№607 20-июнь-26-июнь, 2014-ж
Жайдын алгачкы айынын ортосунда кыргыз шоу-бизнесинин айрым белдүү өкүлдөрү жарыкка келген экен. Өздүк майрамын кантип белгилешти, назар салыңыздар.
Анжелика 12-июнда 25 жашка чыкты.
–11-июнда саат түнкү 12 болгондо эле апам телефон чалып, биринчи куттуктады. Анан жолдошум, кыздарым куттукташты. Эртең менен салондо, дүкөндө иштеген кесиптештерим менен майрамдадым. 12си болуп жаткандыктан туулган күнүмдү атайын «Караоке 12» клубунда сахналаштарым менен тостум.
7-8ге чакырылган конокторумдун баары саат 10до кирип келишти. Бирок маанай сонун, келген конокторумду кошуп бир ок менен эки коёнду атып флешмоб уюштуруп, «Бийле» деген ырымдын клибин тартып алдык. Мага жаккан белектердин бири курбуларым менин сүрөтүм түшүрүлгөн торт алып келишиптир. Торттогу өзүмдү эч кимге бербей өзүм жедим.
Сүйүн Откеев, режиссёр, продюсер:«ТУУЛГАН КҮНҮМДӨ КЕЗЕРИП АЧКА КАЛДЫМ»
Сүйүн 15-июнь күнү 34 жашка толду.
–Бул жылкы туулган күнүм унутулгус болду. Күнүм Нарын облусунун Ат-Башы районунда жайгашкан Таш-Рабатта Султан Садыралиевдин ырына клип тартуудан башталган. Таш-Рабат жердин түбүндө экен, ал жерге жетиш дагы бир топ кыйын турбайбы. Түштөнүү маалы болуп, сойгонго кой же козу таппай издеп жүрсөк, кээ бир кою барлар арык деп сатпай коюшту. Ошентип түштөнбөй да калдык.
Тартуу иштери аяктап, жолго чыгып, тамакты Нарын шаарынан жейбиз дедик. Бирок жолдо машинабыз бузулуп, көрбөгөн күндү көрдүк (күлүп). Ээн талаа, телефон тартпайт. Жаныбызда акча да жок. Болсо деле ээн талаада ишке жарамак эмес. Эптеп тааныштарыбыз менен байланышып, жүк ташуучу машина жиберишти. Ат-Башыдан машинабызды жүктөп жатсак жамгыр төгүп кирди. Андай катуу жамгырды быйыл биринчи жолу көрдүм. Ошентип кечке жуук жолго чыктык. Эстеп көрсөм, 1 жарым күн тамак жебептирбиз. Телефон тарткан жерден куттуктоолорго жооп берип коюп жаттым. Анан түн жарымда Бишкекке кирип келдик.
Канат Култаев, режиссёр, продюсер:«ЫЙЫК ЫСЫК-КӨЛҮБҮЗДӨН ТОСТУМ»
Канат 15-июнда 35 жашты багынтты.
–14-июнь «Култаев продакшн» командасынын туулган күнү эле. Ал күнү кесиптештер менен майрамдап алып, кечинде Ысык-Көлгө жол алганбыз. Ошентип өздүк майрамымды Көлдөн тостум. Кесиптештерим түрдүү сюрприздерди тартуулашты, таңкы саат 5те көлгө түштүк. Кыскасы, жагымдуу маанайда өттү, азыркыга чейин эле туулган күнүм уланып жатат.
"Супер-Инфо" гезитинин материалдары жеке колдонууда гана уруксат. Жалпыга таратуу "Супер-Инфо" гезитинин редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн..
Маалымат-маанайшат порталы | 2006-2025 © SUPER.KG |
Далили жок кимдир бирөөнүн кадыр-баркына шек келтирүүгө жол берилбейт.
Анжелика как всегда пиарщица. Кичине кезинде Айчурок эжекени колдонду эле, эми куйрук байлагандан баштап артистерди колдонуп жатат.
Амалдуу кыздын Амалын кара-дегендей. Уну жогу абдан окунучтуу. Куйоосу абдан красавчик окшойт. Бойлуу, келбеттуу, бири бирине топ келишкен. Бактылуу болушсун , озу дайыма жазгандай коз тийбесин-тьфу-тьфу..