөйт. Жашы жеткен соң чоңдор үчүн жаза өтөөчү абактардын бирине которулат. Бала кичине кезинен эле таятасынын колунда өскөн. Маалыматтарга караганда, кылмышка шектүүнүн атасы мурда оор кылмыш кылгандардын катарында болуптур. Кийин ал каза болуп калган экен. Апасы Орусияга иштеп кетиптир.
Өспүрүмдөр арасындагы кылмыштуулуктун башкы себептери ата-энелердин балдарын толук кандуу көзөмөлгө албай жаткандыгында. Ал эми кылмыш кылган өспүрүмдөрдүн көбүнчөсү социалдык жактан колдоого муктаж, абалы оор үй-бүлөлөрдөн келип чыгууда. Колунда бар адамдардын балдары деле кылмыш кылган учурлар кездешет. Ал көпкөндүктөн, ата-эненин тилин укпагандыктан улам келип чыгат. Акыркы жылдары көпчүлүк жарандарыбыз балдарын туугандарына таштап же улуусун кичүүлөрүнө баш-көз кылып коюп Орусияга же башка жактарга иштеп кетип жатышат. Мындай учурда өспүрүм балдар толук кандуу чоң адамдардын көзөмөлүндө болбой, ар кандай кылмыштарга барышууда.

«Сактансаң сактайм» демекчи, жогорудагыдай үрөй учурган кылмыштуу кырсыктарга жаш балдар кабылып калбашы үчүн ар бир баланын ата-энесине сабак болор деп окуяны чагылдырдык.

Гүлжан Асанкожоева
koom@super.kg


"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..


Рейтинг: Рейтинг  2 
Комментарийлер(31)
23.06.2014. 09:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын..Балдарга ыйман берсин
23.06.2014. 09:39 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Канына тартат да бала баары бир. Кылмышкер атасынын каны жугуруп журсо денесинде. Анан да картайган таятасынын тилин укпаган да, катуураак кармаган адам жетишпей калса керек.
24.06.2014. 14:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Nakinai, балким атасына таркан бирок берген тарбияданда болот атасы каза таап калса балынын психикасыда башка жака бурулат
23.06.2014. 09:56 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Футболдун ашыкча эле фанаты окшойт.
23.06.2014. 10:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шумдугун кургур кенедей кезинен ушинтсе тообо кылдым ... Эртенки куну кандай болот баланы катуу кармаган эле жакшы жаш жанынан.
23.06.2014. 11:07 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уройду учурат го
23.06.2014. 12:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
NUR_SULTANALIEVA,
Жалаң баш тамгалар менен жазууга тыюу салынат! Эскертүү!
23.06.2014. 12:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Бул жерде бала айтыптыр, мени урушчу эле деп, баардык эле ата-эне жакшы болсун деп урушатда, анан бир эки каттуу суйлоп койсо бала мени урушуп жатат деген ойго жетеленгенго..
23.06.2014. 13:37 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
деги эмне деген заман болуп жатат...15жаштагы бала Адам олтуруп жатса...
23.06.2014. 15:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Тобоо заман емне еле болуп жатат кудай сактай корсун
23.06.2014. 16:38 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ой акмаак. Эми бул баладан келечекте эмнени кутсок болот...
23.06.2014. 16:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тоо
23.06.2014. 19:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудайга тооба кылуудан башка айла жок баарыбызга ыйман берсин колу мн жасаганды мойну мн тартсын.
23.06.2014. 21:01 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кудай сакта) ынсап берсин
23.06.2014. 21:23 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
тайатасы байкуш озунун ажалын багып жургон экенда.15 жашында ушундай кылмыш кылган адам,адам болуп жаарыбайт.
23.06.2014. 23:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Tooboo insap bersin. Kantip kolu bardyken?
23.06.2014. 23:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындайдын бетин ары кылсын,Кудайым баланы бергенде ыйман,ынсабын кошо берсе экен.
24.06.2014. 13:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Талкуулаш деле кыйын кудай сактасын эмне дээринди да билбейсин Кудай Таалам ыйман берсин баарыбызга
24.06.2014. 17:31 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Орусияда иштеп журушпойбу балдарын таштап,ал эми каарылыка моюн сунган ата-энелер аларды оз жайына коет да эркелетип.Бейбаш болуп чыгышат анан.Азыркы заманда каттуу кармап тарбиялабаса ото татаал болуп калды
25.06.2014. 01:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Kantip kolu bardy ee maimyl.
25.06.2014. 19:11 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактасын!!!
25.06.2014. 20:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ар бир адамга ыйман берсин!
25.06.2014. 21:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай сактаааа.Мыкачы балапанго
25.06.2014. 22:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Эмоцияга алдырган го таятасында да бар
26.06.2014. 02:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
таятасы куноолуу болсо кетип калсын олтурбой
27.06.2014. 10:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
raimzhanov81, Саламатсызбы!
Гезит бетине чыккан макалалар сайтка жүктөлөт.
Сайттын же гезиттин ЖАЛПЫ ИШМЕРДҮҮЛҮГҮНӨ байланыштуу сын-пикирлер же суроолор болсо info@super.kg же admin@super.kg электрондук даректерине жөнөтүлушү керек.
28.06.2014. 13:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
баланы куноологон деле туура эмес,ал болгону жаш бала таятасы катуу урушса балким ызасына чыдабай оюна келгенин кылгандыр балдар озу ошондой го урушуп койсон колуна тийген нерсе уруп жиберейн дейт
28.06.2014. 14:30 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
бул бала Киллер экенго я,оз таятасын кинодогудай кылыптырго я
28.06.2014. 18:22 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Олтуруп ташташ керек азыр эле мындай мыкаачыны.баарыбир адам болбойт
28.06.2014. 21:48 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
укмуш
10.09.2014. 15:34 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кудай ынсап берсин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
К-рор дүйнөсү жана корей тасмалары
Супер-Инфо 20 жашта
Шоу дүйнө
Маданият
Саясат
Иликтөө
Турмуш
Крим-инфо
Спорт
Эробекет
Жан дүйнө
Түркүн дүйнө
Алтын балалык
Укуктук кеӊеш
Илим жана техника
Ден соолук жана сулуулук
Психология жана үй-бүлө
Тиричилик, бизнес
Ашкана сырлары
Жылдыз төлгө
Маалымдама
Көз караш
Эмгек жарчысы
Маалымат-маанайшат порталы 2006-2025 © SUPER.KG
Биздин дарек: Кыргыз Республикасы,
Бишкек шаары, Турусбеков 109/1,
Тел.: +996 312 88-24-00, portal@super.kg
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда:
Кирүү
Каттоо